Поэзия – проза жана драмага караганда ар дайым кыймылдуу, улам жаңыланып, тынымсыз өнүгүп турган түр. Адамзат коомундагы түрдүү тарыхый окуяларга, жалпы жана жеке маселелерге келгенде акындар жандуу чагылдырып, немис акыны Гётенин  “жерден жарака кетсе, ал акындын жүрөгү аркылуу өтөт” — деген сөзүн тастыктап турат. Акын-жазуучулар коомдо болуп жаткан жаңылыктарга сөзсүз түрдө өз баасын берип, көркөм чыгармаларын жаратпаса болбойт, себеби акын да өз мамлекетинин жараны, коомдун бир бөлүгү.

Акындар да жеке пикирин, оюн бериши керек, болгондо да көркөм сөздүн кудуреттүү күчү менен адамзатка тиешелүү маселелерди чагылдырышы керек. Андыктан поэзияда эне, мекен, пейзаж, согуш, атуулдук позициядагы ырлар көп эле. Тематика түрдүү, чыккан ырлар да түрдүү. Кайсы кылымдын акындарын албайлы жашаган доорунун күзгүсү катары алардын ырларынан замандын абалын көрүүгө болот. Тактап айтканда, XIX кылымдагы акындардын чыгармачылыгына кайрыла турган болсок, заман темасы күчтүү чыккан. Маселен, Калыгулдун “Акыр заманында”

Алка жака салынган кийим чыгаар,
Акча кагаз бул болуп, тыйын чыгаар.
Айылын жоодой аңдыган жыйын чыгаар,
Атасынан баласы кыйын чыгаар.

Этеги жок чапан чыгаар,
Эң кийинки баласы тапан чыгаар,
Эри менен тартышса
“Элде эркек көп” деген аял чыгаар. — деп бүгүнкү жашоону алдын ала көрүп, туюп ырдаса, Арстанбектин “Тар заманында”

“Бир”, “эки” деп санаган,
Тыйын чыгат дечү эле.
Атасынан баласы,
Кыйын чыгат дечү эле,
Ошол орус чыкканда,
Эки башы кайкайган,
Кайык чыгат дечү эле. — деп жашоо-турмуш, абалдын өзгөрөрүн, жаңылыктар көп болорун билдирсе,  Молдо Кылыч “Зар заманында”

Бул түгөнгүр заман ай,
Сөз байлашкан адамың
Убадага карабай.
Курандашкан тамырың
Кетип барат карабай.
Пейил кетип адамдан
Береке качты замандан.
Нуска жорук жоголду,
Жакшы менен жамандан,
Замананын шумдугу –
Байлар кылды ууруну.
Байкап туруп сөз айткан
Жаш балдардын куулугу,
Ынтымагы келишпей, бир атанын уругу, — дейт.

Нускалуу сөз жоголуп, ошол доордогу колунда барлардын уурулук кылганы бүгүнкү күндөгү чиновниктердин коррупциялык иштерин элестетет, андан да жаш балдардын амалданганы да бүгүнкү күндөгү адамдар арасындагы кошоматчылык өңдүү тескери  сапаттарын көрсөтүп турат. XIX кылымдын дагы бир акыны Алдаш Молдонун “Хал заманында” замандын түрү

Падыша залим кутурду,
Букарасын тең көрбөй.
Бузуп журттун мүнөзүн
Бирине бирин тукурду.
Таалайы качаар өкүмөт
Өзүнө казат чүңкурду.
… Билимсизди бий кылды,
Күндө отуртуп сыязын
Бийибиз абдан ый кылды.ь — деп сүрөттөлүп, орус падышасынын бийлигине нааразычылыгын билдирген.

Ушул ырларды окуп отуруп, замандын гана өзгөргөнү болбосо, адамдын табияты ошол эле бойдон калганы жан кейитет. Жогорудагы акындар жашаган мезгилден бери эки кылым убакыт өтүп, жашоо турмуш шарттары абдан эле өзгөргөнү менен ошондогу көйгөйлөр заманга жараша “саркеч кийим кийип алганы” эле болбосо, замана темасы кыргыз акындарынын чыгармачылыгында дагы деле уланып келе жаткан темалардан экендиги анык.

Калыгулдун “Акыр заманы”, Арстанбектин “Тар заманы”, Молдо Кылычтын “Зар заманы”, Алдаш Молдонун “Хал заманы” ХХ кылымда Шайлообек Дүйшеевдин “Шал заманында” уланган. Акын өзү белгилегендей, кайдыгерлик күч алып турганда калктын шал абалга келип, элине, тилине, каада-салтына, айтор баарына кайдыгер мамиле жасаганы шал эмей эмине? Акын күйүп жанып, “Шал заман” сериясына “Кайдыгерлик”, “Эсиңе кел”, “Эне тилин унуткандар”, “Эштек” ж.б. ырларын киргизген эле. Замандын өзгөргөнү Ш.Дүйшеевдин ырларында ташка тамга баскандай, дапдаана, ачык, көзгө сайып көрсөтүлөт. Өзгөчө “Эсиңе кел” ыры кыргыздын салтында жок карылар үйү тууралуу жазылып, укмуштай саптары түбөлүк эсте калды:

Калайык,
Кагылайын!
Калкыңа Талас баткан,
Каныкей, Манас баткан,
Кадимки Чыңгыз баткан,
Бир кемпир баткан жокпу?
Бир кемпир баткан жокпу? — десе, “Эне тилин унуткандар” ырындагы “Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да, Өз тилинде чардаган бакасы бар.” – деген саптары кыргыз тилинин байкуштай абалына берген баасы болду. Айтор Ш.Дүйшеев менен үзөнгүлөш А.Өмүркановдун, С.Байгазиевдин да атуулдук позициядагы ырлары жарык көрө баштады. Эгер жогорудагы акындар замандын абалын, ошол мезгилдеги көйгөйлөрдү чагылдырса, акыркы эки акын бийликке карата ойлорун билдире башташкан. А.Өмүркановдун “А король жылаңач турбайбы” ыры А.Атамбаевге арналган субъективдүү ыр болсо, С.Байгазиевдин “Үзөңгү-Кууш” ырында

Кымбатым, кызыл аскам, Үзөңгү-Кууш,
Ыйлап турдум жаш төгүп ажыраарда.
Сынып туруп ичимден бердим сени,
Сылык гана сураган ажыдаарга.
Бүгүн ал жатат мынтип сага оролуп,
Кудай ай, бул кордукка кандай айла!? — эгемендүүлүктөн кийинки кыргыз ажолорунун жерди оңой эле башкаларга сатып жатканын жаны кейип жазат. Негизи, С.Байгазиевди көбү адабиятчы-окумуштуу катары таанышат, бирок агайдын поэзиясында колго алаарлык саптары бар экенин белгилегим келет. З “Коррупция” ырында:

Жогор жакка айдап, айдап мал берип,
Сүрүп, сүрүп сүйрү өркөчтүү нар берип,
Чоң таекең чоң кылды эле, ким болдуң?
Бир заматта мансап сени кооздоп,
Эшек элең, көз ирмемде пил болдуң,
Чычкан элең арстандай сүр болдуң.
Түпкүлүгү түн жамынган ууру элең…
Алдында так, колунда алтын көрүп ал,
Эми мына көп сыйынаар “пир” болдуң.
Шундай экен мен жашаган замана,
Амалым жок, колум жайып тим болдум.

Мына азыркы замандын кебетеси. Азыркы заманда акча болсо, баары болот, акчаң болсо адамсың, акчаң жок болсо жамансың деген ушул экен. Айтор эгемендүүлүктөн кийин атуулдук позициядагы ырлар арбын эле жазылды. З.Ажыматовдун “Аман болчу, Кыргызстан!”, “Кыргыз болгум келет”, “Улутпуз биз!”, “Мен-кыргызмын!” сыяктуу ырлары менен катар А.Исмаиловдун “Таш күзгүсүндөгү” ырлары кыргыздын ал-абалын көзгө сайып көрсөтүп, эгемендүүлүктү алгандан кийинки кыргыз жашоосундагы баш-аламандыкты таасирдүү көрсөтүшкөн. Мына ошондой атуулдук позициясын көрсөткөн жогорудагыдай ырлардын катарын Азамат Омош аттуу акындын мигрант темасындагы “Москва”, “Мигрант терме”  сыяктуу ырлары кандайдыр бир деңгээлде толуктайт.

Көз көрүп оңой — кыйынды,
Көкүрөк жутуп ыйымды.
Чаалыгып иштен чарчасам,
Чекеме сүртүп тыйынды.
Беш жылдан бери жүрөмүн,
Белгилеп алып “быйылды”. — дейт.

Өзгөчө, баштан өткөн сезим менен чет жерде эркиндиги “чектелүү” жүргөн мекендештердин психологиясын беш колдой ачып берген. Быйылды белгилеп жүргөндөр канча? Кыргызстанда жумушсуздуктун күч алышы менен канчалаган замандаш-мекендештерибиз акчанын айынан башка өлкөлөрдө иштеп, “жетелеп жүрбөй уулун” арманда калып, айылда калган балдардын кусасы, убакыттын өткөнүн “..бешинчи класс болгон көп, \ бешикте калган баласы” деп капаланып, кантсе да мигранттардын жүрөгү үй бүлөсү, мекени менен экендигин көркөм саптарында ачып бериптир. Ырын “Мигрант терме” деп атаганы деле туура болгон экен, себеби ырдын формасы боюнча алсак, уйкаштыктары жеңил, классикалык 8 муундан турат. Ал эми

Бирөөгө чик, да бирөөгө алчысың,
Бирөөгө шат, а бирөөгө суз гана.
Каректерде катып калган тамчысың,
Мөлт кулабай, тоңгон муздай муздаган…

Бул саптар “Москва” ырынан алынды. Чик, алчы конгон чүкө ырда жашоонун кыйынан кабар берип, катаал шаар Москвадагы кыргыз жашоосун саймедирейт. Азыркы учурда мигранттар арасында да, жалпы окурман журтчулугуна да мигранттын жашоосун тааныткан  таанымал ысымдар чыга баштады. Маселен, Нарсулуу Гургубаева, Кымкарбек кызы Гүлайым, М.Маматжановдордун поэтикалык түрмөктөрүндө мигранттардын тагдыр жазмышы, бөтөн жердеги жашоонун “ырахаты” ж.б. маселелер камтылып, өзүнчө бир “мейкиндикти” жаратышкан. Ошентип, доордун өзгөчөлүгүнө жараша поэзиянын да кучагы кеңейип, тематикасы байый баштаганы дал ушул мигрант темасынан көрүнөт. Улуттук адабият азыркы мезгилде өнүгүүдө, бирок проза поэзияга салыштырмалуу артта калгандай. Фантастикалык, детективдик, мистикалык ж.б. жанрдагы көркөм чыгармалар дагы деле бузулбаган дың болуп турат. Салыштырмалуу поэзияда жаңы ысымдар, жаңы темалар пайда болуп жатканы, албетте, өсүштү билдирет.

Ал эми Азамат Омоштун кийинки “Бөлүнбөйлү” ырында түндүк, түштүк маселесин козгоптур. Эми бул андай деле көйгөйлүү эмес, мурункудай курч деле эмес. 90-жылдары түндүк-түштүк маселеси абдан курч эле, азыр андай деле эмес, жаштар арасында бөлүнүп, жарылуу жокко чыгып бара жатканы көңүл жубатаарлык көрүнүш:

Түштүк менин канатым оң ыптамда,
Түндүк менин канатым сол ыптамда. – деген саптары М.Ауэзовдун “кыргыз менен казак куштун эки канатындай” деген сөзүн кайталап калган. Акыркы

Чайпалбайлы, чачылып-төгүлбөйлү,
Чарс айрылып, жыртылып сөгүлбөйлү.
Биримдиктин билгенге баасы бийик,
Бөлүнбөйлү, кыргызым, бөлүнбөйлү. – бул кыргыздын руху “Манас” эпосундагы саптардын гана трансформациясы.

Албетте, акын байкабагандыр. Бирок ар бир кыргыздын канында эпостук лейтмотив аң-сезимдүү түрдө мээде (подсознательно) жашайт, ал Азамат Омошто да жашайт, аны ыр саптары далилдеп турат. Байкасак, Омоштун ырларында башка темаларга караганда, атуулдук, мекенчилдик маанай күчтүү чыккан. Маселен, “Мен бүгүн” ырында азыркы заман кыргыз үчүн “тыйын заман” болгонун ачык жазган. Темселеп башка өлкөлөргө кеткен жарандарыбыз ошол тыйын үчүн үй бүлөсүнөн алыста, чет жерде “кул” абалында жүргөнү, ошол эле учурда өз жерибизде тыйындын аркасынан түшүп, элин жегендердин заманы өтүп жатканын ачык эле билдирип, эртеңкиден үмүт кылып турганы төмөнкү саптарында көрүнөт:

Мен бүгүн үшүп турам. Көчөдөмүн.
Кеселдей күрсүлдөймүн, жөтөлөмүн.
Бул күндү мага байлап берген эмес,
Бир күнү көкүрөктү көтөрөмүн.

Билемин азыр мага кыйын заман,
Ээлеген эси-дартты “Тыйын заман”.
Эртеңдин таңы атат жарыгыраак,
Жүрөктө үмүтүм бар кыйылбаган.

Кыргызстан да өнүгүү жолуна түшөөр деген үмүт жетелейт. Акыркы каймана маанини камтып турган “…билгиле, мен Манастын урпагымын, бир күнү көкүрөктү көтөрөмүн.” –сабынан бир гана адам эмес, ал кеңейип мамлекеттик деңгээлде айтылганын байкасак болот. Өлкөнүн абалы, саясий оюндар, бийликке нааразычылык “Апрелде окко учкан досума кат” ырында айтылат.

Лирикалык мен апрелде окко учкан досуна бүгүнкү күндөгү фамилиясы гана өзгөргөн бийликти айтып, апрелдик баатырлардын көбөйгөнүнө жаны кейип, эң башкысы — система өзгөрбөй баягы эле байкуштук абалыбыздан “Бийлик жакта акыл жактан жакыр көп, \ Эки сөзүн “Кудайлаган” каапыр көп”, – деп отчёт берет.

Маани жагынан бирин бир улаган ырлардын катарына “Улакчы хан” ыры кирет. Ырда сюжет бар, анда бийликти улак тарткандай көргөн хан  алдындагы атын чаптырып, канын кызытып, кууп отуруп, акыры токтоно албай жардан алыс кулаган хан тууралуу баяндайт. Азамат Омоштун дал ушул ыры эң сонун табылга болгон. Кыргыздын ажолорунун бейнесин каймана сөз менен тарткан эң сонун сүрөт. Башталышында “Бийлик – улак, улакты жалга таштап, \ Хан баратат кыйкырып, хан баратат”, — деп ачыктоо киргизген да, акырында бийликке кызыгып, байлык, дөөлөт, акча, ж.б. аркасынан түшкөн хандын барар жери жардан алыс экенин образдуу берген. Бийликтин аркасынан кууган акыры эмнеге алып барарын образдуу берген, окуп отуруп, ушул ыр атка минерлердин столунда жатса деп ойлоп да койдум.

Негизи Азамат Омоштун поэзиясында башка темадагы ырлары да бар, маселен, “Деги сен кимсиң аял” сыяктуу, бирок макалада заман темасына басым жасагандыктан, башка ыргактагы ырларына басым жасаган жокмун, андыктан, акындын поэзиясында атуулдук позициядагы ырлары күчтүүрөөк жана таасирдүү чыкканын байкоого болот.

Нурзат КАЗАКОВА, Филология илимдеринин кандидаты, доцент

4 Replies to “Адабий сын: Азамат Омоштун «Тыйын заманы»”

  1. Ушул сын, баарыбызга керек,
    эң сонун!
    Ийгилик каалайм Нурзат, бизди дагы сындап койсоң, абдан жаешы болор эле.

  2. Бизде азыр чыныгы адабий сындар анчейин! Адабияттын илимине чындап терең мамиле жасаган адистерибиз аябай эле аз. Акындарды же жазуучуларды өстүрө турган шарттын бири адабий сындар болушу керек андыктан.

  3. Сын болгондо гана адабиятыбыздын нукура келечеги көзгө көрүнөөрлүк авторлорду ылгап берет бизге.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.