АҢГЕМЕ

I

Мольтон-Чейс аталышындагы бул келишкен чарбакта жүз жылдан аша Клейтондордун үй-бүлөсү жашап келет. Эми мында Гарри Клейтон беш жылдан бери турат. Жаш колуктусунун кызыгына канып бүтпөй, майкөл, сүткөл турмушта жашоо ыракатына балкыйт. Мектеп менен колледжден роджество майрамына карата төлөм кагаздары али келбегендиктен, үйү толо дуулдаган меймандарды күткөндү жакшы көрөт. Келген ар бир кишини маңдайы жарыла, кучагын жая тосот.

Декабрь айы эле, роджество майрамына чукулдап калган. Гарри үй-бүлөсү жана коноктору менен тамак ичип отурушту.

— Белла, тамактан кийин биз менен чыгып, ат минип сейилдеп келбейсиңби? — деди ал бет маңдайында олтурган жубайына кайрылып.

Белла Клейтон эки ууртунда чуңкурчасы бар, жөнөкөйлүгү менен күйөөсүнө жаккан кичинекей аял эле, ал дароо жооп берди:

— Жок, Гарри, бүгүн бара албайм, кымбатым. Кечки саат жетиге чейин Деймерлер келирин өзүң жакшы билесиң да, аларды тосуп албасам болбойт ко.

— Клейтон айым, бизден сиздей татынакай жанды бөлүп кетүүгө мажбурлап жаткан ошо Деймерлер деген кимдер экенин билүүгө болобу? — деп сурады күйөөсүнүн досу, капитан Мосс. Ал көп эркектер катары эле өзүн келбеттүү, келишимдүү деп эсептей турган, бу жерде ээн-эркин жүрүүчү.

Бирок, Белла Клейтондун болор-болбос нерсеге кыйтыя калуучу мүнөзү жок эле.

— Деймерлер — менин туугандарым, капитан Мосс, билгиңиз келсе, тактап коёюн — Бланш Деймер менин бөлөм.

Столдун чет жагында олтуруп, Гарринин карындашы менен маектешип аткан кара көз киши сөзүн токтото калып, үй ээсине кулак төшөдү.

— Полковник Деймер, — аял сөзүн улантып жатты, — Индияда он эки жыл жашап, Англияга кайтып келгенине бир ай чамасы болду. Ал биздин үйгө биринчи жолу келатат. Андыктан, баарыбыз кетип калсак, чынында, ыңгайсыз абалда калабыз.

— Деймер айым да көп жылдар бою чет өлкөдө жашадыбы? — Капитан кычагандай кайра сурады, күзгү жалбырактай саргайыңкы, мыйрыйган туфлини коңултак кийген аял көз алдына тартылды.

— Кудайым ай, такыр андай эмес! — Аял чыдамы кеткендей жооп берди. — Бланш Англияга беш жыл мурда келген, ден соолугунун айынан кайра күйөөсүнө кете албады. Кымбатым, Гарри, биз тамак ичип болдук окшойт, ээ? — Ал стол үстүнө көз жүгүртүп койду, бир саамдан кийин столду жыйнап кетишти.

Клейтон айым Бланш Деймер жөнүндө айта баштагандан тартып, андан көз албай отурган кара көз киши, балдар бөлмөсүнө бет алган Беллага коридордон жетти.

— Клейтон айым, сиз бөлөңүзгө кезикпегениңизге көп болдубу, — деп сурады ал.

— Үч жыл болуп кетти, Лоренс мырза. Бирок, бу мезгилдин ичинде ал катуу сыркоолоду жана континентте жашады. А эмне үчүн аны мынчалык сурадыңыз?

— Сизге кандай десем экен, — деп жылмайып койду, — алардын келишине сиздин мынчалык кабатырланып жатканыңызга, балким, менин бир аз ичим тарып турат… Аларга алаксып, биз байкушга көңүл бура албай каласыз го.

Чыны же көмүскөсү билинбеген бул сөздүн тулкусунда кандайдыр бир азилдин үлүшү бар эле. Бирок, Клейтон айымдын үнү дирилдей түштү:

— Келген меймандарыма кайдыгер мамиле жасай турган адатым жок. Анан да бөлөмдү эмне үчүн үй ээси катары тосуп албашым керек, — деди ал.

— О, Кудай үчүн, мени кечирип коюңуз, — деди Лоренс мырза чындап эле өкүнгөнүн билдирип. – Сөзүмдү туура эмес түшүнүп алдыңыз окшойт. Сиз ал айым менен абдан жакын  мамиледесиз да?

— Ооба, ошондой, биз эже-сиңдидей бирге чоңойдук, бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Кийин ал турмушка чыгып, Индигого кеткен. Келгенден кийин биз кайрадан жолугушуп жүрдүк. Бирок, сизге айттым го, кийин Бланш сыркоолоп, чет өлкөгө кетти. Анын күйөөсү менен, албетте, жакшы деле тааныш эмесмин, бирок, адам кирип-чыкканча дегендей, анын абдан жакшы, ак ниеттүү киши экенин билдим. Ошондуктан, аларды колумдан келишинче жакшы тосуп алып, төгүлүп-чачылып, көңүлдөгүдөй сыйлагым келип жатат. Менин бөлөм абдан татынакай, келишимдүү аял. Анын сизге жагаарына ишенем, — деди Белла.

— Ошондой болорунан эч шек санабайм, — деп жооп берди Лоренс мырза, — болгону ал биздин көңүлүбүздү өзүнө биротоло багындырып албаса экен, анткени, буга чейин бүт көңүл жалгыз гана сиз жакта эмес беле, Клейтон айым.

— Бул жагынан кам санабаңыз, — деп көзүн кыса күлүп койду да, Лоренс мырзаны коридорго жалгыз калтырып, тепкич менен жогору чыгып кетти.

Лоренс мырза кайра ашканага келди да, кожоюнду четке жетелей басты.

— Клейтон, — деди ага кайрылып, — кечинде силерге кошула албай каламбы дейм. Кудай акы, капыстан кетип атканыма таарынба.

— Кетем дегени кандай, эмне үчүн, урматтуу досум? — Гарри таң калып, көк көздөрү менен ага тигиле карап калды. — Эмне болду, себебин айтчы? Рождество майрамына чейин биз менен калам дебедиң беле?

— Билесиңби… Шашылыш иштер чыгып калды, көп иштер… Убакыт учкан куш эмеспи, а убакыт деген, мага окшогон бечаралар үчүн акча эмеспи, ошондуктан…

— Уксаң, азиз досум, — деди анын сөзүн шарт үзүп Гарри, — мунун бардыгы жок шылтоо экенин өзүң жакшы билесиң. Жанагы шайтан алган шашылыш жумуштардын баардыгын бул жакка келгенге чейин жайгарбадың беле. Эми бир ай бою чардаңдап эс алам деп айтканыңды унутуп калдыңбы?

Лоренс ага эмне деп жооп берерин билбей, ыңгайсызданып, бир оокумга чейин үн катпай турду.

— Эмесе мындай, азиз досум, рождество майрамына чейин сенин кетем дегениңди эч укпайын, — деди кожоюн. — Болбосо, Белла экөөбүз абдан таарынып калабыз, Белланын сиңдисин айтпай эле кой… Сүйлөштүкпү, Лоренс? Сөз бүттү.

Досунун мындай кескин бүтүмүнөн кийин, Лоренстин моюн сунбаска аргасы калбады; буга тагдыр бут тосуп аткандай сезип, кетем деген оюнан айныды.

Бир саат өткөндөн кийин, меймандар тобу Мольтон-Чейске бир нече миль калган кезде алардын жүгүн жүктөгөн араба эшиктин алдына келип токтоду. Жүзүнөн жайдары күлкү төгүлгөн Клейтон айым чыдамсыздык менен меймандарын тосуп алуу үчүн тышка чыкты.

Адеп эле орто жаштарга келип калган полковник Деймер көзгө урунду, аскердик тартип аны кыйла жашартып койгондой. Бүт көңүлүн аялына буруп алган; ага кам көрө, арабадан түшүүгө көмөктөштү. Кубангандан жадырап, босогодогу тепкичте турган Белла менен учурашуу ишаратын кылып, шляпасын шаша көтөрүп, кайра кийди.

— Кана, асылым, — деп үнүн көтөрө чыгарды чүмкөмө арабанын эшигинен аялдын карааны көрүнгөндө, — абайлап түш, мында эки тепкич бар; акырын, мына ушундай… Эми бардыгы жайында!

Жерге кокустуксуз түшкөн Деймер айым, жубайынын колунан бошонуп, бөлөсүн көздөй кучагын жая жөнөдү.

— Белла, алтыным!

— Асылым, Бланш! Сени кайрадан көргөнүмө чексиз кубанычтамын! Айий, жолдон үшүп, селейип калгансың го! Жүрү, дароо отко жылын. Полковник Деймер, жүктөрдү кызматчылар киргизет, убара болбоңуз, ичкери кирип жылыныңыз.

Эки кызматчы арабадан жүктөрдү түшүрө баштады. Бирок, Деймер айым үйгө кирбей, туруп калды.

— Сүйүктүүм, эмнеге туруп калдың үйгө кирбей, — деп сурады анын күйөөсү. — Жүктөргө, кааласаң, мен көз салып турайын.

— Жок, кереги жок, ыралмат, — аял шыбырай жооп берди; анын үнү кайгылуу угулду, жүктү түшүрүп жаткан экөө да укту. — Жүктөрдү киргизгенче күтө турайын.

— Жүктөрдөн кам санаба, Бланш, жүрү, андан көрө отко жылын. Сага айта турган сөздөр көп, — деди акырын Клейтон айым.

— Бир-эки мүнөт коё тур, Белла, — деди бөлөсү. Эми анын үнү чечкиндүү чыкты, Клейтон айым үйгө кир деп дагы айтуудан тартынды.

— Бир, эки, үч, төрт, — деп жерге түшүрүп жаткан сандыктар менен чамадандарды санап жатты полковник Деймер. — Булар көчүп келди го деп ойлоп жатабы деп коркуп жатам. Менин жубайым саякатка чыкканда болгон-бүткөн көр-жерлерин ала жүрөрүн, балким, сиз жакшы билет болсоңуз керек. Бүттүбү, Бланш?

— Ооба, баары түштү, ыракмат, — үнү жанагыдай эле кайгылуу чыкты. — Белла, кымбатым, бизди кайсы бөлмөгө жайгаштырасың?

— Балким, адегенде аны сен көрүп чыгарсың, Бланш?

— Ооба, эгерде сен каршы болбосоң. Мен абдан чарчадым… Бул чамаданды менин бөлмөмө алып киргиле, — деди кызматчыга жерде турган чамандардын бирин көрсөтүп.

— Жарайт, айым, — деди ал, бирок, полковник Деймерге карап, эки анжы боло түштү, аны узатууга жөнөдү да, кайра шарт бурулуп, аялдын буйругун аткарууга кам урду. Бул учурда аял былк этпей карап турду. Шашкалактаган кызматчы аял көрсөткөн чамаданды эмес, анын жанындагысын көтөрдү. Деймер айым колу менен көрсөттү, кызматчы көтөргөнүн жерге коюп, тигини алды.

— Булардын баардыгын киргизебиз, айым, — деп күңкүлдөдү кызматчы, бирок, Деймер айым үнсүз мелтиреп, кызматчы салмактуу чамаданды ийнине салып, үйгө киргенче кыймылсыз турду.

Кызматчы үйгө кирип кеткенден кийин гана чарчаңкы түрдө Белла Клейтондун колуна сүйөндү. Аны акырын кучактап, өзүнө тартты. Экөө колтукташкан бойдон акыры даярдалган бөлмөгө жөнөштү. Бул кенен, ыңгайлуу жасалгаланган, бир жак дубалын кийим салган шкаф ээлеген бөлмө эле. Аялдар киргенде, чамаданды көтөрүп, кызматчы күтүп турган экен.

— Муну кай жерге коёюн, айым, — деп сурады ал Деймер айымдан.

— Керебеттин алдына коюңуз.

Бирок, бул француздардын керебети эле, ал кызыл жыгачтан жапыз, анан кенен кылып жасалган. А чамадан кичирээк болсо да, сандыкка окшош, оор жана бекем, бурчтары темир менен капталып жасалган. Мындай чамадан көрүнгөн жерге эле бата бербейт болучу.

— Керебеттин алдына эч батпайт, айым, — деди кызматчы.

Деймер айымдын жүзү билинер-билинбес кубара түштү.

— Болуптур, бул жерге коюңуз. Оо, жакшы каминдин алдында олтуруу кандай жакшы! — Ал отко жакындап келип, креслого жыгыла олтурду. – Жолдон үшүп, селейип калдык.

— Эми сандыкты эмне кылалы, Бланш? — деп сурады Клейтон айым. Ал меймандарынын кандайдыр бир ыңгайсыз жагдайга туш болушун каалабады. — Бул жерге койгонго болбойт. Ичиндегилерин чыгарып, жайгаштырасыңбы? Же коридорго чыгарттыралыбы?

— Жок-жок, ыракмат, Белла, ошол жерде тура берсин. Мага тоскоолдук кылбайт.

Бөлмөгө полковник Деймер кирди. Артынан сандыктарды көтөргөн кызматчысы кирди.

— Бул жерде эмне калат, сүйүктүүм, — деп сурады полковник.

— Бланштын чамаданы, Деймер мырза, — деп жооп берди Белла. — Ал мунун ичиндегилерди эч жыйыштыргысы келбей атат, а мен ары-бери өткөндө чалынтып, тоскоол болобу деп корком. Сиздин бөлмөдөгү шкафка салганда жакшы болот беле. — Клейтон айым андан ары сөзүн улантпады. Кээ бир эркектердин өз бөлмөсүндө ашыкча буюмдарды каалабай тургандыгын жакшы билчү. Бирок, полковник Деймер Индиядан кайтып келген эски аскер адамы эмеспи, өзүмчүл болуп чыкпады.

— Ооба, жакшы болот, — деп кызматчыга бурула карап: — Чамадандарды коңшу бөлмөгө алып барыңызчы.

Кызматчы оор сандыкты көңүлсүз, шалаакылана көтөрдү. Бирок, салмагына туруштук бере албай, түшүрүп жибере жаздады. Жантайып кеткен сандыкты Деймер айым чуркап жетип, кармап калды.

— Жөн коюңуз, ордуна коюп коюңуз, — деди ал итиркейи келе. — Буга тийүүнүн кереги жок, азыр эле мага керек болуп калышы мүмкүн. Бул жерде эч тоскоол болбойт.

— Мейли анда, өзүң каалагандай болсун. Кийинип чык, урматтуум, мен барып чай койдурайын, — деди Клейтон айым, ал арзыбаган бир нерсе үчүн талаш-тартыш узарып баратканынан чарчай баштаган.

Полковник Деймер аялдарды калтырып, кийинүүчү бөлмөгө чыгып кетти. Баардык буюм-тайымдар жогорку кабатка ташылып, чай даярдалды. Клейтон айым чай куйганча, Деймер айым мештин жанындагы диванга жатып, бөлөсү менен маекке кирди.

Бланш жаш кезинде ашкере сулуу жандардын бири эле, азыр антип эч ким айта албас. Ага чай сунган Белла эти качып чилмийген арык колдорун, жамалы өчүп, кыйналган жүзүн, чүңүрөйгөн көздөрүн көрдү. Болгону үч гана жыл мурда көргөн татынакай сулуу ушул экенине ишене албады. Баары бир бул аз мезгил эмес эле, ошондон бери кезигише элек болучу. Экөөнүн ортосундагы сөз да ошондогудай жандана албады, сырдана болбоду. Андыктан Бланш анын ушунчалык өзгөрүлүп кеткени жөнүндө сөз козгоого батынбады, бөлөсүн таарынтып, көңүлүн ооруткусу келбеди. Жөн гана көңүлүн жайгара:

— Алтыным Бланш, балким, сен дале жакшы жөнүгө алган эмессиң го. Континентке барганыңда биротоло сакайып, тыңып кетесиң деп ойлогом.

— Ой, жок, мен эми эч качан сакайып кетпейм, — деп койду Деймер айым кайдыгер гана, — баса, аны айтып отуруу узун тарых, сөз кылууга да арзыбайт. Силердин меймандарыңар ким, кымбаттуум?

— Оо, биздин үй меймандарга толду, — деди Клейтон айым. — Мени чокундуруп ат койгон адам, карган генерал Нокс кызы жана уулу менен, сен аны тааныйсың, Анслей үй-бүлөсү менен, анан да Бейли жана Армстронгдор; бир нече жаш жигиттер, алардын арасында — кичүү Брук, Гарринин досу Мосс, Герберт Лоренс жана… Бланш, сага эмне болду?

Деймер айым күтүлбөгөн жерден онтогон сыяктуу кыйкырып жиберди. Ал оорудан улам чыктыбы же корккондуктабы, айтор түшүнүксүз болду.

— Бир жериң ооруп атабы, — кабатырлана сурады Клейтон айым үлбүрөгөн бөлөсүнө карап.

— Жок, жок, эч нерсе эмес, — деп жооп берди Бланш анын колун бекем кармап. Бирок, өңү чүпүрөктөй кубарып турду. — Жөн гана жолдон чарчап, кыйналгандыкы го.

Аялынын кыйкырыгын угуп калган полковник Деймер кирип келди. Ал ак көңүл, бирок, жаны сеп албаган түйшүкчүл адам эле. Андыктан болор-болбос нерселерге чебелектеп кете турган, жыйырма мүнөттөй убакыттан бери эки аялды жалгыз калтырганына тынчсыздана баштаган.

— Мени чакырдыңбы, кымбатым, — деди ал кабатырлангандай. — Сага бир нерсе керекпи?

— Жок, эч нерсенин кереги жок, ыракмат, — деп жооп берди бөлөсү үчүн Белла. — Бланш жолдон аябай кыйналып калыптыр.

— Менимче, мобу чамаданды баары бир менин бөлмөмө жеткирүү керек, — деди да, полковник Деймер жана эле чуу чыгууга себепчи болгон чамаданды көтөрүүгө умтулду. Ошол замат Деймер айым дивандан ыргып турду, жүзүнө кан тээп, кызарып кетти.

— Суранам сизден, тийбеңиз, чамаданымды жайына коюңузчу. Анда ашыкча эч нерсе жок, мага тиешелүү зарыл буюмдар гана бар, жанымда болсун, — деди ал, үнү өзүнө мүнөздүү болбогон түрдө, жалынычтуу чыкты.

— Балким, мында кандайдыр бир кенч катылса керек, — тамашалады полковник чыгып баратып.

— Сенин кийимдериң барбы мында? — Клейтон айым кызыга сурады.

— Ооба, — ал кандайдыр бир оозу бош айтты. — Кандай десем, сага айтсам… мен дайыма колдоно турган ар кандай буюм-тайымдар, көр-жерлер дегендей. Баса, Белла, сен меймандарың жөнүндө айтып келатпадың беле. Дагы ким бар?

— Кимди айтып аттым эле? Аа, эстедим, бойдоктор жөнүндө баштагам. Ошентип, биздикинде капитан Мосс, Брук мырза, Лоренс мырза — акын экенин сага айтып коёюн; аны менен Гаррини капитан Мосс өткөн жылы тааныштырган. Анан менин бир тууганым Альфред бар. Мына ушулар.

— Меймандарга бай экенсиң, — деп койду кандайдыр бир эринген, кайдыгер немедей унчугуп. — А жанагы, сен айткан… акын дегениң эмне болгон киши?

— Лоренспи? Аа, көрүнүшүнө караганда абдан мыкты жигит. Бирок, өтө эле ойчул, сүйлөбөйт, акындардын баары эле ошондой болсо керек. Менин сиңдим Кэрри да бул жерде, байкашымча, ал экөөнүн мамилеси жакын окшойт. Бирок, бул чектен тышкаркы иш эмес деп ойлойм.

— А балдарың кандай жүрөт?

— Эң сонун, ыракмат, кымбатым, балам сага жагат деп ойлойм. Кары Клейтон айым анын ушул курагында Гарри андан эки эсе кичине болгонун айтат. А кыздар жарыша коюп чуркап жүрүшөт, сүйлөгөндөрүн айтпа, тилдери буудай кууруйт. Баса, Бланш, булар эми сага кызыксыз деле болсо керек.

Белла тилин тиштеп алгандай унчукпай калды. Анткени, бөлөсүнүн балдары жок эле. Деймер айым оңтойсуздана, диванга оонай жатты, бирок, эч нерсе дебеди. Көп өтпөй ат менен сейилге кеткендер кайтып келишкенин, кечки тамак даяр экенин билдирген коңгуроо кагылды. Клейтон айым аларды тосууга чыкты, Бланш кийинмекчи болду.

Ошентип, акыры Деймер айым жалгыз калды. Анын кызматчы кызы жок эле, Белланын жардам берейин дегенине өзү кийинип көнгөнүн айтып, болбоду. Бирок, анын кийинип, үстү-башын жасап-түзөйүн деген ниети жок эле, бетин колдору менен жаап, диванда жатты. Анын эмне ойлоп жатканын бир Кудай билбесе…

Эшиктин сыртынан күйөөсүнүн жумшак, эркелете чыккан үнү угулду:

— Жүрү, кымбатым, тамакка кирели.

Ал эшикти бир нече жолу тыкылдатты, жооп болбогон соң эшикти ачып, бөлмөгө кирди. Ал кечки тамакка барууга кийинип алган экен. Ал эми Бланш жолдо кийип келген кийимдерин да чечпептир. Буюмдарын орду-ордуна жайгаштырбаптыр.

— Чагымда, сен бүгүн кийинип бүтпөйсүң. Сени кечки тамакка келе албайт деп, сен үчүн кечирим сурап коёюн. Клейтон айым деле сенин мында калышыңа макул деп ишенем, абдан чарчап калбадыңбы.

— Мен анча деле чарчаган жокмун, Генри, — деди Деймер айым дивандан туруп жатып, — он мүнөттөн кийин даяр болом. — Ал сандыктардын бирин ачып, андан кийимдерин алып чыга баштады.

— Балким, эс алып турарсың, жаным, — полковник анын көңүлүн жайгарууга аракеттенди. — Азиз достор менен эртең менен жолугасың.

— Жок, мен тамакка бүгүн чыгам, — деди ал акырын, анан ишенимдүү түрдө.

Ал ордунан турду да, жолдо кийип келген жүндөн жасалган оор пелеринасын (аялдар көйнөк сыртынан жамынуучу, колдун карысына чейин түшүп турган кең жака) чечип, тигиндей таштады. Самби талдай солкулдаган ичке жана ийилчээк денеси кандайдыр бир тунук нерседей көрүндү. Ушунчалык арыктаган экен. Азап менен коркунучтун көлөкөсү түнөгөн жалооруган жүзүнөн, көгүлтүр көздөрүнөн кандайдыр бир белгисиз тынчсыздануунун нуру жылт этет. Эти качып, ичкерип калса да ийкемдүү, келишимдүү колдору менен чачын түйүп кирди. Анын мынчалык өзгөрүп кеткенине таң кала карап турган күйөөсү, аргасыздан аптыга сүйлөп:

— Ай-иий, жаным, чачыңдын мынчалык түшкөнүн мурда байкабапмын, — деди ал аялынын суйдаң, кыска чачын аялуу карап. Бир кезде көз кумарын кандырган, жибектей уюлгуган олоң чачы бар эле. Эмичи? — Сага эмне болгон, жаным, бул эмнеден болду?

— Мен кайдан билейин, — деди кайгылуу түрдө. — Балким, куштай учкан жаштыгым менен кошо жоголгондур, Гарри.

— Байкушум, ай! Жалгыздыктан ушунчалык азап тартыпсың да, алтыным. Ушунча жыл сени жалгыз калтырбашым керек эле. Бирок, эми баардыгы артта, кымбатым. Сага болгон күчүм менен кам көрөм, ошондо тыңып кетпегениңди көрөйүн.

Аял күтүлбөгөн жерден күзгүдөн бери бурула берип, чачынан сылап турган күйөөсүнүн колунан өптү. Жалжылдай карап, акырын шыбырады:

— Кереги жок, суранам, антип айтпачы, Гарри! Мен мындайга чыдай албайм, чыдабайм!

Бул сөздөр сезимтал аялдын сезим толкунунан улам оозунан чыгып кетти го деген ойго келди күйөөсү. Бирок, анын түпкүрүндө эмне жатканын биле албады. Сөз нугун акырын башка жакка бурду. Тамакка барар болгондон кийин, ыкшоолонбой кийинишин суранды.

Деймер айым ордунан чапчаң туруп, суюлган чачын кийинки мезгилде дайыма жасап жүргөн калыбы менен тарап, түйө баштады. Кечки кара көйнөгүн кийди, ал агала болгон чачына жарашканы менен, арык денесине анча коошпой турду. Бир нече мүнөттөн кийин Бланш кийинип, күйөөсүн колтуктап, бөлмөдөн чыкты.

Ашкананын босогосунан аларды кожоюн өзү тосуп алды. Ал жубайы абдан сыйлаган меймандарды колунан келишинче урматтап, алардын көңүлүн көтөрүүгө аракеттенди. Деймер айым менен Англиядан келген учурда эле таанышкан. Клейтон аларды Белла олтурган диванга ээрчитип келди. Кожойке меймандарды орундарга жайгаштырып, кечки тамак бериле баштады.

— Лоренс мырза! – деп чакырды ал бөлмөнү айлана карап. – Ал кайда кеткен? Лоренс мырза!

Акын терезе пардоонун аркасынан, жашынган жеринен бери чыгып, ортого турду.

— Аа, сиз мында белеңиз. Деймер айымдын катарынан орун алыңыз. — Кожойке олтургандарга кайрылды:

— Бул Лоренс мырза — Деймер айым.

Алар бири-бирине баштарын ийе, таазим кылышты. Негедир аялдын жүзү өзгөчө бир албырып, кызыктай боло түштү. Клейтон айым муну байкады да, бөлөсүнө суроо узатты:

— Сен Лоренс мырзаны мурдатан таанычу белең, Бланш?

— Кыязы, ошондой го… Лондондон… көп жыл мурда.

Анын акыркы сөзү абдан акырын чыккандыктан, шыбыраган сымал араң угулду.

— Бул жөнүндө башында эмнеге айткан жоксуң, — деп Белла мейманынан зекий сурады.

Лоренс бир нерсе деп күңкүлдөп, мезгилдин ушунчалык тез өтөрүн, анан да ал окуянын болгонуна көп жылдар болгонун айтып берүүгө өзүн зордоп камданганча, Деймер айым аны ыңгайсыз абалдан чыгарып:

— Ооба, чынында таанышканыбызга көп жыл өттү, экөөбүз тең аны унутуп да калдык, андыктан бул жерде айыптачу эч ким жок, — деди суз гана. Бирок, сөздөрү кескин чыкты.

— Анда эмесе, тамак үстүндө ошол таанышууну жандандырып алсаңар болот, — деди Белла көңүлдүү, анан нары өтүп, калган меймандарды жайгаштырууга киришти. Ошентип, ооз ача албай калган Лоренс дивандын жанында турду. Акыры бөлмө дээрлик бош калганда гана ал козголуп, Бланшка көмөктөшүүгө кол сунду. Аял да колун суна, ага карай обдулду. Бирок, ошол замат алсырап, диванга кулады. Белла аны көздөй чуркады.

— Байкушум ай! — деп кыйкырып алган полковник да ага карай шашылды. — Кечки тамакка түшпөй эле кой деп айтканыма көнбөй койбодубу. Бирок, бул эрктүү аял. Клейтон айым, тамакты кечиктирбешиңизди суранам. Мен Бланш менен калайын, албетте, мындай адепсиздигим үчүн сизден кечирим сурайм. Бланштын табы айнып турат, жакшы болгуча төшөккө жата турганы дурус.

Бирок, аялы анын кармап турган колунан бошонуп, өйдө турууга аракеттенди.

— Белла, кымбатым! Эч нерсе эмес, бардыгы өтүп кетти. Мен үчүн кам санаба, бул бир мүнөттүк гана алсыздык. Кийинки кездери ушинтип, кээде жыгылып калчу болдум. Мен өз бөлмөмө бара берейинчи, кап этпе. Эртең менен баардыгы жакшы болуп калат, буйруса, жөн гана жакшылап эс алышым керек, жол азабы, көр азабы эмеспи.

Ал эч кимдин көмөгүнө таянгысы келбеди, ал тургай күйөөсүнүн каралашуу аракетинен баш тартып, аны катуу таарынтып алды. Ордунан шалдырай турду да, араңжан кыймылдап, тепкич менен жогорку кабатка чыга баштады. Ашкана бөлмөсүндө олтургандардын баардыгынын маанайы пастап, тамакка табиттери тартпай калды.

— Бланштын табы абдан эле айнып турат, сиз буга кандай карайсыз, туурабы? – деп сурады Белла столдо олтурган полковникке карап. Бөлөсүнүн ушундай аянычтуу абалга кирептер болгонуна жаны сыздап, ага полковниктин жетишерлик көңүл буруп, начарлап кетишине тынчсызданбаганына кыжыры да келди.

— Ооба, туура айтасыз. Бирок, ден соолугунун мынчалык начарлап кеткенин Бланш моюндагысы келбейт. Маанайы абдан пас, тамакка да табити жок. Бир нерсеге дайыма тынчсызданып, тырс эткен үндөн чочуп кетет. Ал кайраттуу, шар жүргөн жан эле. Мынчалык өзгөрүп кеткенине акылым жетпей, жаным ооруп жүрөт.

— Мен билгенден дал ошондой болучу, — деп жооп берди Клейтон айым, — ал болор-болбос нерсеге быш этчү да эмес. Болду-болбоду, бул континентке кеткенден кийин башталды. Болбосо, ага чейин таптакыр башкача эле.

— Деги бул качан болгон?

— Дал үч жыл мурда, рождество майрамында, — деп жооп берди Белла. — Ошол күндөрү, байкашымча, ал мурда эзели болуп көрбөгөндөй жакшы жүрдү. Күлкүсү үйгө жан киргизип, толуп турчу. Көп өтпөй Парижге кетти, анан биз анын сыркоолоп калганын уктук, ошондон бери аны көрө элек элем. Бүгүн чүмкөмө арабадан түшкөнүн көргөнүмдө, зорго тааныбадымбы. Абалын көрүп, жан сыздап, күйбөгөн жерим күл.

Клейтон айым маңдай жагында олтурган Лоренс мырзанын сөзүнө кулак төшөп калганын байкап, унчукпады. Ал эми полковник Деймер кандайдыр бир оор ойдун кучагына сүңгүп, кечке чейин ооз ачып сүйлөбөдү.

Ал арада Деймер айым өз бөлмөсүнө келди. Кожойке каралашкыла деп жиберген үй кызматчылары тыяк-быягына чыгып, көмөктөшүүгө жан үрөштү. Бирок, Бланш жалгыз калгысы келип, аларды кетирип жиберди. Анын өлө-сөлүү жаны калган, болгон күч-кубаты аны биротоло таштап кеткендей. Ал мештин алдына шалдая олтурду да, өзөгүн тарта буркурап ыйлап жиберди. Ээ-жаа бербей боздоп, көпкө ыйлады. Акыры, терең үшкүрүп, төшөгүнө жатып алганы дурус болорун ойлоду. Чечинерде күтпөгөн жерден акыркы дарманы кете баштаганын сезди, көзү караңгылап, көз алдында баардыгы айлан-көчөк. Анан ошо караңгылыкта бир кызыктай боштук пайда болду. Безгектей калтыраган колдору менен керебеттин жанындагы столду кармоого аракеттенди. Бирок, кармай албады. Акыры полго жылмышып түштү да, эки саат мурда жанынан чыгаргысы келбеген кара сандыктын жанында жатты. Деймер айым ажалы чукулдап калгандай, өлүм үчүн ушул жерден ыңгайлуусу жоктой сезимде болду.

— Оо, жараткан, чынында сенден башка эч кимим жок, — деп боздоду аял. — Мен сени жек көргөм, сени жанымдан артык көргөм, ошону менен бирге сени менен коштошуп ыйлагам…

Деймер айым сөзүн айтып токтоду да, бир кызыктай кыймылдарды жасады: ордунан туруп, төрт бурчу темир менен капталып, илинген кулпу бекитилген сандыктын адына чөгөлөп олтурду, анан ал жандуу немедей, анын эркелеткенине жооп берчүдөй катуу, бүдүр-ала капкагын өптү. Ушундан кийин алы биротоло куруган аял жерден өлгөн-талганда турду, мас немедей теңселип, төшөгүнө эптеп жетти да, болгон салмагы менен күп түштү.

Эртеси ал өзүн кыйла дурус сезди. Полковник Деймер менен Белла Клейтон аны кечке төшөктө жатсын деп чечишти да, Мольтон-Чейстин меймандары менен кечки тамактын алдында тааныштырмай болушту. Бирок, көпчүлүк эркектер түшкү тамакты ичкилери келбегендиктен, Клейтон айым Бланшка чакан араба менен сейилдеп келели деди.

— Сен үшүп калбайсың, кымбатым, биз үйгө чоң көчө менен келсек болот, ал жактан аңчылыктан кайтып келаткан эркектерди тосуп алабыз.

Аң улоого чыккандардын арасында полковник Деймер да бар эле. Бирок, Деймер айым сейилдеп келүүгө караманча каршы болуп, жалгыз калууну каалап турганын билдирди. Белла буга өкүнгөн деле жок, Кудай жалгасын деген маанайда болду, себеби бул учурда үйдө калган аялдарга да кам көрүш керек эле.

Деймер айым чынында жалгыз калгысы келген. Өткөн түндө өзүнө эмне  болгону жөнүндө ой жоруп, анан бул үйдөн тез арада кетүүгө күйөөсүн кантип көндүрүү керектигин чечиши зарыл. Анын үстүнө мындай бүтүмдүн жөн-жайын ал сурабай койбойт, андан кантип буйтап өтүү керек, ал жөнүндө түшүндүрүү ага кыйын иш болуп турду. Белла сейилдеп келүүгө түшкөн арабанын кыйчылдагы алыстап кетип, Мольтон-Чейсте Бланштан башка жан жок экенин билгизген жымжырттык өкүм сүргөн маалда жылуу кийинип, башына чүмкөмөсүн кийип, бир азга сейилдеп келүүнүн зыяны тийбейт деген ойдо сепилди айлана басып келүүнү чечти. Мына ушул ой менен үйдөн чыкты.

Сепилди айлана салынган сейил бак кенен жана кыйла татаал план менен жасалган экен. Четине бадалдар, бак-дарактар отургузулган аллеялар гүл сыяктуу кооздолуп жасалган. Ага адеп кирген жолоочу кайра оңойлук менен чыга албасы да мүмкүн эле.

Жалгыз болуп, эс алууну каалаган Деймер айым ушундай аллеянын бирине тереңдеп баратты. Бирок, он чакты кадам баскандан кийин бурчка имериле берип, кечээ кожойке тааныштырган эркекке — Лоренс мырзага карпа-курпа бет келди, ал бул учурда башкалар менен чогуу аң улоодо жүрүшү керек эле. Ал эбегейсиз зор, карт даракка сүйөй жасалган отургучта жамбаштай жантайып, жерге тигилип, тамеки тартып олтуруптур. Герберт Лоренс келишимдүү жигиттерден эмес эле, анткен менен жагымдуу, билимдүү адам болучу, анан да эркектерде баалана турган эки сапатка — акыл-эси жана адамдарды өзүнө тартып алуу жөндөмүнө ээ болучу. Деймер айым ага күтүлбөгөн жерден бет келип калды, токтоп калууга, же кайра тартууга мүмкүн болбоду. Аны көргөн эркек дароо тура калды, айланада аларды көрүп коёр эч ким жогуна ишенип, аялдын жолун тороду. Аял башын ийе, таазим кылганын билдирип, кыйгач өтө бергиси келди, бирок, ал колдон кармап токтотту:

— Бланш, токтосоң, суранам сенден! Сен мага түшүндүрүп берүүгө тийишсиң. Өтүнөм!

Аял колун чыгарып алууга тырышып:

— Лоренс мырза, мени менен мындай сүйлөшүүгө кандай укугуңуз бар?

— Кандай укукпу, Бланш? Кадимкидей, сени сүйгөн, мени сүйгөн укук, баардык эркектердикиндей.

— Мындан ары сизде андай укук жок. Мен сизге жолугуудан качып жүргөм, муну эң сонун билесиз. Намыстуу адам мындай жол менен айымдын көңүлүн бурууга тийиш эмес.

— Сенин кылган кордугуң мени токтото албайт. Мен үчүн түшүнүксүз жорук-жосунуңдун себебин көп издедим, бирок таппадым. Каттарыма да жооп бербедиң, жолугалы деген өтүнүчүмө кулак какпадың. Эми бизди тагдыр кайра кезиктирди. Демек, сенин жообуңду уккум келет… Сага атайылап жолукканым жок. Кечээки күнгө чейин сенин Англиядан келгениңди дегеле билген эмесмин. А мында келээриңди укканымда, бул жерден тезинен кетип калууга шылтоо издедим. Бирок, болбоду, тагдырдын амири менен биз жүз көрүштүк. Мен баардыгын билгим келет.

— Эмнени? — Аял угулар-угулмаксан шыбырай сүйлөдү.

— Адеп айтсаң, сен эми мени сүйбөй калдыңбы?

Аялдын кубарган жүзүндө анын ар-намысына көлөкө түшкөндөй белги пайда болду. Лоренс аны кармай калууга умтулганда ал жок болуп кетти. Кан-сөлү качып, кубарган эриндери титиреп турду. Муң түнөгөн көздөрүндө мөлтүрөгөн эки тамчы пайда болду.

— Ыйлаба, Бланш, кереги жок, — деди Лоренс эми үнүн жумшак чыгара, аялга аянычтуу карап. — Мен баардыгын түшүндүм, мага жүрөгүң таза экен. Жаныңды сыздата бербе, анын кереги жок. Бирок, айтсаң, ошондой болгон соң мени эмне үчүн таштап кеттиң? Коштошпой, бир сап жазып койбой эмне үчүн Англиядан кетип калдың? Ошондон бери мени менен эмне үчүн кабарлашкың келген жок?

— Мүмкүнчүлүгүм болгон жок, — деди аял дирилдеген үн менен. — Оо, сен эч нерсе билбейсиң, анда мен кандай азапка кабылганымды эч качан түшүнө албайсың.

— Бул жооп эмес, Бланш, — деди Лоренс эми катуулай, — мен жооп алышым керек. Күтүлбөгөн жерден биздин мамилебиздин үзүлүшүнүн себебин билишим керек. Сени кандай сүйгөнүмдү өзүң жакшы билчүсүң. Анан бизди эмне ажыраштырды? Коркунчпу, кайдыгерликпи же өкүнүчпү?

— Анын себеби… — ал жай, акырын сүйлөп келатып токтоп калды, анан капыстан чечкиндүү түрдө шарт сурады:

— Эмне болгонун сен чын эле билгиң келеби?

— Ооба, экөөбүздү эмне ажыратканын билгим келет, — деди, эми ал аялга өктөм сүйлөдү. Эмнеси болсо да биздин ажырашуу сени бактысыздыкка жеткиргенин түрүңдөн көрүп турам. Аябай өзгөрүпсүң. Баары бир сени бактылуу кыла алмакмын деген пикирдемин. Мен ашкере бактылуу элем, баардык нерсе ушундан башталды, — деди ал. — Эгерде билгиң келсе, жүрү, көрсөтөйүн.

— Кайда? Бүгүнбү?

— Ооба, азыр. Эртең кеч.

Аял тез бурулду да, үй тарапка чечкиндүү жөнөдү. Жүрөгү дүкүлдөп, бирок, денесин шалдыраткан алсыздык эми жок эле. Эмне үчүн экенин ачык билбесе да, Герберт аялдын артынан басты.

Алар үйгө киришти, кенен тепкич менен жогору чыгып, Бланштын бөлмөсүнүн эшигине келишти. Бланш эшик алдына токтоду да, тигил келатабы, жокпу билгиси келгендей артына кылчая карады. Лоренс бир нече кадам артта, тепкичте турган.

— Кире бер, — деди шыбырай карап, эшикти кенен ачып, — коркпо, бул жерде экөөбүздү ажыраштырган себептен башка, эч нерсе жок.

Эшикти эптеп ачып, Деймер айым толкунданганынан калтырап, ичкери кирди да, темир менен капталган чакан сандыктын жанына чөк түшө олтурду. Сандык кулпу менен бекилген. Көйнөгүнүн жакасын ачты да, көкүрөгүнөн ачкыч алып, сандыктын оор капкагын ачты. Анда кийимдер бар экен, аларды четке алып чыга баштады. Анан аркасында турган эркекке кылчая карап, сандыкка карашын өтүндү.

Лоренс мырза иштин жагдайын такыр түшүнбөсө да, жакын келип, сандыкка үңүлдү. Андагы нерсени көрөр замат селт этип, кыйкырып жиберди, колу менен көздөрүн баса калды. Анан колдорун акырын тартып алып, сандыктын жанында чөгөлөп олтурган аялдын муңайым, ошондой эле чын ниети менен караган көздөрүн көрдү.

Бир нече мүнөткө бирин-бири карап, тунжурап турушту. Анан Деймер айым Лоренстен бурулуп кетти да, кийимдерди кайра чамаданга сала баштады. Оор капкакты каңк эттире жапты да, кулпулап, ачкычын төшүнө бекитти. Салмак менен ордунан туруп, мелтиреген бойдон сырт жакка бурулду.

Бирок, Лоренс кайрадан токтотту. Бул жолу үнү такыр өзгөрүп, калтыраган, каргылданган үнү менен сурады:

— Бланш! Айтсаң, бул чынбы?

— Кудай акы, бул чын.

— Биздин ажырашуубузга себепчи болгон ушул элеби, жападан жалгыз себеп ушулбу?

— Бул эмне, аздык кылабы? Мен күнөө кылдым, ошондон бери түш көргөндөй жашадым. А эсиме келген кезде эмне кылганымды түшүнүп, жан тынчттыгымды жоготтум. Оо, ал эмне деген тозок экенин билген болсоң! Анын эмне экенин сага кезиккенге чейин билчү эмесмин. Ошондо биз ажырашпаганыбызда, мен чын эле, тозокко түшмөкмүн. Мына, билгиң келсе, болгон чындык. Ишенсең, койсоң өзүң бил. Бирок, биздин ортобуздагы мамиле бүттү. Суранам, мени коё бер.

— Бирок, бул… бул… чамадан, Бланш!.. — Герберт Лоренс аптыга кыйкырып жиберди, үй ичи кыйла муздак болсо да, чекеси тердей түштү. — Кырсык болгону деги чынбы? Ага сен айыптуу эмессиң да, туурабы?

Аял аны теше карады, көзүндө каар менен жек көрүү аралаша түштү.

— Айыптуу дейсиңби? Менби? Эмнени айтып атасың? — деди ар бир сөзүн басым менен айтып. — Ооба, мен делбе болгом, бирок, сен ойлогон даражада эмес. Ошону кантип ойлодуң?

Көздөрүнө кайрадан жаш тегеренди, бирок, тигинин өзү жөнүндө арам ойлогонуна эмес, чынында эле көз ирмемде өзүн коркунучтуу окуяга кирептер болгондой сезди.

— Бирок, сен аны эмне үчүн өзүң менен алып жүрөсүң, Бланш? Бул жеткен акылсыздык эмеспи. Жүрөк түшүргөн чамаданыңды качантан бери көтөрүп жүрөсүң?

— Эки жылдан ашты, — деди ал коркуу менен шыбырап. — Мен андан кутулууга көп аракеттендим, бирок, болбоду. Ар качандан бир качан кандайдыр бир нерселер тоскоол боло берди, ошентип, мени менен кошо жүрөт. Азыр анын бар-жогунун айрымасы канча? Азаптын салмагына көнүп бүтүм.

— Макул болсоң, мен аны жок кылайын, — деди Лоренс. — Эми экөөбүздүн мамилебиз кандай болгон күндө да, менин кесепетимден улам сени ушунчалык коркунучка кирептер кылгым келбейт. Ансыз деле азапка белчеңден баттың. Оо, ошондо ушул азаптын жүгүн сенин ордуңа мен көтөрсөм кана! Бирок, сен бул жөнүндө мага ооз ачпадың. Болуп өткөн окуянын изин жүрөгүңдөн өчүрө албайм, ага кудуретим жетпейт. Эч болбоду дегенде сени ушул азаптуу жүктөн арылтайын.

Ал сандыкты жерден көтөрүп алмак болгондо, аял жетип келди да:

— Тийбе! — катуу кыйкырып жиберди. — Буга тийчү болбо, ал меники! Дайыма жанымда болот. Менин саналуу гана күндөрүм калды, эми бакыт жөнүндө ойлоо кеч. Өткөн өмүр менен мени байланыштырып турган жападан жалгыз нерседен эч качан ажырабайм!

Ал кара сандыктын үстүнө жыгылып, өксүп ыйлап жиберди.

— Бланш! Сен мурдагыдай эле мени сүйөт экенсиң, — деди Герберт Лоренс толкундана. — Муну мөлтүрөгөн көздөрүң айтып турат. Сага ыраазылыгымды билдиргим келет. Ишенип кой, сени бактылуу кылуу дале менин колумдан келет.

Ал сөзүн айтып бүтө электе Деймер айым ордунан шарт турду да, көзүнө тике карады.

— Ыраазылыгыңды билдириппи! — кайта сурады жек көрө. — Аны кантип билдиргиң келет? Кантип? Менин башымдан өткөн уят менен кордуктун тагын жүрөгүмдөн эч нерсе, эч ким сүртүп кетире албайт, жан дүйнөмдүн жоголгон тынчттыгын эч нерсе кайтара албайт. Чынымды айтсам, азыр сени сүйөрүмдү, же сүйбөсүмдү билбейм. Бул жөнүндө ойлой калганымда башым айланып, жан дүйнөм сыздап, дүрбөлөң менен коркунучка кабылам. Азыр жүрөгүмдө айныксыз бир өкүнүч бар, ал — сени менен көрүшүп, сүйлөшүп олтурганым. Бул каргашалуу кездешүү сага болгон сезимдердин баардыгын ныл баскан жүрөгүмдөн талкалап чыгарды. Эми ал бош. Азыр жанымда сен эмес, ажалдын өзү олтургандай. Жана сени мында жүргөнүңдү көргөнүмдө, башкалардын көңүлүн бурбай, күбүң-шыбың сөздөрдү пайда кылбай дароо кетип калууга шылтоо издедим. Бирок, кетиришпеди. Эгерде сен мени чындап сүйгөн болсоң, жок дегенде азыр аяп койчу, бай болгур. Мен үчүн сен кетип калчы, өтүнөм!

— Бул сенин акыркы айтаарыңбы, Бланш? — Герберт онтогондой кыйналып, араң айтты. — Кийин, мына ушул чамаданың менен жападан жалгыз калганыңда өкүнбөйсүңбү? Ал кезде абдан кеч болуп калат.

Аял терең үшкүрүп, жел ыргап өткөн самби талдай теңселди. Герберт негедир анын ачуусу тарап, жумшарып калгандай сезди.

— Асылым менин, — көмөкөйүнөн шыбырады. Качандыр бир кезде ал ушу аялды жалындап сүйгөн, ошондогу шайкелеңденип, жасаган мамилеси кыйла өзгөрүп кеткенине карабастан сүйгөн. Жүрөгү менен сүйгөн. Оо, ошондо бул аял өзүнчө бир керемет жан эле, баардык тарабы гүлгө оронуп тургандай сезилчү. Эми ал ушул жигит үчүн өзүн курмандыкка чалган бактысыз, оорулуу аял. Ал канчалык катуу, жан кейитерлик сөздөрдү айтып, ажырашып кеткенден кийин тарткан азаптары башынан ашканы менен, өзүнүн бул аял жөнүндө башкача ойлоп жүргөнүнө карабастан, Бланштын сезими биротоло өчө электигине ишенип, ал кайра жанып кетер деген үмүткө жетеленди. Мына ошондуктан аны улам «асылым, жаным» дей берди. Бирок, аял ушул сөздөр менен аны кордоп жаткандай катуу сүйлөдү:

— Лоренс мырза, өткөн ишти кайтарууга болбостугун сизге түшүндүрдүм. Мага ишенген адамдын жүрөгүн сыздатуу үчүн гана эки жылдан ашык убакыт кордук көрүп, кайгы тартып жашады деп ойлоп жатасызбы? Сиздей немени аяган күндө деле эч нерсе чыкмак эмес, күйөөм мени мээрим, сүйүү, көңүл менен курчады. А мен өзүмдү үйгө, үй-бүлөгө бекем чырмалган төрт дубал ичиндеги туткундай сездим. Канчалык жан үрөп, бошонуп чыгууга далбастасам да, кете албадым. — Аял өзүн чырмап турган торду тытып ыргытууга аракеттенген немедей, колдорун туш-тушка сермеп, баса-баса сүйлөдү. — Жок, адедегенде өлүшүм керек. Күйөөмө болгон сый мени ага көрүнбөгөн жип менен байлап койду. Дал ошо нерсе мен үчүн өтө кымбат, — ал эми үнүн акырын чыгарып, шыбырап кирди. — Бу жылдардда сени жоготуп койдум го деген ой менен жашап келдим, өзүмдүн абийирсиздигиме да ээрдимди кесе тиштеп чыдадым. Бирок, күйөөмдүн мага болгон ашкере боорукердигин, жүрөгү менен ишенгендигин сезип жашоо — жан чыдагыс азап. Бул көпкө узарбашы керек. Кудай үчүн, кетип калчы. Менин ажалым чукулдап калды!

— А сандыгың эмне болот? — Герберт ындыны өчө сурады.

— Өзүм бир нерсе кылууга үлгүрөм, — муңкана жооп берди, — эгерде ушунчалык коркуп жатсаң, ачкычты өзүң ал, мындай кулпуну сындыруу кыйын.

Ал төшүнөн жазы, кара тасмага байланган ачкычты алып, Лоренске сунду. Ал дароо алды.

— Муну өзүң менен кошо алып жүрүшүң кооптуу. Мен ишенимдүү жерге катам. Чамаданды да алып кетейин, — деди ал.

— Жок, жок! Тийбе, кереги жок. Сенин катканыңдан не пайда? Жанымда жок болсо, аны таап алышты го деп санаага батып, уктап жатканымда ал жөнүндө кобурап жиберишим мүмкүн. Түнкүсүн да улам туруп, анын жанымда экенин көрүп, анан ишенем. — Эми ал бирөө угуп койбогой эле деген коркунуч менен шыбырап сүйлөй баштады. Көздөрү кандайдыр бир жапайы жаныбардыкындай кызарып, коркунучтуу көрүндү, ал өткөн өмүрү жөнүндө айта баштаганда дайыма ушундай абалга келе турган. — Аны эч нерсе жок кыла албайт. Эгерде сен бир жерге көөмп салсаң, кимдир-бирөө казып, таап алат, сууга чөктүрсөң — калкып чыгат. Анын орду жүрөгүмдүн гана жанында. Ага ошол жер гана коопсуз!

— Бул жеткен акылсыздык, — күбүрөндү Герберт Лоренс. Ооба, анын айтканы туура эле. Деймер айым өзүнүн кара чамаданы менен акылынан айнып калган.

Герберт кайрадан бул аялдын акылсыз иш кылып жатканын түшүндүрүп, анын тартып аткан азабын кандайдыр бир арга таап, жеңилдетүүгө кам көрөрүн айта баштады. Бирок, ушул учурда төмөн жактан шайыр үндөр угулду. Бланштын көздөрү чекчейип, жүзү кубарып кетти. Алардын сыры эми ачыла тургандай сезилди.

— Тез чыгып кет, — деп шыбырады ал, — өтүнөм, тезинен кетип кал. Мен сага баардыгын айтып бердим. Башка айта турган эч нерсе жок.

Герберт Лоренс ордунан атып туруп, коридор менен өз бөлмөсү тарапка чуркады. Сейилден жүзү тотугуп келген Белла колуна болтойгон, сүйкүмдүү наристесин көтөрүп, бөлөсүнүн ал-абалын билүүгө кирди.

II

Белла бөлмөгө киргенде Бланш креслодо жеңи жок чапанын жамынып, креслодо олтурган эле. Эми эле Герберт экөөнүн ортосундагы жагымсыз сөздүн таасиринен ажырай албай, өңү жууган чүпүрөктөй кубарып турган.

— Кымбатым, сен ооруп калган турбайсыңбы, — чебеленип кетти Белла. — Сен эшикке чыктыңбы?

— Аллеяда бир аз басып келгем, эмнегедир абдан үшүп кеттим.

— Сага ошондой сезилсе керек. Бүгүн күн жылуу, муну баары айтышты. Менин балама карап койсоң, татынакай, сүйкүмдүү бала бекен? Ал күнү бою паркта жүрдү. Мен дайыма сенин балалуу болушуңду тилечүмүн, Бланш.

— Чын элеби, алтыным?

— Оо, бала деген кандай ыракат, жыргал экенин балалуу болбой туруп сезүү мүмкүн эмес. Бул үчүн төрөп, эне болуу керек.

— Ооба, ошондой го, — Бланш селт эте түштү да, эч нерседен бейкапар болпойгон балага кайгылуу көз чаптырды. Байкабай сүйлөп, таарынтып алдым деген ойдо, бөлөсүн өбүүгө эңкейди, бирок, Бланш ошол замат терс карап кетти.

«Бул чынында ооруп турса керек», деп ойлоду мээримдүү, кичинекей Белла. Ал бактылуу жубай болуп көрүнгөн бул аялдын кандай сыры, кандай жүрөк оорусу барынан ныпым кабарсыз. «Ал докторго көрүнүшү керек. Бул жөнүндө полковникке сөзсүз айтам» деп ойлоду Белла.

Жарым сааттан кийин полковник экөө келип, докторго көрүнүү керектигин айтышты. Бирок, Деймер айым алардын бекерден бекер кабатырланып, убара болуп жатышканын айтып, докторго көрүнгүсү келбеди.

— Эмесе мындай, кымбатым, — деди полковник, — ыракым этип, айткан сөздү ук. Сени кандай сүйөөрүмдү, ден соолугуңдун начарлап атканына кандай кайгырып атканымды жакшы билесиң. Бөлөң айткандай, доктор Барлоуну чакыртууга макул бол. Сен мага кандай кымбат жан экениңди элестете да албайсың, Бланш. Болбосо, ушундай болор-болбос сунушума каршы болбойт элең. Сүйүктүүм, узакка созулган беш жыл бою асыл аялыма кайрадан жолугууну эңсеп, ар бир күндү санап жүрдүм. Анан келгениме бир ай өтпөй сенин ооруп калышың — мен үчүн чоң кайгы, чыныгы бактысыздык. Суранам, жаным, доктор Барлоуну чакыртууга уруксат бер.

Бирок, Бланш доктор чакырууга шашылбай турушун сурады. Ал паркта сейилдеп жүрүп, жөн гана үшүп калганын, саякаттан келгенден кийинки алсыроо тарап кеткенин, Гаврадан Фолькстоунга бараткан жолдо суукка урунуп алганын, бул болгону арзыбаган гана алсыроо экенин, бул үчүн доктор чакыруунун зарылдыгы жок экенин айтты. Эгерде кийинки күнү жакшы болуп кете албаса, анда макул болорун билдирди.

Ушундан кийин ал өзүн-өзү зордоп, ордунан турду, кечки тамакка барууга кийине баштады. Кечке чейин ал көңүлү жай, тың-тарс жүргөндөй сезилди. Лоренс жана башка меймандар менен сүйлөштү. Мольтон-Чейстеги адамдар менен кошо туруп, өз бөлмөсүнө бет алды, бөлөсү ага бейпил түн каалап, көз көрүнө жакшы болуп кеткенине кубанып, куттуктады.

— Бөлөңдүн эмне болуп жатканына такыр түшүнө албадым, Белла, — деди Гарри Клейтон өз бөлмөсүнө баратканда. — Баягы шайырдыгынын изи да жок, башка бирөөнө алмаштырып койгондой.

— Ооба, чын эле абдан өзгөрүлүп кетиптир, — деди Белла, — ооруп жүрөт ко дейм. Жаны кыйналбаса көңүлү чөкпөйт эле.

— Балким, аны башка бир нерсе кыйнап жүргөндүр? – деди күйөөсү бир азга унчукпай туруп.

— Кыйнап дейсиңби? — Белла төшөгүнөн башын көтөрдү, таң калып да кетти. — Кайдагы жок нерсени айтасың. Ал эмне болушу мүмкүн? Бланш каалаган нерсенин баардыгы бар. Анын үстүнө полковник Деймерден башка идеалдуу күйөөнүн жок экенине ишенем. Ал ушунчалык берилип сүйөт. Бүгүн аны менен көп сүйлөштүм, аялы үчүн абдан кабатыр. Анан кыйнап жатат дейсиң! Мындай ой сага кайдан келди, Гарри?

— Өзүм да билбейм, — бир чоң жаңылыштык кетиргендей, күйөөсү ийнин куушуруп койду.

— Менин карыган эссизим, — деди аялы жылмайып, бетинен өөп, анан тынч уйкуга кетмекке, жаздыкка баш койду.

Бирок, бул түнү аларга тынч уйку буйрубады. Таңкы саарда алар жаткан бөлмөнүн эшиги катуу кагылып, уйкуларын бузуп жиберди.

— Кириңиз! — деп кыйкырды Клейтон мырза, бирок, эшик кайра катуу кагылды.

— Бул ким болду экен, Гарри? Туруп, карачы, — деди Белла.

Аялын сүйгөн эр катары, Гарри дароо туруп эшикти ачты. Эшик алдында халатчан полковник Деймер турган экен. Таң шооласы эми агара баштаганда анын карааны сырдуу, чындыкка коошпой тургансыды.

— Сиздин жубайыңыз менен сүйлөшсөм болобу, — деди полковник үзүл-кесил сүйлөп.

— Албетте, — деди Гарри, бирок мынчалык эрте эмне үчүн сүйлөшүү керектигине таң калды.

— Анда тезинен Бланштын бөлмөсүнө барсынчы. Ал абдан жаман болуп жатат, — деп билдирди полковник калтыраган үнү менен.

— Жаман болуп дейсизби! — кыйкырып жиберди Бланш керебетинен секирип, халатын жамынды. — Жаман болгону эмнеси, эмнени айтып жатасыз, полковник? Качантан бери?

— Билбейм, — деди ал толкундана. — Ал уктап калгандай болгон, бирок, бир аздан кийин төшөгүндө чабалактай баштады, бир нерселерди тынымсыз сүйлөй берди. Бир аз сеп алганда көзүм илинип кетиптир. Капысынан ойгонсом, жанымда жок, шам жагып, издеп жөнөдүм. Ал төмөнкү тепкичтин алдында жатыптыр.

— Эсинен танып калыптырбы? — деп сурады Белла.

— Билбейм, эсинен тандыбы, же мээсине кан таамп кеттиби, белгисиз, — деп жооп берди полковник, — экинчиси болуп кеттиби деп корком. Аны көтөрүп келип, өзүнө келип калар деп, кандайдыр бир дарыларды бердим. Сиздерди ойготкум келген жок… мен…

— Эмне үчүн ойготподуңуз, полковник? Мындай учурда кайдагы адептүүлүк? — айтып келаткан сөзүн бөлүп жиберди кожойке.

— Жакшы болуп калабы дедим. Бирок, азыр кайра эсин жоготту, кыймылдоого да шайманы жок. Эти от менен жалын, тамыры лакылдап согуп жатат. Менимче, абалы кыйын.

— Гарри, кымбатым, доктор Барлоуну токтоосуз алдыр, — деп суранды Белла күйөөсүнөн. — Жүрүңүз, полковник. Аны бир мүнөт да жалгыз калтырууга болбойт.

Алар коридор менен шашылыш өтүп, Бланштын бөлмөсүнө жөнөштү. Лоренс мырзанын бөлмөсүнүн жанынан өтүп баратышканда эшик ачылып, ал кожойкеден киркирей сурады:

— Эмне болду, Клейтон айым? Бир сааттан бери үйдө кандайдыр бир дүрбөлөң го?

— Бөлөм кыйналып атат, Лоренс мырза, доктор чакырттык. Азыр ага баратам.

Эшик акырын жабылды, ушул учурда Белла оор онтогон үндү уккандай болду.

Бланш төшөгүндө жатыптыр. Эти ысып, жүзү албырат. Чүңүрөйгөн көздөрү алаңдап, бир нерседен коркуп жаткандай.

— Бланш, кымбатым, — аны көрөр замат кыйкырып жиберди Белла, — сага эмне болду?

— Эч нерсе, жөн гана аны алып кеткендей сезип кеттим, — деди ал энтигип, ый аралаш. – Бирок, жаңылыпмын… Жок, али убакыт боло элек, демек, ал аны алууга тийиш эмес. Аз калды… Ачкыч анда…

— Жөөлүп атат, — деди Белланын аркасынан ээрчий кирген полковник.

— Бул эмнеси, полковник, — Белла ыйлап жиберди. — Байкушум ай, кыйналып жатат, коркуп атам. Балким, ал жыгылып, башы менен тийгендир? Эмнеге төмөн түшүп, тепкичке барды, сиз билбейсизби?

— Жок, ошого акылым жетпей атат.

Ачык турган терезеден таңдын агыш жарыгы агылып кирип, бөлмөдөгү караңгылыкты сүрүп баратты. Төшөктө жаткан аял даана көрүндү. Анын жүзүнө үңүлө караган Белла ушул түйшүктүү бир түн ичинде ушунчалык азап тартып, карый түшкөнүн сезди.

— Индиядан кайтып келгенден кийин, аялымдын уйку-соо арасында туруп басып, сүйлөнгөнүн байкадым. Түндөгүдөй эле бир нече жолу жанымдан туруп кетип, бөлмөдө басып жүргөнүн көрдүм. Анда да уйку-соонун арасында эле. Мурда эч убакта антчү эмес. Түндө аны коридордон тапканымда, мында эмне үчүн келгенин сурадым. Ал: «Ачкыч» деди. Көтөрүп келип керебетине жаткырдым. Демейде анын столунда байлануу топ ачкыч жатчу эле, ал ордунда экен. Ачкыч тууралуу эмне үчүн айтканын түшүнө алганым жок. Доктор Барлоу тезирээк келсе экен. Мен абдан кабатырланып жатам.

Чынында эле ал аялынын ушундай абалга келип калганына абдан кабатыр болуп жатты. Бечара кичинекей Белла болгону анын колун кыса кармап, жакшылыктан үмүт үзбөй турушун суранып олтурду. Бланш болсо бийик жаздыкта үн-сөзсүз  мелтиреп, бет алдынан кандайдыр бир туңгуюкка тигилип жатты.

Доктор келери менен оорулууну кароого киришти. Анан дароо аялдын нервине зак келтирер оор окуяга кабылганын билдирди. Кечээ ал кандайдыр бир жаман нерсеге кабылган, кабылбаганын билүүгө кызыкты. Доктордун суроолоруна жооп берип жаткан полковник Деймер, андай ызы-чуу, ошого окшогон нерсенин дегеле болбогонун айтты. Ошондой эле анын Индиядан кайтып келгенине бир ай гана  болгонун, ошондон бери аялынын алы куруп жүргөнүн, бирок, оорубаганын, келгенден бери жанынан жарым карыш алыс кетпегенин, колунан келишинче каралашып атканын айтып өттү. Үч күн мурда алар Гаврадан Фолькстоунга келишкен. Анда деле Деймер айымдын ден соолугунда эч кандай өзгөрүүлөр болгон эмес. Бир жерим ооруп атат деген сөзүн укпаган. Негизинен аялынын нерви жука экенин, ошондуктан болор-болбос нерсеге деле диртилдеп, маанайы тез-тез өзгөрүлүп, кээде тамакка табити тартпай каларын, бирок, анын ден соолугунан кооптонууга эч кандай себеп болбогонун кошумчалап өттү.

Доктор Барлоу полковниктин айткандарына кыйла шектенүү менен кулак салып олтурду, бирок, аялды ушундай абалга кирептер кылууга эмне түрткү болгонун андан ары сурамжылабады. Өз көңүлүндө ошондой нерсенин болуп өткөнүнө кадиксиз ишенди. Бирок, дал эмне экени белгисиз. Эмнеси болсо да, аялга жардам бериши керек. Ушундай бүтүмгө келген доктор ошол учурда колдонулган дары-дармектерди берип баштады. Бирок, алардын тийгизген пайдасы сезилбеди. Барган сайын аялдын дарты күчөп, абалы оорлой берди. Бланштын ичээр суусу түгөнүп бараткансыды. Күнү бою жасалган аракет майнапсыз болду. Доктордун божомолу да улам суу кечпей калып атты. Акыры боло турган кырсыктын жакындап калганын баардыгы сезип турушту. Аялынын өмүрүнөн корккон полковник Деймер жинди болуп кете жаздады.

— Сактап калыңыз, доктор Барлоу, аялымды сактап калыңыз, — тынымсыз жалына берди. Мындай учурда аргасы кеткен адамдар дарыгерлерди оорулуунун денесиндеги дарт менен гана күрөшпөстөн, оорулуунун жашоосу, өмүрү үчүн да күрөшкөн керемет күчү бар адам катары сезип, андан үмүт кылышат эмеспи. Азыр полковник да ошондой адамдардын бири эле. — Кудай үчүн анын өмүрүн сактап калыңыз! Сиз үчүн колумдан келгендин баардыгын, бүтүндөй баардыгын жасайм, колумдан эмне келсе — аянбайм! Балким, башка докторлорду чакырарбыз? Лондонго телеграфтан кабар жиберсек кантет? Кимдир-бирөө жардам бере алабы? Азыр мунун гана эмес, менин да тагдырым чечилип жатат. Баардык ыйык нерселердин атынан суранам, доктор, айтып гана коюңузчу, эми эмне кылуу керек?

Албетте, доктор Барлоу эгерде бул аракетке канагаттанбаса шаарга телеграф аркылуу байланышып, башка дарыгерлер менен кеңешерин айтты. Бул аял сыяктуу оорулууларды дарылоо менен иштеп жүргөн бир нече доктордун аты-жөнүн айтты. Бирок, алар деле өзү жасаган аракеттен ашыкча эч нерсе жасай албасын, оорулуунун абалы бир нече күндүн ичинде белгилүү болорун да билдирди.

Белла Клейтон меймандарына көңүл бура албады, күнү кечке бөлөсүнүн жанынан чыкпады. Бечара полковник арбак сыяктуу караандап, бөлмө ичинде нары-бери тынымсыз. Улам жакындап, аялынын жүзүнө үңүлүп, жакшы болуп келатканына ишенгиси келет. Ал жатып калгандан бери Жаратканга жалынып, анын өмүрүн тиледи. Ак көңүлдүгүнөн, аялын өзүнө каны-жаны менен берилген жубай деп ишене турган.

Анда-санда Деймер айым эсине келип, оозунан тири укмуш сөздөр чыгып жатты:

— Оо, кудай, мен өлүп баратам! — Ал күңүрт сүйлөдү. — Пирамиданын салмагына басырылып, өлүп баратам… анын жакшылыгынын пирамидасы… Эбегейсиз зор таш сыяктуу, көкүрөгүмдү басып атат… Жымжырт жеменин жүгүнөн демим кыстыгып, тумчугуп барам… Анын эркелеткен сөздөрү, кылган камкордугу, берген жардамы, бурган көңүлү, сылык мамилеси… көтөрө алгыс жүк болуп көкүрөгүмдө жатат! Эки… эки — төрт… Төрт жана дагы төрт сегиз… Ага сегиз кулпу салыш керек… Бирок, баары бир өкүнүчтүн курттары ичтен жеп, өчпөс от мени өрттөп атат…

— Оо, жок, полковник, мынчалык жакын келбеңиз, — кыйкырып жиберди бечара Белла, шордуу киши чүпүрөктөй бозоруп, тынымсыз жөөлүгөн аялынын керебетине жакындап, тыңшаган маалда. — Ал эмне айтканын билбейт, муну эсиңизден чыгарбаңыз. Бул тантырак сөздөргө ишенип, өзүңүздү кыйнабаңыз. Эртең сөзсүз жакшы болуп калат.

— Жакшы болуп кетеринен үмүтүм үзүлүп калды, Клейтон айым, үч күндөн бери эч өзгөрүүсүз жатат.

— Менин сүйүктүүм, — деди оорулуу аял үнүн муңдуу, жароокер чыгарууга аракеттенип, ал экөөнүн ортосундагы сөзгө эч көңүл бурбады. — Эгер качандыр бир кезде мени сүйгөн болсоң, билип кой, мен да сени сүйгөм. Сенин сүйүүңө бир гана өмүрүмдү садага чапкан жокмун.

— Мен жөнүндө айтып атабы, — деп сурады полковник Деймер.

— Ошондой го, — кайгылуу жооп берди Белла.

— Алып таштагылачы аны! Угуп атасыңарбы, алып таштагыла, — күтүлбөгөн жерден ачуу кыйкырды, — Деймер айым. — Мобу сандык… темир менен капталган сандык… Көкүрөгүмдөн басып, жаныма жай бербей атат. Мен эмне  кылдым? Кайда кетейин? Эми аны менен кантип көрүшөм?

— Ал эмнелерди эле айтып атат, — деп сурады полковник калтыраган үнү менен.

— Полковник Деймер, эшикке чыгып турушуңузду суранам, — Белла ыйлап жиберди. — Бул жерде калышыңызга болбойт. Өтүнөм, Бланш экөөбүздү жалгыз калтырыңызчы, ал тынч алганча.

Полковник жаш балача ыйлап, бөлмөдөн чыгып кетти. Белла жөөлүп жаткан аялды тынчтандырууга аракеттенип жатты. Бөлөсүнө жаны ачып, жүрөгү сыгылып чыкты.

— Эгерде ал мени жок дегенде бир чапканда, — Бланш онтоп жатты. — Же кабагын түйүп, же сен калп айтасың десе… мага мынчалык оор болбойт беле… Бирок, ал мени өз мээрими менен өлтүрүп жатат… сандык кайда?.. Аны ачкылачы… Өзү көрсүн… мен өлүмгө даярмын… бирок, унутуп калдым… ачкыч жок… эми эч ким, эчким аны ача албайт… ал меники, меники… Чү! Мен угуп атам… аны угуп атам… мени чакырып атат! Аны ал жакка кантип жалгыз таштадым экен… мени коё бергиле… ага кетишим керек… эч ким мени кармап кала албайт… коё бергиле дейм… мен… аны угуп жатам… жана… эл эмне десе ошо десин, мага баары бир!

Акыры Белла анын жакшы болуп кетет деген үмүтү биротоло үзүлгөн маалда Бланш кирпигин ирмөөгө дарманы калбай, көшүлүп уктап кетти. Бир сааттан кийин жаш толгон көздөрүн бакырайта ачып, өзгөрүлгөн, бирок, ишенимдүү үнү менен сурады:

— Белла, мен оорудумбу? — Жөөлүгөнү бүттү деп ойлоду Белла.

Анын өмүрү да бүтүп баратты.

Эртеси эртең менен келген доктор Барлоу, оорулуу аялдын акыл-сезими калыбына келип калганын көрдү. Бирок, тамырынын кагышы билинбей, денеси муздап бараткан. Доктор карап бүткөндөн кийин сыртка чыкты да, анын досторуна Бланштын өмүрүнүн бүтөөрүнө он эки сааттай убакыт калганын билдирди.

Полковник башына асманы кулагандай, эсеңгирей түштү. Анан эч нерсеге карабай, жаалдана телеграф менен Лондондон докторлорду чакырды, алар Бланшты табытка жаткырган учурда келишти.

Белла доктор Барлоунун айтканын угуп, үнсүз ыйлап жиберди. Мольтон-Чейс сепилиндегилердин баарын зор кайгы каптады. Бланш ооруп калгандан бери меймандарды кароо бечара Гарринин мойнуна жүктөлгөн эле.

Эми Бланштын акыл-эси калыбында. Ал куш уйку салып ойгонду да, кыйлага чейин унчукпай, кыймылсыз жатты. Кирпик ирмөөгө кудурети калбаган. Акыры көздөрү ыйдан шишип, кызарган бөлөсүнөн сурады:

— Белла, чынын айтсаң, мен өлөмбү?

Кибиреген бечара Белла бетке чаба берилген суроого эмне деп жооп берерин билбеди, бир нерселерди күңкүлдөп, көкүрөгүнөн сыгып чыгарууга аракет кылды, бирок, Бланш ошо күңкүлдөктөн туура жооп алгандай болду.

— Мындан ары төшөктөн тура албайт экем да?

— Ошондой го деп корком, кымбатым. Сен такыр алсызсың!

— Ооба, колумду араң кыймылдата алам. Ошентсе да аракет кылышым керек. Бир нерсени жасашым зарыл.

— Аны сенин ордуңа мен жасай аламбы, Бланш?

— Сенби… сен ошону аткарасыңбы, Белла?

— Сен эмне десең, ошонун баарын аткарам, менин алтыным! Айта бер!

— Бул сырды жан кишиге айтпай сактоого убада бере аласыңбы? Бери болчу, көздөрүңө тике карайын. Ооба, демейдегидей  эле көздөрүң чындыктын учкунун чачыратып турат. Андыктан, сага ишенсем болот. Эмесе мындай, менин көзүм жумулуп кеткенче, кара сандыкты бул жерден алып кетишсин, эсиңде болсун, Белла, мен өлгөнчө дедим. Өзүңдүн кийим-кече койгон бөлмөңө алып бардыр.

— Кайсы сандыкты айтасың, кымбатым? Кийим салынган сандыгыңдыбы?

— Ооба, ооба, кийим салган сандыкты. Туурасын айтканда… ай, кандай атасаң, ошондой ата. Азыр дароо жеткирт. Анан бир жанга ооз аччу болбо. А мен өлгөндө мени менен кошо көмүшсүн. Мен үчүн ушуну жасай аласыңбы?

— А полковник Деймерчи?

— Белла, эгерде ага, же башка бирөөнө сөз айтсаң, билип кой: мен аркы дүйнөдөн да кечирбейм! — Ажал оозунда турган аял керебеттен баш көтөрө, толкундана кыйкырып жиберди. — Ай, мен өлүп баратам… Эх, эмне үчүн ушул кезге чейин создум экен, мурда эле бүтүрүп койсом болбойт беле? Эми тынч жатып да өлө албайм…

— Макул, макул, кымбатым Бланш, айткандын баарын сөзсүз аткарам, мага толугу менен ишен, — Белла анын абалын көрүп, убада берди. — Менден башка бир жан билбейт. Мына азыр алдыртам. Суранам, эч нерседен кам санаба.

— Ооба, дароо жеткирт, азыр эле! Шашуу керек! — Сөзүн айтып бүтүп, жаздыкка шалак этти. Белла кызматчыны чакырды. Темир менен капталган кара сандык анын бөлмөсүнө жеткирилип, катылды. Бланштын жылуу эле жаны жатты. Бөлөсү Бланштын күйөөсүн чакырып келейин дегенине болбоду.

— Менин ага айтаар сөзүм жок… Жүрөгүн ооруткандан башка эмне кыла алмак элем. — Ал шыбырап сүйлөдү. — Менин ичээр суум түгөндү, Белла, акыркы мүнөттө жанымда сен, жалгыз гана сенин болушуңду каалайм. Ошондо жакшы болот.

Бланштын керээзи аткарылды, түнү бою коридордо өйдө-төмөн басып жүргөн полковник Деймер, аялынын акыркы көз ирмеминде жанында болбой калды. Ал таңкы саарда, күн чыгарда жарык дүйнөдөн өтүп кетти, жанында өзүнө берилген, тепейген бөлөсү гана болду.

Көз жумаар алдында ал акырын шыбырады:

— Белла, ага айтып кой, мен баардыгын кечирдим. Түндө асман ачылып, эки наристе менен Умай эне биз үчүн дуба кылганын көрдүм… Мындан ары күнөөнүн жүгү мени кыйнабайт, менин жан дүйнөм эми тынч, жай.

Тынымдан кийин шаңдана берип:

— Мен асмандагы Атама чыгам… — деп сөз аягына жетпей, көз жумду.

Ак көңүл Белла маркумдун акыркы сөзүн чыпчыргасын коротпой, полковник Деймерга айтып берди.

— Ал үчүн асман ачылганын, анан анын жүрөгүнөн күнөө жүгү арылганын, демек, кечирилгенин сезгенин сизге айтып коюшун суранган. Эх, полковник, ушул жөнүндө ойлонуп көрсөңүз, ошондо көңүлүңүз тынч алат, жубатуу табасыз. Сиз менен жашаганга караганда, Бланш эми бактылуу.

Бирок, бечара полковник кайгынын түпкүрүнө чөгүп кеткендей абалда жүрдү.

Күндүз Лондондон докторлор келишти. Аларды жакшы тосуп, тамак-ашын берип сыйлашты да, кичипейилдик менен кайра узатышты. Рождество майрамына келген меймандар буюм-тайымдарын чогултуп, Мольтон-Чейстен кетүүгө камынышты, анткени, оор жоготуу шайыр-шатман түшүп, шапар тепкенге мүмкүндүк бербейт. Алардын мындай бүтүмүнө ыраазы экенин Гарри аялына айтты.

— Өтө кайгылуу, Белла, майрамдык маанай баары бир бузулду. Албетте, байкуш меймандар муну түшүнүштү. Анын үстүнө алар бизге эч кандай жардам бере алышпайт. Бир жума бою үйдө кайгы-капа өкүм сүрүп, алар калышса да кыйналышмак. Ал эми Лоренс, чынында, бөтөнчө кайгырды, мынчалык жан сыздаткан адамды көрө элек элем. Бечара бөлөң ооруган күндөн тартып, башкача маанайда жүрдү, тамак да ичпеди. Бир тууган карындашындай, болбосо жакшы досундай аза күттү.

— Ал башкалар менен бирге кетет бекен, Гарри?

— Жок, ал мында калып, маркумду жайына коюуга катышып, анан чет өлкөгө кетет. Ал сага чын дилинен көңүл айтат, Белла, муну менин айтып коюшумду өтүндү.

— Ал абдан агедил адам, менин атымдан ыраазылык айтып кой.

III

Бечара Белла Клейтон меймандарга кам көрүү милдетинен бошонуп, өз бөлмөсүндө көз жашын төгүп, кайгыга батып, шолоктоп олтурду. Бөлөсүнүн кара чамаданы боюнча кандай бүтүмгө келерин билбей, башы катты. Ал полковник Деймерге жана өзүнүн күйөөсүнө оозунан бир сөз чыгарбоого Бланшка убада берген. Полковник жеке склепи (өлүк салынган  табыт сакталуучу жер астындагы үй) жок болгондуктан, аялын Мольтон кыштагынын чиркөөсүнө тийешелүү бейиттеги Клейтондор жаткан мүрзөгө коюуну каалады. Бирок, маркумду жердөөгө катышкан адамдардын көзүнчө кара сандыкты жашыруун түрдө аял менен кошо кантип жайгаштырарын сезимтал Белла такыр билбеди. Бирок, тагдыр өзү оор тоскоолдуктан чыгып кетүүгө себепчи болду. Бланш өлгөндөн эки күн өткөндөн кийин Белла жашаган бөлмөнүн эшиги акырын тыкылдады. Ал тыкылдаткан кишинин киришин суранды. Босогодон Лоренс мырза көрүнгөндө таң калды. Ал өзү келип көңүл айтмакчы го деген ойдо болду. Ага ыраазылыгын билдирип:

— Лоренс мырза, сиз тараптан болгон айкөлдүк… — деп баштап келаткан сөзүн аягына чыгарбай, бөлүп кетти:

— Сиздин ыраазылыгыңызга татыксызмын, Клейтон айым. Кыйла маанилүү, бирок, кайгылуу бир иш жөнүндө сүйлөшөйүн деп, сизди издедим. Сиздин бир нече мүнөт убактыңызды алууга болобу?

— Албетте! — Ал ага отургучту көрсөттү.

— Сөз биз жоготкон адам жөнүндө. Чынын айтыңызчы, Клейтон айым, сиз бөлөңүздү жакшы көрчү белеңиз?

— Ооба, болгон жан дилим менен, Лоренс мырза. Биз бала кезден дос болчубуз.

— Анда сизге ишенсем болот экен. Эгерде сиз бөлөңүздүн жаркын элесин сактагыңыз келсе, бир нерсе жасоого тийишсиз. Деймер айымдын буюмдарынын арасында темир менен капталган чакан темир сандык бар. Ал полковник Деймердин колуна тийбеши керек. Сиз аны маркум жаткан бөлмөдөн өз бөлмөңүзгө алпартып коё аласызбы, эгерде мага болгон ишенимиңиз дале болсо, мага бере аласызбы?

— Темир менен капталган чамадан? Сизге берейинби, Лоренс мырза? Бөлөмдүн сырын сиз кайдан билесиз?

— Сыр дейсизби?

— Ооба, бул чамаданды ал өлүм алдында жатканда мага гана тапшырган. Айткандарын суроо-сопкутсуз аткарышым үчүн менден ант алган. Мен эми дал сиз азыр сурап жаткан нерсени жасайм. Ошондуктан чамадан бул жерде.

Белла дубал боорундагы шкафты ачып, Лоренс айткан сандыкты көрсөттү.

— Ооба, ушул сандык, — деди Лоренс. — Сиз муну эмне кылайын деп жатасыз?

— Ал муну өзү менен кошо көмүлүшүн каалаган.

— Азыр анын айтканындай кылууга мүмкүн эмес. Анын ичиндегини алып чыгуу керек.

— Кантип? — Клейтон айым таң кала сурады. — Бекем кулпу бекитилген, а ачкычы жок.

— Ачкыч менде, — деди тигил кайгылуу.

— Сиздеби? Ах, Лоренс мырза, — кожойкенин үнү калтырап кетти, — бул жерде кандайдыр бир жүрөк түшүрөр сыр бар. Эмне болгонун түшүндүрүп коюңузчу, кудай жалгагыр! Бактысыз бөлөмдүн сандыгы менен сиздин кандай байланышыңыз бар? Бланш менен бир гана жолу кезиккен экенсиңер го?

— Ал сизге ошентип айтты беле?

— Жок, мага ошондой сезилген. Сиз аны таанычу белеңиз? Качан, кайдан тааныштыңыздар эле? Эмне үчүн бул жөнүндө мурда айткан жоксуз?

— Эми сизге кандай айтсам? — Лоренс аялдын айыпсыз да, таң калуу да, коркунуч да аралашкан көздөрүн карады. — Сиз ашкере боорукерсиз жана бактылуусуз, Клейтон айым. Андыктан Бланш экөөбүздүн башыбыздан өткөргөн кордуктар, азгырыктар, кайгы менен аяктаган достугубуз жана анын бузулушу жөнүндө сиз элестете да албайсыз. Анын үстүнө ошолорду ичинен түшүнүү сизге өтө кыйын.

— Анын бузулушу дейсизби? Бланш күнөө кылганбы? — Белла Клейтон үрөйү уча кыйкырып жиберди.

— Суранам сизден, Клейтон айым, сөзүмдү бөлбөй угуңузчу, — ал шашкалактап, колдору менен бетин баса калды, — болбосо сизге бул кайгылуу окуяны эч качан айтып бере албайм. Мен бөлөңүз менен көп жылдар мурда эле таанышкам. Полковник менен жашаганына бактысыз экендигин байкаган жок белеңиз?

— Жок, эч качан! — Белла таң кала жооп берди.

— Бланш башка көптөгөн аялдар сыяктуу эле, чындыгында, бактысыз болучу. Анткени, алар өз тагдырларын байлаган эркектердин аларга болгон сезимдери менен табиттери таптакыр башка. Экөөбүз ал Англиядан келгенден кийин жолугуштук… Оо, ал эски окуя, Клейтон айым… Бланшты эс-учумдан тана сүйдүм. Ал эми бири-бирин сүйүшкөн өзүмчүл эркек менен сезимге алдырган аял эмнеге барары белгилүү го. Мен анын турмушун талкаладым, кадыресе айтып жатканымды кечирип коюңуз, бирок, менден көңүлү калган жок, сүйө берди, кечире берди.

— Эх, Бланш! — Белла оор күрсүндү, мандалактай кызарган жүзүн колу менен жапты.

— Айтып бүткүс бактыбыз менен бир нече ай бою ыракатка балкыдык. Анан мага бир ооз сөз айтпай, капысынан үйдөн чыгып кетти, көп узабай континентке жөнөдү. Бул кылыгына таң калып, акыры таарынып да калдым. Парижден табарым менен түшүндүрүп беришин сурадым. Бирок, ал мени менен жолуккусу келбеди. Качан мен жолугууга катуу талап кылганымда баштагыдай эле күтпөгөн жерден ал жактан да кетип калды. Ошондон бери биз кезикпей калганбыз, каттарыма да жооп берген эмес. Ошентип, кокусунан сиздин үйдөн бет келиштик. Бирок, бу жолу да жолугушкусу келбегендиктен, кайрадан суранууга ар-намысым жол бербеди. Өткөн окуяларды жөн гана убактылуу азгырык санап койдум. Экөөбүздүн ошондогу күндөрүбүздү жүрөгүмдөн өчүрүп салууга тырыштым. Бул нерсе жүзөгө ашты деп ойлогом.

— Оо, менин шордуум, шордуум! — боздоп жатты Белла. — Көрсө, ушундан улам баардыгынан көпкө чейин четтеп жүргөн турбайбы. Жалгыздыкка ыктаганы ушундан турбайбы. Көрсө, ал өз өкүнүчүн ажыроо азабы менен жабыркаткан жалгыздык аркылуу жеңилдетүүгө аракет кылган экен да. Бул сырын эч кимге, бир да жанга билдирген эмес. Ал эми, Лоренс мырза, мунун баардыгы кара сандыкка кандай тиешеси бар?

— Мындан бир нече күн мурда ага сиздин сейилбактан жолугуп калдым. Биздин мамилебизди эмне үчүн бузуп, мени эмнеге таштап кеткенин айтып берүүсүн талап кылганымда, ал өз бөлмөсүнө ээрчитип барды. Ушул сандыкты ачып, ичиндегисин көрсөттү.

— Ал эмне экен?.. — Клейтон айым угулар-угулмаксан сурады.

— Өзүңүз көргүңүз келеби? — Лоренс чөнтөгүнөн ачкычты алып атып сурады. — Бланш сыяктуу эле, акыры сизге көрсөтүүгө да акым бар. Бирок, бул сырды сактоо үчүн анын кадыр-баркы, жаркын элеси сизге кымбатпы?

— Ооба, — деди Белла чечкиндүү түрдө.

— Кийинки эки жылда бул сандык менин бечара айымымды баардык жерде коштоп жүрдү, — деди Лоренс кулпуну ачып жатып. – Бул жылдардын ичинде жанга баткан жалгыздыктын азабын тартып, сандыктын сырын сактап, уяттын оор жүгүн көтөрүп жүрүү жумшак мүнөз, өзүн сыймыктуу алып жүргөн аялды өлүмгө түрттү. Аны өкүнүч өлтүрдү. Эгерде коркунучтан жүрөгүм жарылып кетпейт десеңиз, сандыктын ичиндегини көрүңүз. Мында тизелеп отуруп, сиз экөөбүз көргөн нерсе мени кандай сезимге дуушар кылып жатканын түшүнүүгө аракет кылыңыз.

Герберт Лоренс сандыктын капкагын ачып, үстүндөгү чүпүрөктү мындай жылдырды. Клейтон айым ылдый эңкейип, жука кездеменин үстүндөгү кургап калган гүлдөрдүн арасында жаткан кичинекей наристенин сөөгүн көрдү.

Белла ээ-жаа бербей куюлуп кеткен көз жаштарын сүртүү үчүн, колдору менен бетин жапты. Боздоп атып, онтолой сүйлөдү:

— Оо, менин шордуу, байкуш Бланшым! Кандай гана азапты тарткансың! Жаткан жерин жай кыл, Жараткан, жанын жай алдыр!

— Оомийин! — деди Герберт Лоренс.

— Бул сандыкты алып кетсем болобу, Клейтон айым, — акырын сурады ал.

Аял ага карап калды. Көздөрүнөн дале жаш куюлуп жаткан.

— Ооба, ооба, албетте, — деди дароо жооп берип, — ала бериңиз. Кандай кылгыңыз келсе, ошондой кылыңыз, бирок, мындан ары бул жөнүндө кеп козгобоңуз.

Ал кеп козгободу, бир сапар гана кыйытты. Бланштын сөөгүн коюп келген күндүн кечинде Лоренс Клейтон айымга чукул келип, шыбырады:

— Баардыгы ал каалагандай жасалды. — Эмнени айтып жатканын аял дароо түшүндү. Аргасыз катышып калган жашыруун сыр жүрөгүн сыгып жүргөн эле. Андан куткарганына Лоренске ыраазы болду. Ал убада кылгандай, Мольтон-Чейстен чет өлкөгө чыгып кетти.

Белла ошондон кийин Герберт Лоренсти такыр көргөн жок.

Ал эми полковник Деймер, аялын жазатка койгончо, анан андан кийинки бир аз убакытка чейин кайгыга басырылып жүргөнсүдү. Акыры, эл көзүнчө аябай аза кұткөн көптөгөн башка эркектер сыяктуу эле, көңүлүн жубата тарган башка аял таап алды.

Бланш Деймердин өмүр тарыхы жана өлүмү дале унутула элек, бирок, Белла бөлөсү, албетте, өзүнө белгилүү болгон сырды ыйык сактап келет.

Бул көрүнүштү кыйла ойдон чыгарылгандай кабыл алган адамдардын табыларын билем. Бирок, аларга берер бир гана жообум бар: атап айтканда, бул негизги окуянын айланасында болуп жаткан кызык тарых — шордуу Деймер айымдын ала жипти аттап коюп, анан уятынан тарткан азабы, кылган күнөөсүнүн далил затын көп жылдар бою өзү менен жанынан бир мүнөт да алыстатпай алып жүргөндүгү, ошол сыры ачылып калат деп дайыма калтырап жашаганы — ойдон чыгарылбаган факт.

Мен болгону өз укугумдан пайдаланып, жашыруун сырды дагы тереңирээк сактоо үчүн кара чамадандын ичинде катылган нерсенин ачылган шартын, каармандар жүргөн жердин атын, мен баяндаган тарыхка катышкан адамдардын ысымдарын гана өзгөрттүм. Окурманга баян кылган келбеттеги ушул тарых эми эч кимге зыян келтире албайт, менин болгон эмгегимдин үзүрү ушул.

1895.

Которгон Мусакун САТЫБАЛДИЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.