Жаш акын-жазуучулар конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Жогорку Кеңештин депутаты, акын жана журналист Каныбек Иманалиевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен уюшулган “Учур адабиятынын жаңы дүбүртү” аталышындагы конкурс жыйынтыкталды. Калыстар курамынын чечимине ылайык, жаштардын чыгармачылыгына көркөмдүк талапты жогорулаттуу маселеси коюлуп, поэзия боюнча да, проза боюнча да биринчи орунга татыктуу авторлор жок деп табылды. Аталган конкурстун максаты – жаш калемгерлерге чыгармачылык атаандаштык түзүү; учур адабиятынын жаңы дүбүрт, жаңы ысымдарын атпай-журтка таанытуу болгондуктан, жеңүүчүлүк орундан сырткары да калыстар курамы тарабынан жогорку баллга илинген айрым жаш авторлор кызыктыруучу байгеге илинип, алардын да […]

Дилазык: Сабак жөнүндө уламыш

Узак убакыттан кийин классташтардын жолугушуу кечесинде бир мырза агайы менен учурашып: – Саламатсызбы, агай? – деди – Мен сиздин эсиңиздеминби? Мугалим: – Жок, – деди. — Кандайча?! Мен өспүрүм кезде, сабакта чогуу окуган баланын саатын уурдап алгамын. Ал сааты жоголгонун билгенде, ыйлап баштады. Сиз, саат табылмайынча баарыбызды текшерип, тинтүүгө ала турганыңызды айттыңыз. Ошондо мен уятымдан да, коркконумдан да эмне кылышты билбей, уурум кармалып, бүт мектепке шылдың болорумду сезип турдум. Баарыбыз көздөрүбүздү жумуп, дубалды беттеп турганга буйрудуңуз. Сиз чөнтөктөрүбүздү текшерип баштадыңыз. […]

Абдыкерим Муратовдун жомогу: Бактектин көкүрөгү неден темгил-ала?

Кадимки биздин үйлөрдүн жанында адамдарга байырлап жашаган бактектер убагында канаттуулардын эң чоңу болуптур. Аны менен бир гана алп кара куш таймаша алчу экен. Алп кара куш менен бактек бири-бирине өчөшүп, бири-бири менен жер талашып, жем талашып жашаптыр. Экөө биригип ууга чыкса бир үйүр жылкыны көтөрүп кетип, бир короо койдун баарын кырып таштачу экен. Бир күнү экөө жараткандын жаалына калыптыр. Эмне кылып дебейсиңерби? Жараткан карап турса, экөө бир токойдогу жаныбарлардын баарын кырып жок кылып келе жатыптыр. Жебейт дале экен, тээп эле […]

Иван Курносов: Публий Сирдин насыяттарына кечки ойлор

Өлүм бардыгына бирдей. Эмне үчүн өлбөстүктү самап уйку бетин көрбөй тынсызданган, жалпы элге тиешелүү бул маселе боюнча ушундай тыянак чыкты? Мен: “Мен дагы өлөмүнбү?” – деп сураган тестиер баланын баёо жүзүн эстейм. Мен эмне дешим керек эле – анын назик көңүлүн аяп, калп айткам. Баланын суроосуна, баланыкындай жооп. Ал эми жашап калган адамга эмне дейт элем? Ал өз ишин бүттү, орунду бошотуш керек. Иши бүтө элек болсочу? Ким ага ошондой тапшырма бериптир? Бирөөгө жамандык кылсаң, күтө бер, ал кайрылып келет. […]

Азиз Несин: Токтой тур, не болорун көрөбүз

АҢГЕМЕ Босфор тарапта Кара-Деңизге жакын Анадолуда деңиз жээгинде жайгашкан кичинекей чайхана… Ал чайхананын кардарлары ошол айылдын жашоочулары болгондуктан бири-бирин жакшы таанышат. Көпчүлүгү пенсияга чыккандар. Пенсияга чыккандан кийин алардын сөздөрү жалаң эле жашоонун оордугу, кымбатчылык, арты тыйылбаган тынымсыз кабыл алынган мыйзамдар тууралуу. Бүгүн да алгач мурунку дарттарынан баштап өлкөнүн чечилбей жаткан маселелерин талкуулай башташты. Өкмөт инфляцияны отуз пайызга түшүрүү үчүн сөз берген болчу, бирок 80 пайызга көтөрүлдү. — 80 пайызгабы? Ах, эми эмне болот? Германия, Франция, Швейцарияга жумушчуларды жөнөтүп жатышыптыр, эми […]

Конфуций: Билимсиз ой жүгүртүү коркунучтуу

Сиз жайынча кабыл ала алган нерсе, мындан ары сизге бийлик жүргүзө албайт. ♦ ♦ ♦ Эч качан жыгылбаган адам зор эмес, жыгылып, кайра турган адам зор. ♦ ♦ ♦ Сөз туура айтылышы керек, аракет чечкиндүү болушу керек. ♦ ♦ ♦ Байкашымча, менин ишим жарамсыз окшойт. Мен өз жаңылыштыгын билип турса да, өз айыбын өз ыйманынын алдында мойнуна алган адамды эч көрө элекмин. ♦ ♦ ♦ Дүйнөдөгү эң сонун көрүнүш — сиз көрсөткөн турмуштук жол менен ишенимдүү кетип бараткан баланын көрүнүшү. […]