Учур талабына ылайык котормонун коомдогу орду, аткарган кызматы күндѳн күнгѳ ѳнүгүп барат.

Которуу иши ар кандай шарттарда аткарылышы мүмкүн. Ушуга ылайык которуу иши бир нече түргѳ бѳлүнѳт. Котормолордун иш-аракет классификациясында түпнуска текстти кабыл алуу жана котормо текстти жаратуу ыкмалары эске алынат жана буга ылайык котормолор жазма жана оозеки котормо болуп экиге бөлүнөт.

Жазма котормодо которуу иши жазуу жүзүндө болот да, түпнуска менен которулган текст туруктуу болуп, котормочу ага бир нече жолу кайрылышы мүмкүн. Бул болсо которулган текстти кайра карап чыгып, аны котормонун тиешелүү бөлүгү менен салыштырууга жана ага зарыл өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Котормочу текстти окуп, анан аны жазуу жүзүндө которгон котормо жазма котормонун классикалык үлгүсү болуп эсептелет. Мунун аты да ушундан улам келип чыккан.

Оозеки котормо – бул түпнуска текст жана анын котормосу оозеки түрдө болуп, ушундан улам тилмеч түпнуска тексттин бир бөлүгүн бир жолу гана кабылдай турган жана которулган текстке кайра кайрылып, оңдоо киргизе албаган котормонун бир түрү. Оозеки котормонун классикалык үлгүсү тилмечтик болуп эсептелет, башкача айтканда, мында тилмеч түпнуска текстти тыңдап, аны кайра оозеки которот. Оозеки котормодо текст түзүү түпнусканы кабыл алуу менен параллель түрдө же түпнусканы кабылдоодон кийин болушу мүмкүн. Ушуга ылайык оозеки котормо экиге бөлүнөт: синхрондук котормо жана ырааттуу котормо. Адатта тилмечтер бул экөөнүн бирине адистешет, анткени булардын ар бири өзүнчө атайын тилдик жана психологиялык даярдыкты талап кылат.

Синхрондук котормо – оозеки которуунун эң татаал түрү. Ал биринчи жолу Нюрнберг процессинде колдонулган. Мында тилмеч сүйлөөчүнүн сөзүн тыңдоо менен бир эле учурда которуп да турат. Адатта синхрондук котормо техникалык каражаттарды колдонуу менен атайын кабинада жүргүзүлөт. Мында сүйлөөчүнүн сөзү кулакчын аркылуу тилмечке берилет да, ал микрофондон которуп турат жана котормо андан кабылдоочуларга берилет. Синхрондук котормонун бир түрү “шыбыроо” болуп эсептелет, мында тилмеч кабинада отурбастан, кулакчын же микрофон аркылуу же аларсыз эле шыбырап которуп турат.

Оозеки котормонун экинчи бир түрү – ырааттуу котормо, мында тилмеч сүйлөөчү сүйлөп бүткөндөн кийин же сөзүнүн белгилүү бир бөлүгүн айткандан кийин аны которо баштайт. Кептин которулуучу бөлүгүнүн өлчөмү ар түрдүү болушу мүмкүн, мында айрым бир сүйлөм болушу да, 20-30 же андан көп мүнөттүк сөз болушу да мүмкүн. Котормонун бул түрү тилмечтен бир топ көлөмдөгү сөздүн мазмунун которо баштаганга чейин эсте сактап турууну талап кылат. Эгер түпнусканын көлөмү бир нече сүйлөмдөн аша турган болсо, тилмеч сүйлөөчүнү тыңдап жатып, унутпоо үчүн сөздүн мерчемдүү жерлерин, цифраларды, даталарды, аттар менен аталыштарды дептерине жазып турат. Бул үчүн атайын тилмечтик тез жазуу колдонулат.

Оозеки котору же тилмечтик тээ байыркы убакта эле пайда болгон деп айтсак болот. Себеби эки эл алака түзүүдѳ элчи менен бирге эле тилмечтердин да ролу зор болгон. Ал эми жазуу котормосу кыргыз котормосунун тарыхында “Эркин-Тоо” гезити менен байланыштырылат.

Жазуу котормосунун функционалдык милдеттери арбын. Маселен, кѳркѳм котормо, илимий котормо, техникалык котормо, публицистикалык котормо. Ушул котормолордун ичинен биз бул иште кѳркѳм котормонун тарыхына кайрылдык. Ал эми калган котормолорду келечекте кѳп аспектиден изилдѳѳ иши талап кылынат. Себеби биринчиден, алгачкы котормочулар ким болгон, кайсы мезгилден бери кыргыз эли тилмечтерге муктаж болгондугу тууралуу маалыматтар жокко эсе болсо, экинчиден, илимий, публицистикалык, техникалык которуу иштеринде авторлор белгиленбегендиктен аларды да изилдѳѳ кѳп процессти талап кылат.

Бул иште кѳркѳм котормонун тарыхын ѳнүгүшүнѳ карата мезгилдерге бѳлүштүрүп, котормонун ушул түрү боюнча эмгектенген котормочулар жѳнүндѳ алфавит тартибинде бердик.

Кыргыз котормосунун жаралышы жана калыптанышы (19171940)

Кыргыз котормосу Октябрь революциясынан кийин калыптануу жолуна түшкѳн. Бирок бул жыйынтык бир гана жазма котормого тиешелүү. Ал эми котормонун бир түрү болгон оозеки котормо тээ байыркы убакта эле пайда болгон деп айтууга болот. Маселен, кыргыздар башка элдер менен алака түзгѳндѳ элчи менен бирге тилмечтер да ѳз милдетин аткарышкандыгын тарых беттеринен кѳрүүгѳ болот.

Котормо маселеси Кыргызстанда Октябрь революциясына чейин эле жанданганын ардактуу академигибиз Х.Карасаев баса белгилейт: “1905–1914-жылдар ичинде кыргыз жаштарынын чоң шаарларга (Алматы, Уфа, Казан) барып, татар тилинде окуп, алардын кайсы бирлери тилмеч болуп келишти. Мына ошол кезде, аз да болсо орусчадан кыргызчага иш кагаздарын которо баштаганын байкайбыз. Анткени ошол кездеги кара кашкалар (квитанциялар) кыргыз тилинде болбогон болуу керек. Котормо маселеси көркөм адабияттан башталбастан, иш кагаздарынан башталган окшойт”, – деп бир жыйынтыкка келет. [Карасаев Х. Кыргыз тилинде котормо адабияттын башталышы жана өөрчүшү. Фрунзе,1948. — №4]

Биз таяна турган факт кыргыз элинин алгачкы басма сѳз органы “Эркин-Тоо” гезитинин №2 санында “Рабочий и дехканин” деген ураандын толук тексти орусча, кыргызча болгондуктан, кыргыз котормосунун башталышы, калыптанышы катарында 1924-жылдар аралыгын айтсак болот. Маселен, газетанын №2 санында (1924. 15-ноябрь) “Рабочий и дехканин” деген ураандын толук тексти орусча, кыргызча баш макала катары басылды.

Бул ураандын кыргызча котормосунун кѳркѳм адабиятка анча тиешеси жок болсо да, жалаӊ ушул фактынын ѳзү чоӊ мааниге ээ. Биринчиден, жаӊы замандын маанисин, учурдун зор милдеттерин туура түшүнүү үчүн алды менен орус тилине, орус тилинде жазылган маданий байлыктарга кайрылуу зарыл эле. Демек, которуу иши замандын зарыл талаптарын калктын аӊ-сезимине туура жеткирүү, түшүндүрүү үчүн табылгыс курал болчу.

Алгачкы кыргызча котормо бүтүн дүйнѳ эмгекчилеринин орток гимни “Интернационал” болуп, алгачкы котормо китеп – “Ѳзгѳрүш ырлары” аттуу жыйнак болгону табигый кѳрүнүш. Бул котормолор ошол учурдун актуалдуу талаптарына ак кызмат ѳтѳѳ менен бирге азыркы улуттук адабияттын ажырагыс бѳлүгү жалпы маданий кѳркѳм ѳнүгүүнүн олуттуу звеносу – адабий котормого негиз салган тун саамалыктар, алгачкы карлыгачтар эле.

“Интернационалдын” кыргызча котормосу 1925-жылы “Эркин-Тоо” газетасынын 11-июнундагы №27-санына К.Тыныстановдун котормосу боюнча жарыяланган. Бул котормо кийинки эле жылы Пишпекте чыккан “Ѳзгѳрүш ырлары” аттуу котормо китепте, андан соӊ Токчоро Жолдошев түзгѳн жаш кыргыз акындарынын “Кызыл гүл” (1927) жыйнагына басылган.

“Ѳзгѳрүш ырлары” бүт бойдон революция жѳнүндѳгү ырлардан турат. Араб ариби менен терилген бул чакан китепчеде болгону жети ыр болсо да, “Ѳзгѳрүш ырларынын” кыргыз котормосунун тарыхында зор мааниге ээ.

Кыргыз адабиятындагы алгачкы котормолорго К.Баялинов которгон М.Ю.Лермонтовдун “Үч курмасы” да кирет. Бул котормо “Эркин-Тоо” газетасында 1926-жылы 26-сентябрдагы санына басылган. Андан кийин 1927-жылы С.Карачевдин “Жансыз үйдүн шамалы” аӊгемеси “Эркин-Тоого” аӊгеменин автору ким экени белгиленбей котормо деп жарыяланган. Ошол эле жылы Н.Чекменевдин “Мейкин талаада” повестин которгон.

“Эркин-Тоодон” кийин кыргыздардын дагы бир мезгилдүү басылмасы ишке кирет. Ал эл агартуу, адабий сын, кѳркѳм чыгармалар, этнографияга арналган “Жаӊы маданият жолунда” журналы болгон. Бул журналдын алгачкы санына И.С.Тургеневдин “Кайырчы” чыгармасын М.Элебаевдин которуусунда жарыяланган.

Жогоруда аталган котормолор кыргыз котормосуна жаӊыдан негиз салгандыгына байланыштуу бир катар мүчүлүштүктѳр кеткен. Себеби ал учурда кѳркѳм котормонун негизги ыкмалары, принциптери, критерийлери тактала элек болчу.

К.Тыныстановдун котормосундагы “Ѳзгѳрүш ырларынан” кийин далай жылдарга чейин поэзия жагынан ѳзүнчѳ китеп болуп чыккан жок. Прозалык котормолордун арасында 20-жылдардын аягында З.Лиланын “Биздин устатыбыз Ленин” (1925), Н.Чекменевдин “Койчу Сыдык” (1929), В.Катаевдин “Негрдин баласы Нисурай” (1927) китептери К.Баялиновдун, С.Карачевдин, Ш.Шамурзаевдин котормолорунда басылды. 1931-жылы М.Горькийдин “Макар Чудрасын” К.Баялинов которуп, китеп болуп чыккан. [Бапаев Х. Ала-Тоо, 1986, №10, 132-139-б]

Кыргыз профессионал адабиятынын калыптанышында которуу иши жаӊыдан колго алынса, 30-жылдарда бир кыйла иш оӊолуу жолуна түштү. Бул жылдары айрыкча активдүү иштеген котормочулардын катарына К.Баялинов, М.Элебаев, К.Маликов, К.Эшманбетовдор кирет.

1934-жылы Москвада ѳткѳн СССР жазуучуларынын 1-съездинен кийин кыргыз тилине дүйнѳлүк адабияттын, орус адабиятынын мыкты чыгармалары которула баштаган. 1936–38-жылдары А.С.Пушкиндин ондогон ырлары кыргызчаланып, алты китеби которулуп басылган. Ушул жылдар аралыгында К.Баялинов “Кавказ туткуну”, Ж.Турусбеков “Таш конок”, А.Токомбаев жана К.Маликов “Лирикалык ырларды” которушат.

20–30-жылдарда орус классиктеринин чыгармаларын которуу алда канча ѳнүккѳн. М.Элебаев Л.Толстойдун “Кажымуратын”, Фурмановдун “Козголоӊ” романын кыргызчалайт. Ошол жылдары С.Карачев А.С.Пушкиндин “Бекетчи”, “Дубровский” деген аӊгемелерин, Н.Островскийдин “Болот кантип курчуду” романдарын которгон.

30-жылдардын экинчи жарымында орус, чет элдер адабиятынан тышкары СССР элдеринин адабияты аз-аздан которула баштаган. “Кыргыз совет адабияты” журналынын ушул жылдардагы сандарын барактай турган болсок, казак акыны Жамбылдын, С.Сейфуллиндин ырларын К.Маликов, Ясыр Шивазанын “Соолгон гүлүн” дунганчадан кыргызчага Темиркул Үметалиевдин котормосунда окуй алабыз. “Кыргызмамбас” басмасынан М.Ауэзовдун “Кѳк карышкыр”, К.Чуковскийдин “Телефон” (1935), Л.Сейфуллинанын “Дыйкандын Ленин тууралуу айтканы” (1930) чыгармалары жарык кѳрдү. Басма кыргыз тилинде балдарга арнап чыгарган китептердин арасында Жек Лондондун “Карышкыр” (1937), М.Горькийдин аӊгемелери, Ш.Перронун жомоктору, Сетон Томпсондун “Жарык кулак” аӊгемелери жарыяланган.

30-жылдардын ири котормочулук дебют катары М.Дѳгдүровдун которуусундагы М.Горькийдин “Эне” романын айтса болот. Ошол жылдарда кыргызча басылып чыккан чет элдер адабияты боюнча китептердин ичинен ири алдыда В.Шекспирдин чыгармалары турат. 1937–38-жылдары “Гамлет” жана “Отелло” трагедиясын К.Эшмамбетов которду.

1938-жылы жана 1940-жылы эки китеп болуп жарык кѳргѳн Н.Островскийдин “Болот кантип курчуду” романынын 1-китебин С.Карачев, 2-китебин К.Жантѳшев которгон. Дагы бир кѳлѳмдүү чыгарманы ушул жылдар аралыгында А.Аралбаев М.Шолоховдун “Кѳтѳрүлгѳн дыӊ” романынын 1-китебин кыргызчалайт. [Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. [Ф.:1987, 105-114-б]

Ошентип, кѳркѳм которуу иши 1924-жылдары колго алынып, 30-жылдары ар кыл тематикалык, жанрдык айырмачылыгы бар чыгармаларды кыргызчалатуу ишинде бир катар алгылыктуу эмгектер жаралган.

Улуу Ата Мекендик согуш жана андан кийинки мезгилдеги кыргыз котормосу (1941–1960)

Кыргыз котормосунун ѳнүгүшүндѳ 40-жылдар бир катар ѳзгѳчѳлүктѳр менен мүнѳздѳлѳт. Согуш учурунда элди мекенчилдикке үндѳгѳн “Кызыл аскердин китепканасы”, М.Шолоховдун “Жек кѳрүүнүн илими”, И.Эренбургдун “Жек кѳрүү”, Н.Тихоновдун “Совет адамынын мүнѳзү”, В.Катаевдин “Желек” сыяктуу бир катар чыгармалар которулган.

1941-жылы М.Горькийдин “Куш күнѳѳсү” аӊгемесин К.Баялинов, В.Короленконун “Табышмак кѳз”, Н.Гоголдун “Ѳлүү жандар” чыгармаларынан М.Элебаев үзүндүлѳрдү которот. Н.Тихоновдун “Советтик кишинин сыпаты” аӊгемесин, К.Симоновдун “Артиллеристтин уулу” поэмасын Ж.Муратов которуп “Советтик Кыргызстан” журналына 1942-жылы жарыялаган.

Согуш жылдарындагы дурус котормолордун катарына К.Карасаев кыргызчалаган М.Шолоховдун “Алар Родина үчүн согушту” деген романын, К.Айшанын которуусундагы Б.Горбатовдун “Багынбагандар” романын кошууга болот. 1944-жылы И.А.Крыловдун “Тамсилдерин” Р.Шүкүрбеков, А.Осмонов, А.Токомбаев, К.Баялинов сыяктуу такшалып калган котормочулар таржымалдап, сапаты жагынан да мыкты котормо болгон.

40-жылдардын биринчи жарымында чыккан эӊ эле таанымал котормо деп Ш.Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” поэмасын айтса болот. Грузин элинин дастанын А.Осмонов эркин которуу менен кыргызчалаган. [Тѳлѳмүшев М. Ала-Тоо, 1987, №1, 143–156-б]

Кѳркѳм котормо кыркынчы жылдардын аягында кадыресе жанданып, 50-жылдары иш бардык жагынан ѳркүндѳѳ стадиясын башынан ѳткѳрдү. Бул жылдары кадимкидей жетилүү билинди. 1948-жылы У.Абдукаимов, А.Осмонов, Т.Үмѳталиевдер Алишер Навоинин “Лайли жана Мажнун” дастанын, 1949-жылы А.Осмонов В.Шекспирдин “Отелло” трагедиясын, 1949-жылы А.С.Пушкиндин “Евгений Онегинин”, 1947-жылы А.С.Грибоедовдун “Акылдан азап” пъесасын Р.Шүкүрбеков, 1954–1955-жылы Л.Толстойдун “Согуш жана тынчтык” романын С.Бектурсунов, 1959-жылы Т.Саманчин Л.Толстойдун “Анна Каренина” романдарын которушат.

50-жылдардын биринчи жарымында орус адабиятынан сырткары чет элдик адабияттарды да которуу колго алынып, Абайдын ырларын Т.Шамшиев (1954), Янка Купаланын ырларын Т.Үмѳталиев (1954), Натан Рыбактын “Переяслав радасын” А.Алдашев, С.Жусуев П.Тычинанын ырлар жыйнагын кыргызчага которушкан.

50-жылдардын экинчи жарымында кѳлѳмдүү эпикалык чыгармалар которулган. Маселен, С.Бектурсунов жана К.Эшмамбетовдун которуусундагы Н.В.Гоголдун “Ѳлүү жандары” (1953), О.Орозбаев “Тарас Бульба” (1954), Д.Абдылдаев М.Ю.Лермонтовдун “Биздин замандын кишиси” (1951), Р.Жумалиев И.С.Тургеневдин “Аӊчынын аӊгемелери”, “Аталар жана балдары” (1954,1955), Н.Г.Чернышевскийдин “Эмне кылуу керек”, У.Абдукаимов А.Фадеевдин “Жаш гвардия” (1954) сыяктуу кѳлѳмдүү чыгармаларды которушкан. Мындын сырткары элге кеӊири тараган чыгармалар да ушул жылдары которулган. Маселен, Т.Кекиликов А.С.Серафимовичтин “Темир сел” (1955), С.Эралиев А.С.Твардовскийдин “Василий Тёркин” (1956), М.Түмѳнбаев В.Овечкинин “Алдыӊкы чекте” (1955) чыгармалары.

Кыргыз котормочулары орус адабияты менен гана чектелип калбастан чет ѳлкѳлүк авторлордун чыгармаларын да кыргызчалашкан. О.Орозбаев Ромэн Роландын “Кола Брюньону” (1955), А.Шамисонун “Петр Шлемилдин укмуштары” (1959), Р.Киплингдин “Маугли” (1958), Жюль Верндин “Капитан Гранттын балдары” (1937, которгон А.Аралбаев), С.Бектурсунов Майн Риддин “Башы жок чабандес” (1959) Лу Синь, Лю Бай-ю, Ли Бо баштаган бир катар кытай жазуучуларынын чыгармалары ушул жылдары таржымаланган.

Балдар адабиятын которуу да кадимкидей жанданып, А.Бартондун балдар үчүн ырлары (1950), А.Гайдардын “Тимур жана анын командасы” (1950), В.Катаевдин “Полктун уулу” чыгармалары кыргызчаланат.

Коӊшулаш казак элинин жазуучусу М.Ауэзовдун “Абай жолу” романы 1955–1957-жылдары Т.Суванбердиевдин которуусунда жарык кѳрдү. Котормодо романдын духу, казак жазуучусу жараткан кайталангыс образ кадимкидей эргүү, кѳркѳмдүк менен кыргызчаланган.

50-жылдарда илимий-фантастикалык адабият да арбын которулган. А.Аралбаев которгон Ж.Верндин “Суу астында 80 000 километр” (1953), “Капитан Гранттын балдары (1957)” бул жагдайдагы олуттуу эмгек болгон. Ошондой эле Л.Мартыновдун “Звездолётто 220 күн” (1958) аттуу илимий фантастикалык повести окурмандарга тартууланат. [Жороева А.Р. Известия ОшТУ, 2014, №1, 216–217-б]

Бул жылдары тарыхый чыгармаларды которуу жанданып, Л.Толстойдун “Пётр биринчи” (1959), В.Яндын “Чынгыз хан”, “Спартак” (1958), Л.Соловьевдин “Кожо Насреддин” ж.б. романдары котормо адабиятынын тематикасын кеӊейткен. [Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. Ф.:1987, 263-277-б]

Ошентип, кыргыз котормосу 40-жылдардын биринчи жарымында “Кызыл аскердин китепканасы” аттуу сериядан тышкары, биз жогоруда айтып ѳткѳн А.С.Пушкиндин “Евгений Онегини”, Ш.Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” сыяктуу эмгектер согуш учурундагы урунттуу котормолор болсо, согуштан кийин жалпысынан кыргыз котормосунда эӊ ийгиликтүү этап болгон.

60–80-жылдардагы которуу иши (1961–1990)

50-жылдары С.Бектурсунов, У.Абдукаимов, О.Орозбаев, К.Эшмамбетов сыяктуу котормочулар активдүү эмгектенсе, 60-жылдары бир катар жаӊы котормочулар котормо ишин башташты. Атап айтканда, К.Саякбаев, Б.Сагымбеков, А.Жакыпбеков, Э.Турсунов, К.Ырысалиев сыяктуу котормочулар.

60-жылдары бир катар советтик классиканын чыгармалары кыргызчаланды. Маселен, М.Абдукаримов М.Шолоховдун “Кѳтѳрүлгѳн дыӊ” (1963–64), С.Ерматов, К.Саякбаев К.Феденин “Алгачкы кубанычтар”, “Бѳтѳнчѳ жай” (1964-65), С.Бектурсунов А.Н.Толстойдун “Кыйыӊ кезеӊ” (1960), С.Бѳлѳкбаев А.С.Новиков-Прибойдун “Цусима” романын которушкан.

60-жылдары котормо ишинде илимий-фантастикалык жанрга кызыгуу абдан күчѳйт. Коомчулуктун бул жанрга кызыкканын эске алып, Х.Вманков, Н.Кангелдиев А.Беляевдин “Атлантиданын акыркы адамы”, А.Ѳмүржанов “КЭЦ жылдызы” (1961), А.Аралбаев Ж.Верндин “Он беш жашар капитан”, “Сүзүп жүрүүчү арал” (1963) сыяктуу фантастикалык чыгармаларды басып чыгарат.

Түрк тилдүү элдердин адабиятынан которулган кѳрүнүктүү эмгектер катарында кара-калпак элинин “Кырк кыз”, (С.Эралиев, 1960), С.Юсупов казак жазуучусу Сабит Мукановдун “Ботогѳз” (1960), Махтумкулинин “Тандалган ырлары” (коллектив, 1960), С.Жигитов түрк элинин акыны Н.Хикметтин “Мажүрүм тал” жыйнагын которгондугун атоого болот.

60-жылдары которулган чет элдик прозанын арасынан А.Жакыпбеков С.Цвейгдин “Бейтааныш аялдын каты” (1965) аттуу новелалар жыйнагын ѳзгѳчѳ бѳлүп кѳрсѳтүү керек. Маселен, китептеги аты уйкаш повесть “Лепорелла”, “Шахмат новелласы” бийик профессионалдык чеберчилик менен иштелген.

Жетимишинчи жылдары чет элдик классиканы которуу иши басымдуу кылат. Ж.Абаев Т.Драйзердин “Женни Герхардт” (1978), Ш.Келгенбаев Э.Хемунгуэйдин “Кош түбѳлүк, куралым” (1974), Ж.Султаналиев Жек Лондондун “Мартин Иден” (1977), С.Молдокулов Г.Мопассандын “Дүйнѳ-ѳмүр” чыгармаларын которуу менен элге чет элдин дүйнѳ таанымын чагылдырган.

Сексенинчи жылдарда кыргыз котормочулары чыгыш адабиятын которуу иштерине кѳбүрѳѳк басым жасашкан. Себеби буга чейин чыгыш адабиятын колго алууга тыюу салынып келген. Эӊ алгач эле жалпы түрк элдеринин орток адабияты болгон Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” дастанын 1984-жылы Т.Козубеков которуп, кыргыз тилине тартуулады. Мындан сырткары Омар Хаямдын, Н.Хикметтин, Алишер Навоинин чыгармаларынан кыскача үзүндүлѳр которулду.

Ушул жылдар аралыгында Кадырбай Мамбетакунов, Сагын Наматбаев, Абибилла Пазылов, Эрнис Турсуновдор активдүү аракеттеништи. Кадырбай Мамбетакунов карел-финн элинин атактуу “Калевала” (1984) эпосун, Сагын Наматбаев Шукшиндин “Кызыл калина” повесттер жыйнагын (1977), орустардын “Игорь жортуулунан баян” (1986), Абибилла Пазылов И.Буниндин “Сан Францисколук мырза” аӊгемесин (1983), Э.Турсунов А.С.Пушкиндин “Евгений Онегин” (1988), Карло Гоццинин “Айымпаша Турандот” (1988), В.Вишневскийдин “Оптимистик трагедия” (1977), Брехт Бертольдун “Сычуадагы ак пейил адам” (1980) сыяктуу бир катар алгылыктуу чыгармаларды которушкан. [Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. Ф.:1987,712-730-б]

Демек, 60–80-жылдарда которуу ишинде дүйнѳлүк адабият менен бирге эле чыгыш адабиятын которуу да колго алынган.

Кыргыз көркөм котормосунун эгемендик жылдардагы абалы (1991–2018)

Токсонунчу жылдарда социалдык-экономикалык реформанын башталышы ѳлкѳдѳ китеп чыгаруу ишине да кедергисин тийгизгенин байкоого болот. Бирок буга карабастан котормо ѳз ишин уланта берген. Эгемендүүлүктүн агачкы жылдарында чет элдик классикадан К.Саякбаев Ж.Бокаччонун “Декамерон”, М.Тѳлѳмүшев Р.Жованьолинин “Спартак”, А.Жолдошбеков Г.Фалладанын “Түрмѳнүн азаптарын кѳргѳн адам”, Ж.Шаршеев Кобо Абэнин “Кумдагы аял” чыгармаларын которушкан.

Эгемендик жылдарынан тарта азыркы күнгѳ чейин бир катар котормочулар эмгектенишүүдѳ. Аларга Э.Турсуновду, Т.Абдиевди, Б.Калмамбекова, А.Пазылов, Т.Чоротегин, К.Урманбетов, А.Токтомушев, О.Шакир, Б.Шаматов, Э.Нурушевдерди айтсак болот. Алар бир канча котормолордун үстүндѳ иштешти. Маселен, Э.Турсунов Уильямс Теннесинин “Кыялым – менин азабым” (2000), Оскар Уальддын “Саломея” (1997), Ф.Шиллер, Л.Разумовскаянын “Мария Стюарт” (1998) У.Шекспирдин “Антоний жана Клеопатра” (2001), Абдул Баханын “Париждеги маектер” (1996), Эдуардо Де Филиппонун “Цилиндр” (2003), Эдвард Ростандын “Сюзанна Де Бержерак” (2004), Н.П.Храповдун “Жоголгон өмүрдүн таалайы” (2004), Альберт Камонун “Калигула” (2005), Мигел Сервантестин “Дон Кихот” (2008), Евгений Суховдун “Сталинди өлтүрүү” (2008), А.С.Пушкиндин “Жомоктор” (2008), Корней Чуковскийдин “Дарыгер Айболит, “Бармалей”, “Телефон”, “Киркойбос”, “Балит чымын-чыңылдак” (2008), С.В.Михалковдун “Алп агабыз Степан” (2008) которсо, Таалайбек Абдиев Карл Поппердин “Бүтпөс изденүү (1999), Жон Стюарт Милль “Аялдардын көз карандылыгы” (2002), Уильям Макнейл “Батыштын башаты”, “Адамзат өтмүшүнө кылчаюу” (2003), “Step by Step” программасынын аңгемелер жыйнагы, Жек Лондондун “Ак азуу” (2011), Пэм Муньос Райан “Кыялкеч Эсперанса” (2012), Лоис Лоури “Берүүчү” (2013), Жон Кехо “Акылдын күчү чексиз” (2013), Луиза Мэй Олкотт “Кичинекей айымдар” (2013) англис тилинен которгон.

Азыркы күндѳ кѳркѳм котормочуларга мамлекеттин колдоосу жок болгондугуна байланыштуу котормочулар ѳз чѳнтѳгүнѳн же ар кандай коомдук фонддор, бейѳкмѳт уюмдар каржылаган акча эсебинен китептерди чыгарышууда. Мисалга алсак, “Р.Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду Маомаонун “Менин атам Дэн Сяопин “маданий ыңкылап” жылдарында” (Которгондор: Абибилла Пазылов, Тынчтыкбек Чоротегин, Эсенбай Нурушев, 2015), Уинстон Черчиллдин “Асти, сынбагыла” (Которгон: Б.Каламбекова, 2018), “Кыргызстан-Сорос” фонду “Коңжи жана Патжи” (которгон: Т.Абдиев, 1999), Уильям Макнейлдин “Батыштын башаты” (2003) сыяктуу китептер чыгарган.

Бирок таптакыр эле мамлекет которуу ишине кѳңүл бурбайт дегенден алыспыз. Себеби Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен бекитилген “2014–2020-жылдардагы мамлекеттик тилди ѳнүктүрүү жана тил саясатын ѳркүндѳтүүнүн улуттук программасынын” алкагында бир катар китептер кыргызчаланууда. Алсак, Мигель де Сервантес Сааведранын “Шумдуктуу идальго Дон Кихот Ламанчский” сыяктуу чыгармаларды атоого болот.

Байкалып тургандай эле, эгемендик жылдарындагы котормолордун башка мезгилдердеги айырмасы болуп, мурда кѳбүн эсе орус тилинен которушса, азыркы күндѳ бир катар түрк, англис, француз, араб сыяктуу тилдерден түзмѳ түз которууга жетишишти.

Кыргыз котормочулары жѳнүндѳ

Абдукаимов Узакбай 1909-жылы Сузакта туулган. 1927-жылы “Жаңы маданият жолунда” журналында “Таң” аттуу алгачкы новелласы жарык көргөн. 1933-ж. 3-класс, кийинчерээк 7-класс үчүн адабият боюнчача хрестоматия түзгөн. Ал чебер котормочу катарында кыргыз көркөм котормосуна негиз салгандардын бири. А.С. Пушкиндин “Борис Годуновун”, “Полтавасын” жана жомокторун, лирикалык ырларын, Н.В.Гоголдун “Текшерүүчүсүн”, Лопе де Веганын “Койлуу булак”, Л.Леоновдун “Чабуул”, Н.А.Островскийдин “Күнөөсүз күнөөлүүлөр”, Мольердин “Жорж Данден, же акмак болгон күйөө” пьесаларын, М.Горькийдин “Көрүнгөндүн колунда” повестин, К.Чуковскийдин “Бибигон” жомогун, А.А.Фадеевдин “Жаш гвардия” романын ж.б. которгон. “Айдар жана Айша” операсынын либреттосун (1948), “Ашык жар”, “Эмгек маршы”, “Пионерлер ыры” сыяктуу элге кеңири тараган ырларды жазган.

50-жылдардын эң аягы, 60-жылдардын башында Узакбай Абдукаимов чыгармачылыгында кескин бурулуш жасап, “Майдан” романын жарыкка чыгарат. Ага көп жылдык көркөм котормочулук тажрыйбасы, дүйнөлүк классикадан алган сабактары, ички даярдыгына кошумча сырткы шарттардын түзүлө калышы, чыныгы согуш майданын кан кечип жүрүп, өз көзү менен көрүшү табиятынан таланттуу калемгерге Европа тибиндеги анык реалисттик профессионал романдын жаңы үлгүсүн жаратууга зор өбөлгө түзгөн. “Майдан” романы орус тилине 1972-жылы которулган.

1963-жылы Фрунзе шаарында каза болгон.

Абдиев Таалайбек – кыргыздын заманбап түрколог, тилчи окумуштуусу жана котормочусу 1964-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Көлдүк айылында туулган.

1988-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин аяктаган. 1989–1991-жылдары Ленинград (Санкт-Петербург) шаарындагы СССР Илимдер академиясынын Тил таануу институтунун Ленинград бөлүмүндө (азыркы Лингвистикалык изилдөөлөр институту) такшалууда болгон. 1991-жылы ушул эле институттун аспирантурасына өтүп, 1994-жылы аяктаган.

1996-жылы Санкт-Петербургда профессор В.С.Храковскийдин жетекчилиги менен “Кыргыз тилиндеги каузатив этиштүү конструкциялар” деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган.

1998-жылдан баштап Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде эмгектенет. Филология илиминин кандидаты, доцент.

Ал бир катар китептерди англис, орус, түрк тилдеринен которуп китеп болуп чыккан: “Менин сүрөттүү сөздүгүм” (1997), “Түстөр” (1999), “Фигуралар” (1999), Карл Поппер. “Бүтпөс изденүү” (1999), Жек Лондон “Ак Азуу” (2011), Решат Нури Гүнтекин “Куштар кеткенде” ж.б. эмгектерди жараткан.

Адашбаев Турсунбай – белгилүү өзбек акыны жана котормочусу 1939-жылы 1-январда Кыргызстандын Ала-Бука районундагы Мазар кыштагында колхозчунун үй-бүлѳсүндѳ туулган. 1957-жылы айылындагы орто мектепти аяктаган соӊ Ташкент мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшырып, 1963-жылы аяктаган. 1963–73-жылдары жана 1977–79-жылдары Ош шаарындагы “Ленин йули” гезитинде адабий кызматкер болуп иштеген. 1987-жылдан Ташкент шаарында “Йулдузча” басмасынын редактору болуп далай жылдар иштеди.

1957-жылдан бери чыгармалары жарык көрүп келет. Кыргыз жана өзбек тилдеринде эркин жазат. Анын туңгуч ырлар китеби “Камалдын алмасы” деген ат менен 1964-жылы өзбек тилинде чыккан. 1972-жылы “Ала-Тоолук боломун” деген китеби кыргызча жарык көргөн. 1966-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.

Ал ошондой эле котормо жанрында да белсенип иштеп келе жатат. К.Чуковскийдин, С.Маршактын, Токтогулдун, Тоголок Молдонун, С.Эралиевдин, С.Жусуевдин, Т.Касымбековдун, Ж.Мавляновдун чыгармаларын өзбек тилине которгон. Ал ѳзбекчеден кыргызчага, кыргызчадан ѳзбекчеге эркин которот. Алардын арасында “Манас” дастанынын кара сөз баяны, Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романы да бар.

1993-жылы Өзбекстан элге билим берүү мыктысы наамын,
1999-жылы Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Өзбекстандын “Достук” ордени, 1995-жылы Кыргызстандын “Манас” ордени менен сыйланган.

Акаев Кубаныч 1919-жылы Кемин районундагы Кызыл-Суу кыштагында туулган.

Бишкектеги мугалимдер институтун бүткөн. Республикалык газеталардын редакцияларында жана басмада иштеген. 1938-жылдан тартып ыр, поэмалары басма сөздө жарыяланган. Отуздан ашык ыр китептин автору. Ошондой эле көркөм котормодо да эмгектенген. Анын котормосунда Ян Райнистин, Ш.Петефинин, А.Сурковдун, С.Вургундун, К.Чуковскийдин чыгармалары кыргыз окуучуларына тартууланган. “Ардак Белгиси” ордени жана медалдар менен сыйланган.

Акын 1982-жылы дүйнөдөн кайткан.

Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган. 1928-жылга чейин Фрунзе, Токмок балдар үйүндө тарбияланып, Фрунзе педтехникумунда 1928–1933-жылдары окуйт. Бирок ден соолугуна байланыштуу бул окуу жайды аяктаган эмес.

Эмгек чыйыры “Чабуул” журналынан башталып, “Ленинчил жаш” гезитинде уланат. 1937–1940-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун коомдук башталыштагы катчысы кызматында иштеген. Алыкул Осмоновдун “Кызыл жүк” деген алгачкы ыры “Сабаттуу бол” гезитине 1930-жылы жарыяланып, “Таңдагы ырлар” туңгуч жыйнагы 1935-жылы басылып чыккан.

Акын дүйнөлүк жана орус адабиятына кызыгып, алардын бир тобун эне тилине которуу менен бирге чыгармачыл мектептен өтүп, кыргыз фольклоруна терең маани берүү менен эл арасынан көптөгөн уламыштарды чогултуп, алардын негизинде ондогон поэмаларды жазган.

Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги “Дүйнөлүк акындар” альманахына кирген.

Акын 1950-жылы узакка созулган кургак учук оорусунан улам кѳз жумган.

Байжиев Ташым 1909-жылы Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Теңизбай айылында туулган.1925-жылы Ташым Байжиев К.Жантөшев менен Фрунзеге келип педтехникумга кирип, аны 1930-жылы аяктайт. 1930–1931-жылдары Гүлчөдөгү балдар үйүнүн директору, Жалал-Абаддагы педтехникумдун окуу бөлүмүндө башчы болуп иштеп, тил жана адабияттан, тарыхтан сабак берет. 1940-жылы Фрунзедеги пединституттун орус тил жана адабият факультетин аяктап, тарых жана адабият институтунун “Манас” бөлүмүн башкарат. 1942-жылы өз ыктыяры менен согушка кетип, 1944-жылы жарадар болуп тылга кайтат.1944–1949-жылдары Т.Байжиев Кыргыз илимдер академиясына (ал кездеги СССР Иилимдер акадамиясынын кыргыз филиалына) караштуу “Манас” секторунун башчысы, 1949–1950-жылдары Кыргыз мамлекеттик пединститутунда мугалим болуп иштейт. 1927-жылы ал “Кызыл Кыргызстан” гезитинин алдында курулган “Кызыл учкун” адабий уюмунун алгачкы мүчөлөрүнүн бири болуп, кийин Кыргыз Жазуучулар союзу уюшулганда СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болот.

1950-жылы Т.Байжиев айыпсыз куугунтукка алынып репрессияланган жана 10 жылга эркинен ажыратылган. 1952-жылы

17-февралында Караганда лагеринде каза болгон. 1955-жылы толугу менен акталган.

Баялинов Касымалы 1902-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Көк-Мойнок айылында туулган.

Жаш кезинен ата-энесинен ажырап туугандарынын колунда чоңойгон.

1916-жылкы көтөрүлүштө качкындар менен бирге Кытайга барат. Октябрь революциясынан кийин 1918-жылы Токмокко келип, дарыканада дары-дармек ташуучу, ат багуучу, казармада ашпозчунун жардамчысы болуп ар түрдүү иштерге жалданып иштейт.

1919-жылы К.Баялинов Ленин комсомолуна мүчө болуп өтүп, Ташкенде ачылган алты айлык советтик-партиялык курсту аяктайт.

1920-жылы 6 айлык педагогикалык курска жөнөтүлөт.

1921–1925-жылдары Алматыдагы казак педтехникумунда,

1929–1933-жылдары Москвада Бүткүл союздук журналистика институтунда окуйт. 1920-жылы Нарын кантонунун Комсомол комитетинде иштейт. 1940-жылдан “Советтик Кыргызстан” гезитинин башкы редактору, 1941-жылдан “Ысык-Көл правдасы” облустук гезитинин редактору, 1947–1949-жылдары СССР илимдер академиясынын кыргыз филиалынын тил жана адабият институтунун илимий кызматкери болуп иштеген.

К.Баялиновдун чыгармачылыгы 1922-жылдан башталат. Анын биринчи ырлары казак, татар тилдеринде басылып чыккан. “Ажар” повести 1926-жылы жарык көргөн.

Ал кыргыз окурмандарын А.С.Пушкиндин, М.Ю.Лермонтовдун, А.М.Горькийдин ж.б. чыгармалары менен тааныштырган биринчи профессионал котормочулардын бири болгон. 1968-жылдан Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу. Эки жолу “Эмгек кызыл туу”, “Октябрь революциясы” жана “Ардак белгиси” ордендери, “1941–1945-жылдардагы Улуу Атамекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн”, В.И.Лениндин 100 жылдыгынын урматына “Каарман эмгеги үчүн” медалдары менен сыйланган.

Бектенов Касымалы Ысык-Көл районунун Чоӊ-Сары-Ой кыштагында 1910-жылы туулган. 1929–1934-жылдары Нарын кантонундагы комсомол комитетинде, кийин республикалык радио комитетте иштейт. 1935–1941-жылдары театр искусствосунун мамлекеттик институтунда окуйт, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Советтик Армиянын катарында кызмат кылат. 1945–1947-жылдары Кыргызстан мамлекеттик драма театрында артист, Пржевальскидеги облустук драма театрында башкы режиссёр, 1952–1957-жылдары Кыргызстан мамлекеттик драма театрынын директору, Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин кинематография боюнча башкы башкармасынын орун басары, 1958–1962-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер советинин алдындагы Кино боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1964-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз филармониясынын адабият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

К.Бектенов А.А.Фадеевдин “Разгром” романын, кытай жазуучулары Мао Дун жана Лу Синдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. 1970-жылы “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти” ардак наамын алган. 1958-жылы кыргыз искусствосунун декадасында “Ардак белгиси” ордени жана Кыргыз ССР Жогорку советинин Президиуму Ардак грамоталар менен сыйлаган.

Ал которгон котормолор: В.И.Бианки “Егорканын кызматы” (1955), А.А.Фадеев “Талкалоо” (1957), Мао Дунь “Таң алдында” (1961)

1975-жылы каза болгон.

Бектурсунов Сүйүнтбек (1909–1962) – котормочу. Талас районунун Үч-Кошой айылында 1909-жылы 20-декабрда туулган. Ал айылдагы мектепте, балдар үйүндө окуп тарбияланган. 1925–1930-жылдары Фрунзедеги Кыргыз педагогикалык техникумунда окуган.

1930-жылдан Ош облусунун Араван айылында мектептин директору, 1930–1931, 1935–1937-жылдары Кыргыз АССРинин Агартуу элдик комитети тутумунда, 1939–1940-жылдары Кыргызстан мамлекеттик театрынын директору, 1932–1934-жж Кыргызстан облустук комсомол комитетинин маданият жана агитация-пропаганда бөлүмүнүн башчысы, 1937–1938-жылдары Кыргызстан Борбордук партия комитетинин алдындагы партиянын тарыхы институтунда котормочу-редактор, 1938–1943-жылдары Кыргызстан мамлекеттик басмасынын партиялык жана көркөм адабият бөлүмүнүн башчысы, 1943–1944-жылдары Кызыл Кыргызстан” гезитинин редакторунун орун басары, 1946–1948-жылдары Кыргызстан Министрлер советинин алдындагы искусство иштери боюнча башкаруу театралдык бөлүмүнүн башчысы, 1954–1957-жылдары “Кыргызокуупедмамбастын” көркөм балдар адабиятынын редактору болуп иштеп келген.

Ал 1931-жылдан массалык-саясий китептерди, марксизм-ленинизм классиктеринин эмгектерин, 1939-жылдан көркөм чыгармаларды которо баштаган. 1940–1950-жылдары Л.Толстойдун аңгемелерин, төрт томдон турган “Согуш жана тынчтык” романын, М.Шолоховдун, М.Горькийдин, А.Чеховдун ж.б. чыгармаларын, кинофильмдерди которгон, ошондой эле көркөм котормо жана кыргыз адабияты жөнүндө бир нече сын макалаларды жазган.

Ботояров Камбаралы (1944–1994) – илимпоз-адабиятчы, сынчы жана котормочу Ош дубанынын Өзгөн ооданына караштуу Ийри-Суу айылында туулган.

1970-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин филология факультетин аяктаган соң, эмгек жолун Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган.1974–1981-жылдары мурдагы СССР Илимдер академиясынын М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунда адегенде стажёр-изилдөөчү, андан соң аспирант катары билим алган. Аспирантураны аяктагандан кийин 1981–1983-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун биринчи катчысынын жардамчысы болуп иштеген.

1983–1986-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун алдындагы “Манас” эпосун басып чыгаруу бөлүмүнүн окумуштуу-катчысы, андан соң Кыргыз энциклопедиясынын башкы редакциясында илимий редактор болуп иштеген.

К.Ботояров көркөм котормо жаатында да белсемдүү иштеп, И.Калашниковдун “Каар заман” тарыхый романын, Рабгузийдин “Пайгамбарлар баянын”, Реми Дордун “Оогандык кыргыздар” аттуу тарыхый-этнографиялык изилдөөсүн, “Түркмөн эл жомокторун”, “Өзбек эл жомокторун” ж.б. көлөмдүү эмгектерди кыргыз тилине которгон.

Ибраимов Осмонакун 1954-жылы 5-январда Кара-кулжа районундагы Алайку айылында туулган. 1978-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетин бүтүргөн. 1979-жылдан Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, 1984-жылдан В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтунун орус жана чет элдик адабияттар кафедрасында окутуучу, ага окутуучу, 1988-жылдан доцент,1990-жылдан ага илимий кызматкер, кафедра башчысы, 1989-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы, 1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын бөлүм башчысы, пресс-катчы жана Президенттин 1-жардамчысы, 1993-жылдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө вице-премьер министр,1996–1999-жылдары Индиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде атайын жана толук ыйгарымдуу элчи, 1998–1999-жылдары Кыргыз Республикасынын бир эле мезгилде Бангладеш Элдик Республикасында, Непал Королчулугунда жана Шри-Ланка Демократиялуу Республикасында элчи. 1999–2000-жылдары кайрадан Президенттин пресс-катчысы жана 1-жардамчысы, 2000–2005-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болгон. 2006-2014-жылдары КРСУнун профессору жана Кыргыз-Турк Манас университетинин бөлүм башчысы болуп эмгектенген.

Ал ошондой эле илимий жана көркөм котормо менен да алектенет. Ал А.П.Чеховдун, К.Чуковскийдин, В.Астафьевдин А.Алексиндин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Карачев Сыдык Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Жылуу-Булак айылында 1900-жылы туулган. 1918-жылы Мамбет Сүйүнбаевдин жетекчилиги астында кызыл гвардиянын отрядына кирип, Ак-Суу, Лепси, Черкесск жерлеринде ак гвардиячылар менен күрөшүүгө, 1920-жылы Кызыл Армиянын курамында Бухара эмиратын кулатууга активдүү катышкан. 1921–1923-жылдары Ташкент шаарындагы В.И.Ленин атындагы аскер окуу жайында окуган. 1923-жылы “Кошчу” кыргыз кедей жана дыйкандар союзунда иштеген. 1924-жылы алгачкы кыргыз тилиндеги “Эркин-Тоо” гезитине биринчи жооптуу катчы, кийин “Кызыл Кыргызстан” гезитинде, “Кыргызмамбаста” адабий кызматкер, редактор болуп иштеген. 1928-жылы Бишкекте ара-чолодо “Кызыл учкун” адабий ийримин жетектөөгө катышкан. 1930-жылы Оштогу “Кызыл пахтачы” газетасына жооптуу катчы болуп которулду.
С.Карачев 1937-жылы негизсиз репрессияланган жана өлгөндөн кийин акталган.

Ал кыргыз профессионалдык прозасына негиз салуучулардын бири болуп эсептелет. С.Карачевдин “Теңдик жолунда” аттуу китеби 1928-жылы жарык көргөн.

С.Карачев А.С.Пушкиндин “Дубровский”, “Станционный смотритель” повесттерин, Н.А.Островскийдин “Болот кантип курчуду” романын, Р.Ролландын “Жан Кристоф” романынан үзүндүнү, Л.Н.Толстойдун, А.П.Чеховдун аңгемелерин, ошондой эле коомдук-саясий адабияттын көптөгөн басылмаларын которгон.

С.Карачев “Шаңдан жүрөк”, “Аялдар салтанаты”, “Айылдагы курбума”, “Досума”, “Эл сагынуу”, “Күзгү түн”, “Эркин-Тоого”, “Май”, “Жаңы турмуш – жарык күн”, “Эл менен бүгүн биргебиз”, “Эмгек таңында”, “Күрөш учкундары”, “Неге алдадың?”, “Өткөн өмүр – бир өлүм” деген лирикалык жана махабат ырларын жазган. Акын аталган туундуларында тап душмандарынын айыгышкан күрөшүн сүрөттөөгө, жаңы замандын артыкчылыгы менен жеңиштерин, эркиндик алган элдин көңүл күүсүн, эркин эмгегин даңазалоого аракеттенет.

Кылычев Абдрасул – 1919-жылы Нарын районундагы, Ак-Кыя айылында төрөлгөн. 1939-жылы Бишкектеги мугалимдер институтун, кийин Республикалык партиялык мектепти, 1942-жылы аскердик окуу жайын аяктаган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Мектепте мугалим, “Тянь-Шань правдасы”, “Ленинчил Жаш” газеталарынын редакцияларында, “Кырмамбаста” иштеген. “Ырлар”, “Эне”, “Мурас” аттуу ырлар жана поэмалар жыйнактары жарык көргөн.

Орус акындарынын ырларын жана Андерсендин жомокторун кыргыз тилине которгон.

1951-жылы дүйнөдөн кайткан.

Мамбетакунов Кадырбай Тянь-Шань районундагы Алыш айылында 1939-жылы 15-июнда туулган. К.Мамбетакунов 1956-жылы Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектепти, 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1955-жылы Нарын облустук радиосунда диктор болуудан баштаган.

1965-жылы Нарын шаардык элге билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына, 1967-жылы Нарын педагогикалык окуу жайынын директорлугуна дайындалган. 1971–1980-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Нарын обкомунда инструктор, саясий агартуу башчысы, үгүт-насыят бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

1980-жылдан Нарын облустук Муратбек Рыскулов атындагы музыкалуу драма театрында адабият бөлүмүнүн башчысы, 1984-жылдан “Кыргызстан” басмасынын көркөм адабият редакциясынын башчысы, 1986-жылдан ошол эле басманын башкы редактору болгон.

Чыгармалары 1960-жылдан баштап жарыялана баштаган. Алгачкы “Шоола” аттуу ырлар жыйнагы 1971-жылы жарык көргөн. “Омар Хайямдын махабаты” (1980), “Үкөй” (1978), “Акын жана ажал” (1987), “Боз бойдок” (1989), “Соңку жомок” (1989) драмалары көрүүчүлөргө кеңири маалым. Кыргыз тилине А.Мудриктин “Жогорку класстын окуучуларын тарбиялоо жөнүндө” деген китебин, карел-финн элинин атактуу “Калевала” эпосун которгон. Драматургдун “Нарын козголоңу”, тарыхый пьесасы, “Соңку жомок” фантастикалык драма-новелласы орус тилине которулган. 1980-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына “Каарман эмгеги үчүн”, “Эмгек ардагери” медалдары менен сыйланган. СССР басма сөзүнүн, Кыргыз ССР эл агартуусунун отличниги. А.Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты.

Маметбакиев Абдулазиз 1941-жылы 20-апрелде Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Кулжа шаарында туулган.

1962-жылы Казакстандын Чимкент шаарындагы педагогикалык институтка тапшырып, 1968-жылы ийгиликтүү аяктап, математика адистигине ээ болгон.

Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин Президумунун жарлыгы менен “Эмгек ардагери” медалы менен (1990-жылы), Кыргыз ССРинин Профсоюзунун “Социалистик мелдештин отличниги” төш белгиси менен (1974-жылы) сыйланган. Ошондой эле “Эл агартуунун отличниги” төш белгисин, мындан тышкары бир топ баалуу кыргызстандык сыйлыктарды алган.

Ал кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларын уйгур тилине которгон, аларды “Коммунизм тугы” , “Йеңи хаят” газеталарында, жана журналдарда үзгүлтүксүз жарыяланып турган. Ошону менен катар чет элдик калемгерлердин Чыңгыз Айтматов жөнүндө жазган макалаларын, кытайлык сынчы Жин Жо Шындын “Кыргыз адабияты жана Ч.Айтматов” аттуу макаласын кыргыз тилине которуп, кыргыз окурмандарына сунуштаган. Эң алгачкылардан болуп ал кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамайдын кабарын кыргыздарга жеткирген. Ч.Айтматовдун “Ак жаан”, “Атадан калган туяк”, “Кыямат” чыгармаларын уйгур тилине которгон. “Өрнөктүү өмүрлөр” аттуу китеби кыргыз тилинде жарыяланган. “Ислам ибадаттары” деген мындан бир кылым мурда Казан басмасынан татар тилинде жарык көргөн китепти кыргызчалаган.

Наматбаев Сагын Москва районундагы Чоң-Арык кыштагында 1933-жылы 15-мартта туулган. 1948-жылы айылдагы жети жылдык мектепти, 1951-жылы Бишкектеги айтылуу № 5 орто мектепти аяктаган соң Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине кирет. Эмгек жолун Ош шаарындагы кыргыз орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган. С.Наматбаевдин алгачкы макалалары, ырлары 1949-жылдан тартып республикалык, облустук гезит, журналдарга чыга баштайт. 1965-жылы “Эки дүйнө – эки жаштык” деген алгачкы китеби жарык көргөн. Ал В.Шукшиндин, каракалпак эл жазуучусу Т.Кайипбергеновдун, азербайжан Р.Ибрагимбековдун, Ю.Боревдин китептерин жана дүйнөлүк адабияттан Гарсиа Маркестин, Конан Дойлдун, Агата Кристинин, Абрахам Мэриттин, Гарольд Роббинстин реалисттик жана укмуштуу окуялуу чыгармаларын кыргызчага которгон.

1964-жылдан Журналисттер союзуна, 1985-жылдан Жазуучулар союзуна мүчө. Ички иштер кызматынын полковниги (1976), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1993), Билим берүүнүн отличниги (1993) болгон.

Нурушев Эсенбай 1951-жылы 8-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Ноокен айылында туулган.

Орто мектепти бүткөн соң Ноокен райондук “Ленинчил” гезитинде кабарчы жана бөлүм башчы болуп иштеген. 1979-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. 1978-жылы жаштардын “Ленинчил жаш” гезитинде адабият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Андан соң “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз туусу”) гезитинде 1979-жылдан тартып бөлүм башчы болуп иштей баштаган. Кийинчерээк (1991–1994) Кыргызстан Жогорку Кеңешинин басма сөз, котормо жана коомдук байланыш бөлүмүнүн жетекчиси кызматын аркалаган.

1995-жылдын биринчи жарымында “Азаттык үналгысынын” Бишкек бюросунун жетекчиси болгон. 1995-жылдын июнь айынан тартып 2011-жылдын январ айынын акырына чейин “Азаттыктын” Прагадагы баш кеңсесинде кызматкер болуп иштеп келди.

Кыргыз жана орус тилдериндеги бир нече жүздөгөн публицистикалык макалалардын автору.

“Менин атам Дэн Сяопин “Маданий ыңкылап” жылдарында” китебин кыргызчага которгон. Айрым орус тилиндеги көркөм жана публицистикалык чыгармаларды (анын ичинде Чыңгыз Айтматовдун элүүгө жакын макаласын) кыргыз тилине которгон.

Орозбаев Олжобай Ысык-Көл районунун Темир айылында
1920-жылы туулган. 1932-жылы Борбордук педагогикалык техникумдун даярдоо бөлүмүндө окуйт. 1937–1939-жылдары Фрунзе шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №5 кыргыз орто мектебинде башталгыч класстардын мугалими болуп иштейт. О.Орозбаев 1939-жылдын декабрында Советтик Армияга чакырылып, Грозный шаарындагы аскер окуу жайынын кыскартылган курсун 1941-жылдын июнь айында, Улуу Ата Мекендик согуш башталардын алдында бүтүрүп, Батыш Украинадагы аскер бирикмелеринин биринде кызмат өтөөгө жиберилип, 1941-жылдын 22-июнунан миномёт взводдун командирлигинин ролунда айыгышкан салгылаштарга катышат.

О.Орозбаевдин котормочулук ишмердиги 1937–1939-жылдары башталган. А.Гайдардын, Н.Лесковдун көркөм чыгармаларын, англия акыны Ж.Байрондун “Шильондук туткун” аттуу поэмасын которгон. О.Орозбаев француз жазуучусу Ромен Ролландын “Кола Брюньон” аттуу романынын котормосу үчүн эң мыкты көркөм котормо боюнча республикалык конкурстун сыйлыгына татыктуу болгон. О.Орозбаев кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын орус тилине которууга өз үлүшүн кошуп, Т.Сыдыкбековдун “Too арасында” романын которгон. О.Орозбаевдин 1974-жылы “Кыл көпүрө” аттуу биринчи повести жарык көргөн. Ал орус тилине которулуп, Москвадан “Советский писатель” басмасынан басылып чыккан. Бул повести үчүн автор 1984-жылы Бүткүл союздук Александр Фадеев атындагы сыйлыктын лауреаты болуп, күмүш медаль менен сыйланган.

Согуш майданындагы жана чыгармачылык иштериндеги сиңирген эмгеги үчүн Олжобай Орозбаев “Биринчи даражадагы Улуу Ата Мекендик согуш” ордени, “Каармандык үчүн”, “Эмгектеги артыкчылыгы үчүн” медалдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. 1981-жылы ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери” деген наам ыйгарылган. Ал эми 1995-жылы О.Орозбаевге Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу деген ардактуу наам берилген.

Пазылов Абибилла Жалал-Абад облусунун Өзгөн районундагы Шоро-Башат айылында 1956-жылы туулган.

1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнө тапшырып, андан үч жыл билим алгандан кийин, Ленинграддагы Мамлекеттик университеттин журналистика факультетине которулган. Аталган университетти 1980-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолун “Кыргызстан маданияты” гезитинде иштөө менен баштап, көптөгөн адабий сын-макалаларды, рецензияларды жазган. Андан соң Ала-Тоо журналында, жана башка гезиттерде иштеп, публицистикалык чыгармаларды жараткан. Бир нече жылдар бою Кыргызстан Жазуучулар уюмунун адабий кеңешчиси, жооптуу катчысы болуп иштеген.

Ар кыл тематикадагы китептерди которуп келет. И.Буниндин “Сан Францисколук мырза” аӊгемесин (1983), 2008-жылы Чыңгыз Айтматовдун “Жаабарс” романын которгон. Автордун айрым аңгемелери орус, өзбек тилдерине которулуп, 1986-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1988-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Саякбаев Калмак Ак-Суу районуна караштуу Тегизчил айылында 1920-жылы туулган. 1940-жылы Фрунзедеги медицина техникумун бүтүргөндөн кийин Ленинполь жана Ала-Бука райондорунда фельдшер, Ала-Бука райондук аскер комиссариатында кызмат кылган.

1944-жылдан “Советтик Кыргызстан” гезитинин редакциясында адабий кызматкер, Кыргыз телерадио комитетинде улук редактор, “Кыргызстан” басмасында редактор, улук редактор, Кыргызстан Жазуучулар союзунда адабий консультант, “Ала-Тоо” журналынын жооптуу катчысы болгон. Ал И.А.Гончаровдун, В.Г.Короленконун, А.Куприндин, М.Горькийдин, К.Фединдин, Ю.Фучиктин ж.б. жазуучулардын чыгармаларын которгон. К.Саякбаев 1967-жылдан СССР Жазуучулар союзунун жана 1958-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен үч жолу сыйланган.

Турусбеков Жусуп 1922-жылы Түп районундагы айыл чарба техникумуна алынып, окуй баштайт. Казак, татар, орус адабияттары менен таанышып, 1929-жылы “Кызыл Кыргызстан” гезитинин редакциясында корректор болуп иштейт. 1929–1930-жылдары Тверь шаарындагы советтик-партиялык мектепти ийгиликтүү аяктап, Кызыл Кыргызстан гезитинин бөлүм башчысы, кыргыз театрынын директору, “Ленинчил жаш” гезитинин редактору, “Кыргызмамбастын” редактору, Жазуучулар союзунун консультанты болуп иштеген. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Жусуп өз ыктыяры менен согушка кетип, 1943-жылы Калинин облусундагы фронтто курман болгон.

Ж.Турусбековдун чыгармачылык иши “Кызыл Кыргызстан” гезитинде иштеп жүргөндө башталган. 1928-жылы анын калемине таандык ырлар гезит бетине айрым чыга баштайт. 1932-жылы “Жусуптун ырлары” деген биринчи ырлар жыйнагы басылып чыгат. Драматург катары тааныткан “Ажал ордуна” драмасы, “Айчүрөк” операсынын либреттолору 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун декадасында көрүүчүлөрдүн жакшы баасына татый алган.

А.С.Пушкиндин “Каменный гость”, Г.Гейненин, А.Безыменскийдин ж.б. ырларын кыргыз тилине которгон.

Токомбаев Аалы Кемин районундагы Кайыңды айылында 1904-жылы туулган. 1922-жылы Ташкенттеги советтик партиялык мектепке кабыл алынат.1923–1927-жылдары В.И.Ленин атындагы Орто Азия коммунисттик университетинде (САКУ) окуган. 1927–1929-жылдары “Кызыл Кыргызстан” гезитинин редактору, 1930–1931-жылдары Москвадагы Борбордук басмада кыргыз секторунун редактору, 1931-жылдан Кыргызмамбастын башкы редактору, 1934–1949-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгына төрага, ошол эле жылдары Советтик Кыргызстан журналынын башкы редактору, СССР Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын тил, адабият жана тарых институтунун директору, 1955–1956-жылдары “Чалкан” сатиралык журналынын башкы редактору болгон. Биринчи ырлар жыйнагы 1927-жылы Ташкентте “Ленин тууралуу” деген ат менен басылып, бул китеби бир аз оңдолуп, толукталып “Ленин” деген ат менен 1936-жылы кайра басылган. А.Токомбаевдин көпчүлүк чыгармалары орус тилинде, кээ бир басылмалары украин, казак, тажик, өзбек, литва тилдеринде жана кээ бир чыгармалары чет өлкөлөрдө жарыяланган. Жазуучу С.Маршактын, А.Кунанбаевдин, Ж.Жабаевдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон. С.МаршактынЖомоктор” китебин (1952), А.Кунанбаевдин “Абайдын ырлары” (1954), “Менин элим” (1970) ырлар жыйнагын которгон.

1967-жылы “Таң алдында” романы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон. 1934-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, 1945-жылы Кыргыз ССРнин Эл акыны болгон.

Токтосартов Акун – котормочу, журналист, мамлекеттик, маданий жана коомдук ишмер. Алайкуу өрөөнүнүн Көңдүк айылында 1941-жылы 15-мартта туулган. 1958-жылы Кайың-Талаа орто мектебин аяктап, 1958–1966-жылдары Токмок шаарындагы Республикалык маданий агартуу окуу жайын, Ош мамлекеттик педагогика институтун, 1982-жылы Алматы шаарындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. 1966–1977-жылдары Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин борбордук аппаратында жооптуу кызматкер, 1977–1985-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин маданият бөлүмүнүн сектор башчысы болуп иштеген. 1985–1991-жылдары Кыргыз ССРинин Маданият министринин биринчи орун басары, Маданият министри, 1991–1997-жылдары Токтогул атындагы мамлекеттик филармониянын директору, Манас айылы тарыхый-маданий комплексинин Башкы директору кызматтарын аркалаган. 1992-жылдан бери Эл аралык Руханият ассоциациясынын Президенти. Азыркы учурда Чынгыз Айтматов атындагы коомдук илимдер академиясынын академиги, Эл аралык Ата-Түрк фондусунун, Евразия Диалогу платформасынын мүчөсү, Кыргызстан-Сауд Арабия достук коомунун, Эл аралык Руханият ассоциация кеңешинин төрагасы.

Турсунов Эрнис Фрунзе шаарында 1934-жылы 20-июнда туулган. Жогорку билимди Москвадагы М.В.Ломоносов атындагы университеттен жана Кыргыз мамлекеттик университетинен алган. Университетти бүтүрүп, Искусство иштери боюнча Башкы башкармалыктын башчысынын орун басары, кыргыз театрларынын репертуарлары боюнча башкы редактор, “Кыргызфильм” киностудиясынын сценарий бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Тажикстандын жана Кыргызстандын мектептеринде орус, кыргыз тилдеринен мугалим, “Мектеп” басмасында улук редактор, “Ала-Тоо” журналында бөлүм башчы, Кыргыз телерадио комитетинде Башкы редактордун орун басары, Кыргыз академиялык драма театрында адабий бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.

Эрнис Турсуновдун “Айчырайлуу кыздар” (Сулуулар), “Чындык ийилет, бирок сынбайт”, “Эрки күчтүүлөр”, “Замандаш”, “Баш мээси менен”, “Байтик баатыр” сыяктуу драмалары кыргыз театрларына ийгилик менен коюлуп, “Олжобай менен Кишимжан”, “Балбай менен Ормон”, “Жусуп Баласагун” деген опералык либретторлоруна композиторлор М.Абдраев, А.Мырзабаев, С.Осмоновдор музыка, ырларына обончулар менен композиторлор обон чыгарышкан.

Э.Турсунов А.С.Пушкиндин “Евгений Онегин” романын, Н.А.Некрасовдун “Орус жеринде ким жыргайт” дастанын, Шекспирдин, Сервантестин, Гоголдун, Гоццинин, Брехтин, Хикметтин, Уайлдын, Теннесинин, Филиппонун, Ростандын, Альберт Камюнун, Вишневскийдин, Радзинскийдин, Афониндин, Дозорцевдин, Разумовскаянын драмаларын, поэзия классиктери: Данте, Петрарка, Катулл, Сафо, Марциал, Киплинг, Блейк, Байрон, Гёте, Шиллер, Гейне, Андерсен, Мицкевич, Петефи, Гартман, Верхарн, Топелиус, Мейер, Тувим, Лонгфелло, Эдгар По, Рудаки, Руми, Гафиз, Лермонтов, Тютчев, Есенин, Маяковский ж.б. чыгармаларын которгон.

Ал мусулмандардын ыйык китеби Куранды жана христиандардын ыйык китеби Библияны биринчилерден болуп кыргызчага которгон.

Кыргыз адабияты менен маданиятына сиңирген зор эмгеги үчүн ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” жана “Кыргыз Республикасынын Эл акыны” деген наамдары берилген.

Усупов Станбек – жазуучу, журналист. Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылында 1934-жылы 5-майда туулган.

Айылдык мектептен жети жылдык билим алып, Фрунзе шаарындагы №5 орто мектебинен окуусун уланткан. 1953–1958-жылдары Казак мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнөн билим алган.1958–1967-жылдары “Ленинчил жаш” гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, редактордун орун басары, редактор болуп иштеген.

1967–1970-жылдары КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясынын журналистика боюнча аспирантурасында окуп, тарых илимдеринин кандидаттык диссертациясын жактаган.

Бир канча кѳркѳм котормолордун үстүндѳ иштеген. Алсак, В.Песковдун “Шүүдүрүмдөгү издер” (1967), “Согуш жана адамдар (1976) сыяктуу чыгармаларды которуп, китеп кылып чыгарган.

1981-жылы “Ардак белгиси” ордени, ар түрдүү жылдарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланып, 1988-жылы “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген журналисти” ардактуу наамына татыктуу болгон. “Кыргызстандын элге билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси, 1998-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган. 1962-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1989-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Үмѳталиев Темиркул 1908-жылдын 1-майында Аксы районундагы Төө-Жар кыштагында дүйнөгө келген.

Ак-Суу интернатында тарбияланган, Жалал-Абад педтехникумун бүтүргөн, Москвадагы Коминституттан билим алган. Алгач мектептерде, жаштар уюмдарында, андан соң газета-журналдардын редакцияларында, Жазуучулар союзунда жетекчи кызматтарда эмгектенген. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.

1935-жылы туңгуч ыр жыйнагы жарык көргөн. Орус акындарынын мыкты үлгүлөрүн кыргыз тилине которгон.

“Тоо гүлдөрү” жыйнагы үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. Жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз эл акыны (1968). Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, 2 Ардак Белгиси, Эл Достугу ордендери ж.б. көптөгөн медаль, грамоталарды алган.

Эралиев Сүйүнбай – 1921-жылы Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.

С.Эралиев 1944–51-жылдары Талас облустук Лениндик Туу газетасынын жооптуу катчысы, Москвадагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн соң Кыргызстан пионери газетасынын редактору, 1959–84-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун катчысы жана адабий кеңешчиси болуп иштеген.

Сүйүнбай Эралиев көптөгөн китептин автору. Көркөм котормодо да жемиштүү эмгектенген.

Акын “Эл Достугу”, “I даражадагы Ата Мекендик согуш”, “III даражадагы Манас” ордендери, көптөгөн медалдар менен сыйланган. Кыргыз эл акыны (1974), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын (1980), А.Фадеев атындагы бүткүл союздук жана Жамбыл атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты.

Элебаев Мукай 1906-жылы азыркы Түп районундагы Чоң-Таш кыштагында туулган.

Ата-энесинен эрте ажырап, жетим калган. М. Элебаев Улуу Октябрь революциясына чейин оор турмушту башынан өткөргөн. 1921-жылдан интернатта тарбияланган. 1926–30-жылдарда Фрунзедеги педагогикалык техникумда окуган.

М.Элебаевдин “Зарыгам” аттуу туңгуч ыры 1924-жылы “Эркин-Тоо” газетасына чыккан. Акын көркөм котормого да өзгөчө көңүл буруп, А.Пушкиндин, Н.Гоголдун, Л.Толстойдун, Д.Фурмановдун чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Акын 1944-жылы душман менен согушуп жатып, баатырларча курман болгон.  [Кыргыз поэзиясынын антологиясы Б.: 2000. 9-467- б]

Котормочулук – ѳтѳ зарыл жана керектүү ѳнѳр. Себеби башка бир тилди билбеген адмдын муктаждыгын жоюуга жардам берип, ага түшүнүктүү тилде тексти которуп берет же иш оозеки процессте аткарылат. Негизи которуу иши турмуштук зарылчылыктан улам, мамиле түзүү үчүн оозеки котормо, кийин жазма котормо пайда болгон.

Ал эми кѳркѳм котормо, кыргыз профессионал адабиятынын калыптануу жылдарында эле пайда болду. Улуттардын достугун, жакындашуусун, маданий байланышын күчѳтүүчү негизги курал болгон. Так ушул кѳркѳм котормо аркылуу элдер дүйнѳлүк адабияттын эӊ сонун үлгүлѳрүн окууга мүмкүнчүлүк алышты. Ырас, кыргыз адабиятында котормо ѳнѳрү бирдей ыргакта ѳсүп отурган жок. Ал узак жана татаал жолду басып ѳттү.

“Эркин-Тоо” газетасынын жарык кѳрүшү менен мамлекеттик коомдук-саясий күндѳлүк кабар, информациялык материалдар кыргызча которулуп басылды. 20-жылдары жергиликтүү улуттук кадрлар аз эле. Эл ичинен суурулуп чыккан котормочулар орус тилин жакшы билбегендиктен, улуу жазуучулардын классикалык чыгармаларына “тиштери ѳтпѳй”, татар, казакча варианттарынан которушкандары кездешти.

30-жылдар кѳркѳм котормонун телчигиш мезгили болду. Котормо ишин акын-жазуучулар колго алышкан. Алар ѳздѳрүнүн жѳндѳмдүлүгүнѳ, билимине, шыгына жараша бирѳѳ поэзияны, экинчиси прозаны, үчүнчүсү драмалык чыгармаларды которушту. Ошол учурдун кѳркѳм котормо ѳнѳрүнүн баштоочулары К.Тыныстанов, М.Элебаев, С.Карачев, К.Баялинов, У.Абдукаимов, А.Осмонов, А.Токомбаев сыяктуу акын-жазуучулар болушкан.

30-жылдарда эле котормочулардын түрдүү жѳндѳмдүүлүгү байкалып калган. Бирѳѳлѳр оригиналдын сапатын тѳмѳндѳтпѳй ар жагынан бышып жетилген реалисттик котормону ѳздѳштүрүп калган болсо, экинчилери сѳзмѳ-сѳз котрууну, дагы бирѳѳлѳр эркин котормонун ыкмасын баштаган. Котормонун такталган жолго салынган методологиясынын жоктугунан ар ким ѳз билгениндей, ѳз жѳндѳмдүүлүгүнѳ жараша которо беришкен.

Ошентип, 30-жылдарда поэзияда, проза да, драматургия да котору иши арбын болду.

Кыргыз котормосу 40-жылдардын биринчи жарымында “Кызыл аскердин китепканасы” аттуу сериядан тышкары, биз жогоруда айтып ѳткѳн А.С.Пушкиндин “Евгений Онегини”, Ш.Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” сыяктуу эмгектер согуш учурундагы урунттуу котормолор болсо, согуштан кийин жалпысынан кыргыз котормосунда эӊ ийгиликтүү этап болду.

Сексенинчи жылдарда кыргыз котормочулары чыгыш адабиятын которуу иштерине кѳбүрѳѳк басым жасашты. Себеби буга чейин чыгыш адабиятын колго алууга тыюу салынып келген. Эӊ алгач эле жалпы түрк элдеринин орток адабияты болгон Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” дастанын 1984-жылы Т.Козубеков которуп, элдерге тартуулады. Мындан сырткары Омар Хаямдын, Н.Хикметтин, Алишер Новаинин чыгармаларынан кыскача үзүндүлѳр которулду.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында которуу иши бир аз солгундап, ал эми азыркы күндѳ дүйнѳлүк адабияттын мыкты чыгармаларын дагы да болсо которушуда.

Демек, которуу иши оозеки болобу, жазуу жүзүндѳ болобу, канча мезгилдер ѳтсѳ да ѳз актуалдуулугун жоготпой коом менен бирге жашай берет.

Материалды даярдаган Эрмек ШОРУКОВ

Пайдаланылган адабияттар

  1. Абдиев Таалай. Котормо таануу илимине киришүү. Б.: 2008, 3–15-б;
  2. Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. Ф.:1987, 105–114, 263–277, 372–381, 504–517, 712-730-б;
  3. Кыргыз поэзиясынын антологиясы. 2-китеп / Түз. С. Акматбекова, С. Тургунбаев, Т. Самудинов; Б.: 2000. – 528 б.
  4. Бапаев Х. Котормо ѳнѳрүнүн тарыхынан. Ала-Тоо, 1986, №10, 132-139-б;
  5. Жороева А.Р. Кѳркѳм котормо жана анын айрым маселелери. Известия ОшТУ, 2014, №1, 216–217-б;
  6. Карасаев Х. Кыргыз тилинде котормо адабияттын башталышы жана өөрчүшү. Мугалимдерге жардам. Фрунзе, 1948. — №4
  7. Тѳлѳмүшев М. Учурдагы милдеттер. Ала-Тоо, 1987, №1, 143–156-б.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.