Баарыбыз үчүн баш катырма

Француз элинин табышмактары Атасы бар, бирок анын уулу эмес, апасы болгону менен анын да уулу эмес. Ал ким?[1] Дайыма башын ылдый каратып, бардык тилдерде сүйлөй алат. Ал эмне?[2] Дайыма кыймылдап турат, бирок жылбайт. Өлгөндөн кийин гана жел менен саякатка чыгат. Ал эмне?[3] Бош идишке канча тамчы суу тамызса болот?[4] Татар эл табышмактары Чоң атамдын кара тону бар бүктөй алгыс, Жалтыраган топчулары санай алгыс[5]. Отузунчу күнү акылдан айныйт, он тортүнчү күнү акылы толот[6]. Узун бойлуу дербиштер корообузда бийлешти, Өзүлөрүн өздөрү балчык […]

Сабыр Иптаруулу: Кыргыздын көчү – Турмуш, көзөмөлчүсү – Тагдыр

Жаны болсо жаратылыш бир кызык, Жашоо эмне бирде муздак, бирде ысык? Ата-бабам айтып кеткен сөзү бар, Алла-Таала сызат дешет бир сызык. А дүйнөбү, бу дүйнөбү биле албай, ушул сөздү араң жаздым тер кызып… (Атам Иптардын күндөлүгүнөн) «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жетелейт». Бул – элибиздин эзелтен келаткан жашоо жөнү, өмүр философиясы тууралуу чыгарган кеменгер акыл тыянагы. Турмуш – жан бүткөндүн жашоо тирлиги, жамаат ичинде «маңдайга жазылганды» көрүп, тагдыр тартуулаган өмүр көчүн өргө сүйрөө. Ал «бол+муш», «өт+мүш» сыяктуу бир эле учурда кыймылды […]

Имдат Авшар: Чыбык аттар (шедевр)

Имдат Авшар – “Евразия” жазуучулар коомунун мүчөсү, Түркиянын Кыршехир облусуна караштуу Каман районунда туулган. АҢГЕМЕ Бутактар бүчүр байлады. Балдардын жүздөрү тамылжыйт… Мектептин короосу чуру-чуу… Ылдый жакта эки бала алышып, дубал кырында эки таранчы чокушуп жатат… Балдар топту талашкандай эле, таранчылар дубалдагы кичинекей ургаачы таранчыны талашып жатышат. Кыздар да капарсыз. Унчукпай оромпой тээп жүрүшөт. Топту кайсы бала алат? Кичинекей куш кайсы таранчынын жубу болот? Канаттарын болушунча түктүйткөн таранчылар тим эле күрөшкө түшкөн балбандардай. Бирок канаттарын канча типтик түктүйтсө да баягы эле […]

Эркек эмне үчүн эки нерсени каалайт?

Фридрих Вильгельм Ницше (1844-1900), немис ойчулу, композитор, акын, өз алдынча философия илиминин негиздөөчүсү. Аялга бара турган болсоң, колуңда камчың болсун. ♦ ♦ ♦ Биз билген нерселерибизди башкалар менен бөлүшөр замат, андан кызыгыбыз солгундай түшөт. ♦ ♦ ♦ Сен жакшы көргөн нерселердин бардыгы — сенин көңүлүңдү кайт кылды. Буга көнүп деле бүттүң, «сүйүү менен чындыкка» деп атаган акыркы сүйүүң «көңүл калууга кеткен сүйүү» болуп калышы мүмкүн. ♦ ♦ ♦ «Таза ар-намыс» деп аталган нерсе, жеткен калптын даражасы болуп саналат. ♦ ♦ […]