НОВЕЛЛА

Ал Ай десе Айдай чырайлуу, Күн десе Күндөй сулуу, тагдырдын жазмышы менен төрөлөрдүн тукумунан төрөлө калчу ченде жок, дүйнөдө жок ажарлуу аялдардын бири эле. Жараткан мындан сулуулук дегенде эч нерсени аянган эмес экен. Анын келечегине камдап койгон себи да, үмүтү да жок эле. Анысы аз келгенсип, аны көрүп, жакшылап билип, сүйүп калып, анан өзүнө колукту кылып алганга тектүү жерден күйөө табылышына да мүмкүнчүлүк болбоду. Анан акырында ал элге билим берүү министрлигинде майдараак эле кызматта иштеген атка минерге турмуш курууга макулдугун берди.

Киерге түзүк көйнөгү деле жок, эл катары эле кийинип жүрдү, мындан улам ушундай бактысыз аял экендигине көзү жеткенде күйбөгөн жери күл болчу. Ал өзүн төгүлүп-чачылган бардар жашоого, эң бир сонун кооздуктар үчүн төрөлүп калган өзгөчө, периштедей сулуу пендемин деп эсептечү. Ошого күнүмдүк жашоодо такыр санаадан башы арылчу эмес. Үйдөгү өзүнүн жакыр жашоосун, кунарсыз жылаңач дубалдарды, шалактап калган отургучтарды, өңү өчүп бозоргон пардаларды көргөндө өзүн бир бечара сезип жаны кейип, азапка батчу. Ошол чөлкөмдөгү аялдар муну байкап калышпаса экен дегенде жаны кашайчу.

Алардын анчалык чоң эмес тиричилилигин кылган кичинекей, кызматчы бретонка кыздын бир көрүнүшү анда ачуу өксүктү жана ишке ашпаган кыялды пайда кылды. Анын түшүнө чыгыштан алынып келген кездемелер менен шөкөттөлгөн, эски колодон жасалган бийик шам-чырактар нурун чачып турган бейпил жай, жылуу-жумшак орундуктарда жылыткычтын жан эргиткен жагымдуу табына үргүлөп олтурган жибектен узун байпак кийген келишимдүү  ордо кызматкерлери кирчү. Анын түшүнө кооз калың кездемелер менен жабылган, саат беште жакын дос-жар эркектерди, көз караштары ар бир аялзатына сүйкүмдүү атактуу, мыкты адамдарды кабыл алып сый тамак берилчү кенен конок тосуучу жай кирет эле. Түшүнө жомоктогу ханзаадалар жолугушкан алтын сарай, жомоктогу сулуулар келип, чайынышкан күмүштөй тунук булак кирет эле.

Качан ал үч күндөн бери жуулбаган дасторкон жабылган тегерек столго түштөнүү үчүн күйөөсүнүн кашына олтурган кезде, анысы капустадан жасалган шорпо салынган мискей казанды ачып көрүп: «Ох-хоо, капуста шорпо! Мындан эч өтөөрү жок!.. – деп коюп, тамшанып жеп отура берер эле. Ал эми, ал болсо кооз сыйлуу түшкү тамак, жаркыраган күмүш, байыркынын баатырларынын жана күлгүн түстүү чытырман токойдо сайраган жомоктогу куштардын элеси түшүрүлгөн туш кийиз тууралуу ойлоп алып, кыялга батып олтурчу. Кооз фарфор идиштерге салынган түркүн-түркүн дүйүм даам-татымдар тууралуу, форелдин кыпкызыл этин же илбээсин куштун канатын вилка менен акырын сайып жеп, сырдуу жылмайып, кулакка жагымдуу сөздөрдү тыңдап олтурганды элестетип кыялга батчу.

Анын же бир түзүгүрөк той көйнөгү, же бир баалуу буюмдары, айтор эчтекеси жок эле. Ал эми өзү ушуну гана эңсеп, өзүн ушулар үчүн гана жаралган бир ажарлуу да, сулуу да пендемин деп эсептечү. Ал башкаларга өзгөчө жагып, сулуулугу менен, кылыгы менен баарын азгырган, ошого көпчүлүк үчүн чоң орду бар, башка аялдардын ичин күйгүзгөн ааламда жок сулуу болуп жүргүсү келчү.

Анда-санда ал бир кезде монастрда чогуу тарбияланган курбусуна конокко барганда да ар бир барган сайын кайткан кезде ушунчалык ызадан жапа чегип, экинчи барганым ушул болсун деп келер эле. Кудайдын куттуу күнү ал өзүн байкуш сезип, кайгырып өзүн кыйнап күйүгүп, ушундан улам көз жашын да тыя алчу эмес.

Бир жолу кечинде күйөөсү үйүнө жайдары маанайда келип, ага чоң конверт сунду.

— Ме карма, – деди ал, — бул сага күтүүсүз белек.

Ал дароо конвертти айрый салып, ичиндеги карточканы шашкалактай карай салса, мындай деп жазылыптыр: «Элге билим берүү министри жана Жорж Рампоно айым Сиздерди Луазель мырза менен Луазель айымды 18-февралда дүйшөмбүдө болор кечеге чакырабыз».

Күйөөсү муну алдын-ала билгендей эле кубанычы койнуна батпай сүйүнгөндүн ордуна ал чакыруу катты суз гана үстөл үстүнө таштай салды:

— Мунун мага эмне кереги бар, айтчы?

— Кандайча, сени буга аябай ыраазы болот дегем, жаным. Сен эч жерде деле болбодуң, а бул деген эң сонун учур, эң сонун. Бул чакыруу катын мен араң дегенде албадымбы. Тим эле баары ал жакта болгулары келет десең. А майда-барат адамдарга ким эле чакыруу бергиси келсин. Сен ал жактан жалаң аттуу-баштууларды көрөсүң, жалаң.

Ал күйөөсүнө ушунчалык ачуулуу карап туруп:

— Мага ал жакта суутуп коюптурбу? Кийип барганга түзүк эчтекем жок! – деди үнү калтырап.

Анын башына бул ой келген эмес экен:

— Тиги көйнөкчү, тиги… жанагы сен театрга кийип барчу. Ошол көйнөк эң жакшысы менимче, – деп күңк этти.

Ошол замат аялынын бышактап ыйлаганын көрүп не дешин билбей, күйүтүн ичине басып унчукпай олтуруп калды. Аялынын жаагынан ылдый оозунун чекесин көздөй эки чоң тамчы көз жаш ылдый суюлуп агып жаткан экен. Күйөөсү мукактанып:

— Сага эмне болду? Эмне болуп кетти? – деп сурады.

Аялы өз кайратын жыйып, ызасын ичине басып, жашка жуулган жаактарын аарчый:

— Эчтеке. Болгону менде түзүк көйнөгүм да жок. Ошого баралбайм. Бул чакыруу катыңды ошол аялы түзүгүрөөк кийинген сени менен кошо иштеген бирөөлөргө бер, – деди жайбаракат үн менен.

Айласы куруган күйөөсү эми аны көндүрүүгө өттү:

— Уксаң, Матильда. Деги азыр да, кийин да кийип барганга жарашыктуу көйнөк канча турат өзү?

Ал оюнда мунун чыгашасын эсептеп, муну өлгүдөй үнөмчүл, “нан жебес” күйөөсүнө айтса тигиниси чалкасынан кетип такыр баш тартып салбаш үчүн канча сурашы керектигине саресеп салып бир мүнөттөй унчукпай турду.

Акырында ал:

— Канча экенин так билбейм, бирок, менимче, төрт жүз франк мага жетмек, – деди каканактап.

Муну укканда тигининин өңү аз-аздан кубарып баштады: жайында Нантеранын айланасына дос-жоролору менен ар жекшембиде торгой атууга аңчылык үчүн бир мылтык сатып алсам деп камдап койгон дал ушунча суммадагы акчасы бар эле.

Бирок ал буга макул болду:

— Жакшы. Сага төрт жүз франк берем. Болгону көйнөктүн жасалгалуу, жарашыктуусу болсун.

Кече башталчу күн да жакындап, ал эми Луазель айым көйнөк маселеси чечилгенине карабай, ойго батып тынчсызданып, жанын коёрго жер таппады. Бир жолу кечинде күйөөсү мунусун байкай салып:

— Укчу, эмне болду сага? Сен кызыктай болуп баратасың?

— Мен байкушта бир да түзүк буюм жок, тагынаарга баалуу таштарым да жок, көйнөктү көркүнө чыгарар эчтекем жок. Антип темтейип барганча… барбай эле койгонум артык.

— А сен тирүү гүлдөрдүн өзүн тагып аласың. Кышында бул өтө эле сонун да. Ал эми эки-үч даана розанын гөзөлдөрүн эмне, болгону он франкка сатып алса болот.

Аялы да өзүнүкүн бербей:

— Кой айланайын, кой… Кереги жок… Кычырап кийинип барган бай аялдардын арасында сетердей сербейип турсам, өлүп эле кара жерге кирип кетпейминби.

Бирок ошол маалда күйөөсүнө бир ой кылт этти:

-Ай менин кем акыл катыным десе! Жанагы тууганың Форестье айымга бар да сура, ал тиги баалуу таштарынан сага бере турсун. Ага сен жакын туугансың да.

Аялы сүйүнгөндөн кыйкырып жиберди:

— Туура жаным, туура! Ушул оюма келбептир, тообо.

Кийинки күнү ал тууганы Форестье айымга жөнөп кетти, ал жерде өз арыз-муңун төкпөй чачпай айтып берди.

Ал күзгүлүү эмеректин жанына басып келип, чоң кутуча алып чыкты, аны ачты да Луазель айымга кайрылды:

— Танда, жарыгым.

Алгач ал браслеттерди көрдү, андан соң берметтерди, анан колунан көөрү төгүлгөн венециялык уста жасаган баалуу таш кадалган алтын-крестти көрдү. Ал баалуу буюмдарды күзгүнүн алдында тагынып көрүп, алардан ажырагысы келбей, артка кайтаргысы келбей, ою эки анжы турду да, бирок:

— А сенде мындан башкалары да жок беле? – деп кайта сурады.

— Албетте, бар айланайын, бар. Издеп көр. Сага кайсынысы жагарын биле албайм да.

Бир маалда колуна кара атлас кутучанын ичиндеги укмуштуу брилиант шуру урунду, баш айланткан каалоодон жүрөгү дүк-дүк. Узун жакалуу көйнөгүнө аны тагып жатканда, сезиминде элеп-желеп пайда болду. Анан өзүнө ишенбеген чочулоо менен:

— Мүмкүн мага мына ушуну эле берип турарсын? – деп сурады.

— Албетте, каралдым, бере алам.

Луазель айым анын мойнуна артылып, өпкүлөп-өпкүлөп жиберди да өзүнүн жоктон табыла калган бул байлыгын колуна алып, артка чуркап жөнөдү.

Ошентип кече башталчу күн да келди. Луазель айымга тим эле Кудай бербеспи. Жаркылдап күлүп, ачылып-чачылып, кубанычка мас болуп тим эле ушул кеченин көркү Луазель айым эле шекилдүү. Эркек аттуунун баары аны тиктеп, анын ким экенин тактап сурашып, ага жагынуунун бар айласын көрүштү. Өзгөчө кызматтагы атка минерлер «мен бойдок кезде кайда элең», —  дешип, бир гана аны менен вальс бийлесе, той берип жаткан министрдин өзү «кайгыга салдың агаңды, мен картайган кезде көрүнүп,» —  деп аны кылгыра тиктеп алганга үлгүрдү.

Ал ошондо кумардануу менен, берилүү менен, кубанычтан башы тегеренип, эчтекени ойлонбой, өз сулуулугуна, ийгилигине мас болуп, бакытка балкып, өзүндөгү бүткүл калоосу менен, аялдын жүрөгү үчүн дайыма балдай ширин болгон толук жеңишин майрамдоо менен бийледи дейсиң, тимеле укмуш.

Алар эртең мененки саат төрт дегенде араң таркашты. Күйөөсү түн ортосунан бери ичинде дээрлик эч ким жок бош салондун ичинде аялдары аябай шапар тээп жыргап жаткан башка үч атка минер менен аркы-беркини сүйлөшүп олтурган экен. Ал аялынын үстүнө кадимки ишке салынчу желбегей чоң жоолукту жаба салса бул жаркыраган той көйнөк менен такыр эле коошпой турду. Ал муну сезе койду да, үстүнө сүлкүлдөгөн булгаары кийимдерди оронуп олтурган башка аялдар муну байкабасын үчүн ал жерден тура качкысы келди.

Күйөөсү аны кармап калды:

— Токтосоң, бай болгур. Көчөдө суукка урунасың бекер. Мен ат араба таап келем азыр.

Ал күйөөсүн укпастан тепкич менен төмөн чуркап жөнөдү. Көчөдө жакын арада ат араба жок болуп чыкты, алар жакын арада өтүп бараткан арабакечтерге кол булгап чакырып, ат араба издегенге өтүштү. Алар суукка калчылдап тоңуп, эми эчтекеден үмүтү жок дарыяны көздөй түшүп келишти. Акырында жээк тараптан жол жүрүп бараткан, чак түштө өзүнүн кунарсыз көрүнүшүнөн уялгандай, ошого Парижде түнкүсүн гана көрүнө калчу тамтыгы чыккан арабага туш болушту.

Арабакеч аларды Мучеников көчөсүндөгү үйүнө алып келип таштады да, алар эми үн-сөзсүз үстүгө жөнөштү. Ал үчүн бүгүнкүгө баары бүттү. Ал эми күйөөсү саат ондо министрликте болуп калышы керектигин ойлоп баратты.

Ал үстүндөгү желбегейин чечип, күзгү алдында кычыраган өзүн дагы бир сыйра карагысы келди. Бир маалда кыйкырып жиберди. Мойнундагы брилиант шуру жок!

Чечинип жаткан күйөөсү:

— Сага эмне болду? – деп сурады.

— Менде… менин… Менин Форестье айым берген шурум жок.

Күйөөсү алактап ордунан атып турду:

— Кандайча?!. Эмне? Мүмкүн эмес андай болушу!

Алар кийимдер турчу жабанды, чоң жоолуктар турчу жабанды, чөнтөктөрдү, бүт ааламды карап чыгышты, чындап эле жок эчтеке.

— Эсиңдеби, биз кечеден чыгып баратканда ал сенде бар болчу ээ? – деди күйөөсү.

— Ооба, аны министерстводогу вестюблда кармалап көргөм, ошондо бар болчу.

— Бирок сен аны көчөдө жоготуп жиберсең, анда биз анын жерге түшкөн үнүн угат элек. Демек, ал арабада калып кеткен.

— Ооба. Бир болсо ошондой. Сен номерин жаттап калдың беле?

— Жок, кайдан. А сен караган жок белең?

— Жок.

Алар бири-бирин өлгүдөй кайгырып узакка карап турушту да, анан күйөөсү кийине баштады.

— Кеттим, – деди, — шуру табылабы, жокпу  — биз жөө баскан жолдорду карап келейин.

Ошентти да күйөөсү чыгып кетти. Ал үстүндөгү той көйнөгүн чечпей, жарыкты да күйгүзбөй, жатканга алы жок, бир ордунда өлүктөй селейип катып калды.

Күйөөсү эрте менен саат жетиде кайтып келди. Эчтеке таба албаптыр.

Андан кийин күйөөсү полициянын кабылдамасында жоголду деп жарыя берип, ар кайсы газеталардын редакцияларында, араба токтоочу жайларда, бир сөз менен айтканда, үмүт кайда жетелесе ошол жактарды бүт кыдырып келди.

Күйөөсүн ошол күнү өз башына келген тарткылыктан башы карайлап эртеден кечке күттү. Күйөөсү кечинде өңдөн азып кубарып кайтып келди. Ага эч кандай илинчек табылбаптыр.

— Эми ал тууганыңа бул тууралуу шурунун илгичин сындырып алып, оңдогонго бердим деп, жаныңды жеп жазып жибер, — деди күйөөсү – муну менен кайтарганга убакыттан аз да болсо утабыз.

Ал күйөөсү эмне десе ошондой деп кат жазды.

Жуманын аягында алардын болгон үмүтү өчтү, бул тарткылыктан беш жылга картая түшкөн ал:

— Мунун ордун эми толуктабасак болбойт, — деп чечти.

Кийинки күнү кутучаны алып, андагы ысым үйдүн чатырына жазылган асем буюмдар сатылчу дүкөнгө келишти. Ал жерде сатуучу китептерди үңүлө карап:

— Бул шуру менден алынган эмес экен, улуу урматтуулар. Менден кутучанын өзүн гана сатып алып кетишкени жазылып турат.

Тарткылыктан карбаластаган экөө эми андай болгон соң, шурунун кандай көрүнүштө экенин эстешип, бири-бири менен акылдашып, асем буюмдар сатылган дүкөндөрдү түрө кыдырышты.

Пале-Рояль дүкөнүндө гана алар издеген шуруга дал өзүндөй окшош шуру көздөрүнө урунду. Баасы кырк миң франк болуп чыкты. Сатуучу аны отуз алты миң франкка түшүрүп берди.

Алар дүкөндөн бул шуруну үч күн сатпай турушун суранып, эгерде жоголгон шуру февралдын аягына чейин табылып калса, анда бул шуруну артка отуз төрт миң франкка кайтарып алуу шартын коюшту.

Күйөөсүндө атасынан мураска калган он сегиз миң франк акча бар эле. Калганын ал карызга алып турууну чечти.

Ошентип тигинден миң франк, мындан беш жүз, андан жүз франк, аркыдан элүү франк сурап карыз алганга өттү. Үстөккө акча берген адам аттуунун баары менен таанышып, түбүнө жете турган карыздарды өз моюнуна алып, ишеним каттарды жазып берди. Ал келечекте бул балээден чыгып кетишине көзү жетпесе да, алдыда болор бардык азап-тозокторго кайыл болуп, олчойгон карыз акчаларга кол коюп, өзүн өмүр бою кулчулукка түрттү. Ошентип отуз алты миң франкты топтогон соң, жаңы шуруну алуу үчүн дүкөнгө барып, бул суммадагы акчаны сатуучунун алдына сунду.

Луазель айым шуруну Форестье айымга алып барып берген кезде, ал кабагын чытып, тыржыйган түрдө:

— Эмнеге мынча маалкатып жүрдүң? Бул мага деле керек болуп калат да,  — деп койду.

Луазель айым ал кутучаны ачып карап жибереби деп ушунчалык коркту эле, Кудай жалгап тиги кутучанын ичин караган да жок. Эгер алмаштырып келгени билинип калса, тиги эмне деп ойлоп, эмне деп айтмак?

Мүмкүн аны ууруга чыгармак.

——    ——    ———      ——     ——    ———     ——-  ——

Луазель айым кембагал дегениңдин иттей катаал турмушун жакшы билчү. Башка түшсө байтал жорго деп, эми ал өз тагдырына моюн сунду. Бул карызды эми төлөп гана кутулуу керек. Карыз да төлөнөт. Чыгашаны бүт эсептеп, батирди да алмаштырып, тамдын чатырындагы мансардга көчүп киришти.

Ал үйдүн, ашкананын түгөнбөгөн түмөн түйшүгүн эми түшүндү. Кызылга боёлгон тырмактарын сындырып майлуу казан-аяктын түбүн жууду, идиш жууду, баарын жууду. Кир жууду, көйнөк жууду, сүлгү жууду, жипке жуулган кирлерди жайды. Көчө тазалап, суу ташып, чарчаганда ар аянтчада өпкөсүн басып олтуруп калчу. Карапайым элдин аялдарындай эле кийинип, баштыкты колуна кармап алып, жайма базарларда токоч сатып, эт сатып, жашылча сатып, базардагылар менен ажылдап урушуп, ар бир тыйын үчүн күрөшүп жүрдү.

Ар бир айда карызын бир бөлүгүн төлөсө, кийинкисин жаңыртып, үчүнчүсүн коюп берип туруусун сурап турушу крек эле. Күйөөсү бир коммерсанттын чөнтөгүн байытып кечиндеси иштесе, кээде түнү бою ар бир барагын беш тыйындан баалап алып, кол жазмаларды жазып чыкчу.

Мындай турмуш он жылга созулду. Он жылдан соң карыз толугу менен жабылды, толугу менен, ал тургай чөнтөктү кагып алчу өсүмдүн топтолгон процентинен бери. Мунун айынан Луазель айым бир топ жашка картая түштү. Ал кембагал үй-бүлөнүн аялдары кандай болсо ошондой болуп, талпыйып туурасы чыгып, катуу, корс болуп өзгөрдү. Ал ар тарапка чоюлуп калган юбкасын кийип, шалпылдай басып, кыйкырып сүйлөп, кызарган колдору менен полду ысык суу менен өзү жууп калды. «Күмүш аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт” болуп, анын картая түшкөн жүзүндө качанкы бир кездеги сулуулуктун гана издери калды. Бирок кээде, күйөөсү жумушта кезде,  терезеге олтуруп, ошол кечти, ошол кечени, ага бакыт кушу колуна конгон, ал ошондо ушунчалык сүймөнчүк болгон ошол кезди эстеп калар эле.

Эгерде шуруну жоготуп албаганда не болмок? Ай ким билет, ким билет? Турмуш кандай эки жүздүү, кыйкымчыл! Адамды бар же жок кылыш бир пастык эле иш тура.

Кайсы бир жекшембиде жумалап иштеген түйшүктөн тыным алганы Елисей Талааларына эс алганы чыгып, ал жерде колуна бала жетелеген аялды көрдү. Баам салып караса, аял дагы деле сулуу, жаш, ажарлуу бойдон калган – баягы тууганы Форестье айым экен.

Луазель айым эки анжы эле. Аны менен сүйлөшүү керекпи? Албетте! Азыр эми карызды толугу менен төлөгөндөн кийин, баарын айтып берсе деле болот. Эмнеге болбосун?

Ал ага жакын келди:

— Саламатсыңбы, Жанна?

— Бирок… эжекеси… тааныбадым… Сиз менимче адашып калдыңыз.

— Жок. Бул мен – Матильда Луазель.

Муну укканда тиги тууганы чалкасынан кетти:

— Ай иий ботом…  Матильда байкуш.  Мынча эмне өзгөрүп кеткенсиң!

— Ооба. Экөөбүз акыркы көрүшкөндөн бери башымдан оор мезгил өттү. Көптөгөн азапты көрдүм. Нелерди гана көрбөдүм. Мунун баары сенин айыңдан!

— Менин айымдан?… Кандайча?

— Эсиңдеби, баягы министерстводогу кечеге тагынып барганы сен мага берип турган брилиант шуру?

— Эсимде. А эмне экен?

— Мен аны жоготуп алган элем да!

— Кантип? Сен аны мага кайтарып бербедиң беле.

— Айлам куруганда мен сага дал өзүндөй болгон башка шуру кайтарып бербедимби. Ошонун айынан биз он жыл куурап карыз төлөп жүрдүк. Түшүнөсүңбү, бул бизге кандай оор болду дейсиң, анүстүнө биздин эчтекебиз да жок эле. Эми муну менен бүттү, баары бүттү. Кийинкиси кандай болду, ал жагын айтпай эле коёюн.

Форестье айым каккан казыктай селейип калды.

— Сен ошондо менин шурумдун ордуна башкасын сатып бергенбиз деп айтканы жатасың да, туурабы? Же мен башкача түшүнүп алдымбы?

— Ооба, сен аны аңдабай калгансың ошо кезде. Алар өтө окшош болчу.

Ошентти да ал салтанаттуу түр менен жөн гана жылмайып койду.

Форестье айым толкундануу менен анын колдорун кармай салып:

— И-ий кокуй, Матильда курганым десе. Ал болгону накта эмес жасалма брилиант болчу да! Алардын эң кымбаты беш жүз франк эле турат ашып барса.

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.