Самуил Маршак: Шакекти ким табат?

Тепкич ылдый тегеренди, Токтобостон тоголонду, Оля кыздын шакеги. Кыз чыйылдап чебеленди: — Таптырбастан жоголобу, Кайда кетти ал деги? Ким издейт да ким табат, Кубандырат ким мени? — Мен, — деди мышык мыйолой. – Мештен ыргып түшөм да, Үй ичинен өтөм да, Тепкич ылдый секирем, Шакегиңди таап берем. Жыла албайм бирок ордуман, Чычкан аңдып отурам, Чыгабы деп коңулдан… Үзүлдү үмүт мышыктан, Ал ошондой кызык жан – Көзүн албайт кычыктан… Оля кайра чебеленди: — Шакек кайда тегеренди, Ким издейт да ким табат, […]

Лев Толстой: Римдин жаралышы

Уламыш Бир падышанын Нумитор жана Амулий деген эки баласы болгон экен. Падыша карып, ал-күчтөн тайып калганда балдарын чакырып: “Экөөңөр менин тактым менен байлыгымды кандай бөлүшөсүңөр? Кимиңер тактымды алып, кимиңер байлыгыма ээ болгуңар келет?” – дейт. Нумитор тактыны алып, Амулий байлыкка ээ болуп калат. Амулий байлыкты алганы менен агасы падышалык тактыда отурганына ичи күйүп, аскерлерге акча таратып, агасынын ордуна аны падыша кылгыла деп үгүттөй баштайт. Аскерлер ошондой кылып, Амулий падыша болуп калат. Нумитордун кызы болгон экен. Ошол кыздан эки эгиз бала […]

Сабыр Иптаруулу: Эл – рухий түшүнүк, Улут – саясий түшүнүк

Улут – бул башка элдин арасына туш болгон эл өкүлдөрүнүн аталышы. Ал «жаран» түшүнүгү менен үндөш. Бир элден турган өлкөлөрдө улуттук маселе болбойт. Себеби, аларда жарандардын баары элдик мүдөө, элдик салт, элдик дөөлөттөргө кызмат өтөйт. Буга бир мисал. Түркия жаңы жолго түшүп, анын жаңы гимнине конкурс жарыяланганда, жарандар: «Биз өлкөбүздүн гимнин акча үчүн жазбайбыз!» – деп, анын акчалай байгесин толук алдырып ташташкан. Мына – өрнөк! Эгер өлкөдөгү ар улуттарды бир элге айланта алса, андай бийликке алтындан эстелик коюш керек. Өлкөбүздө […]

Жолдош Турдубаев, адабиятчы: Анти-мүнүшкөр керекпи?

Марат Токоевдин көнүмүш ченемдерге сыйбаган ырлары адегенде окурманды чочуркатышы ыктымал. Айрыкча атайын камылгасы (поэзиянын салттуу эмес жанрлары жөнүндө билими жана тийиштүү нуктагы чыгармаларды кабылдагыдай табити) жок адамга такыр эле жакпашы мүмкүн. Автор өзү да атайылагандай чоркок саптар менен баштайт айрым ырларын: Ырларымдан издебе Гармонияны. Табыш кыйын, оор аны. Демейки ырлардай элпек же ичкериден чыйралган ыргагы жок, уйкашы куюлушпайт, муун өлчөмүн сөз кылбай эле коюш керек. Бирок шыр окулуп, бат унутулуучу саптардан кескин айырмаланып тургандыгына көӊүл буруп, сезимге эле эмес, акыл […]