КҮЗ МЕЗГИЛИ. КӨҢҮЛ КҮЗҮ. ӨМҮР КҮЗҮ.
Ноябрь. Кечки күздүн төрүндөбүз,
Негедир маанай бүркөк, көңүлдө күз.
Кааласак, каалабасак кайтарылгыс
Кыш жакын. Жалбырак түс – өмүрдө күз.

Кечки күз кышка өтүп карга айланат,
Көктөм жаз көркү менен жайга барат.
Табигат мезгилдери кезек менен
Тамшантып өз нугунда кайталанат.

Ак тилек, жылуу сөздүн көп үлгүсү,
Ажайып арууланат көңүл күзү.
Аттиң ай, артка жол жок, аргасыздык,
Алдыга кадам шилтейт өмүр күзү.

АЙТПАГЫЛА
Таза сүйүү болбойт деп айтпагыла!

Улуу, ыйык сезимдер коштоосунда,
Уюп калган жүрөктүн толтосунда.
Эбегейсиз керемет бир сүйүү бар,
Эне менен баланын ортосунда.

Аялзаты алсыз деп айтпагыла!

Эмгегине баа берип таң калышкан,
Эч ким билбес сезим бар байланышкан.
Эне болуу бактысын көргөн күнү
Эркектен да күчтүүгө айланышкан.

Алмашкыс эч адам жок деп айтпагыла!

Укмуштуудай соолубас тунук булак,
Урушса да жан дүйнө күлүп турат.
Узап кетээр акыркы деминде да
Уул-кыздарын элжиреп сүйүп турат.

ӨЗҮМДҮ ТАПТЫМ ОКШОЙТ
Мен өзүмө бир суроо берген элем…
«Сен өзүңдү изденип тапчы?” деген.
Табышмакка тагдырды такап коюп,
Жандырмагын жандырбай запкы жегем.

Улуп учкан убакыт чексиздиктен,
Көз жетпеген мунарык мейкиндиктен,
Ички дүйнө үндөрүн тыңшап коюп,
Жалгызданып издедим эркиндиктен.

Тунук болбой акыл-эс аралашып,
Турмуш менен тең акпай чала басып…
Чөгүп жүргөм сезимдер тереңине
Сууруп чыгаар караан жок, каралашып.

Өткөндөн көп, билгенден билбегеним,
Учур чактан негедир издебедим.
Кенен таштап кадамды кыйратчудай,
Келечектен өзүмдү издегенмин.

Багыты жок ойлордон качтым окшойт,
Жан дүйнөнүн жабыгын ачтым окшойт.
Аруу дүйнө сезимин багып жүргөн
Адамдардын ичинен таптым окшойт.

Акыл-эси ашыкча же жетпеген,
Адамдардын ичинен таптым окшойт.

*     *     *

Өткүр жаштык багындык өжөрүңө,
Өткөн мезгил өкчөдү өз күчүндө.
Өзгөчө бир чечимге келиш керек,
Өткөөл мезгил – өмүрдүн өтмүшүндө.

Өтчүү күндөр өзгөрбөс, өтө берет,
Өрүү карай өмүрлөр көчө берет.
«Өгүз өлбө, араба сынба» дебей,
Өчпөй турган көп эмгек өтөө керек.

Эрдигиндей эр жүрөк бабалардын,
Эскерилсин эртеңге кадамдарың.
Эселенген күч-кубат, кайрат менен
Эл-Жериңден эч нерсе аянбагын.

*     *     *

Жаз өмүрлөр жайнашат, көңүл куунак,
Жарык маанай, жадырайт, оюн курат.
Жан киргизет жапжашыл айланага
Жазгы жамгыр, жаштыктай тунук булак.

Жалбырагы күбүлгөн бак-дарактар,
Жаз келгенде кайрадан бүчүр байлайт.
Жарым жашын жашаган күзгү өмүр
Жаш кезиндей кайрадан күйүп жанбайт.

Жаз, жай, күз, кыш өзүндөй болгон жакшы,
Жаштык өмүр көңүлгө толгон жакшы.
Жашап калган өмүргө жанашпастан,
Жарашпайт эч, жолуна койгон жакшы.

*     *     *

Кайдан келдиң, койбопмун ойгондурбай,
Кайгы жедим, койбодуң ойлондурбай.
Кантип жазам ырларды, кантип жазам?
Карап турса жүрөктөр тоңгон муздай.

Көпөстөрдүн эл мүлкүн уурдаганын,
Көрүп турсам, көзгө илбей жыргаганын…
Керемет деп жашоону кантип жазам?
Кембагалдын байкасам ыйлаганын.

Бир тууганы үйүндө ачка калып,
Билим албай, келечек талкаланып.
Балалыктын бактысын кантип жазам?
Балдар жүрсө базарда «барчаланып».

Ата салты – жаштардын багын ачып,
Ата-эне үйлөсө жадырашып.
Аруу, таза сүйүүнү кантип жазам?
Айлар өтпөй жүрүшсө ажырашып.

Кайран ыйман, кайран жер кемип турса,
Карапайым калк баарын сезип турса.
Каршы чыгып эркиме кантип жазам?
Кайдыгерлик жүрөктү эзип турса.

Жандап алдың жан шерик жолдошумдай,
Жазбай койсом эркиме койбочудай.
Унуткарып, көрмөксөн боло албайм го,
Уюп турса жүрөктө коргошундай.

*     *     *

Айлуу түндө көп жолу келип-кеткем,
Айды көргөм булакка чөгүп кеткен.
Арзуум күчөп ажайып кооздугуна
Ай булак деп атыңды коюп кеткем.

Айланайын алтын кез – бала чактан,
Ат үстүндө жайлоого бара жаткам:
Ат суу ичип, жүгөн бош, Ай булактан
А мен түшпөй, үзүп жеп карагаттан…

Булак сымал шыңгыр үн угуп калдым,
Буруп атты, шылтоолоп туруп калдым.
Сууга келген топ кыздар арасынан
Сулуу селки жүрөккө бүлүк салдың.

Көз караштар чагылып, көздөрүңө –
Карагат, ат, мен кошо чөгүп кеттим.
Сезим күчөп, кочуштап карагатты
Сендей көрүп, жебестен, өбүп кеттим.

Балалык эх – мөлтүрөк карагаттай,
Балалык эй – шамдагай, азоо аттай.
Карагат көз, сулуу кыз, ай чырайлуу,
Кайда азыр тунук кез – Ай булактай?

*     *     *

Эх, поэзия…
Унутулган сөздөрдү улуу кылган,
Кургак, жеңил сөздөрдү чулу кылган.
Тамырынан сугарып, жан киргизип,
Жөпжөнөкөй сөздөрдү сулуу кылган.

Эх, поэзия…
Жалганы жок, калпы да жабышпаган,
Жыргалына жан дүйнө багытталган.
Жүрөктөрдөн түбөлүк түнөгүн таап,
Суусап турган сезимди каныктырган.

Эх, поэзия…
Денеси оор, көр турмуш желкелеген,
Дербиш болуп кетсе да темселеген.
Чыдап акын чыгарат чыгармасын,
Жан дүйнөсү жалпынын эркелеген.

Эх, поэзия…
Ак мөңгүдө, аска-зоо, асмандасың,
Ай менен Күн чыкканда, баткандасың.
Кыргыз акын жараткан ыр гана эмес,
Кылымдарды карыткан дастандасың.

КЕЧИККЕН СҮЙҮҮ
Көчүрмөдөй окшошкон күндөр менен,
Көр оокат деп бейкапар жүргөн элем.
Көпчүлүктүн көчүнүн арасында
Көп жылдарды арт жакка сүргөн элем.

Жан дүйнөмдү жашартып кайдан келдиң?
Жандандырып сезимди жардам бердиң.
Жайбаракат жашоомду сонун кылып,
Жаштык кезди эстетип арман бердиң.

Тандадыкбы турмуштун татаал жолун?
Танбай сени сапарлаш барар болдум.
Тайгалактуу тагдырдын сыноосуна
Таштай көрбө, талпынып кадам койдум.

Келечекке керемет үмүт жандың,
Кең дүйнөмү кеңейтип, бүлүк салдың.
Кел эргүүлөр. Кечиккен сүйүүм менин,
Поэзия – мен сени сүйүп калдым!

ӨЗҮМӨ ӨЗҮМДӨН КАЙРЫЛУУ
Жаңыртып жараатымды козгобочу,
Жаңылтып, адаштырып, кордобочу.
Жүрөмүн жылмайыңкы сыр билгизбей,
Жүрөгүм жан кейитип, боздобочу.

Жан дүйнө кыйкырыгын ырдабачы,
Жашоомду татаалдантып, кыйнабачы.
Жайдары ыр жазымыш болуп жүрөм,
Жабыркап, жашың төгүп, ыйлабачы.

Ичиркеп «итчиликтен» соолубачы,
Илешип жаман ойлор тоорубачы.
Изги ой, үмүт байлап басып жүрөм,
Иренжип, ички дүйнөм оорубачы.

Асыл ой, акыл кени оголе көп,
Акындар дербиш өңдүү басып жүрөт.
Жакшырып заманыбыз оңолор деп,
Жазуучу жамаачысын катып жүрөт.

Убакыт учуп жатат зуулдаган,
Улуган кыйкырыгың угулбаган.
Өкүнбө өзүң менен кошо кетсе,
Өзгөрбөй тура берсе ушул заман.

*     *     *

Жүз жылдар, кылымдардын кайгыруусу,
Жүлүндү титиреткен кайгы ушу.
Жүрбөйбүз түбөлүккө, бир күн келет –
Жүрөктүн жүрөктөрдөн айрылуусу.

Татаал жол тайгылуучу, тагдыр ушу,
Талаалайт көз жаштардын агылуусу.
Тамчылар ташты тешип кетсе дагы,
Табылбайт жоготконду бар кылуучу.

Арманда түтөп, боздоп, жалынуусу,
Ансайын күчөп эңсөө, сагынуусу.
Ааламды алты жолу айлансаң да,
Аттиң ай, ар бир пенде багынуучу.

Бүгүн сүй, бүгүн жаша, бүгүн ырда!
Бүгүн күл, бүгүн арна, бүгүн сыйла!
Эртеңдин кепили жок бу жалганда,
Эч кимге катуу айтпа, капа кылба!

*     *     *

Каршылаш жолдор менен баратканбыз,
Капалуу көздөр менен карашканбыз.
Кадимки тааныш эмес адамдардай,
Кайрылгыс эки жакка тарашканбыз.

Каалаган жерге учуп бара албайбыз,
Кайрылган, жараланган канаттарбыз.
Кабылып арманына ак сүйүүнүн
Кайгырып кош жүрөктү канатканбыз.

Бир өмүр арманы бар жараат жанбыз,
Бир укмуш сезимдерди жаратканбыз,
Бир келген махабатты бийик тутуп,
Бир гана сезим менен жанашканбыз.

Эзилип эт жүрөктөр барат жалгыз,
Ээнсиреп ээсин жоктоп калат жалгыз.
Эртерээк сен жаралбай, мен кеч келбей,
Экөөбүз бул жашоодо адашканбыз.

*     *     *

Төрөлүү. Жашоо күрөш. Кайра кайтуу.
Кубаныч. Түрдүү тагдыр. Аягы ачуу.
Ыймандуу, сооп иши көп момундарга
Эх чиркин… Эки дүйнө бирдей таттуу.

Күз мезгил, күүгүм талаш сейил бакты,
Аралап оорулуу жан бара жатты.
Өткөрүп бүт өмүрүн көз алдынан
Колуна кармап күзгү жалбыракты.

Көрсөм дейт, жазда бүчүр байлаганын,
Көктөмдөп, көңүл гүлдөр жайнаганын.
А бирок бүттү, эч ким жардам бербейт,
Арга жок, берейин дейт, колдон келбейт…

*     *     *

Жээгинде тунук дайра Ак-Бууранын
Мажүрүм талдар өсөт ийип шагын.
Кылдарын кытыгылап сезимдердин
Күбөсү сүйүүсүнө далай жандын.

Түн сүйүүм ойгонгон кез үрүл таңдай,
Чок болуп, жалын чачып, күйүп жангам.
Түбөлүк мажүрүм тал салкынында
Түк эстен кетпес аруу сүйүүм калган.

Сезимге келген кезде күүгүм чалган,
Эскерип түн сүйүүмдү бүгүн баргам.
Ак-Буура, мажүрүм тал ошол бойдон
Жарашып жаштар жүрөт үмүт жанган.

Ааламдын кай жеринде жүрсөм дагы
Акыл-эс – Ак-Буурага, Ошко кет дейт.
Башканы тагдыр буйруп сүйсөм дагы
Тун сүйүүм, мажүрүм тал сага жетпейт.

МУГАЛИМДЕР
Билген жашоо тарбиясын аянбадың,
Билим берип, турмушка даярдадың.
Бир өмүрлүк күчүңдү арнадың да,
Бийиктерге учурдуң далайларын.

*     *     *

Өтүп кеткен буюмдун мөөнөтүндөй,
Өзүмдү өзүм сезип сөөлөтүмдөй:
Канчалык кайраттанып чыгынсам да,
Каттарым калды сага жөнөтүлбөй.

Кулпунган кара чачты буурул баскан,
Күлгүн жаш кеткен беле бурулбастан?
Гүлзардан тандап терген жыпар жыттуу
Гүлдесте калды сага сунулбастан.

Сага деп жазган ырлар бири калбай,
Сен баскан кыяларга изи барбай,
Маанисин атайылап буруп койдум,
Мокотуп курчтугунун мизи калбай.

Анткеним: аруу, таза сезимдерди,
Асырап, барктай алчу кезим келди.
Сен таза, мен да таза, сүйүү таза,
Бакыттын туу чокусу дегим келди.

*     *     *

… Ошол дүйнө. Ошол кез. Ошол сезим –
Оттой күйүп, оргуштап өстү эле?
Орун берип ак сүйүү алп сүйүүгө
Ошол бойдон балдарга өттү беле?

Түгөл, аман жүрөлү бүтүн болуп,
Түгөнгөнчө күйөлү түтүн болуп.
Түбөлүккө буюрсун: бир болуунун
Түпкүрүндө топурак күкүм болуп.

*     *     *

Тирүү жан – сезим азгырып,
Тургандай колуң артылып,
Туйлады жүрөк, а бирок,
Түз карай албайм тартынып…

Бакыттын септиң үрөнүн,
Балкыган бойдон жүрөйүн.
Жанданып жалкы сезимдер,
Жашарып калды жүрөгүм.

Керемет жаштык куракты,
Келбеген жакка узаттым!

БИЗ КҮТКӨН ЖАМГЫР
Жазайын дедим, көк асман жыттуу жакшы ырды,
Делебе козгоп, көңүлдү шаттуу жай кылды.
Сен дагы күткөн, мен дагы күткөн, ал күткөн,
Биз гана эмес, Ала-Тоо күткөн жамгырды.

Өпкүлөп беттен, моюндан ылдый салаалап,
Сырт жактан кирип, сезимди кетти аралап.
Табигат жайнап, арылып чаңдан, кирлерден,
Кайгысын алып, жан дүйнө кетти тазалап.

Тамчыга гүлдүн нукура жүзү киринип,
Үмүттөр жанып, сыркоолор көөнү тирилип.
Арзуусу күчтүү – алыстап жүргөн жүрөктөр,
Асманы, жери – калышты баары биригип.

Катылып көз жаш жамгырлар менен жуурулуп,
Серүүндөп сезим, ажайып дүйнө сулуулук.
Көз жаштан кийин бакыттын түстүү боёгу –
Көрк чачып турду Асан да, Үсөн кубулуп.

ТОЙДОН ЧЫККАН ОЙЛОР!
Керек беле алыстан аттанганың,
Келте кийип, артыкча жасанганың?
Улутуңду күнөөлөп «ушундай» деп,
Убактысын өткөрүп баштаганың?

Карыз болуп ичиңден кайнаганың,
Кара “Жиптер”, “Лимузин” жалдаганың?
Карыса да көтөрүп көңүлдөрүн
Кайран атаң-энеңди салбаганың?

Шариаттын жолунда барбаганың,
Шашылганың, жасалма жайнаганың?
Шаанисинде никени кыйбай туруп
Шаан-шөкөттү өткөрүп шаңдаганың?

Кургак каалоо, тилекти арнагандар,
Курук капчык кембагал барбагандар.
Кудалашып серп этип, ысырапкор –
Кудайын да теңине албагандар.

Кайталанма тосттору уурдагандай,
Карыларга көңүлүн бурбагандар.
Тоготпогон сыңары тобо кылбай,
Той бүткөнчө чыдашып турбагандар.

Баш кийимди, чапанды бүктөгөндөр,
Бата кылбай кеткендер, күтпөгөндөр.
Барктуулары алакан жайып турса,
Баштыгына баардыгын жүктөгөндөр.

Калк көзүнө жасалма мактангандар,
Карыз кысып алыска аттанган жар.
Күйбөй оту коломто ажырашса,
Күнөөлөшүп бир-бирин актангандар.

Ата салтын улантып барган жакшы,
Ак батаны татыктуу алган жакшы.
Аш-тойлорду, үйлөнүү үлпөттөрүн
Аксакалдар калыпка салган жакшы.

Эл мүдөөсүн өкүлдөр тапса болмок,
Эң бир сонун мыйзамды жазса болмок.
Өздөрүнөн баштаса үлгү болмок,
Өзгөчө бир коом үчүн күзгү болмок.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.