Тепкич ылдый тегеренди,
Токтобостон тоголонду,
Оля кыздын шакеги.
Кыз чыйылдап чебеленди:
— Таптырбастан жоголобу,
Кайда кетти ал деги?
Ким издейт да ким табат,
Кубандырат ким мени?
— Мен, — деди мышык мыйолой. –
Мештен ыргып түшөм да,
Үй ичинен өтөм да,
Тепкич ылдый секирем,
Шакегиңди таап берем.
Жыла албайм бирок ордуман,
Чычкан аңдып отурам,
Чыгабы деп коңулдан…
Үзүлдү үмүт мышыктан,
Ал ошондой кызык жан –
Көзүн албайт кычыктан…
Оля кайра чебеленди:
— Шакек кайда тегеренди,
Ким издейт да ким табат,
Жакшылыкты ким кылат?
Каркылдады кайран каз:
— Кайгырбагын эселек,
Шакек алыс кетелек,
Азыр табам аныңды,
Кыйнабагын жаныңды,
Отуруп тур бөлмөңдө,
Мен да сүзүп көлмөмдө,
Чумкуп-чумкуп алайын,
Сууну катуу баалаймын,
Сергилеңдеп алган соң,
Шашпай шакек тапкан оң…
Оля кайра чебеленди:
— Шакек кайда тегеренди,
Ким издейт да ким табат,
Алкышымды ким алат?
Кукулдады анда тоок:
— Кылгым келет мен да сооп,
Шакегиңди таап берем,
Кетсинчи күн түштөн ооп,
Ага чейин дан терем,
Жөжөлөргө кам көрөм.
Кокуй алар каякта?
Тараптыр туш-тарапка…
Оля кайра чебеленди:
— Шакек кайда тегеренди,
Ким издейт да ким табат,
Алкышымды ким алат?
— Мен табамын, — деди үндүк. –
Көзүм көрбөйт а бирок,
Үндүктөр үчүн көз айнек
Ойлоп табыла элек.
Кайда түштү шакек,
Көрсөтүшүң керек.
Ошондо гана табам,
Манжаңа да салам…
Оля кайра чебеленди:
— Шакек кайда тегеренди,
Ким издейт да ким табат,
Алкышымды ким алат?
— Мен, — деди ала сагызган. –
Жакшы көрөм алыстан
Жылтыраган буюмду.
Тыйбайм дайым уурумду,
Баарын ташыйм уяма,
Менден шакек аяба.
Эмесе издеп табайын,
Энчи кылып алайын…
Коркуп кетти Оля кыз:
— Жашайынчы балаасыз,
Өзүм эле издейин,
Эртелейин, тездейин,
Издегендер таба алат,
Аракетсиз кур калат…
Тегеренди Оля кыз,
Чебеленди Олябыз.
Кылды мыкты аракет,
Анан болду берекет:
Капыстан шакек жарк этти,
— Таптым! — Оля шаңк этти.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.