Адабий сын: Азамат Омоштун «Тыйын заманы»

Поэзия – проза жана драмага караганда ар дайым кыймылдуу, улам жаңыланып, тынымсыз өнүгүп турган түр. Адамзат коомундагы түрдүү тарыхый окуяларга, жалпы жана жеке маселелерге келгенде акындар жандуу чагылдырып, немис акыны Гётенин  “жерден жарака кетсе, ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт” — деген сөзүн тастыктап турат. Акын-жазуучулар коомдо болуп жаткан жаңылыктарга сөзсүз түрдө өз баасын берип, көркөм чыгармаларын жаратпаса болбойт, себеби акын да өз мамлекетинин жараны, коомдун бир бөлүгү. Акындар да жеке пикирин, оюн бериши керек, болгондо да көркөм сөздүн кудуреттүү күчү […]

Кара чемоданда катылып жаткан көркөм мурас табылды!

2017-жылдын февраль айы, “Устат” академиясынын бүтүрүүчүсү катары  “Маданият Тарых Тил” каналына акын Мирлан Самыйкожо ээрчитип келди. Алгач  эле “ Маданият Тарых Тил” каналынын бир кызматкеринин мага карата орой мамилесинен, залда күтүп турган мага берген суроосунан “Маданиятта” ушундай “маданиятсыз” адам иштейби? -деп чочуладым. Анда ички сезимден чыккан ички оюм — ичимде кала берди. Аңгыча “Маданият Тарых Тил” каналынын шеф редактору Гүлмира Кулумбаевага Мирлан Самыйкожо алып кирди. Кичи пейил, мээримдүү назик эже жакшы кабыл алды. Мирлан аганын тамаша-чын иретинде “эти сиздердики, сөөгү […]

Абдыкерим Муратов: Кыргыз тойго бай, ойгочу?..

«Тойго чакыруу алганда, «Коопсуз шаардын» айыппулун алгандай болуп атам» деп бир досум айтса, экинчиси айтат, «кийинки тоябрь айында ысык өлкөлөргө кетип калганы атам, тойго берген акчага жыргап ойноп келбесемби» деп. Телефон шыңгыраса коркчу болдук, тойго чакырбаса экен деп. Качанкы бир таанышың тойго чакырат, «сага эрте чалып атам, башкаларга барба» деп эскертет өзүңдүн эсиң ооп турганда. Күздө ошентип той кылгандар адамдарды талашчу болду, «бириң башка тойго барсаңар да бири келгиле» дейт. Конвертти көтөрүп кеч кирери менен такси жалдап тойканага жөнөйсүң, куду […]

Ги де Мопассан: Шуру

НОВЕЛЛА Ал Ай десе Айдай чырайлуу, Күн десе Күндөй сулуу, тагдырдын жазмышы менен төрөлөрдүн тукумунан төрөлө калчу ченде жок, дүйнөдө жок ажарлуу аялдардын бири эле. Жараткан мындан сулуулук дегенде эч нерсени аянган эмес экен. Анын келечегине камдап койгон себи да, үмүтү да жок эле. Анысы аз келгенсип, аны көрүп, жакшылап билип, сүйүп калып, анан өзүнө колукту кылып алганга тектүү жерден күйөө табылышына да мүмкүнчүлүк болбоду. Анан акырында ал элге билим берүү министрлигинде майдараак эле кызматта иштеген атка минерге турмуш курууга […]

«Нуска»: Азербайжан элинин классик акыны Расул Рзанын ырлары кыргыз тилинде

Азербайжан адабиятында, өзгөчө поэзия жаатында аттын кашкасындай белгилүү болгон новатор акын Расул Рза 1910-жылы 19-майда Гөйчай шаарында туулган. Жаш акындын алгачкы ырлары 1927-жылдан баштап жергиликтүү гезит-журналдардан жарык көрө баштаган. 1930-жылы Бакуга келип, «Gənc işçi» («Жаш ишчи») деген гезитке жумушка орношкон. Ал эми 1931-жылы анын «Большевиктер жазы» деген ыры «İnqilab və mədəniyyət» «Революция жана маданият» деген журналга чыгат да, 21 жаштагы акынды бүткүл өлкөгө таанымал кылган. Ошол жылдардагы Расул Рзанын ырлары Азербайжанда болуп жаткан окуялардын, көрүнүштөрдүн күзгүсү катары баарын чагылдырып турган. […]

Алыкулдун ачыкка чыкпаган армандуу сүйүүсү

Ак тиштерим от тиштеген тишке окшойт, Аккан жашым ак булактын түсү окшойт. Жамийла СУЛАЙМАНОВА 1994-жылдын кеч күзү. Бойдок кез. Колум бош, жолум бош. А.Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын академиялык хорунда ырдап жүргөн кезим. Эң жакын досторумдун бири Талгар Жакшылыков мектепти орусча бүткөн, орусча сүйлөгөндөрдөн эле. Кыргыз адабияты менен иши жок. Алыкул Осмоновдун поэзиясынан анча кабарсыз жүргөн эле опера ырчысы… Бир күнү Талгар досум айтып калды, “Жамийла деген эжем бар. Жакын тууганбыз. Алыкул Осмонов деген акындын “Жамийла” деген ыры мага арналган деп […]

Бешболуш Матисаков: Биз гана эмес, Ала-Тоо күткөн жамгырды

КҮЗ МЕЗГИЛИ. КӨҢҮЛ КҮЗҮ. ӨМҮР КҮЗҮ. Ноябрь. Кечки күздүн төрүндөбүз, Негедир маанай бүркөк, көңүлдө күз. Кааласак, каалабасак кайтарылгыс Кыш жакын. Жалбырак түс – өмүрдө күз. Кечки күз кышка өтүп карга айланат, Көктөм жаз көркү менен жайга барат. Табигат мезгилдери кезек менен Тамшантып өз нугунда кайталанат. Ак тилек, жылуу сөздүн көп үлгүсү, Ажайып арууланат көңүл күзү. Аттиң ай, артка жол жок, аргасыздык, Алдыга кадам шилтейт өмүр күзү. АЙТПАГЫЛА Таза сүйүү болбойт деп айтпагыла! Улуу, ыйык сезимдер коштоосунда, Уюп калган жүрөктүн толтосунда. […]

Владимир Сутеев: Алма (жомок)

Кеч күз болучу. Бүт мөмө-жемиштер күүлүп түшкөн, желип бүткөн. Бирок саргарган жалбырактардын арасына бир кызыл алма жашынып калыптыр. Серең-серең секирип, өз жолу менен бараткан коён кокусунан аны көрүп калды. Табарын тапты дечи, бирок кантип үзөт? Бийик өскөн алма бакка канчалык кыйын болсо да секирип жете алмак эмес. — Карк-карк! — эткен үн чыгып, карай калса карга учуп баратыптыр. — Эй карга, алмамды үзүп берчи! – деп кыйкырган коён каргага алманы көрсөттү. Сүйүнүп кеткен карга алмага өзү жалгыз ээ болом деп […]

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

«XXI кылымдагы кыргыз адабияты» аталышындагы бул конкурс адабияты өнүккөн дүйнө элдеринде жүргүзүлүп келген тажырыйбалардын негизинен алынды жана ишке ашырылмакчы. Аталган конкурстун максаты – поэзия, проза (аңгеме, эссе) жаатында эмгектенип жүргөн кыргыз тилдүү авторлор үчүн чыгармачылык атаандаштыкты күчөтүү. Ким эмне айткысы келсе – көркөм адабияттын туюнтмалары аркылуу айтсын. Жеңүүчүлөр төмөндөгү талаптар боюнча аныкталат: ПРОЗА Жаңыча көркөмдүк формада изденүү Курч сюжеттүү күтүүсүз табылга Сөз чеберчилиги ПОЭЗИЯ Мазмундуу уйкаштык Курч калем, курч ойлор Сөз чеберчилиги Конкурстун ШАРТТАРЫ: Конкурска катышууга баардык авторлор укуктуу жана […]

Артур Конан Дойл: Кара чамадандын сыры

АҢГЕМЕ I Мольтон-Чейс аталышындагы бул келишкен чарбакта жүз жылдан аша Клейтондордун үй-бүлөсү жашап келет. Эми мында Гарри Клейтон беш жылдан бери турат. Жаш колуктусунун кызыгына канып бүтпөй, майкөл, сүткөл турмушта жашоо ыракатына балкыйт. Мектеп менен колледжден роджество майрамына карата төлөм кагаздары али келбегендиктен, үйү толо дуулдаган меймандарды күткөндү жакшы көрөт. Келген ар бир кишини маңдайы жарыла, кучагын жая тосот. Декабрь айы эле, роджество майрамына чукулдап калган. Гарри үй-бүлөсү жана коноктору менен тамак ичип отурушту. — Белла, тамактан кийин биз менен […]

Төрөкул Жанузаков – тарых бүктөмүндө унутулган инсан

Эгемен өлкөбүздө эркелеп жашап жатабыз. Көз карандысызбыз. Эң негизгиси өз мамлекетибиз бар. Бул кыргыз элинин бирден бир жетишкендиги, ийгилиги, байлыгы… Арийне мындай бакыт бизге оңой менен келбей, эчен эрлердин башын жеген. Жазуучу Кушубек Качыбеков аганын калеминен жаралган “Төрөкул Жанузаков …Түркстан жаңырыгы” аттуу тарыхый-даректүү баянын окуп отуруп ушундай ойго келдим. Деги Төрөкул Жанузаков ким болгон? Китептен жооп издеп көрөлүчү. Атасы Жанузак солто уруусунан чыккан белгилүү манап болгон. Төрөкул бармактайынан тың чыгып, алтыга чыкканда татар молдодон окуп, арап ариби боюнча сабатын жоюп, […]

Тереза эне: Дүйнөгө бир жакшылык кылам десең, үйүңө бар да, өз бүлөңдү сүй

1979-жылкы Нобель сыйлыгынын лауреаты. Анын сүйүү тууралуу акыл-насааттары алдыңызда. Үй бүлө куруу үчүн сүйүү керек,  аны сактоо үчүн чыдамдуулукту жана кечиримдүүлүктү үйрөнүү зарыл. ♦ ♦ ♦ Жашооңо ким келип кетсе да бактылуу болууга аракет жаса, өсүп-өн. ♦ ♦ ♦ Эң негизги дары – назик сүйүү жана камкордук. ♦ ♦ ♦ Сүй, сүйүү сен үчүн дем алгандай эле табийгый көрүнүш. Эч нерсе талап кылба. Эч нерсе күтпө. Эгерде келсе, ыраазы бол. Келбесе да, жол карап күтпө. ♦ ♦ ♦ Сен тууралуу […]

Илим Курмушуев: Жүрөгүңдөн жылдыз өптүм, күн өптүм

СҮЙ, СҮЙ, СҮЙ! Ким өтпөгөн бул өмүрдөн Ичээр суусу түгөнсө. Көктөн кулап көмкөрүлүп Көз отунда Күн өлсө. Канча жашоо маанилүү эмес, Кандай жашоо маанилүү. Сүйүү менен сүргөн өмүр Сүйкүмдүү да шаанилүү! *     *     * Жүрсөң дагы жүзү болуп сүрөттүн, Жүрөгүңдөн жылдыз өптүм, күн өптүм. Секунддары кылымдарды карытат Сени эстеген ар бир сааттын, мүнөттүн. *     *     * Жашыл жаз жашын чанып жайга кеткен, Жазды биз кайрый албай арга кеткен. Аптаптуу койну менен эсте калып Ак жыттуу ажайып жай… Ал да кеткен. […]

Абдувахаб Мониев: Сыймык эмне, «баатырың» ким, Кыргызстан!?

Шералы Назаркулов майданда көз жумду эле… …Алгачкысы болгону  үчүнбү, айтор, 2005-жылкы март элдик төңкөрүшүнөн кийинки биринчи күндөрү өлкөдө адилеттик салтанат кургандай романтикалуу маанай жаралган. Ошол дем менен  коомчулукта “Кыргыз Республикасынын Баатырлыгы” тууралуу да ар кандай пикирлер, сунуштар айтылып жатты.  Анын күүсүндө биз Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинде (редакторлук кылып аткам) баатырдык наамга 2002-жылы саясий ачкачылыктан көз жумган экономист-публицист Шералы Назаркуловду сунуштап, ошого байланыштуу пикирлерди, анан да, маркумдун “Конституция калиф-на час” сыяктуу орус тилиндеги саясий макалаларын кыргызчага которуп, сандан санга жарыяладык. […]