«Айтматовдон алган сабагым» конкурсуна

Ооба, «Чыпалак бала» жомогунан  «Кыямат» романына чейин көтөрүп, дүйнө кыдырып, ал тургай көк мелжиген асманга саманчынын жолун  салып, кыргыздын түйшүгүн, кыйынчылыгын, кайгысын, кубанычын тең бөлүштү. Чыңгыз алп көтөрүп жүргөн жүгүн калтырып, «Кудайым жеңилинен берсин» деп, саманчынын жолу менен бейишке чыккандыр.

Айтматовдун ар бир чыгармасын окуп же фильмин көргөн сайын өзү үстүндө карап жүргөндөй туюлат. Дүйнөнү дүңгүрөткөн адам жүрөктү дүңгүрөтпөй койбойт экен. Чыңгыздын «Ак кеме» аттуу чыгармасынан алган сабагым:

«Эээ, Ак кеме!» деп колуна портфелин кармап, али жаш болсо да билимге ынтызар, китепти сүйгөн баланын жашоосуна абдан суктанаар элем. Жай олтуруп маектешүүгө ата-энеси жок, турмуштун ак-карасына бышып бүткөн бул кичине балага бирде боорум ооруса, бирде токтоо ой жүгүрткөн, укмуштуудай жумшак жан дүйнөсүнө суктанып кетем. Ал бала эч кимден деле жарытылуу мээрим алчу эмес эле, анын өмүрү ушунчалык татаал болуп, атасына жеткиси келгендиктен, сууда балык болуп сүзүп кетүүнү самаган. Ойноп, көңүл ачууга жакын жоро-жолдошу жок болсо да, жансыз нерселер менен сүйлөшүп өзүн алаксытуудан баш тартпайт. Мен ал баладан өзгөчө дилгирликти, кайраттуулук, сабырдуулукту алдым. «Ак кемедеги» баланын өлүмү аркылуу ак иштин арыбас экендигин толук түшүндүм десем жаңылышпайм. Бала өлсө да, анын адамдык зоболосу бийик бойдон калды.

Албетте, Айтматовдун дагы да көптөгөн чыгармалары  жашоомду өзгөртүп, жаңы нукка салды. Айтматовдун өзүнүн өзгөчө бир сапаттары да бар эле. Өзүнөн ашып-ташып турган бул сапаттары өз элине төгүлүп турган инсан деп билем мен. Ошол ташкындын бир тамчысы мага тийсе, Дүйшөндүн билимин алып, Алтынайдай атактуу болуп, арабага олтуруп, жер энени кыдырып, Момун чалдын жомогун угуп, каркыра-турналарды күтүп, Абайдын түйшүгүн тең бөлүшүп, кызыл алманы алаканыма салып, Таттыбүбүнүн сулуулугунун нуруна жүзүмдү тосуп, саманчынын жолун карап,Чыңгыз атамдай ааламдын алпы болсом… а бирок, мен азыр чыпалак гана баламын.

Турмуштун жолу көптөгөн,
Өйдө-ылдыйын көп көрөм.
Чыңгыздай болсом кана деп,
Аттиң, көптү көксөгөм.
Окудум көп китебин,
Окуган сайын өзгөрөм.
Кээсин талбай окусам,
Кээсине тишим өтпөгөн.

Элге тийип, жерге тийип жарагы,
Эмгек менен көп нерсеге жарады.
Үстүртөдөн айта кетсем чынында,
Үлгү болду ар бир баскан кадамы.

Өткүр эмес Чыргызымдан бөлөгү,
Өз турмушун адабиятка бөлөдү.
Кыйгач кетсе калктын болуп жөлөгү,
Кыргызымды көп жеринен жөлөдү.

Улуу сөзү жүрөктөргө күч берет,
Ал сөз менен бүт жан дүйнөм күчтөнөт.
Улуу акындын улуу сөзүн укканда,
Уюткулуу улуу муун да түптөлөт.

Өткүн сымал жер дүйнөгө өң берет,
Өзү чындап өткүр адам өңдөнөт.
Өткүр жандын өкүм сөзүн укканда,
Өмүрүм да улам жылат өйдөлөп.
Өмүрүм да бараткансыйт өйдөлөп.

Жаңы окуу жылга карата өспүрүмдөр арасында конкурс жарыялайбыз!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.