Шералы Назаркулов майданда көз жумду эле…

…Алгачкысы болгону  үчүнбү, айтор, 2005-жылкы март элдик төңкөрүшүнөн кийинки биринчи күндөрү өлкөдө адилеттик салтанат кургандай романтикалуу маанай жаралган. Ошол дем менен  коомчулукта “Кыргыз Республикасынын Баатырлыгы” тууралуу да ар кандай пикирлер, сунуштар айтылып жатты.  Анын күүсүндө биз Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинде (редакторлук кылып аткам) баатырдык наамга 2002-жылы саясий ачкачылыктан көз жумган экономист-публицист Шералы Назаркуловду сунуштап, ошого байланыштуу пикирлерди, анан да, маркумдун “Конституция калиф-на час” сыяктуу орус тилиндеги саясий макалаларын кыргызчага которуп, сандан санга жарыяладык. (Журналист Абдираим Мамытов которгон.)

Үзөңгү-Куушту КЭРге өткөргөн келишимге каршы чыккан ЖК депутаты Азимбек Бекназаровдун өчөгүштүктө мыйзамсыз камалышы, аны эркиндикке чыгаруу талабы менен саясий ачкачылык жарыялаган Шералы Назаркуловдун өлүмү, андан соң Аксыда алты азаматтын атылышы сыяктуу кайгылуу окуялар 2005-жылга келгенде Акаевдин жек-жаатчыл бийлигинин куулушуна негизги түрткү болбоду беле… Шералы Назаркулов кокусунан кампанияга аралашып калган, же болбосо, акылын, билимин керт башы үчүн эле пайдаланып жүргөн жөн салды бирөө эмес, мамлекет, улут тагдырына чын дилден түйшөлгөн, Кыргызстандын саясий башкаруу системасын реформалоо, экономикасын өстүрүү тууралуу маанилүү макалаларды жазып, оригиналдуу ой-сунуштарын айтып келген, коомдук-саясий кыймылдарга активдүү катышып, ар качан калыстыкты бек кармаган, чынчыл, патриот, абийирдүү, интеллектуал инсан эле.

Ал бир мамлекеттик кызматка жетсем, же мамлекеттен кандайдыр сыйлык, наам алсам деп ак эткенден так эткен, мамлекеттин (демек, элдин) эсебинен жашасам деп жанталпаска түшкөн, элге-журтка анча-мынча кызматы өтсө, ошону колкоо кылган  кыргыздын көп “кыйындарынын” бири эмес эле… Ал инсандын коом, мамлекет алдындагы жоопкерчилигин сергек туюп, анын астында өзүн карыздар сезген чыныгы интеллигент болчу.

Назаркулов саясий ачкачылыкта — акыйкаттык үчүн болгон тең эмес күрөштө акыр аягына чейин позициясында туруп, б.а. майданда көз жумду. Жылуу төшөктө жатып арзыматчылык кылгандарга, болбосо, өмүр бою мамлекет эсебинен сайрандагандарга карап бакканда, баатыр наамы ага жарашып калып атпайбы…  Ушуларды көңүлгө алып, жаштык максимализм түрткүсүндө Шералы Назаркуловду “баатырлыкка” чын дилден сунуштаганбыз. Арийне, биздин демилгеге коомчулук деле, “жогору жак”  деле көңүл бурбады. Ошол жылы ал наам маркум Абсамат Масалиевге ыйгарылды окшойт.

Эми ойлосок,  Шералы Назаркуловго баатыр наамы берилбегени ырас  болгон экен. Ал тирүүсүндө мамлекетке, элге, коомго материалдык да, моралдык да эч бир залалын тийгизген жан эмес эле. Өлгөндөн кийин деле зыянын тийгизбей, таза турпатында  калганы абийир эмеспи, билгенге. Дегенибиз,  мамлекет бу  “баатыр” аталмыштардын тирүүсүндө пенсиясын көбөйтүп, өлсө, эстелигин тургузуп, ж.б. чыгымдалып эле тим болбой, андан ары да 100, 110 жылдык деп, ар беш-он жыл сайын юбилейлерин өткөрүп, зыян тартат, убара чегет. Мисалы, быйыл Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин белгилешүүдө. (Эгерде Жусуп Абдырахмановдун, жок дегенде Кубанычбек Нурбековдун мааракеси болсо – башка кеп! Болбосо, Салижан Жигитовдун туулган күнү белгиленип, ошонун шылтоосу менен китептери чыгып, кыргызды безге сайып, намыска чакырган таасын акыл-ойлору  талкууланса, коомго анча-мынча сабак, аз да болсо, пайда эле го!?) Демек, аны “татыктуу” өткөзүү үчүн мугалимдерине татыктуу акы төлөй албаган кембагал өлкөнүн казынасынан, эл эсебинен каражат коротулат. Тим эле Усубалиев туулбай калса, Кыргызстан жок болуп кетмекчидей элес туудуруп, апыртма-жалганга чыланган, коомдук эс-акылды тумандатаар оосар, жасакер сөздөр сүйлөнөт...

Элге – “баары бир”

1986-жылдын жазы болчу. Чөлдөн ооруп келген атам Улукбек ортоңку үйүбүздүн (бөлмөнүн) төр жагында кынтайып жаткан (Атам бу кезде Аравандагы Жданов колхозунун жылкы ферма башчысы болуп иштечү). А бурчтагы радиопремниктен бирөө сүйлөп жатат эле. Ошону тыңшап жаткан атам: “Эми иштен кеткенден кийин жамандабай эле коюшпайбы…” деп өзүнчө сүйлөнүп калды. Негедир кызыга түшүп: “Кимди жамандап атышат, ака?” (атамы “ака” дечүмүн) десем: “Усубалиевди жамандап атышпайбы…” деди. Бөлмөдө экөөбүз эле болчубуз.

Балалыктагы көп нерсе эсте калбайт эмеспи. Анын үстүнө 5-класстын окуучусунун Усубалиев менен чатагы канча? Маани бербесем деле, эмнегедир ошол ирмем, атамдын анда айтканы жадымда сакталып калыптыр. Кийин эс тарткан кезде эстеп, ал Турдакун Усубалиев КП БКнын биринчи катчылыгынан  алынган  учур окшойт. Анын ордуна келген Абсамат Масалиев кайсы бир чогулушта кечээги биринчини сындап доклад жасаганбы, же башка бирөө сүйлөп атканбы, иши кылып, кыргыз радиосунан  Усубалиевди жамандаган сөз уктурулуп жаткан го деп ойлоп калдым (2000-жылдары парламент депутаттары Усубалиев, Масалиев аксакалдарга  учурап жүрдүм. Абсамат Масалиевден интервью да алдым).

Эки аксакал тең кызматтан эле эмес, бу жарыкчылыктан да кеткен учурда алардын саясий ишмердигине карата сын айтуу, ыраматылык атам айткандай, “жамандаганга” жатпас…  Анан калса, өздөрүн өздөрү “баатыр” атап, “алтын жылдызды” төштөрүнө өздөрү тагып албаган соң, Кыргыз Республикасынын Баатыры аталгандыгы үчүн Усубалиев, Масалиев аксакал баштаган  “баатыр” кыргыздарды айыптай албайсың.

Дегинкиси, бүгүн биротоло коомдук баркы кетип бүткөндүктөн, бу өтө жогорку мамсыйлык — баатырлык наам Усубалиев менен Масалиевге берилеби, же Атамбаевге ыйгарылабы (же, кайра алынабы?), болбосо, сөз башында какшык иретинде  айтылгандай, кыргыздын жарымын “баатыр” деп тизип алабызбы, —  калың караламан үчүн мааниси жок, Тата Улан ырдамакчы, көпчүлүк элге – “баары бир”.  А эми  “баатырлык” наам биякта турсун, бийликтен ардак грамота да үмүт этип, арзуу  кылбаган, анын баарын накта адамдык абийир-намыс менен акыйкат-адилдик астында түккө турбаган азгырык катары эсептеген, мындан чыкты, чоңдордун колу менен берилчү сыйлык-мыйлыкка илешсем деп, түн уйкусун бөлүп түйшөлгөндөрдү саал мыскыл менен караган биздей азчылык үчүн —  эки жолу “баары бир”!

Кээ бир “баатырлардын” коомдук-саясий ишмердигине аз-маз назар салган болсок, тек, ал —  кыргыз коому инсандын коомдук-саясий ишмердигин, улут алдындагы тарыхый жоопкерчилигин баалап, таразалоодо акыйкаттан алыс, тайыз жоромолду сап кармаган, көөдөк  көз караш, тайкы түшүнүктөрүнөн арылса деген ниеттен чыккан иш.  Асыресе, кыргыз интеллигенциясы улуттук кызыкчылык деген кандай түшүнүк, эрдик эмне, намыс эмне, чындык кайда – айрый алса, акыл-эсин бүлөп,  арына келсе, жасалмалуулук менен табигыйлыкты ажырата билсе… күнүмдүк менен эле оролошпой, арканды узун таштап,  келечекти көздөп, эртеңки муундун тарбия-таалимин да көңүлгө түйсө дегенибиз…

Демек, кепти кайра улантууга туура келет.

“Атаңдын көрү!  Эр Манас партияда жок эле…”

Айтса,баатырлык” – кыргыздагы жасалма даңктын башы, чокусу! Андан этектей, дагы да мамлекеттик деп аталган толгон-токой наам, орден-медал, сыйлыктар бар эмеспи… Ар тармактын өзүнчө “ишмер” наамы болсо да,  “маданиятка эмгек сиңирген ишмер”, “эл акыны”, “эл жазуучусу”, “эл артисти” делген ардак наамдар, анан Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык маданият-адабият салаасындагылар үчүн өзгөчө сүйгүнчүк, ашепке “даңазалуу” (Айтса, “эмгек синирген юрист”, “эмгек сиңирген экономист” сындуу наам ыроолончулар адатта пара алып, же уурдап, көрдүйнө топтой турган “майлуу-сүттүү” тармактардагылар да. Алар ошонусу менен алаксып, же сооронуп, кургак мамнаамга “маданиятчы-адабиятчыларчылап” үзүлүп түшпөйт көрүнөт).

Кыргыз заманавий искусство, көркөм өнөр адамдарынын ичара ынтымагынын жоктугу, чөйрөсүндө ырынан чырынын көптүгү жайында арбын айтылып жүрбөйбү. Бу жаатта айрыкча рух-эстин “кайраткерлери” — жазуучу-акын журтчулугу популярдуу. Алардын арасындагы ыйкы-тыйкылык  далайга дайын. Мисалы, адабият майданындагылардын  арасында адеп Тыныстанов-Токомбаеав деп башталып,  андан ары Токомбаев-Сыдыкбеков, Токомбаев-Сыдыкбеков-Айтматов, Айтматов-Салиев болуп уланган араз таржымалы  караламанга чейин уу-дуу кеп болуп, аңызга айланган. Бул эми дөө-шаалар кармашы. Ачыкка чыкпаган майда-чүйдөсү канча? А кечээ кийин бу кутумдук салтын Асанбек Стамов, Омор Султановдор улантты окшойт. Иши кылып, бири бирин жектеп касташмай, топ-топ болуп уюшуп, каралашмай акын-жазуучу калкынын арасында ушу бүгүнгө чейин басылбай келатат. Дегеле, кыргыз улуттук жазуучулар союзу уюшулгандан тарта кутум, ич ара ыркырашмайсыз күн көрө элек болсо керек.

…Улуу өктөбүр төңкөрүшүнүн жеңишининин тартуусу — марксистик-лениндик улут саясатынын шарапаты менен  профессионал жазма адабият, искусство калыптанганга чейин көркөм адабияттын да, театрдын, филармониянын да озуйпасын күжүм (бүт) бойдон төкмө акындар, жомокчу, манасчы, санжырачылар аткарып, кыргыз коомунун маданий-эстетикалык муктаждыгын ошолор канааттандырып, калктын рухий кумарын ошолор кандырган эмеспи.

Байкасак, алар өздөрүнүн ыр, дастан, жомок, күүсү менен эле эмес, жүрүш-турушу, адамгерчилиги, адеби менен да элге өрнөктүү  үлгү көрсөтө билишиптир. Бизге жеткенден, Балыкооздон берки бүт манасчылар, андан соңку  Жеңижок баштаган акындар өз ара аябай ынтымактуу жашап, керек болсо бири-бирине жөлөк-таяныч болуп, кубаныч-кайгыны тең бөлүшкөнү маалым.  Кичиги улугуна шакирт түшүп, өнөрүн үйрөнүптүр. Анан шакирти устатынын алдынан кыя баспай, өмүр бою сыйлап, урматтап өтүптүр. Акындары ээрчише эл аралап, аш-тойлордо кезектешип алым сабак айтышыптыр (Эми анча-мынча акмагы, “ал” десе, “афф” деп беттен алган эшик ырчысы деле болгон дегилечи. Бирок, алар тигил алптардын көлөкөсүндө калып, элге алынган эмес да).  Маселен, акындык, комузчулук өнөрдүн залкарлары Жеңижок, Токтогул, Ниязалы, Эшмамбет, Корголдордун ынтымак, достугу тууралуу алигече узун сабак аңыздалат. Мен муну ошол залкарлардын уучун улаган, алардын өмүр таржымалын жакшы билген, төкмөлүк-обончулук өнөрдүн азыркы шаасы Элмирбек Иманалиевден атайылап сурап, жана бир тактадым.

Бирок, совет заманы келип, көпчүлүгү эки ариптин башын кошо албаган акын-жомокчулардын ордун сабаттуу  акын-жазуучулар ээлеп, профессионал адабият калыптанары менен эле булардын арасында баштагылардын адеби, ынтымак, сыйы жоголот.  Өнөрлүүлөрдүн өрнөктүү наркы бузулуп,  кээрине кетет. Устат-шакирт салты жылас болуп, улуу-кичүү дебей кыргыз акын-жазуучуларынын арасында күнүлүк, ачык, тымызын касташуу адатка айланат…

Кыргыздын Кыдыр даарыган адамдарын  кайсы кара теке сүзгөн? Эмнеликтен антип тескери жолойго түшкөн?

Улуу манасчы Саякбай бир кысталышта: “Атаңдын көрү, дүнүйө… Эр Манас партияда жок эле!” деген экен го…  Анын сыңары,  Жеңижок, Токтогулдардын маалында кам көрүү менен бирге адабиятты, көркөм өнөрдү  партиялык бийликтин  жарчысына айланткан, жазуучу калкын коммунисттик идеологиянын тегерегинде чарк айландыру үчүн ар кандай сыйлык, наам – сый-ургалды ойлоп тапкан мамлекет жок эле. Акын-жазуучунун жазганын идеологиялык принцип менен ылгап, алакчылап, жаккан жазуучусунун төшүнө орден-медал таккан, наам берген, ошо наамына жараша пул төлөп, төргө өткөргөн партияң да, партиялык бийлигиң да жок эмес беле?..  Акын, өнөрпоздор ырдаса, элге ырдаган, алардын талант-шыгына, акыл-парасатына  бааны берсе, эл берген (Эл акыны деген ошол эмеспи!). Кыскасы, көркөм өнөр дегениң тээ атамзамандан келаткан түпкүлүктүү уркунда, табийгый кызматында болчу.

“Сталинчил акынбыз, ушул турган баарыбыз…”

Биздин сабаттуу акын-жазуучуларга келгенде, көркөм сөз социалисттик реализм методу делген даяр калыпка салынды (терминдин автору Иосиф Сталин). Ошол методду мыкты “өздөштүрүп” комбийликтин арыгын чаба билгендер үчүн мамлекеттик сыйлык, ардак наам жандаган сый-ургал пайда болду. Мамлекеттик наам калыс ыроолонуп, адилет бөлүштүрүлө бербесе деле, жазуучу калкын талантына эмес, алган наам, сыйлыгына карап, өйдө-ылдый бөлүп, баалай баштадык. Наам, сыйлыгы бары кадыр-барктуу, алымдуу. Китептеринин нускасы көп, калем акыны олчойтуп алат. Бийликтин бир бучкагына илешет. Мамлекеттик сыйлык, наам, бул — атак, аброй, акча!  Анан Коргол акын: “Сталинчил акынбыз, \ Сталинге жакынбыз, \ Ушул турган баарыбыз – \ Сталинге катынбыз” деп керкакшык төгүп жибермекчи…  кыргыз жазмакерлери биринен сала бири өтүп “сталинчил”, партиячыл,  тагыраагы, бийликчил болбогондо нетмек?..

Мына ошентип жазуучу-акын атпайдын арасында чыгармачылык эмес, сыйлык наам, мамлекеттик –партиялык зоболо үчүн көрпенделик атаандыштык туулду. Арийне, мындай атаандаштык ачык, таза, эркин болмокпу? Тымызын душмандык, касташуу тамыр жаят.

Эгер кыргыз жазуучуларынын арасындагы  касташууга абай салсаңыз, адабиятчы Осмонакун Ибраимов жымсалдагандай, анда абалтан келаткан муундар ортосундагы ажырым, же идеялык карама-каршылык дегендей коомдук-саясий маанидеги табигый келишпестик дээрлик жокко эсе. А, “мен албаган сыйлыкты бул алып, менден зобололуу, барктуу, таасирдүү болуп кетпесин” деген көрпенделик ичкүйдүлүк күч.

Ошентип, адабиятка карата советтик-партиялык саясат, анын сый-ургалы өнөр калкына  ичара сүйүү, тилектештик, эркиндик, чыгармачылык бак деле бербептир. Мамсыйлык жазуучу калкынын моралдык ишенимин ылайлап, чыгармачылык кайратын мокотот. Наам, сыйлык көздөп жаза башташат. Ага бир мисал катары байкоом: кыргыз адабиятынын классиги Төлөгөн Касымбеков атактуу “Сынган кылыч” романын  кайсы бир мамлекеттик сыйлыкты мелжеп, болжобой, накта чыгармачылык жигер, таза дем, тунук ой менен жазса керек (жаштык курчтугубу?). Ал эми тажрыйбасы жетик кезинде  “Кел-Кел” романын жазуу менен кайсы бир сыйлык, айталы, Лениндик болбосо да, СССР  мамлекеттик сыйлыгын, же Токтогул сыйлыгын бөктөрүп түшүүнү, үзөңгүлөштөрүндөй сыйга, ардак наамга ээ болууну көздөгөндөй (анын үстүнө, “Сынган кылыч” катуу сындалып, оозу күйүп калган эмеспи). Михаил Фрунзеге улак чаптырып, Токтогул менен достоштуруп, романдын  идеялык жагын зордоп “түздөө” далалатында одоно жасалмалуулукка чалынып, паска түшүп кеткен. Ошентип, “Кел-Келдин” көркөмдүк деңгээли “Сынган кылычка” караандабай калган.

Жеке пикиримде, кыргыз акын-жазуучуларынын арасында (Мукай Элебаевдин кургак реализмин, Алыкул Осмоновдун акыркы лирикаларын, Чыңгыз Айтматовдун “Жамийласын” эске албаганда) 1960-жылдарга келип гана Кубатбек Жусубалиев, Мурза Гапаров, Аман Саспаев, Сүйөркул Тургунбаев, Алым Токтомушев ж.б. өңдөнгөн партия, бийлик сыйы, пулу менен чатагы болбой, адабияттын түп маңызын эртелеп аңдап, оюна келгенди (сөздүн терең маанисинде) жазган бир ууч топ пайда болот (Кубатбек Жусубалиевдин эски элдик уламыштын негизиндеги “Толубай сынчы” аңгемеси анык  шедевр го! Ар кептин башын чарпып, биз жөндөй албай чайналган  Чындыктын чыры менен сыры анда өтө жөнөкөй, таасын ачылат. Мектептин окуу программасына ана ошондой чыгармалар кириши керек эмеспи!?  Окуучулардын көзүн ачып, акыл-эсин бүлөгөнгө ошол “Толубай сынчыдай” чыгармалар гана огожо болмок, сезимине күчтүү таасир этмек).

Дале көздү таңып, тилди бууйт

Атаңдын көрү, эми баягы компартия, күргүштөтүп китеп чыгарып, күрөп-күрөп калем акы төлөп, адабиятка кам урган коммунисттик империя жок. Анын атын өзгөрткөн жайдак сыйлыктары эле калган. А бирок, кыргыз көркөм өнөр адамдары дале мурдагы түшүнүгүндө, дале ошол арзыбаган сыйлык үчүн атаандашат, чабышат. Мен урматтаган, бир кезде “Асаба”, “Агымда” чогуу иштешкен, сейрек талант ээлери  Шайлообек Дүйшеев, Түгөлбай Казаков агалар да ушундай бир сыйлыктын айынан араздашып жүрүшөт дейби, айтор, сыйлык-сыймык  чыгармачыл интеллигенция адамдарынын жанын дале тынч коё элек. Албетте, биздин чыгармачыл кишилер  жараткан чыгармаларынын дурус-бурушун бийликтеги, же бийлик тандаган бир ууч топ (комиссия дечү беле?) эмес, окуган, көргөн, уккан калың калк аныктап, бааларын; андан өтсө, мезгил, убакыт деген таксыр өзү эле электен өткөрүп, татыктуу, татыксызын  иргеп саларын сезип-туюп эле жүрүшсө керек… куру намыс кургуруң эле болбосо…

Антсе да… Бир жолу  эстрада ырчыларына наам берилип, “Фейсбукта” ошонун тегерегинде сөз болуп калды. Ошондо биздин атактуу, карыя жазуучуларыбыз: “Жазуучулар эстен чыктыбы? Ой, адабиятчы, адабият!” деп жапырт үн салып, неге жазуучу-акындарга сыйлык берип, көркөм адабиятка көңүл бөлүнбөйт деген тейде нааразылыгын билдиришти. Ушинтип, биздин жазуучулардын арасында кез-кези менен бийлик тарабынан таратылчу сыйлык, наамды ашык-кеми жок, адабиятты өстүрүүгө көрүлгөн “аталык” камкордук катары түшүнгөндөр дагы жок эмес.

Бу мамсыйлык, ардак наам адабияттын өсүшүнө деле огожо болбоду; жазуучуларды деле бактылуу кылып (сөздүн кенен маанисинде) жибербеди дедик. А коомго сунган бир  “пайдасы” бул:  “менин” жоготуп, жарандык жигерин тозутту; кошоматчылык, жалганчылык, көшөкөрлүктүн күнүн туудурду. Акаев доору, Бакиев доору делген учурдагы журналисттик практикамда мындай учурлар болгон: кай бир актуалдуу коомдук-саясий маселе боюнча “оюңуз кандай?” деп аттуу-баштуу, ошондой эле, абийирдүү делген (“дүжүр” атка конбогон!) акын-жазуучу, же илимпоздорго кайрылып калсак, “мен эми ушу суроого жооп бербей эле коёюнчу” деп, көзүнө сайылып турган жылаңач чындыкты айталбай, тайсалдап калышчу. “А-а, бу аксакал жакында бир мамсыйлык алганы аткан экен” деп түшүнөсүң муну.

Же болбосо, аксакал  мамлекеттен бир чоң сыйлыкты мурдараак алып алган болуп чыгат. Анан бечара өзүн бийликтин (мамлекеттин эмес!) астында карыздар сезип, кокус менин оюм бийликтегилерге жакпай калса кантем деп корунуп, аярлана баштайт.  Ушинтип мамсыйлык кыргыз интеллигенттеринин тилин бууп, байлап, көзүн таңып коймою бар. А бийлик адамдары интеллигенциянын мындай талуу жеринен бек кармап, жетелеп, өз мүдөөсү үчүн пайдаланбай жаны жокпу?!

Мен кээде мамсыйлык маселесинин тегерегинде журналисттер, же башкалар менен сүйлөшүп калсам, айрымдары: “Мамлекет болгондон кийин мамлекеттик сый-ургал керек, болгондо да мамлекеттик кызыкчылык үчүн керек” деп көшөрө жакташат. А бирок, мамлекетке жасаган ишин милдет кылган “эсепчил” кызмат эмес, чынчыл, ак кызмат керек эмеспи?! Анан да өнүп-өссөм деген кандай коом, кандай мамлекет болбосун, ал үчүн эң ириде чынчылдыктан, адилеттүүлүктөн жана намыстан ашкан идеология, саясат жоктур. А биздин мамсыйлыктарыбыз жалганчылык, калпычылык менен кошоматчылык, көшөкөрлүккө кызмат кылып, мындан чыкты, мамлекетке, коомго каршы иштеп  жатпайбы…

Кээ бирөөлөр: “Мамсыйлыгың болсо, жок дегенде түзүгүрөөк пенсия аласың. Керек ко…” деп кыңырылат. Ырас, бүгүнкү Кыргызстанда жазуучулардын, журналисттердин, жалпы эле маданият, илим-билим тармагындагылардын айлыгы аз; дегеле, пара алуу, уурдап-кымтуу, же каракчылык (уюшкан кылмыштуулук деп тергелчү беле?) кылуу  мүмкүнчүлүгүнөн куржалак калган кесиптегилердин баарынын социалдык акыбалы начар (бул тизмеге бизнесмендер кирбей тургандыгы түшүнүктүү). Эгер жетсе, тийиштүү мамнаам, сыйлыгы барлары гана  пенсияга көбүрөк акча менен чыгып, анча-мынча жеңилдик алат. Тилекке каршы, мамлекет массалык түрдө наам берип, же ансыз эле баарыбызга тегиз персоналдык пенсия чегере албайт. Демек, тең оокаттуулук үчүн чынчыл, таза саясаттын амири менен өлкө экономикасынын өсүшүн тилегенден башка арга жок.

Мамлекеттик сыйлык-наам, сый-ургал, даңктын жеткен чеги – Ала-Арчабы?..

2011-жыл болсо керек, теледен көрүп калдым. Улуу комузчу, айтылуу “Кыргыз көчү” күүсүнүн автору Асанбек Кыдырназаровдун кайсыдыр юбилейи го… Мурдагы ырчы, азыркы элчи Ибрагим Жунусов  өкмөттө вице-премьер-министр беле, же маданият министриби, айтор, ошол үлкөн чиновник сүйлөп атып: “Улуу комузчу Кыдырназаровдун таланты убагында туура бааланбай, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлбай калыптыр” деди. Ушинтип, мамлекеттик ишмерибиз азыркы кыргыз коомунда адамдын талантынын, эмгегинин жеткен чеги, бийиктиги мамлекеттик Ала-Арча көрүстөнү менен аныкталарын мамлекеттик денгээлде “тастыктады”.  Айтса-айтпаса төгүнбү, көпчүлүк дал ошондой пикирде.

Кыргыз интеллигенттери, асыресе,  тирүүсүндө “эл…”, “эмгек сиңирген…” деген мамлекеттик ардак-наамдарга, орден-медалдарга, анан ашса, Токтогул сыйлыгына ээлик кылып, же академик болуп, болбосо, бир чоң кызматты бучкактоо менен эле чектелип, ошого эле каниет кылып, ыраазы болбойт. Өлгөндө да караламан көпчүлүктөн өзгөчөлөнүп, борбор калаанын чок ортосундагы Ала-Арча көрүстөнүнө гана көмүлгүсү келет.

Бул мамлекеттик “сыйдан” баш тарткандар чанда. Мен билгенден, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков, Дооронбек Садырбаев… Бакай атадай болгон барктуу аксакалыбыз Түгөлбай Сыдыкбеков көз жумарына жакын жазуучу Казат Акматовго:Сага да айтып коёюн, Казат. Асылгүлүмдүн мүрзөсүндө туруп ага сөз бердим эле. “Жаныңа келип жатам” дедим эле. Сөзүм эки болбосун. Бозбөлтөккө алпарып, байбичемдин жанына койгула”,- деп керээз айткан экен. Арийне, Түкөнүн көзү өткөндө Казат аба деле аны акыркы сапарга узатуучу комиссиянын катарында болот. Премьер-министр Апас Жумагулов баштаган комиссияга маркумдун керээзин айтат. Бирок, баары бир, бала-чакасынын ызылдаганына карабай, алп кыргыздын сөөгүн Ала-Арчага коюшат. Керт башын ойлогондо, комиссия туура кылган, канча бир жыл өткөн соң, же ошол замат: “Сыдыкбековдун сөөгүн Ала-Арчага койбой, бийлик иттик кылды” деген ачуу кыйкырык чыкмак.

Саясатчы Азимбек Бекназаровдун эскерүүсүнө караганда, кинорежиссёр, жазуучу, Жогорку Кеңештин бир канча жолку депутаты Дооронбек Садырбаев кесел менен алышып аткан чагында байбичесине: “Азимбекке айт, менин сөөгүмдү туугандар Шайданга алып кетебиз десе, көнбөсүн. Байтикке көмүшсүн. Сен экөөбүздүн мазарыбыз жанаша болсун”, — деп айткан экен. Арийне, атактуу Докенин  керээзи да аткарылбайт. Байбичеси менен жанаша жатууну көздөгөндүктөн гана ушинтсе керек дешип, кези келгенде анын байбичесин да мамкөрүстөнгө көмүүгө уруксат алып, жай ээлеп, Ала-Арчага коюшат. Ушинтип, эки учурда тең  маркумдардын керээзине эмес, кыргызбайчылык куру намыска маани берилип, ата-бабадан калган эзелки нарк бузулат.

Түбөлүк жайын өзү тандаган, анан каалоосу аткарылган адам — Төлөгөн Касымбеков. Ал киши да көз жумарына жакын Казат Акматов менен Азимбек Бекназаровдой олуттуу адамга болбосо да, бала-чакасына: “Сөөгүмдү Кой-Ташка койгула” деген керээз айткан экен. Керээзи аткарылды. Атактуу “Сынган кылычтын” автору борбор калаанын тоо тарабындагы Кой-Таш айылындагы абасы таза, бийик, кенен дөңсөөнүн боорунан түбөлүк жай алды. Барып топурак салдык.

Сыдыкбеков, Касымбеков, Садырбаевдер кыргыздын руханият, саясатында  көпчүлүктөн өзгөчөлөнгөн эмгеги бар, таланттуумун, акылдуумун дегендердин алды болгон намыскөй, көйкашка адамдар эле го..! Өлгөндөн кийин сөөктөрү Ала-Арчага коюлабы, же Көк-Арчага коюлабы, анын эч кандай мааниси, айрымасы жоктугун билбей калышмак беле…  Анан калса… Кыргызда ким көп? Ичинде туурусунан уурусу, абийирдүүсүнөн аксымы арбын болсо деле, “мамлекет жана эл үчүн өзгөчө эмгек синирген” болуп “таанылып”, калың букарадан өзгөчөлөнгөн сый-ургалга ээлик эткен, демек, Ала-Арчага “жолдомо” алган “коомдук-мамлекеттик ишмер”, “улуу инсан”  көп. Алардын баарын батыра берип, Ала-Арча көрүстөнүнүн деле тамтыгы чыгып, бут коёр жери калбады окшойт. Албетте, табиятынан эркиндикти сүйгөн пенде жасатынын деле таза, кең жерде, ээн-эркин жатканын кааласа керек…

Жакшы тилек менен балага ысым тандайбыз, бирок…

Шашып кетиппиз, “мамлекет жана эл үчүн зор эмгек сиңирген инсандарды” мамлекеттик даңктоо менен алкоо чарасы  Ала-Арча көрүстөнү менен эле аягына чыкпайт экен. Көзү өткөндөн кийин алардын  “атын түбөлүккө калтыруу” үчүн айыл-апа, көчө-көй, мектеп-бакча, айтор, көзгө урунган коомдук-мамлекеттик мекемелерге аттарын чаптоо; анан эстелик-айкелин эптеп чапмалап жасап, көрүнүктүү жерге орнотуу; андан ары туулган күндөрүнө байланыштуу мааракелерин өткөрүп туруу — “парз”.

Кайсы бир жылдары гезиттен окуганым бар: Талас районундагы Үч-Эмчек айылынын эли, эмчек ээмп эрезеге жеткен эле кыргыздар, өз айылынын аталышынан анча-мынча уялып-кысынып жүрүшкөнбү, иши кылып, айылдын атын алмаштырып, ага өздөрүнүн атактуу айылдашы, акын Сүйүнбай Эралиевдин ысмын коймок болушкан. “Баатырлардын” катарына кийинчерээк  кошулган фронтовик-классиктин көзү тирүү эле. “Э, айланайын кыргызым, ушундан башка кылар ишибиз жокпу, кичине акылга келсеңер боло” деп, жердештерин кагып коюуга эрки жетпеген менен, туулуп-өскөн айылынын тубаса атын тартып алууга даабаган го, саал-паал каршы болуптур. Акыры ары-бери тартышып отуруп, акыл табылып, айылды “Сүйүнбай Эралиев атындагы Үч-Эмчек айылы” атамак болушат. …Ушинтип, “аты түбөлүккө кала тургандардын” өлүү-тирүүсүнө карабай калган учур да болду…

Мектепти бүткөндөн кийин 1992-1993-жылдары Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинде корректор болуп иштеп калгам. Ошондо гезитке “ Анаш Мырсабеков, психология илимдеринин кандидаты” деген автордун макаласы чыгып калчу. Аны окуп, “илим кандидаты дегендер деле ушундай чалагайым жаза турбайбы” деп,  ичим чыкпай калганы эсте. Кийин ошол киши Оштогу Педагогикалык училищага директор болуп калды. Көрсө, президент Аскар Акаевдин жан-жөкөрү Кубанычбек Жумалиевдин бир тууган агасы экен. Көп өтпөй эле ааламдан өтүп кетти окшойт. Анан эле заматта А.Мырсабековдун атын бул учурда коллеж болуп калган, пайдубалы те 1920-жылдары түптөлгөн ошол окуу жайга коё коюшту. Бири мамлекет, бири өкмөт башкарган, доктор, академик, кыргыз ичинде илим-билимдүү, алтургай, интеллектуал делген адамдардын акылы жеткен саясат –ушул!

Эки уулум 2011-13-жылдары Бишкектеги №5-улуттук гимназиянын 1- классына барды.  Кыргыз баласы  арипти “Алиппе” менен таанып, сабатын кыргызча ачып, адепки билимди эне тилинде алганы зарурат (эне тил, улут руху кан-жанынан ажырагыс болуп өөнө боюна синген соң, бөтөн тилден жок дегенде орус, англис тилдерин өздөштүрүп, бу тилдерде сүйлөп, жаза билмеги кажет)  деп, ошо легендерлуу (СССР кезинде Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын борборундагы жападан жалгыз кыргыз мектеп болгон эмеспи!) мектепке бергем. Ошондо билдим, улуттук гимназия статусун алган бул мектеп профессор  Айдаркан Молдокулов атында экен.  Байдылда Сарногоев, Ашым Жакыпбеков, Салижан Жигитов, Ишенбай Абдуразаков, Төлөмүш Океев сындуу кыргыздын  жоон топ мыктылары “№5ти” бүткөндүгүн билчү элем.  Бирок, А .Молдокулов деген окумуштуу бардыгын билбейт экем.

Балдар  2015-2016-окуу жылында  Ош шаарындагы №50- мектеп-гимназиясында окушту. Шаардын Батыш кичи районунда жайгашып, 2000-жылдары ачылган бул мектепти баары “Манас мектеби” дешчү. А ошондо билсем, мектеп улуу эпостогу айкөл Манастын эмес, Пайзилла Нышанов деген кишинин атында экен. Ошонон улам кызыгып, Нышанов деген бир кезде Ош шаардык билим берүү бөлүмүн кыйла жыл жетектеген адам экендигин билдим. Ошого карабай, бул мектептин окуучуларынан “кайсы мектепте окуйсуң?” деп сурасаң, “Манаста” деп жооп беришчү. Бир кезде мектепке Манас аты коюлмак болуп, ошондой кеп жүрүп, анан кайра коюлбай калганбы ( демилге көтөрүп, “шагал төгүп берем” деп, жардам убада кылган тууган-уругу чыкпаган го Манастын?), же башка дагы себеби барбы, ким билет… А окуучулары “Манас” деп көжөлүп, балалык кыялдарында мектептин атын  жөн пендеге эмес, идеалдуу каармандан төмөнгө ыроологусу келбей жүрүшчү көрүнөт… Анан эмесе, жакшы тилек менен балага тандап ат коёбуз, а неге балдардын билим уясына ат тандалбашы керек?!

Ажатканаларга гана адам ысмы ыйгарыла элек

Тек, өзүм туш чыккандан улам гана мында мисалга тартылып калган Мырсабеков, Молдокулов, Нышановдор кантсе да илим-билим менен иши бар кишилер экен… Раис, бригадир, соодагер, бандит, ууру… Айтор, акыркы жылдары башкасы түгүл, мектептерге дагы кимдердин гана аты коюбады!? Канткен менен балдарды тазараак, бийигирээк идеалдарга үндөгөнсүп турчу, андан көрө илгерки “Правда”, “Пушкин”, “Коммунизм” деген аталыштарды жөн койсок эмне?..

Акыркы кездери жөпжөнөкөй турмуштук аңгемелери менен адабиятыбызда өзүнчө барак ачкан жазуучу Мамат Сабыровдун “Көк пакет” деген аңгемесинде мындай бир диалог бар:  “Жана иниси экөө келатканда Ашым тамдардын биринин боорунан “Көчөрбай ата көчөсү” деген жазууну көзү чалган болчу. Бул айылда Көчөрбай аттуу бир гана киши болор эле, кумарпоз. Кээде бир-эки айлап жоголуп кетчү. “Лейлектен же Парганадан палан бирөөгө көп пул уттуруп, шонон качып жүрөт экен”дешчү айылдагылар. Өлөөргө жакын камалып да чыкты окшойт. Азыр ошол жадына түшүп кетип, Паттага суроо салды.

— Бу көчөнүн аты Көчөрбай аванын атыга коюлдуву?

— Ыы. Көрдүңүзбү, балдары шагал төгүп, көчөнү сонун кылып оңдоп коюштулар. Тилевалды агайдын балдары ям “атабыз ойлоп табуучу болгон, жигирмата патенти бар” деп, койдурганга куп аракет кылыштылар. Бирок, “атаңар Кум-Дөбөгө ниме кылып берди эле?” деп, биз ынавай койдук. Онун патентинин бизге ниме кереги вар?”  (Мамат Сабыров, “Акыркы сапар”, Бишкек, 2018 )

Ал эми жазуучу-саясатчы Каныбек Иманалиев: “Пендебиз да. Азыр көчөлөргө, мектептерге, а тургай заправкаларга (Токтогулда “Талып молдо” атындагы заправка бар), РОВД, участкалык милицияларга чейин кишинин аттарын ыйгармай мода болуп, Адам аты өтө арзандап кетти, — дейт. (“Тагай бий”, Бишкек, 2015)

Ат коймой жөрөлгөсүн бир аз теске салган советтик эреже-тартип жокко чыккандан бери те элет айылынын булуң-буйткасына чейин жойлоп кирип, коолап-чайлаган кыргыздагы ат коймой жөрөлгөсүнүн бир үзүмүн  көзгө мындан таамай тартуу кыйын.

Мектеп, көчөлөрдүн саны деле чектелүү экен, кимисине жетсин? Ошондон улам ушу тапта кан жол, көпүрөлөрдөн бери адам атын ала баштады.  Мисалы, жакынкы жылдары Ош-Чөгөм жолунун Папан айылына кире беришиндеги селдин нугуна бир кичине көпүрө салынды.  Анан анын жанына “Алимбеков Каары ажы атындагы жол” (!) деп бадырайта жазылган көрнөк орнотулуп, бир кишинин “аты түбөлүккө калтырылды”. Ары-бери каттаган калк арасында: “ушу Папандан Нурбек Алимбеков деген депутат болчу эле, памилиясына караганда, ошонун атасы окшойт. Ошол көпүрө салдырып, анан атасынын атын жолго коюп койгон экен да…” деген кеп кетти. Эми “Алимбеков атындагы жол менен келатам, же кетип атам” деп айтканга дагы көнүп кетишээр…

Машина жолго атасынын атын энчилөө менен эле чектелбей, жаңылбасам,  быйыл ошол депутат мугалим болуп пенсияга чыккан атасына кайсы бир ардактуу мамнаам алып берди окшойт. (Ошол жерге жете бербей, суу сактагычты бойлогон жолдун эки жериндеги сел нугуна дагы жеке адамдардын күчү менен көпүрөлөр салынды. Көрнөгү жок. Ошондуктан калк эки көпүрө кимдин, канча пулуна салынганын аныктай албай убара. Бири: “Папандык бир бизнесмен жигит салдырган имиш, соопчулук үчүн деп ушундай иштерди жасап, бирок, атын жашырып, жарыя кылбайт экен” десе, дагы бирөө башканы айтат.)

Дегеле, акыркы жылдары кишинин аты коюлбаган коомдук жай – ажаткана (эски кыргыздар “чычтымкана” дешчү ) гана калды. Антсе да, ат коймойдон кыргыздын “талгагы” кана элек. “Кокуй, Бишкекке Манастын, ал районго Айтматовдун, тиерге Тигинчеевдин, буерге Буланчаевдин атын койбосок болбойт” деген “интеллигенттик” бакырыктар, Кыргызстанда ат коймойдон башка олуттуу проблема калбагандай түр берген айбаттуу чакырыктар радио-теледен, же гезиттен байма-бай жаңырып турат… Алтургай, анысы дароо аткарылып да калат. (Жаңылбасам, жаңы эле бир жер Турдакун Усубалиев болуп “кубулду” окшойт.)

Ош шаарынан биздин айыл Чөгөмгө (же Турукка) жеткенге чейин  Ак-Буура дарыясында жети көпүрө бар (сел үчүн салынган тиги кичи көпүрөлөрдөн тышкары). Жетинин бири Байкатындын көпүрөсү делет. (Башкасы  Шуттун, Кайыңдынын, Күндөлүктүн, Байдамталдын ж.б. көпүрөсү аталып, көпүрө турган жердин атында.) Айтууда, илгери  машина жолдун кабары жок маалда бир бай катын, же, байбиче ошерге арчадан жыгач көпүрө салдырган экен. Албетте, бай катын азыркы кыргыздарчылап атымы “түбөлүккө калтырам” деп деле ойлобосо керек, өзүнүн атын да, атасынын атын да эч ким билбейт.

“Токсонбайды көчкү алган”, “Токтосунга таш тийген”, “Тыныбектин талаасы”, “Керимбайдын сазы”, “Имет конгон”, “Байбиченин өтөгү” делип, эч бир буйрук, расмий көрсөтмө, көрнөксүз эле кээ жерлер өзүнөн өзү адам аты менен белгиленип калганы болбосо,  атайылап бир жерге карабашыл кишинин атын коюу жосуну кыргыздын улуттук адат-салтында дегеле жок болчу. Албетте, илгери көчмөндүктө эндей жашагай элибиз көпүрөдөн башка коомдук курулуш менен деле алпурушкан эмес дегилечи… Бирок, ошо көпүрө курганы деле туруктук бай катынга окшоп, кылган кызматынын колкосу катары ага өз атын  жабыштыра койгонго “билими, акылы жетпесе” керек…

Советтик-социалисттик каада

Ооба, “баатыр”, “ишмер” ж.б. ардак наам, түрдүү мамлекеттик сыйлыктар таратуу салты СССРден мурас калган каада экендигин сөз башында айтканбыз. Ошентип, коомго, тагыраак айтканда, коммунизмди куруучуларды өстүрүү, жаш  муунду патриоттук-коммунисттик духта тарбиялоо үчүн өрнөк болот деп, символго айлантылган адамдардын сөөгүн атайын бейитке, а аттарын маммекемелерге коюу жосуну ошол коммунисттик салттын жыйынтык бөлүгү.

…Тээ атамзамандан келаткан гуманисттик идеялардан угут алып, Батыштын акылдуу адамдарынын мээсинде, калеминде элестелген коммунисттик коомду кагаздан түптүз турмушка көчүрүп, Европанын эң артта калган мамлекети Россияда ишке ашырмак болгон большевиктик төңкөрүштүн амири менен биз, кыргыздар, эл катары жоголуудан сакталып калдык. Большевиктик революция, анын аркасында түзүлгөн советтик-социалисттик дөөлөт калың орус калкына эмне берди: пайда таптырдыбы, же залал тарттырдыбы? Алардын берер баасы өзүнчө. А кыргыздарга жасаган жакшылыгы өлчөөсүз: улут атандык, өнүп-өстүк, мамлекеттүүлүккө жеттик. Карыздарбыз.

Бирок, карыздарлык деген ошол мезгилдин коомдук-саясий жол-жосун, адат-салттарын сокур кайталоону түшүндүрбөй тургандыгы айдан ачык. Коммунисттик түзүлүш эмне себептен дүйнөдөгү саясий атаандаштыкта утулуп, упурады? Бир кезде түбөлүктүүлүктүн символундай сезилчү эбегейсиз империя  неден жаза басып, ыдырады? Келечектен үмүтү бар, акыл-дээрге эгедер улут коому бу өңүттө анча-мынча ойлонушу керек да, туурабы?..Билебиз, СССРдеги коммунисттик режим жасалма  идеалдарды, апыртма түшүнүктөрдү калктын кан-жанына сиңирип, сыймык туттуруу менен жаңы баалуулуктарды жаратмак болгон. Сөз арасында “Советтер Союзунун Баатырлары Советтер Союзун сактай алган жок” деп бекеринен айтканыбыз жок. Советтик бийлик  түзгөн баалуулуктардын ичинде дал ошол жасалма мамлекеттик сый-ургал да бар.

Деги эле, акыркы учурунда советтик коом жалган элестерге таянып калат. Бийлиги караламанынын көзүн таңып, бутун тушап алып,  социалисттик Совет өлкөсүндөгү эркиндик, тендик, байгерчилик менен капиталисттик Батыштагы кулчулук, адилетсиздик, ачкачылыктын бейиш менен тозоктой айрымачылыгы тууралуу жомок айтат. Бири-бирин: бийлик элди, эл бийликти алдап, жонунан таптап жүрүп отурат. Коммунисттик идеологиянын ишке ашпас куру кыялдыгы ошол жолойго салганбы, иши кылып, коммунисттик режим курулай шандануучулук, жайдак даңктоочулук, карандай калп менен казан кайнатууга аракет кылат. Эң башкысы болбосо дагы, СССР империясынын ыдырашынын, социализмдин “эсил кайран” болушунун бир себеби – ошол саясат.  Ошентип, биздин Кыргызстанда да социализмди капитализм, болгондо дагы, жапайы капитализм сүрүп чыкты. Коммунисттик идеология иллюзия боюнча калды.

Бүтүн доор алмашып, Тарых таксыр элибизге жомоктогудай зор мүмкүнчүлүк ыроолоду. Колу жолу бош, эркин Кыргызстан эми кандай мамлекет болот? Кандай коом курабыз? Кандай баалуулуктар жашап, эмнени сап кармап, каякка ориентир жасашыбыз керек? Мунун баарын эсеп-чотко салуу жок дегенде улуттун “башы, мээси” делген улуттук интеллигенциянын милдети болушу керек дешет. Тилекке каршы, бу маселе биздикилерди анчейин ойлонтуп, түйшөлткөн жок.  Кыргыз зиялылары дүйнө кай заманга бараткандыгын,  ааламда эмне өзгөрүш, бурулуш болуп атканын деле түзүктүп аңдап-билгиси келбегендей, же, ага дарамети, дээри жетпегендей…

Кыргыз интеллигенттери, тек, тарыхтан табылбаса, эпостон, ал тургай, ушу кедерине кеткен 30 жылдык болмуштан дагы “баатырларды”, ”улуу инсандарды” таап, алардын маараке-тойлорун өткөрмөйдөн; керек болсо, ар бир көчөдөн “ишмер” чыгарып,  ар имаратка ат коймойдон; аркыл мамнаам, сыйлыктарды оңду-солду таратмайдан; күнүмдүк сый, арзыбаган азгырык  үчүн өң-түсүн кубултуп, коомчулук көөнүн бурмайдан башка  идеологиялык таяныч, коомдук-улуттук баалуулук таппады. (Улут, мамлекет үчүн жол издегенге, ал турмак, көрүп-туйган ачуу чындыкты айтканга караганда, “баатыр” болуу алдаганча оңой иш да кыргыз үчүн!) Ошентип, коммунисттерден калган жалган мактоо, жасалма данктоо жосунуна жаңы өң-түс берип, өркүндөтүп, курулай шаңдануучулуктун кумарына кирип кетти.

Эски коммунисттик түзүмдүн деле пайдалана турган иштиктүү тажрыйбалары арбын болуш керек. А бирок, кыргыз зиялыларынын куру даңкчыл, куру намысчыл желөпкө мүнөзү менен “Манас” ордени, же Акүйдүн 7-кабатынан бийигирээк ой калчап көрбөгөн тайыз зээнине ошончонун ичинен өзүн өзү актабаган “сый-ургалчыл” салты гана бап келип, жупташып жатып калды!  Эми бүт эле “Баланчаев, Түкүнчөевдердин “тарыхый” эмгегин баалап, данктап , “атын түбөлүккө калтыруу”  менен алек болуп, баш катырган кыргыз. Кыргызстандын түбөлүгүн, Кыргызстандын даңкын ойлогон киши жок.

Жаман айтпай, жакшы жок

Биз зерикпей саймедиреп, майдалап кеп кылып аткан Кыргызстандагы, кыргыз коомундагы жогоркудай көрүнүш, жөрөлгөлөрдүн баары барып-келип бир гана олуттуу проблеманы каңкуулап туру. Ал – элибиздин маданий-интеллектуалдык потенциалынын  айласыз жардылыгы, коомдук-социалдык эс-акылдын али да өсүп жетиле электиги, мындан чыкты, караламанды биякка кой, улуттук интеллигенция катмарынын дагы рационалдуу ой жүгүртүүгө чамасы  жетпегендиги, примитивдүү, провианциалдык көзкараштардын кучагынан чыкпагандыгы! Ал эми көкөлөтө даңазалап, пир туткан расмий да, бейрасмий да “баатырларыбыз”  бу кейиштүү кейпибизди – улуттук менталитеттин мандемин, алаңгазар-арыжоктугубузду ансайын даана көрсөтүп, “ким экенибизди айтып берип” турат: “досунду көрсөт, сенин ким экениңди айтып берем” дейт тура орус калкында…  Немистин бир акылдуу адамынын “Багы жок өлкө – баатырга муктаж” деген накылы да дал эле кыргызга багышталып айтылган сыяктуу…

Тарыхый чындык: биздин эл, кыргыздар, 1917-жылкы Улуу Октябрь революциясына чейин падышалык Россиянын колониясындагы Түркстан элдеринин арасындагы эң артта калган калк болчу. Мамлекетибиздин азыркы акыбалы, орду ар бирибизге белгилүү. Түштүктүк кыргыздарча айтканда,  нагизина барат болуп , өз тагдырыбызды өзгөлөрдүн амиринен өз колубузга алган соң, эми кайра ошондой абалга бараткан жокпузбу?!

Элдик накыл: “Жаман айтпай, жакшы жок” дегени менен, кыргыз интеллигенттери реалдуулукту дегеле моюнга албайт. “Нени келжиреп атасың?” деп беттен алат.  “Кыргыз деген улуу эл” дейт… “баатыр эл” дейт… “байыркы тарыхыбыз” бар дейт…” империя түзгөнбүз” дейт…

 

One Reply to “Абдувахаб Мониев: Сыймык эмне, «баатырың» ким, Кыргызстан!?”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.