1979-жылкы Нобель сыйлыгынын лауреаты. Анын сүйүү тууралуу акыл-насааттары алдыңызда.

Үй бүлө куруу үчүн сүйүү керек,  аны сактоо үчүн чыдамдуулукту жана кечиримдүүлүктү үйрөнүү зарыл.

♦ ♦ ♦

Жашооңо ким келип кетсе да бактылуу болууга аракет жаса, өсүп-өн.

♦ ♦ ♦

Эң негизги дары – назик сүйүү жана камкордук.

♦ ♦ ♦

Сүй, сүйүү сен үчүн дем алгандай эле табийгый көрүнүш. Эч нерсе талап кылба. Эч нерсе күтпө. Эгерде келсе, ыраазы бол. Келбесе да, жол карап күтпө.

♦ ♦ ♦

Сен тууралуу кимдин эмне сүйлөгөнү маанилүү эмес, жылмаюу менен кабыл ал. Жана өзүңө жаккан ишти уланта бер.

♦ ♦ ♦

Кандай иш жасасаң да сүйүү менен жаса, сүйүүсүз иш жарамсыз.

♦ ♦ ♦

Бакытка жетүүнүн эч кандай ачкычы жок. Анын эшиги дайыма ачык.

♦ ♦ ♦

Жараткан бизге дайыма сыноолорду жөнөтөт: жыгылыш үчүн эмес, сыноодо жашап күчтөнүү үчүн.

♦ ♦ ♦

Кайсы жерде болбо, сүйүүңдү чач, алгач аны өз үйүңдөн башта.

♦ ♦ ♦

Бир адамдан көңүл калса, башканы да ошол адамдай ойлобо. Адамдар ар башка.  Ишенимди өчүрбөстөн сүй.

♦ ♦ ♦

Эгерде бирөөнү күнөөлөсөң, аны сүйүүгө убакыт да таппайсың.

♦ ♦ ♦

Адамдар нанга эмес, сүйүүгө ачка. Эң оор ачкачылык ушул.

♦ ♦ ♦

Дүйнөгө бир жакшылык кылам десең, үйүңө бар да, өз бүлөңдү сүй.

♦ ♦ ♦

Жакшы иш кылуу турмушка оңой, ишке тез ашчудай туюлат. Бирок ал кылымдарды боюна тартат.

♦ ♦ ♦

Мен эч качан согуш кыймылына чыкпаймын. Тынчтык кыймылы уюшулса гана мени чакырыңыз.

Орус тилинен кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.