Марат Токоевдин көнүмүш ченемдерге сыйбаган ырлары адегенде окурманды чочуркатышы ыктымал. Айрыкча атайын камылгасы (поэзиянын салттуу эмес жанрлары жөнүндө билими жана тийиштүү нуктагы чыгармаларды кабылдагыдай табити) жок адамга такыр эле жакпашы мүмкүн.

Автор өзү да атайылагандай чоркок саптар менен баштайт айрым ырларын:

Ырларымдан издебе Гармонияны.
Табыш кыйын, оор аны.

Демейки ырлардай элпек же ичкериден чыйралган ыргагы жок, уйкашы куюлушпайт, муун өлчөмүн сөз кылбай эле коюш керек. Бирок шыр окулуп, бат унутулуучу саптардан кескин айырмаланып тургандыгына көӊүл буруп, сезимге эле эмес, акыл күүсүнө да таасир эткидей касиетин сезип-туйгандар сабыр күтүп, шашпай окуп чыгары бышык.

…Анткени жан-дүйнөмдүн тоомунда
Бийлик кылат душманы “Дис-”[1]
Ооруган тиш
Бийлик кылгандай ойлоруңа:
“Зырп” этсе, шамал кулу жалбырактай
Чачылат ойлоруң ар-тарапка…

Бири-бирине коошпочудай сөздөрдүн күтүүсүз айкашуусу. Кооз ырлар үчүн көнүмүш болгон шайкештикке караманча каршы келген нукта, адаттагы ырлардын көӊүлдү көкөлөткүдөй шаӊдуу же мемирете тынч алдырчудай жумшак ыргагын чукул бузган, өтө кескин өткөөлдөр менен куралган саптар. Мындай ырлар окурмандан кыжаалат сезимдердин туюгунан суурулуп чыгып, чындыкты башка деӊгээлде таанып-билүүгө умтулуу үчүн автор менен бирге чымыркана ойлонууну талап кылат.

Марат Токоевдин төмөнкү ыры өзгөчө дем, ички чыӊалуу менен жазылыптыр:

Жер өлүктөй кепинделген ак карга.
Күн араң жан боз асманда үлбүрөйт.
Дарак суроо белгисиндей, а карга
Бутагында үтүр болуп үргүлөйт.

Бирок дүйнө издегенин акыры
Кубанычсыз бул суздуктан тапкансып
Мемиреп тынч. Айлананын ак ыры
Уйку менен дүйнө бетин жапкансыйт
.

Албетте, бул Чындыктын жекече кабылданышы, адамдын жабыгып турган жан дүйнөсүндөгү ааламдын да чөгүп, кунары кеткендей чагылдырылышы. Күндүн нуру булуттан билинер-билинбес көрүнүп, асман-жердин ортосун бозомук туман каптаган кышкы пейзаж акындын Болмушту башкача кабылдаган маанайына шайкеш көрүнөт.

Классикалык же салттуу кышкы пейзаждан бул ыр кескин айырмаланып турат:

Мунарыктап борошо уруп,
Кар тозоӊун уйпалайт.
Жырткычтарча кээде улуп,
Жаш баладай кээде ыйлайт
[2].

(А. Пушкин)

Марат Токоевге кайрылып келели. Ак карды кепинге, аны жамынып жаткан Жерди өлүккө салыштырганы окурманды ичиркентип жибериши мүмкүн. Бирок кийинки саптардагы суроо белги – дарак менен үтүр – карга ойду күтүүсүз нукка бурат. Бул саптарда өтө жыш, болгондо да бир нече деӊгээлдеги белгилер (тыныш белгилер – суроо жана үтүр), бейнелер (карга, ак кар), ишаараттар (дүйнөнүн издегени эмне? кубанычсыз суздуктун эмнеси жакшы?) лирикалык кейипкердин карама-каршылыктуу (өӊ менен түштүн, түс менен өӊдүн, мемиреген бейпилдик менен баары жоктон көӊүлү калгандай жабыккандыктын ортосундагы) жан маанайы туюнтулган. Бирок бул жөн гана парадокс же оксюморон (карама-каршылыктуу туюнтма) эмес, ичкериден чыӊалуусу чегине жете курчуган философиялык татаал суроого ишаарат дагы… Ушундай оор, кыяматчыл (апокалипсистик) маанайды, ойду күтүүсүз бурулуш нукта поэзиянын тили менен беришке жасаган далалаты ушул экен.

Автордун кыргыз поэзиясындагы көнүмүш, салттуу нуктан башка, өзүнүн гана жолун издегени жакшы. Бирок бул опурталдуу, тобокелдүү жол. Жарк эткен сонун жаӊылык менен катар катуу жаӊылыштык да болушу ыктымалдыгын эстен чыгарбашы керек ал. Бул кыйытуу ыргакты ж.б. көзгө илбейм деп, өтө эле келегей сөз айкаштарын курап алган учурларына тиешелүү.

Марат Токоевдин ырларын ой азабынан жаралган десе болчудай. Поэзия канчалык даражада интеллектуалдуу болушу мүмкүн? Автордун талантына, рухий дареметине жана… окурмандын кабылдоо жөндөмүнө жараша. Мындай чыгармаларды окуу үчүн рухий жигер, турмуш чындыгына тике караган кайрат талап кылынат. Буларды окуганда, чогуу чыгарма жаратууга батынуу зарыл (орусча “сотворчество” деп айтылган бул түшүнүк биздикилерге анча тааныш эмес).

Бул макалада мен автордун эки гана ырын өзүмдүн көз карашымдан талдадым. Башкалар такыр башкача окушу, кабылдашы, түшүнүшү, мен байкабаган өзгөчөлүктөрдү таап чыгышы мүмкүн.

Макаланын башында келтирилген саптарды Марат Токоев чейрек кылым мурда жазган экен. Бүгүнкү түрмөктөрүнүн бирин дал ушул ыры менен баштаганына караганда, бул анын изденүү жолундагы программалык мааниге ээ чыгармасы окшойт:

…Бирок да таарынбайм да, өкүнбөйм
Тагдырыма чыгарылган бул өкүмгө.
Анткени жапайы да, азоо да
Ыйлатып, термелткен теректи
Куюн да керектир,
Жел гана эмес үйрөтүлгөн жашоодо:
Кээде керек сезимдерди көнүмүшкө
Багындыртпас акын — АНТИ мүнүшкөр.

Албетте, салттуу ырдын көнүмүш нугунан, ыӊгайлуу да, уккулуктуу да ыргагынан чыгып, окурманды селт эттиргидей өзгөчө таасирдүү чыгарма жаратуу мүдөөсү колдоого арзыйт. Поэзияга алдейлегендей жумшак, элпек кайрыктардан башка да дооштор керек. Автор өзүнүн тандап алган ушул чыйырын да танууга жетишип, анан кайра башка деӊгээлде таап, чыгармачылыктын азап-тозогуна кайыл болуп, изденүүсүн токтотпой уланта берет деп ойлойм.

[1] (Гректин dys, латындын dis деген сөздөрүнөн) кыйналууну, бузулууну, бөлүнүүнү, жоготууну билдирген сөз алдына келүүчү сөз бөлүгү (мисалы, диссоциация, дисгармония, диспропорция, дизурия). (М. Токоевдин чечмелөөсү). “Дис“ – тангыч маанидеги бөлүкчө. Мисалы, “гармония” — шайкештик, “дисгармония” – такыр коошпостук; “пропорция” – теӊ жактуу, теӊдеш катыштуу, “диспропорция” – оош-кыйыш, теӊдешсиздик; ассоциация” – биригүү, “диссоциация” – ажыроо, бытыранды болуу (психологиядагы мааниси башкачараак – киши өзүнүн эмоциялык, психологиялык абалын өзү эмес, башкалар баштан кечирип жаткандай сезген жагдай).

[2] Пушкиндин орус тилиндеги текстинин музыкалуулугу, тыбыштардын элестүүлүгү жөнүндө атактуу музыкант, маданият таануучу Михаил Казиниктин айткандарын биздин авторлор да окуп көрсө жакшы болмок: https://radiomayak.ru/shows/episode/id/1430281/.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.