Уламыш

Бир падышанын Нумитор жана Амулий деген эки баласы болгон экен. Падыша карып, ал-күчтөн тайып калганда балдарын чакырып: “Экөөңөр менин тактым менен байлыгымды кандай бөлүшөсүңөр? Кимиңер тактымды алып, кимиңер байлыгыма ээ болгуңар келет?” – дейт. Нумитор тактыны алып, Амулий байлыкка ээ болуп калат.

Амулий байлыкты алганы менен агасы падышалык тактыда отурганына ичи күйүп, аскерлерге акча таратып, агасынын ордуна аны падыша кылгыла деп үгүттөй баштайт. Аскерлер ошондой кылып, Амулий падыша болуп калат.

Нумитордун кызы болгон экен. Ошол кыздан эки эгиз бала төрөлөт. Экөө тең чымыр жана татынакай балдар болот.

Амулий балдар эр жетсе, эл жактырып калып падыша шайлап алабы деп чочулап, өзүнүн малайы Фаустинди чакырып мындай дейт: “Ушул эки баланы алпарып дарыяга таштап жибер”.

Дарыя Тибр деп аталчу экен.

Фаустин балдарды бешикке салып, дарыянын жээгина алпарат да, балдар ансыз да өлөт деп ойлоп, сууга ыргытпай жээкке калтырып коёт. Бирок Тибрдын суусу көтөрүлгөндө жээктеги бешикти агызып, бийик дарактын астына сүрүп таштайт. Түнкүсүн карышкыр келип, эки баланы эмизип турат.

Ошентип балдар өлбөй тирүү калып, күчтүү, келишимдүү жигит болуп чоңоюшат. Алар Амулий бийлеген шаардын жанындагы токойдун ичинде жашап, айбандарга аңчылык кылып жан багышат. Аларды ошол жердеги эл жакшы көрүп сыйлап жүрүшөт. Улуусун Ромул, кичүүсүн Рем деп аташчу экен.

Бир күнү Нумитор менен Амулийдин малчылары токойдун этегинде мал жайып жүрүп уруша кетишет: Амулийдин малчылары Нумитордун малчыларын сабап, малын айдап жөнөшөт. Эки эгиз аны көрүп артынан барып, малдарды кайтарып келет.

Нумитордун малчылары ыраазы болгондун ордуна балдарды теңине албай, эгиздерге ичтери күйүп, Ромул жок кезде Ремди кармап алып, Нумиторго алпкелишет: “Токойдо эки эгиз пайда болду, мал уурдап каракчылык кылышат. Мына биз бирөөнү кармап келдик”,- деп жамандайт. Нумитор Ремди падыша Амулийге алпаргыла дейт. Амулий болсо: “Алар агамдын малчыларын ыза кылып койгон экен, эмне кылып жазаласа да агам өзү билсин”, — деп Ремди кайра Нумиторго жиберет.

Ремди кайра алпкелишкенде, Нумитор: “Сен кайдан жүргөн эмесиң?” –деп сурайт. Рем: “Биз эгиз бир тууганбыз; ымыркай кезибизде бешигибиз менен кошо Тибр жээгиндеги бийик дарактын түбүнө ташташкан экен, бизди жапайы жырткычтар менен канаттуулар багып, ошол жерде чоңойдук. А ким экендигибизди билгиң келсе, бешигибиз дагы деле сакталуу. Анын жез тилкелеринде жазуулар бар”, — дейт.

Нумитор таң калып, ушулар менин неберелерим болуп жүрбөсүн, — деп шек санайт. Ремди жанына кармап, Фаустинге киши жиберет.

Ал мезгилде Ромул бир тууганын таппай издеп жүргөн экен, аны шаарга кармап кеткенин малчылар айтышат. Ромул бешикти алып шаарга жөнөйт.

Фаустин бешикти таанып, Амулий эки эгизди сууга чөктүрүп, көзүн тазала дегенин элге айтып берет. Эл жаалданып Амулийди өлтүрүп, Ромул менен Ремди падыша шайлап алышат. Бирок Ромул менен Рем бул шаарда калгысы келбей, падышалык тактыны чоң атасы Нумиторго калтырып, өздөрү Тибр жээгиндеги, ымыркай кезде карышкыр эмизген дарактын түбүнө келишет да, жаңы шаар түптөшөт. Ошол шаар  Рим шаары деп аталып калган экен.

Которгон Марсел ИСАКОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.