2006-жылдын февралынын ызгаар түнүндө улуттук адабияттын шаңкайган асманындагы бир жарык жылдыз өчкөнүн сөз өнөрүн кастарлаган ар бир кыргыз баласы эт жүрөгү менен сезди. 69 анчейин карылыктын да жашы эмес эле. Андан да, жаркылдап сүйлөп, шартылдап баскан бул адам өмүрдүн дагы да бир нече белестерин ойноп ашчудай сезилчү. Эртеси эле «Слово-прощание, не произнесённое на могиле» деген макалама «Кыргыз, мало похожий на кыргыза или румянец на лице Родины» деген кошумча ат коюп, «Вечерний Бишкек» газетасына жарыяладым.

Салижан ага чынында ак калпагын кыйшайта кийген көпчүлүгүбүзгө анча окшой бербеген өзгөчөлүү сөзү бар, өзгөчөлүү ой жүгүртүүсү бар, өзгөчөлүү кыял-жоругу бар адам эле. «Тегин адам таз болбойт» дечү беле, элибиз. Сүйлөсө да, жазса да бар ыймандай сырын айтат. Бир жыйнагынын аты да «Ыймандай сырым менин» деп бекеринен аталбаган чыгар.

Ал башкаларыбыз батынбаган сөздү «балп» эттире айтып салып, карап калат. Айтылуу Шамилдин кылычында «Храбрец не тот, кто думает о последствиях» деген жазуу бар экен дешет. Салижан ага да «муну айтсам, кудай уруп, аягы эмне болот?» — деп артына кылчактачу эмес.

Ал маал-маалы менен ортого от таштаган жоруктарын баштап койчу. Бир жылдарда «Ыр жаза албаган – сын жазат» деп, бир дүрбүттүбү?! «Кыргыз интеллигенттеринин көзү кежигесинде» деп тийиштик кылды эле, газета беттеринде чындап эле чуу чыкты. «Жеткени кесек менен, жетпегени тезек менен» уруп, төө бастыга алып эле жатып калышты…

Ал сергек адабият теоретиги, ошол эле учурда экөөн тең жиги жок айкалыштыра билген практик. Бирок, өзү бирөөлөрдү салыштыргандай, «жижиң калем» эмес, аз жазса да – саз жазды. «Кечиримсиз көп жазгандан, кечиримсиз аз жазган жакшы» деген кепте чындык жатпайбы. «Мендей жаса, менден артык жаса!» деген мастерликтин эзелтен келаткан урааны дал ушул кишинин чыгармачылык тажрыйбасына туура келет.

Өзү жактырбаган чыгарманы «жаман экен» дебей, «окуй албай койдум» деп күлүп койчу. Бул полемика маданиятынын купуя үлгүсү эмеспи. Калемгер жаштарга: «Ачуу сындан коркпой, таттуу мактоодон корккула» деп кайрылчу.

Орус адабиятынын казынасында «Поэзиянын мугалими», «Стиховед», «Поэт для поэтов» деген түшүнүктөр жашайт. Салижан Жигитов кыргыздын учу-кыйрына бипбирдей таанымал, же «Уйчу, койчу, кетменчинин менмин кымбат акыны» — деп Алыкул өзүн айткан даражадагыдай акын эмес эле. Эстетикалык кумар-табити, түшүнүгү алиге фольклордун айланпасынан чыга албай жүргөн угуучу-көрүүчүлөргө, окурмандарга ал кыргыздын көп акындарынын бириндей сезилиши ыктымал. Бул болсо – «таланттуу акындын таланттуу окурманы болот» деген ой-пикирди дагы бир ирет ырастайт.

Ыр дегенде уйкашкан тексттерди эле түшүнгөндөр аз эмес. Албетте, ыргак, өлчөм, уйкаш ырга керектүү атрибуттар. Бирок, ырда ой жана сезим сөзгө айкалышып, окурмандын жүрөгүнө обон, интонация, ритмика жана уйкаш аркылуу гана жетет. С. Жигитов акындын «Өмүр өттү», «Сага», «Бөбөк», «Элегия», «Табият таасирлери», «Уйкусуз түндөр», «Муңдуу баян» деген ыр-поэмалары шаңгырап турган лириканын теңдешсиз үлгүлөрү. Салижан ага биринчи эле ырларынан «ыр жазуу» чегинен «ыр жаратуу» бийиктигине көтөрүлгөн сүрөткер. «Жазуу» менен «жаратуунун» айырмасы асман-жердей. Айтылуу Алыкул да «Каламга» деген ырында «Колуктумдан мурда сүйүп өзүңдү, өз жанымдын жармысынан жараттым» деп бекеринен айтпаса керек.

Пессимизм, көңүл чөгөттүк деген ярлыктардын заманына туш келсе, С. Жигитовдун бир катар ырларына күнөө коюшмак экен. «Муңдуу баян» буга жакшы мисал.

Каңырык түтөтчүдөй төмөнкү саптардын соңунан астейдил келаткан ыр толкунунун шүүдүрүмдөй сергилең шапатасын шашылбай күтүү абзел.

Кур үмүткө алданып улам-улам
Бакыт жолун басканбы кыйшыгыраак.
Биздин жигит сүйүүнүн мунарынан
Кара жерге күп этип түштү кулап.

Жерде жатып караса айланасын
Калган экен дүйнөнүн көркү качып.
Турду дагы көтөрдү өйдө башын
Ыйлаган жок. Өлгөн жок. Кетти басып.

Муңдуу тарых кетти өтүп Күн астында
Муңдуу баян! Мен айттым болгон чынын.
Баарынан да муңдуусу турат мында
Багы тайкы ал жигит мен болчумун.

Анда-санда оюма түшсө дагы
Калдым кокус кайрылып арманыма.
Туңгуч сүйүү! Ал кандай бүтсө дагы
Жашчылыктын жаркын бир майрамы да.

Ар кайсы акындын ырларын туурап, күлкүгө айланткан парафраза формасын Салижан ага таңгаларлыктай ишке ашырганына окурман журту өзү күбө. Ар бир калемгердин жазуу стилин, сүйлөө манерасын көбүртүп, жабыртып тамашалаганын эч кайдигер окуй албайсың. С. Жигитов куудул сөздүн ченебегендей чебери. Бул жолу анысы «Дарбыздан дарбыган сөз» циклинен эң сонун байкалды.

Чагылгандын отундай «жарк» эткен уйкаштар көп учурда айтылчу поэтикалык ойдун ажарын ачып жиберет. Ыр храмынын түркүгүндөй сезилет. Алар болбосо көрк бузулуп, таканчыгынан айрылган имарат кулап түшөт. Гениалдуу Пушкин «Рифма – звучная подруга» дегенин эстеңиз. С.Жигитов кыргыз ырынын образдык лексикасын күтүлбөгөн, бирок «ич жылытар эски тааныш обондой» кайрыктары менен байытты. Түндүк адамына бейтаанышыраак сезилген түштүктүк лексикалык көпүрө-сөздөрүн кыябы менен пайдаланды.

Акындын катыны бар түсү куник,
Ай-күнгө теңеп аны, төшүн уруп…

же, Ары жок бир шайтан го чиркин үмүт.
Адам билбейт өлгөнчө осол жерин:
Өзү жаман болсо да жаңкы жигит
Жакшы көрчү кыздардын гөзөлдөрүн.

же, Ийисе да азыраак, кыз көңүлү
Дале көпкөк гүнчадай гүл ачпаган:
Карашында жок анча өзгөрүлүү
Мамилеси жигитке илең-салаң.

же, Баягыда баш кошкондо экөөбүз
Бассак турсак балатыдай кош-эгиз.
Бир жагынан пейлибиз да бап келип,
Болбойт беле турмушта бир гөзөл иш.

С.Жигитов болсо – европалык стандартты жан дүйнөсү менен кабылдап, салттуу ыр түзүлүшүнөн новаторлукту жараткан акын-модернист жана акын-илимпоз. Ошол эле учурда анын ырлары мөл булактын мөлтүр суусундай. Кеберсиген эриниңди тийгизип, ыракат аласың. С.Жигитовдун сөз мозаикасынын фрагменттери кынтыксыз кыналышып турат. Анын бул искусствосун интеллектуалдык баамы кылдат окурман гана аңдай алат. Андагы арман-өкүт өзү салыштыргандай «жеңден кирген аарыдай» дембе-дем тызылдата берет.

С.Жигитовдун сөз өнөрүнүн дүйнөсүнө арналган изилдөөлөрү адабият ышкыбоздорунун бир нече муунун тарбиялады. Оригинал ырлары, Н. Хикметтин, М. Каримдин котормолору жаш акындарга алиппе гана эмес, алгебра сыңары кызмат кылды. Анын ыр стихиясы, акындык өнөр, чеберчилик тууралуу жазылган макалалары, Алыкул Осмоновго арналган «Акындын эки өмүрү» деген илимий монографиясы адабият мугалимдери жана филолог-студенттер үчүн табылгыс окуу китеби. Акындын макалаларынан жалпы маданияттуулуктан, этикадан, эрудициядан тышкары авторунун жан дүйнөсүндөгү изги маданиятты да туябыз.

Акын жалаң эле монологдун адамы эмес, байтааныш окурманы менен маңдайлашкан маек-диалогдун адамы. Диалог-сырдашуу, түшүнүшүү, бири биринин көзүндөгү чолок жакшы сүртүү дегендик. Армандаш болуу – тилектештик…

Салижан Жигитов котормосу менен авторлош болгон башкырдын чыгаан сүрөткери Мустай Каримдин:

Акындын кабинетинде
Кызык иш болду карагын:
Кетиптир таштап бир кемпир
Таянып келген таягын, — деген төрт сабын ар бир акындын ырына эпиграф кылгым келет.

Бул сөз өнөрүнүн улуу вазипасы эмеспи!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.