Улут – бул башка элдин арасына туш болгон эл өкүлдөрүнүн аталышы. Ал «жаран» түшүнүгү менен үндөш. Бир элден турган өлкөлөрдө улуттук маселе болбойт. Себеби, аларда жарандардын баары элдик мүдөө, элдик салт, элдик дөөлөттөргө кызмат өтөйт. Буга бир мисал. Түркия жаңы жолго түшүп, анын жаңы гимнине конкурс жарыяланганда, жарандар: «Биз өлкөбүздүн гимнин акча үчүн жазбайбыз!» – деп, анын акчалай байгесин толук алдырып ташташкан. Мына – өрнөк!

Эгер өлкөдөгү ар улуттарды бир элге айланта алса, андай бийликке алтындан эстелик коюш керек. Өлкөбүздө мурда «Кыргызстан эли» деген ураан чакырылса, азыр «Кыргызстан улуту» деген сүрөөн ташталып отурат. Мамлекеттик гимнде: «Алгалай бер, кыргыз эл» деп, бир элге чакырык айтылат.

Ар бир кесиптин ээси өзүнүн элге өтөгөн кызматына ылайык татыктуу баасын алууга тийиш болсо да, «Эл…» деген ардак наам (Эл артисти ж. б.) маданият менен билим берүү жагында иштегендерге гана ыйгарылат. Аларды да эл эмес, бийлик берет. Андыктан, көп учурда элдин пикири менен бийликтин пикири шайкеш келе бербейт. Эл философия жана салт менен, ал эми улут саясат жана мыйзам менен жашайт. Кээси улуттук, кээси мамлекеттик идеология жаратам деп канча Мамлекеттик катчы элди да, өздөрүн да кыйнашты. Шайлоолордо «эл колдоду» деген менен талапкерлерди эл эмес, «электорат» колдойт.

Көп өлкөлөр небак улуттук мамлекеттерин түзүшсө да, өздөрүнүн элдик салттарын, дөөлөттөрүн, королдук, императорлук ж. б. башкаруу структураларын көздүн карегиндей сактап, аздектеп келишет. Бул алардын улут болуудан өтүп, эл болгондугун даңазалаган, мамлекеттик кызыкчылыктан коомдук мүдөөлөрдү жана дөөлөттөрдү жогору койгондугун тастыктаган факт. Ал эми биз өлкөбүздүн атынан баштап (республика) анын башчысынын кызматына чейин, административдик-аймактык аталыштардан тартып уюштуруу-башкаруу түзүмдөрүнө чейин – бүт башка элдин түшүнүктөрү менен атап, аныктап алганбыз. Атүгүл, Нооруз сыяктуу эң байыркы элдик майрамдар да бизде мамлекеттик иш-чара катары өткөрүлөт.

Барган сайын «улут» деген сөзгө басым жасалып, айрым ашкере патриот атуулдар «Кыргыздар улут болуу деңгээлине көтөрүлө элек. Биз улут болушубуз керек!» деген маселени көтөрө башташты. Айрым дурус эле теле берүүлөрдүн («Улутман», «Доор аяны» ж. б.) катышуучулары элдик, түпкү мүдөөлөр, олуттуу дөөлөттөр тууралуу элдик нарк менен салабаттуу ой калчоонун ордуна, улуттук утурумдук саясий көйгөйлөрдү көбүртүп-жабыртып, эфирдин алтын убагын талаага сарпташат.

Коомдо улуттар биригип, баары эл дешсе, тоону томкорсо болот. Ал эми бири эл, бири улут, бири уруу, бири партия деп турса, анда тил табышуу кыйын. Мамлекет элден кийин төрөлгөн. Эл ага өзү ат берет. Андыктан, «Кийин чыккан мүйүз мурун чыккан кулактан озом» деши осолдук. Мамлекет эл менен теңата, өнөк болом деши да натуура. Ошондой эле мамлекет менен элдин ортосунда «арачы», «ортомчу» да болбош керек. Мамлекет – элдин кызматчысы. Ал элге тикелей кызмат өтөш керек. «Мамлекеттүүлүк таалайыбыз, мамлекетти чыңдайлы» деген чакырыктарда көбүнесе мамлекеттин эсебинен жан баккандардын кызыкчылыгы көбүрөөк байкалат.

Мамлекет жок кезде да эл болгон, ал жок болсо да, эл жашай берет. Эгер мамлекет элди жана эл жараткан дөөлөттөрдү теңсинбей баратса, андай мамлекеттин келечеги опурталдуу. Элдик мүдөөнү туу туткан мамлекет өркүндөйт. Эл ынтымагын, ар-намысын, ата мекенди, эне тилди сактоо мамлекеттин казынасын толтуруудан алдаганча маанилүү. Мамлекеттин көп артыкчылыктары болгон менен, анын «жүрөгү» назик болбойт. «Американын досу жок, анын кызыкчылыктары гана бар» деп, анын өлкө башчысы тегинден мойнуна алган эмес.

Арийне, биз буларды айтуу менен бирге эл менен улутту, коом менен мамлекетти бири-бирине карама-каршы койгубуз келбейт. Болгону жаңы шартка туш болгондо, мейли адам, мейли улут, мейли эл баса отуруп өз мүдөөсүн, өз дөөлөтүн так аныктап алганы ийги. Кайсыл жерде элдик дөөлөттөргө төр берилип, элдик салт сакталып турса, ошол жерде нарк да, адеп да сакталып, ички күчтөр кыймылга келип, коомдун ичтен жаңылануусу башталат.

Ал эми мамлекеттик, улуттук деген көрүнүштөр күчөгөн жерде бири-бирин тескөөчү, көзөмөлдөөчү, текшерүүчү органдар көбөйүп, алардын негизги максаты тартипти күчөтүп, мамлекеттин тышкы «имиджи» үчүн гана далбас уруу болуп калат.

Биздин эртең ким болмогубуз биздин кечээ ким болгонубузду аңдообузга байланыштуу. Муну илимде «насилине тартуу» («самоидентификация») дешет. Кыргызда анын «атасын тартуудан» башка да «тайын (энеси жагын) тартуу» деген көрүнүшү бар. Бу да элдик глобалдуу гуманисттик табылга. Ар бир адам акыры насилине тартпай койбойт. Бирок ал реалдуу учурда жашап жаткан соң, кеп анын кечээ же эртең кандай болгонунда эмес, анын бүгүн кандай экенине көп нерсе байланыштуу.

Адам насили элдик, улуттук жана жеке инсандык дөөлөттөрдүн синтезинен жаралат. Бул үчөөнүн биримдиги гармонияны жаратат. Ар бир адам улуттун, улут элдин талаптарына татыктуу болууга умтулушу зарыл. Бул эреже өзүнүн татаал система экендиги менен аныкталат. Система канчалык татаал болсо, ал ошончолук кубаттуу, натыйжалуу иштейт («Курама темир курч болот»). Бул табигый формула коомдук чөйрөдө да өзүнүн маанисин жоготпой, реалдуу күчкө ээ. Муну философия илими жалпылыктын, бөтөнчөлүктүн жана жекеликтин биримдиги деген методологиялык бүтүм менен аныктайт. Бул ойду маданий өңүттө элестүү айтсак, Кыргызстандын түндүгү – кыргыз эли, анын ууктары – улуттар, керегеси – адамдар (үй-бүлөлөр) болушу керек. Эл жана улут өкүлдөрүнүн жүрөгүндө макаланын башында айтылгандай асыл сезимдер уялап турууга тийиш…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.