Жаныбек хандын жигиттери бир күнү сейилдеп жүрүп, Жапалактын аялын кокусунан көрүп, анын сулуу келбетине, жарашыктуу мүчөлөрүнө аябай суктанышат. Улам карап, көздөрү талыйт. Өздөрүнчө: «Ушул Жапалак байга теги ылайыгы жок. Бу ханга гана ылайык. Муну ханга алып берип, өзүбүз жеңе кылабыз» – дешип, хан сарайына кандай келгендерин билбей калышат.

Ким айтат деп, өз ара сүйлөшүшөт. Бир өткүр вазир Жаныбек ханга барып, аялдын келбетин укмуштай сүрөттөп айтат.

Хан:

– Мынча мактап калдыңар, ал канышаны көрөйүн, – дейт.

Аңгыча кирип отурган вазирлер тамшанып, мактагандай болсо, ооздорунан көк түтүн чыгат.

Хан төрт-беш жигити менен Жапалактыкына келет. Жапалактын аялы атын алып, эшик ачып, жакшылап төшөк салып, бар тамагын жайнатат. Жаныбек ханга аялдын сулуулугу, меймандостугу аябай жагып калат. Ичинен кымыңдап, вазирлерине ыракмат айтып, отура берет.

Жапалак бир кезде даарат ушатканы тышка чыгып кетет. Жаныбек хан аялга мындай деп сөз баштайт:

– Карга иле албаган Жапалакка казды байласа, мунун мааниси не болот? – деп суроо жылдырат, аялга жакындап.

Анда аял:

– Ханым, кечирип коюңуз, байдын казы эмес, ак куусунун баласынан артык талабы бар Жапалактын, – деп жаркырап жооп кайтарат.

Ичи аябай ысыганына чыдабаган хан сулуулугуна суктанып, бетинен эки жолу өөп жиберет. Бат эле Жапалак үйгө кирип келет. Хан баарына ыраазы болуп, үйүн көздөй жөнөп кетет. Жолду ката өз катасын ойлойт.

Арадан бир топ убакыт зымырайт. Бир ай өткөндөн кийин Жапалактын койчусу бир үкүнүн балапанын алып келип, тартуулап Жапалактын аялына берет. Аялы канаттуулардын сырын билгенден оозго кирген аял, балапанды аябай таптап, тышын сонун кооздойт. Бутуна түрдүү жибектен боо чалат. Саймалап томого тартат. Ал балапанды өзүнө үйүр кылып, эки маал бөпөлөгөнгө үйрөтөт. Балапанды тапка келтиргенден кийин, аялы Жапалакка:

– Кооздолуп, бөтөнчө тапка келген үкүнү колуңа кондуруп алгын да, Жаныбек хандын алдына барып келчи, – деп өтүнөт.

– Ханга барбаймын, алгыр куш болбосо, кантип барамын, – деп аябай кежелет, ачууланат. Антип-минтип Жапалак аялынын ыгына көнөт.

Жапалак намаздигер ченде үкүнү татынакай кылып колуна кондуруп, хандыкына түшөт. Аялы үйрөткөн сөздөрдү, кыймыл-аракеттердин бардыгын жасай баштайт. Хандын суроосуна үкү деген ушул болот деп жооп кайтарат.

– Мунуң деги бирдеме алабы? – дейт хан.

– Көзүнө көрүнгөндүн баарын алат, – дейт.

Анда хандын аялы шылдың кылып:

– Койчу, ушул алгандан айланабы, — деген сөз оозунан чыгары менен Жапалак үкүнүн томогосун алып, боосун коё берет.

Хандын аялынын көкүрөгүндөгү кызыл шуру, берметтерди көрүп, басып жыгылса болобу. Аялы кокуйлап, отурган жеринен кулап түшөт. Жапалак үкүнү ажыраткан болуп, аялдын эмчегин кармап, эки бетинен өбөт. Кайра үкүнү кондуруп, томогосун кийгизип коёт.

Хан таң калып:

– Жапалак, муну ким таптады? – деп сурайт.

Аялынын таптаганын айтып берет. Жаныбек хан ичинен: «Аялдан жеңилдим, мен туура эмес иш кылыпмын», – деп бармагын тиштейт.

Хан уялганынан Жапалакка тон кийгизип, келишкен ат мингизет да:

– Мына муну мүнүшкөр аялыңа бер, – деп түлкү ичик берип, жакшылап узатат.

Жапалактын айлакер аялы делип, оозго кирип, ошондон кийин даңаза болуп кетет.

P.S. Буудайбек Сабыр уулу тарабынан түзүлгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.