2019-жылдын 31-октябры, саат 12:00дө “Манас” кинотеатрында (Айтматов проспекти 47/а) “Улут абийри” жана “Улут үлгүсү” аталышындагы сыйлыктарды тапшыруу аземи өтөт.

2017-жылдан баштап “Чеч-Дөбө” коомдук кеңеши Кыргызстан коомунун өнүгүшүнө жигээрдүү салым кошкон инсандарга 2 багыттагы сыйлык берүүнү уюштурган. Бири – белгилүү кыргыз сынчысы жана публицисти Салижан Жигитов атындагы “Улут абийри” наамы, экинчиси – белгилүү дипломат, мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков атындагы “Улут үлгүсү” наамы.

Бул наамдар ар жыл сайын улуттук жана мамлекеттик кызыкчылыкты коргоп, жалпы коомчулуктун мүдөөсүнө шайкеш багыттагы туруктуу позицияны карманган инсандарга ыйгарылат.

Жогоруда аталган эки сыйлыктын лауреаты деп табылган инсандарга 100 000 (жүз миң) сомдон акчалай сыйлык жана статуэткалар тапшырылат. Бул иш-чаранын максаты – улут абийри саналып, улутка руханий эш болуп келген прогрессчил көзкараштагы күчтөрдү калыптандыруу.

Эскертсек, өткөн жылы С.Жигитов атындагы “Улут абийри” наамы кыргыз журналистикасындагы иликтөө багытында профессионалдык эмгектери менен мамлекеттин коррупциялык системасындагы бир канча резонанстуу фактыларды коомчулукка так далилдер менен жарыялап келген маркум Улан Эгизбаевге ыйгарылган. Ал эми И.Абдуразаков атындагы “Улут үлгүсү” наамына татыктуу талапкер жок деген “Чеч-Дөбө” кеңешинин чечими менен бул аталган сыйлык эч кимге ыйгарылган эмес.

Кирүү акысыз

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.