Азербайжан адабиятында, өзгөчө поэзия жаатында аттын кашкасындай белгилүү болгон новатор акын Расул Рза 1910-жылы 19-майда Гөйчай шаарында туулган. Жаш акындын алгачкы ырлары 1927-жылдан баштап жергиликтүү гезит-журналдардан жарык көрө баштаган. 1930-жылы Бакуга келип, «Gənc işçi» («Жаш ишчи») деген гезитке жумушка орношкон. Ал эми 1931-жылы анын «Большевиктер жазы» деген ыры «İnqilab və mədəniyyət» «Революция жана маданият» деген журналга чыгат да, 21 жаштагы акынды бүткүл өлкөгө таанымал кылган.

Ошол жылдардагы Расул Рзанын ырлары Азербайжанда болуп жаткан окуялардын, көрүнүштөрдүн күзгүсү катары баарын чагылдырып турган. Ошол 30-жылдардагы совет элинин башка акындарындай эле жаш Расул Рза да Октябрь революциясынын натыйжасында курулган жаңы совет мамлекети адилеттүүлүктүн, боорукерликтин, тең укуктуулуктун жана бир туугандыктын негизинде бакубат келечекти курарына чын жүрөгү менен ишенген.

Расул Рза өзүнүн алгачкы ырларынан баштап мезгилдин талабына ылайык өз жолун, өз поэтикалык багытын табууга аракет кылган. Чыгармачыл багыттагы  тынымсыз изденүүсү анын поэтикалык жаатта эркин ыр формасын, жаңы ритмикалык ыргактарды жаратууга түрткү берген. Ал ыр саптарынын ыргактары менен тажрыйба жүргүзүүдөн эч качан корккон эмес. Тапталбаган, чыйыр салынбаган жолду тандоо менен гана көптөгөн жаңы табылгаларга, нускалыкка ыктаган. Мисал катары акындын «Түстөр» деген ыр топтомун алсак болот. Анда Расул Рза ырдагы ассоцияциялык байланыштардын чегин бир топ кеңейтип, философиялык ойлордун тереңине жетелеген тропторду, метафоралык түшүнүктөрдү өтө чебер колдонгон.

Ошол эле учурда, ал өз чыгармачылыгында ыр саптардын ыргак түзүлүшү өтө маанилүү роль ойнойт деген пикирди кармануу менен улуттук салттуу поэтикалык ыргактардын сакталышына жана анын жетишкендиктерин колдонууга да кеңири орун берген. Бул өзгөчөлүк, айрыкча, анын мекенчилдик сезимин ойготкон ырларында көп байкалат.

Бир тилдеги көркөм сөз каражаттарын өтө чебер колдонгондугуна карабай, ыр саптарын башка тилге которууда улуттук, маданий баалуулуктарды таасын ачып берген маани-мазмунун так берүү батыгында ар дайым көйгөй жаралып келет. Бирок анын терең мазмундуу ырлары орус тилине ошол эле маани-мазмунду сактоо менен орус адабиятынын чыгаан өкүлдөрү, белгилүү акындар Анна Ахматова, Арсений Тарковский, Давид Смайлов, Борис Слуцкий, Евгений Винокуров жана башкалар тарабынан которулуп, жалпы совет элинен өз окурмандарын тапкан. Орус тилинен башка да көптөгөн тилдерге которулган.

Расул Рза өзүнүн акындык дараметин котормо жаатында да колдонуп, азербайжан окурмандарын Низами, Эсхил, И.В.Гёте, А.С.Пушкин, А.А.Блок, В.В.Маяковский, А.А.Фадеевдин жана башка дүйнөлүк масштабдагы акындардын ырлары жана поэмалары менен өз тилинде тааныштырган.

Расул Рза 1981-жылдын 1-апрелинде каза болгон. Анын сөөгү Баку шаарындагы көрүстөнгө коюлган.

Албетте, адам түбөлүктүү эмес. Бирок маданий жана руханий баалуулукка ээ болгон нерселер – түбөлүктүү. Расул Рза – өз доорунун руханий баалуулугу болсо, ал эми ал мезгилдин адабий казынасынын куржунун толтуруп, адамгерчиликтин, гумандуулуктун туусун көтөргөн эмгектери азербайжан элине калтырган түбөлүктүү мурасы болуп эсептелет.

Бакыт ЖУНУСАЛИЕВ

ШУША
Мында ырлар байчечекей сыяктуу
Тез жаралып, анан аппак гүл чыгат.
Таңкы уйкудан адам сергек ойгонуп,
Булбул үнүн коштоп анан күн чыгат.

Аба ырайы жаш баладай карасаң
Бирде күлөт, бирде ыйлайт таарынып.
Аппак таңды тосуп алып булуттар,
Күндү узатат кызыл шейшеп жамынып.

Бир заматта мөндүр уруп, нөшөрлөп
Булуттардан ойноп өтөт чагылган.
Анан кайра күн ачылып, талаа-түз
Жерге айланат гүлдөн килем жамынган.

Кыздарынын чачы кара, көзү көк,
Жүздөрүнө кызылы куп жарашат.
Жигиттери жүрөгүндө от жанып,
Суктанышып, жылмайышып карашат.

Сулууларга мен да далай суктангам,
Эсте калып сезим ошол күндөгү.
Өттү ушул кереметтү шаарда,
Жаштыгымдын кандай сонун күндөрү

Ошол күндөр, ошондогу сезимдер,
Кел десең да эми кайтып келбестир.
Алоолонгон ал махабат өттү деп,
Унут десең жүрөк дагы көнбөстүр.

Миң түрлөнгөн ар мезгилдин түсү бар,
Мен жеримдин көркөмүнө суктанам.
Жүрөгүндө Жер Энедей күч болсо,
Карылыкка моюн сунбас бүт адам.
1947

МЕН ТОПУРАКМЫН
Мен топуракмын,
күйгүзө албайт от дагы.
Курамымда көмүрүм бар, күлүм бар.
Мен жаз болом,
гүлдөп турган чөбүм да бар, гүлүм бар.

Мен шамалмын,
алай-дүлөй салып кээде кыйнаган.
Мен булутмун,
суусуз жаткан чөлдү көрүп ыйлаган.
Мен адаммын,
адамдардын жасаганын мактаймын.
Мен адаммын,
бүт дүйнөгө жарык чачкан,
адамдардын улуулугун даңктаймын.

Мен адаммын,
Мекеним бар жана дагы элим бар.
Эң улуу акыйкатты,
азаттыкты, махабатты,
адамдарга айта турган тилим бар.

Мен күрөштө
аска таштай бекем болуп катамын.
Мен достукта
жүрөгүмдү жакшы ишке ачамын.

Мен адаммын,
сезимдерим жакшылыкка ачылган.
Булак болуп
адам үчүн жерди жарып атылган.
Мен жашоомун,
дем алганда
көкүрөктө, жүрөктөмүн, колдомун.
Топуракмын, ырыскымды,
мээнет кылган эмгекчилге беремин.
Мен жүрөкмүн, адам үчүн,
адам үчүн сокпой калсам өлөмүн.
1963

БИР КЕЧТЕ
Көк деңиздин жээгинде
көлөкөлөр узарат.
Бизге бакыт тартуулап,
батыш жагы кызарат.

Жуунгандай сууланып
Ай да чыкты таптаза.
Тыңшап көрчү сүйгөнүм,
Обонунда булбулдун,
Биздин сүйүү башкача.
Баку, 1936

СҮЙҮҮДӨГҮ ТУРУКТУУЛУК
Эки башка кетер кезде жолдорубуз айрылып
Кете албай турдуң улам, кылчак карап, кайрылып.
Көздөрүңдөн турса дагы жашың ылдый салаалап,
Карап турдуң билгизбестен жүзүң күлкү аралап.

Мүмкүн сага табигат да көз тийбесин дедиби,
Аруулугуң эске алып өзгөчө кам жедиби…
Шамал дагы бир башкача кайгы муңга баткандай,
Ажырашкан сүйүүбүздү коштоп ыйлап жаткандай.

Айрылышкан жолдо турам мен өзүңдү сагынып,
Жан дүйнөм да жабыркады, кусалыкка малынып.
Капастагы көгүчкөндөй ойлор менен алышам,
Эми качан өзүң менен кол кармашып табышам.

Жүрөк айтат: «Жылмайып ал бир өзүңө келет» — дейт,
«Көөдөнүндө болгон дартын анан айтып берет» — дейт.
Көз алдыман тасма болуп өтөт ошол күндөрүм,
Көкүрөккө сүйүү багып сени менен жүргөнүм.

Алып учат жүрөк кургур, асмандагы куштардай,
Кыялымда ай-ааламды бүт аралап учкандай.
Тоо башынан күн да чыгып бөлөйт жерди нуруна,
Суу боюнан көздөрүмө мажүрүм тал урунат.

Шаардын үстүн гүлдөрдүн атыр жыты каптаган,
Апалардын сүйүүсү бизди далай сактаган.
Көңүл-ойго ошентип, эмне келип кетпеген,
Ойлобо деп ким биздин көңүл ойду чектеген.

Эсиңдеби, ай толуп, жылдыз жанган асманда
Жетелешип экөөбүз көпкө дейре басканда.
Кыялданып жылдызга кызык суроо берчү элек,
Келечекке ошентип саякаттап келчү элек.

Азыр болсо алыста, билдирбейсиң кабарың,
Билесиңби сени эстеп, жалын болуп жанарым.
Күмүш күлкүң кулакка обон болуп жаңырат,
Күн элесиң азыр да көз алдымда тартылат.

«Сезимдериң бек карма, ашыгыңды унутпа!»
Деп учушат каалгышып асмандагы булуттар.
Билем, бийик тутамын сага болгон сезимди,
Унутпаймын бактылуу ошол жаштык кезимди.

Көзүм албай алыстан жол караймын күнү-түн,
Ойлорумда жалгыз сен үзбөймүн мен үмүтүм.
Азыр сени таба албай айлам турат түгөнүп,
Бирок билгин жүрөктө жашайсың сен түбөлүк.

Мейли канча гүл таштап алма бышсын күз келип,
Жүрөгүмө жалгыз СЕН, түбөлүктүү жан шерик.
Крым, 1942

СҮЙГӨНҮМ
Тизилип булуттардай калкып алар,
Тигине, учуп барат каркыралар.
Жол карап, кусаланган көздөрүңдү
Күч жоктой ошол жолдон тартып алаар.

Кеч кирип, көз жаш ылдый тамат улам,
Ойлоруң узап алыс барат улам.
Үшкүрүп отурасың, үмүтүңдү
Үзө албай дале жолду карап улам.

Саргайып далай күндү батырасың,
Санаа жеп түн уйкуңду качырасың.
Оюңда дале ошол ажырашуу,
Ойлонуп далай таңды атырасың.

Мен дагы ойлорумда өзүң менен
Сүйүүнүн жалынына күйүп келем.
Кумарлуу көздөрүңдү бир көрүүгө
Жүз жылдык өмүрүмдү берер элем.

Канчалык оор келерин мен да билем,
Кусалык кыйнап мен да араң жүрөм.
Билип кой, бүт жараны айыктырат,
Жүрөккө өзүң сепкен сүйүү үрөн.

Болду эми, кайраттуу бол, багынбагын,
Ойлонуп, ыйлай бербей аарчы жашың.
Жакшы бак, балабызды капалантпа,
Көрбөсүн кусалыктын ачуу жашын.

Бир күнү мүмкүн менден кабар келет,
Анда мен бул дүйнөдө жокмун, демек.
Бирок бил, соңку ырымдын эң башында
Туулган жер, анан сенин атың келет.
Крым, 1942

САРЫ ТОРПОК ЖАНА СААНЧЫ
Гөйтепе айылына кабар келди:
«Сары торпок ооруп калды!»
— Кандайча сары торпок?
Бул суук кабар
ошол замат желдей тарады.
Башкарма келди,
партком келди,
бригадир келди,
мал доктур келип
дароо эле торпокту карады.
Келгендин баары, сурап жатты:
— Эмнеден ооруду?
(Ууландыбы, же жарабы?)

Мал доктур торпоктун
абдан дыкаттык менен
дем алганын текшерип жатты.
Курсагын тыңшап
үнүн чыгарбай катты.
Бирок, торпок өзү билгендей
дем алып жатты.
Мал доктур, санаага батты,
Үшкүрүп туруп:
— Илдети мунун
сүттө деп айтты.

Саанчы Гүлсаранын
көздөрү алайып калды.
Мал доктур болсо:
— Тезинен марли менен
Ватадан алып келгин!
Курсагын байлайбыз.
Ысык суу керек
буттарына,
Тамчы куюу керек
кулагына.

Ошентип,
рецеп жазды бир барак.
Бухгалтер келип
Кокуйлады, эсепти карап.
(сары торпокко айтып наалат).
Үч күн, үч түн,
саанчы жанынан чыкпады,
(Торпок менен жүрүп,
торпок менен уктады).
Үч саатта бир жолу
суюгунан
алты саатта бир
коюусунан дарынын
берип жатты.
Үйүнө, балдарына барбай,
ошол жерди жайлады.
Марли курсагын
жылытпады деп,
жоолугун чечип байлады.

Башкарма бир күндө
он беш жолу сурап жатты
торпоктун акыбалын.
Портком күндө бир жолу
кабар алып турду
такып баарын:
— Сары торпоктун кандай
ал-акыбалы?

Эмнесин айтайын,
ал жагы өзүнчө кеп…
Ошентип
торпок оорудан өлгөн жок.
А бирок аны караган
Гүлсараны андан кийин
эч ким көргөн жок.
Анын кичинекей кызы
базарга барып
беш метр ак мата алганына
эч ким көңүл бөлгөн жок.

*     *     *

Баягы торпок,
куйругун көтөрүп алып
шиберде сайгактап жүрдү.
Андан кийин
баягылардын эч кимиси
келген жок.
Жакын эле жердеги
жашыл шибердеги
жаңы пайда болгон
кичинекей мүрзө кимдики экенин
эч ким билген жок.

Азербайжан тилинен которгон Бакыт ЖУНУСАЛИЕВ

«Нуска»: Сапаттуу котормо – эне тил кенчи

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.