Эгемен өлкөбүздө эркелеп жашап жатабыз. Көз карандысызбыз. Эң негизгиси өз мамлекетибиз бар. Бул кыргыз элинин бирден бир жетишкендиги, ийгилиги, байлыгы… Арийне мындай бакыт бизге оңой менен келбей, эчен эрлердин башын жеген.

Жазуучу Кушубек Качыбеков аганын калеминен жаралган “Төрөкул Жанузаков …Түркстан жаңырыгы” аттуу тарыхый-даректүү баянын окуп отуруп ушундай ойго келдим. Деги Төрөкул Жанузаков ким болгон? Китептен жооп издеп көрөлүчү.

Атасы Жанузак солто уруусунан чыккан белгилүү манап болгон. Төрөкул бармактайынан тың чыгып, алтыга чыкканда татар молдодон окуп, арап ариби боюнча сабатын жоюп, кийин атасы жалдаган Алексей аттуу мугалимден орус тамгасын үйрөнүп, он бир жашында Меркедеги орус-тузем мектебине кирип, ушул 1904-1909-жылга чейинки төрт жылда орус тили баш болгон жети тилде эркин сүйлөөгө жетишкен. Мындай зиректигинен Түркстан генерал-губернатору Самсоновдун көзүнө урунуп, он  алты жашында анын чакыруусу менен Ташкентке келип, генерал губернатордун тилмечи, жардамчысы жана адьютанты болуп иштеген.

Ага чейин бул кызматка казактын белгилүү инсаны Мустафа Чокоев чакырылып, бирок ал Москвага окууга кетип калган эле. Ушул убакта  Төрөкул  орус адабияты, маданияты менен таанышып, өз алдынча билимин өркүндөтүп, инсан катары жетилген. Орто Азиядагы эң жогорку даражалуу төрөнүн тилмечи жана жардамчысы катары жергиликтүү элде жаралган көп маселелерди чече алган. Төрөкул жаш болсо да ар кандай азгырыктарга алдырбай өз ишин так аткарып, генерал-губернатордун ишеничине кирип, бийлик менен жергиликтүү элдин ортосундагы мамилени бузбоого аракеттенип, көбүнчө карапайым элге жан тартып турган. Мисал келтирсек, ал кезде Таластын жакшы жерлерине жайгашкан келгин орустар жергиликтүү элге ыдык көрсөтүп турган. Бир ирет Жору каймана аттуу Георгий деген орус жеримди тебеледи деген шылтоо менен үч кыргызды атып салганын уккан Төрөкул генерал-губернатордон уруксат алып, орус солдаттар менен барып,   Жоруну жеринде соттоп, аттырып салган.

1916-жылы эл көтөрүлгөндө орустун аскерий күчүн жакшы билген Төрөкул Чүйгө келип элди тынчтандырууга аракет кылат,  бирок аны эч ким укпай койгондо Таласка барып, чочулап турган эл менен орус бийлигинин ортосунда туруп, Чүй менен Көлдөгүдөй козголоңдун алдын алат.

Коммунисттердин ишмерлигинен мурдатан кабардар болуп жүргөндүктөн 1917-жылы Октябрь революциясы жеңгенде дароо большевиктер тарабына өтүп, Орто-Азияда Совет бийлигинин орношуна салым кошот. Жаңы бийлик тарабынан досу Турар Рыскулов Түркстан аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланганда; Төрөкул анын биринчи орун басары болуп дайындалат. Ошондой эле Кытайдан кайткан кыргыздарды жерге жайгаштыруу боюнча өзгөчө комиссиянын башчысы болуп дайындалып Чүйгө келип, жерлерди орус кулактарынан тартып алып, кыргыздарга кайтарат, Кытайдан бери азып-тозуп келген элге мамлекеттик жардамдарды туура бөлүштүрүп, дагы башка жакшы иштерди жасайт. Мындан улам орус кулактарына тымызын жан тарткан  Түркстан Реввоенсовет өкүлү  Дмитрий Фурманов менен пикирлери келишпей, анын бут тосууларына кабылып, “Төрөкул Жанузаков козголоң чыгарганы жатат” деген курулай жалаанын негизинде камалып, үч күндөн кийин Түркстан аткаруу комитетинин төрагасы, казак элинин мамлекеттик ишмери Турар Рыскуловдун буйругу менен бошотулат.

Ошентип иш жүргүзүүгө мүмкүн болбой калганда кыргыз, казак, өзбек сыяктуу элдер өзүбүзчө өлкө болбосок болгудай эмес деген ойго бекийт. Ушундай максат менен 1920-жылы 1-сентябрда Бакуда  Чыгыш элдеринин курултайы белгиленип, Америка, Англия, Франция, Япония, Индия сыяктуу алыскы өлкөлөрдөн көптөгөн делегаттар келип, ага Төрөкул менен кызматтан жакында эле түшкөн Турар Рыскулов катышат. Бирок курултайда Түркстан элдерин боштондукка чыгаруу идеясы айтылбай, коммунисттик курулай чакырыктар гана көтөрүлөт. Бул тууралуу айткысы келген Төрөкулга сөз берилбейт. Мындан соң Сталиндин Турар Рыскулов аркылуу Москвага чакыртуусуна карабай Түркстан мамлекетин куруу максатында Ташкенге кайтат.

Ушундан кийин Заки Валиди сыяктуу заманынын алдыңкы адамдары менен бирге Түркстан мамлекетинин планын түзө баштайт. Бирок алардын бул тилеги билинип калып куугунтук башталат, камалганы калганда  Төрөкул Кыргызстандын түштүгү аркылуу Кытайга качат, бирок басмачылардын колуна түшүп калат. Алардын арасында жүргөндө (туткун катары кармалбайт) корбашыларды талап-тонобоого чакырып, бир туунун алдына биригип, мамлекет куруу асыл тилегин ишке ашырууга аракеттенет. Акыры басмачылыктын табиятын түшүнүп, бул максаты ишке ашпасына көзү жеткенде кайра Советтерге кошулуу менен эл эркиндигине умтулууну туура көрөт. Бирок  ВЧК шовинисттери тарабынан тезинен атылып, алты айдан кийин акталат. Ал ошондо болгону 28 жашта эле.

Төрөкул Жанузаковдун адабий шыгы да болгон. Анын “Орус дыйкандарына кат” деген сыяктуу бирин-экин ырлары сакталып калган. Ошондой эле ал эл чыгармачылыгына жакын болгон. Заки Валиди экөө “Манас” эпосун Радловдукунан башкача которууну пландашкан, бирок саясий шартка байланыштуу ишке ашыра алышпаган. Эл камы менен кылыч мизинде жүрүп, эки жолу үйлөнсө да артына тукум калбаган Төрөкул Жанузаковдун жыйырма сегиз жаштык аз өмүрүн кыскартып жазганыбыз ушул, окурманым.

Чалкеш заманда эл эркиндигин көздөгөн Төрөкул Жанузаковдун өмүр таржымалын ондогон жылдар бою иликтеп, далилдерге таянып, тарыхый даректүү баян жазып, бул инсанды “тирилткен” жазуучу агабыз Кушубек Качыбеков менен маек курдук.

— Кушубек байке, кандай себептерден улам Төрөкул Жанузаковдун тагдырына кызыгып калдыңыз.

— Бала кезимен бери эле китепти көп окуйм. Өзгөчө Кеңеш өкмөтүнө каршы чыккан басмачылар кыймылы тууралуу китептерге бала чакта көп кызыкчумун. Ошондой китептердин бири Д. Фурмановдун “Козголоң” чыгармасы эле. Анда олуя-аталык Жанузак аттуу манаптын уулу Төрөкул ашкере жамандалып, терс каарман катары сүрөттөлгөн. Мен башында аны жөн гана адабий каарман деп ойлогом. Кийин эр жетип эл аралаганымда анын тарыхый инсан экенин, болгондо да Талас жергесинин кулуну экенин билдим. Ал тургай аны көргөн, бүт өмүр баянын билген адамдарга, бир тууган карындашы Жамила Жанузаковага  жолугуп, таржымалын уктум. Кийинки иликтөөлөрүм Төрөкул Жанузаков жөнөкөй инсан болбогонун, кыргыз элинин, дегеле бүткүл түрк элдеринин эркиндиги үчүн күрөшкөнүн тастыктады. Ошондон баштап бул адамга кызыгуум күчөдү, акырындан иликтей бердим. Бул иш Союз убагында башталган, бирок ал кезде Төрөкул Жанузаковдун атын көтөрүп чыгууга саясый шарт жок болчу. Эгемен заман келгенден кийин кыргыздын  өткөн элдик баатырлары жөнүндө китеп жазуу менен алпуруштум. Ошондой эле Төрөкул Жанузаков жөнүндө материалдарды да топтоп жүрдүк.  Анан тарыхчы Кемелбек Кожомкулов менен  таанышып, андан да бир нече маалыматтарды алдым. Ошентип  он жылдан бери чындап киришип,  Бишкек, Алма-Ата, Тараз, Меркедеги  архивдерде бир нече сааттап олтуруп, эл ичинде талбай иликтөө жүргүзүү менен ушул эмгек жаралып отурат.

Башында көркөм чыгарма  катары баштагам, бирок материалдардын көптүгүнөн азырынча ушул тарыхый-даректүү баянды окурманга  жеткирүүнү туура көрдүм.  Анткени Төрөкул Жанузаковдун эл эркиндиги үчүн жалындаган жаш жанын курмандыкка чалганын илимий далилдер менен көрсөтүш керек болчу. Ошондой эле бул китептен фольклор да, лирикалык чегинүүлөр да, архивдик материалдар да орун алып, айрым окурмандар  айткандай “энциклопедиялык” жыйнакка айланды.

Китепте жалпы Түркстан элдеринин 1916-жылдагы саясый  аракеттери, басмачылык кыймылынын оң жана терс жактары,  1930-жылдардагы кулакка тартылгандар  жана башка тарыхта толук ачылбай келген  айрым тарыхый инсандардын  өмүр жолдоруна да кыскача  саресеп салынды.

— Буга чейин эмне үчүн бул адам тууралуу билбей келгенбиз?

— Атылгандан жарым жыл өткөндөн кийин эле акталса да, ушул убакка чейин бул инсан тарых барактарынан өз энчилүү баасын ала элек. Мунун негизги себеби, баягы эле басмачыларга шыбалган кара көөнүн айынан көз жаздымда калтырып келгенбиз. Айрым окумуштуулар жазып эле атышты. Мисалы тарых илимдеринин доктору академик Владимир Плоских,  профессорлор Кушбек Усенбаев, Жеңишбек Жунушалиев жана  Жанузаковдордун жакын тууганы, тарыхчы Кемелбек Кожомкулов,  казак окумуштуулары Мамбет Койгелдинов, Бейбит Койшубаевдер жакшы макалаларды жарыялашкан.

— Казактар демекчи. Алар Жанузаковдун азаматтыгына кандай мамиледе?

— Бизге караганда Төрөкулду казактар жакшы билишет. Алар эбак эле Төрөкулга, дегеле анын заманына туура баасын беришкен. Казактар ошол эле Төрөкулду каматып, Турар Рыскуловдун кызматтан түшүүсүнө салым кошкон Дмитрий Фурмановдун Алма-Атадагы айкелин алдырып, көчөсүнүн атын өзгөртүшкөн. Бизде болсо азыр да “Азаттык” радиосу жайгашкан көчө Фурманов атындагы бойдон. Кыскасы, биз казактарча Төрөкулду баалаган жокпуз. Бул сурооңо туура жооп бериш үчүн казак окумуштуусу Мамбет Койгелдиновдун сөзүн кайталап койсом жетиштүү болот окшойт: “Төрөкул Жанузаковду биз билебиз, орустар, өзбектер, башкырлар, түрктөр билишет, бирок кыргыз эли билбейт”. Ырас эле айрым интеллигент мырзалар, депутаттар деле бул кыргыздын алгачкы мамлекеттик ишмери  жөнүндө кабарсыз экен. Бул биздин өз тарыхыбызга  болгон кайдыгерлигибизби, билбейм.

Баса, Турар Рыскулов менен Төрөкул Жанузаков окуган Казакстандагы Мерке шаарчасындагы орус-тузем мектебинде бир нече ирет болууга туура келди. Алар окуган имараттын курулганына 150 жыл болсо да ошол бойдон сакталыптыр. Өткөн жылы казак туугандар ал мектепти  оңдол-түзөп, Турар Рыскулов атындагы  музейге  айландырышты. Жакында эле  кыргыздын алгачкы чыгаан мамлекеттик ишмерлери Төрөкул Жанузаковдун,  Төрөкул Айтматовдун, Жумагул Алымкуловдун, Турдаалы Токбаевдин сүрөттөрүн, китептерин  ал музейге салтанаттуу тапшырып келдим. Себеби жогорудагы тарыхый инсандарыбыздын алгачкы саясый өмүр жолдору Олуя-Ата (Тараз), Мерке оодандарында башталган.

— Бул тарыхый инсанды жалпы коомчулукка алып чыгып,  тарыхыбыздын кемтик жагын толуктоодо мамлекет тарабынан колдоо керек ко дейм?

— Туура.  Себеби Төрөкул Жанузаковдой өз заманынын чыгаан адамы, ата-мекенинин азаттыгы үчүн күрөшкөн азамат адилеттик үчүн болсо да татыктуу баасын алышы керек. Алма-Аталык окумуштуулар күтүп жатышат, илимий конверенция өткөрөлү деп. Китептин соңунда мен Төрөкул Жанузаковдун ата-бабалары жердеген Панфилов районундагы  Ровная деген айылга Төрөкулдун атын берсек, (Күрпүлдөк айылынын четинде “Төрөкулдун өзөнү” деген да жер бар экен).

— Китебиңиз чыкканына үч-төрт ай болуптур, коомчулук тарабынан кандай кабыл алынды?

— Китеп аз нускада чыккандыктан коомчулукка жетип деле жарыткан жок. Анткен менен кызыккандар көп. Каражат табылса китепке дагы да толуктоолорду кийирип, көп нускада чыгарып, бет ачар аземин өткөрсөк деген тилек бар. Төрөкул Жанузаковдун туугандарына жолугуп муну талкуулаганбыз. Жакында эле Түгөлбай Казаков “Улутман” программасына чыгарды, “Вечерний Бишкек” гезитинин журналисти Тузов бир бет толо макала жарыялады, “Слова Кыргызстана” гезитине К.Кожомкуловдун макаласы чыкты. Бирок кыргыз тилдүү гезиттер унчугуша элек. Т. Жанузаковдун бир тууган жээни  Бахийжа Тургунова жетекчилик кылган “Төрөкул Жанузаков” атындагы фонд түзүлүп, иш алып барууда.

— Китепке толуктоолорду кийребиз дедиңиз. Алар кандай толуктоолор?

— Кечээ эле Бакуда өткөн китеп жармаңкесинен келдим. “Төрөкул Жанузаков… Түркстан жаңырыгы” китебин башка китептер менен бирге ала барып, азербайжандарга көрсөтсөм эмгегимди баалап, Ардак диплом менен сыйлашты. Каарманым 1920-жылы Бакуда өткөн чыгыш элдеринин 1-курултайына катышканын айтсам, бул курултай жөнүндө билишпейт экен, абдан таң калышты. Анан азербайжан окумуштуулары болуп Бакудагы мамлекеттик архивди аңтарып, Төрөкул Жанузаков катышкан курултай жөнүндөгү көптөгөн маалыматтарды алып келдим. Бул биздин мамлекеттик архив үчүн чоң табылга.  Бул иш-чарага чоң жардам берген Кыргыз Республикасынын Китеп палатасынын директору Койчуман Момункуловдун эмгеги зор. Ушул сыяктуу баалуу маалыматтарды китептин экинчи басылышына кийирсем дейм. Эми  Ташкендин, Москванын архивдеринен Төрөкул Жанузаков жөнүндөгү маалыматтарды издеп тапсак жакшы болот эле.

— Кызыктуу маегиңиз үчүн чоң ыракмат.

Маектешкен Кубанычбек АРКАБАЕВ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.