Жогорку Кеңештин депутаты, акын жана журналист Каныбек Иманалиевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен уюшулган “Учур адабиятынын жаңы дүбүртү” аталышындагы конкурс жыйынтыкталды. Калыстар курамынын чечимине ылайык, жаштардын чыгармачылыгына көркөмдүк талапты жогорулаттуу маселеси коюлуп, поэзия боюнча да, проза боюнча да биринчи орунга татыктуу авторлор жок деп табылды.

Аталган конкурстун максаты – жаш калемгерлерге чыгармачылык атаандаштык түзүү; учур адабиятынын жаңы дүбүрт, жаңы ысымдарын атпай-журтка таанытуу болгондуктан, жеңүүчүлүк орундан сырткары да калыстар курамы тарабынан жогорку баллга илинген айрым жаш авторлор кызыктыруучу байгеге илинип, алардын да конкурстук чыгармалары өзүнчө альманахка кошулар болду. Жаш авторлордун альманахты “Чыгыш адабияты жана искусствосу” басма компаниясынын колдоосу менен жарыкка чыгуу алдында турат.

“Учур адабиятынын жаңы дүбүртү” аттуу конкурстун калыстар курамынын мүчөлөрү: Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин Манастаануу жана дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти, адабий сынчы Аскар Медетов, Эл аралык “Ата-Түрк–Ала-Тоо” университетинин түркология бөлүмүнүн доценти, филология илимдеринин кандидаты, адабий сынчы Нурзат Казакова, КРУИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун «Манас», фольклор, акындар чыгармачылыгы» бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору Мээрим Көлбаеванын чечими менен 25 катышуучунун арасынан төмөндөгү жаштар байгелүү орундарга илинди:

Поэзия боюнча жеңүүчүлөр:

1-орунга эч кимиси татыктуу эмес.

2-орун – №16. Перизат Жумалиева: Аалам кең – кубанычы, кайгысы бар

Байгеси 15 000 (он беш миң) сом.

3-орун – № 22. Нургиза Абдиназар кызы: Жан элем акак таштай

Байгеси 10 000 (он миң) сом.

Кызыктыруучу байге – № 13, Чолпон Орозалиева: Менде жоксуң, кең ааламда бар туруп

Байгеси 5 000 (беш миң) сом.

Проза боюнча жеңүүчүлөр:

1-орунга эч кимиси татыктуу эмес.

2-орун – № 2. Бибинур Жыргалбаева: «Колуңду берчи» 

Байгеси 15 000 (он беш миң) сом.

3-орун – № 20. Зарина Кулбаракова: Сүрөт

Байгеси 10 000 (он миң) сом.

Кызыктыруучу байге – № 8. Айзирек Жигиталиева: Эсирген акыл, эрксиз жүрөк 

Байгеси 5 000 (беш миң) сом.

Жогорудагы байгелүү орундардан сырткары, калыстар курамы тарабынан сунушталган төмөндөгү авторлордун чыгармалары алманахка киргизилет:

Поэзия боюнча:

№ 25. Умар Нусубалиев: Меңиң, калың – жүрөктүн тагы болуп калды менде

№ 15. Махабат Касейинова: Элдин шары менен жашап үйрөндүм (конкурска №15)

Проза боюнча:

№ 6. Жазгүл Турганова: Ак чыны

№ 11.Айдана Эрмекбаева: Жоктоо

Аталган конкурстун байгелери 12-декабрь,  саат 12-00дө Кыргыз адабиятынын күнүнө карата борбор калаабыздагы Аалы Токомбаевдин үй музейинде  тапшырылат!

ЫРААЗЫЧЫЛЫК

Чыгармачыл жаштарды колдоо максатында “Учур адабиятынын жаңы дүбүртү” аттуу конкурсту демилгелегендиги үчүн Жогорку Кеңештин депутаты, акын жана журналист Каныбек Иманалиевге «РухЭш» сайтынын атынан терең ыраазычылык билдиребиз!

ЖАЛПЫ КАТЫШУУЧУЛАРДЫН ТИЗМЕСИ:

  1. Музаффар Розиев: Кайрадан тирилген Үркүн аскери (конкурска №1)
  2. Бибинур Жыргалбаева: «Колуңду берчи» (конкурска №2)
  3. Мухаммад Кожомбердиев: Өзүмдү жүргөн кез табалбай (конкурска №3)
  4. Залкарбек Назарматов: Кумурскалар согушу (конкурска №4)
  5. Бактыгүл Сексенбекова: Адашкан карек (конкурска №5)
  6. Жазгүл Турганова: Ак чыны (конкурска №6)
  7. Калыс Кенжебаев: Пианист (конкурска №7)
  8. Айзирек Жигиталиева: Эсирген акыл,  эрксиз жүрөк (конкурска №8)
  9. Бекназар Арыкбаев: Жетим козу (конкруска №9)
  10. Элдияр Элчибек: Келесоолор (конкурска № 10)
  11. Айдана Эрмекбаева: Жоктоо (конкурска №11)
  12. Жолболду Султанбек уулу: Өмүр жолум же поэздби, же гүлбү? (конкурска №12)
  13. Чолпон Орозалиева: Менде жоксуң, кең ааламда бар туруп (конкурска №13)
  1. Назгүл Болотбекова: Кундуз (конкурска №14)
  2. Махабат Касейинова: Элдин шары менен жашап үйрөндүм (конкурска №15)
  3. Перизат Жумалиева: Аалам кең – кубанычы, кайгысы бар (конкурска №16)
  4. Айдана Абдыкарим кызы: Эң башкысы эмнеде? (Конкурска №17)
  5. Садырбек Турдубек уулу: Кайдасыңар замандын Эшенаалы, Касымдары? (Конкурска №18)
  6. Адилет Зарылбек уулу: Кай күнү жолдош дедиң кан досторду? (Конкурска №19)
  7. Зарина Кулбаракова: Сүрөт (конкурска №20)
  8. Кутман Майрамбек уулу: Тагдыр башка салып койсо не кылам? (Конкурска №21)
  9. Нургиза Абдиназар кызы: Жан элем акак таштай (конкурска №22)
  10. Иманбек Азизилла уулу: Ак бата (конкурска №23)
  11. Бекболсун Молдояр уулу: Коңгуроо (конкурска № 24)
  12. Умар Нусубалиев: Меңиң, калың – жүрөктүн тагы болуп калды менде (конкурска №25)

4 Replies to “Жаш акын-жазуучулар конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды”

      1. «РухЭш» сайты жаңы адабий конкурсhttp://ruhesh.kg/2019/11/08/ruhesh-sajty-zha-y-adabij-konkurs-zharyyalajt/ жарыялайт

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.