2017-жылдын февраль айы, “Устат” академиясынын бүтүрүүчүсү катары  “Маданият Тарых Тил” каналына акын Мирлан Самыйкожо ээрчитип келди. Алгач  эле “ Маданият Тарых Тил” каналынын бир кызматкеринин мага карата орой мамилесинен, залда күтүп турган мага берген суроосунан “Маданиятта” ушундай “маданиятсыз” адам иштейби? -деп чочуладым. Анда ички сезимден чыккан ички оюм — ичимде кала берди. Аңгыча “Маданият Тарых Тил” каналынын шеф редактору Гүлмира Кулумбаевага Мирлан Самыйкожо алып кирди. Кичи пейил, мээримдүү назик эже жакшы кабыл алды.

Мирлан аганын тамаша-чын иретинде “эти сиздердики, сөөгү биздики, тарбиялаңыз” — деген сөзү эсимде… Гүлмира эже дароо эле мага акын-жазуучу Ишенбай Мансуровдун бейнесин жасоо тапшырмасын берди. “Теледе  берүү жасоо, сценарий түзүү, интервьюну кандай алуу керек, ал берүүгө кимдерди чакырсаң кызыктуу чыгат?” – бул суроолорду өзүмө-өзүм коюп, өзүмө-өзүм жооп бере албадым. Анткени, “Экономика жана башкаруу” факультетинин бүтүрүүчүсү катары – бул түшүнүктөр менден өтө алыс эле…

Гүлмира эже менин тажрыйбасыз, эч нерсе билбегенимди түшүнүп, Бакир Боркеевди режиссёр катары ошол берүүгө дайындады. Бакир Боркеев – И.Мансуровдун бейнесинин жакшы чыкканына эң чоң салымы бар адам. “Кайсы жерде кандай текст жазуу керектигин, стендапты кандай жасайм” – баарын өзү көрсөтүп берип жатты. Ал тургай камера алдында сүйлөөнү дагы… Көп деле тайсалдабаган жаным, камерадан тайсалдап, көздөрүм тез-тез ирмелип, асманды карай берет экенмин.

Бакир Боркеев тамашалап, “асманда сүйлөшкөнүң барбы, камераны кара”,- деп атып араң стендап жасап, илебимдин тегереги бүт учуктап, ошол берүүнү жасаганбыз.  Материал көгүлтүр экрандан көрсөтүлгөндөн кийин, Ишенбай Мансуровдун иниси  Аскар Мансуров  көрсөтүү купулуна толгонун белгилеп,  рахматын айтып, “Маданият Тарых Тил” каналына ыраазычылык  кат жөнөтүптүр. Ал кат колума тийгенден соң “мактанчаак, эгосу” күчтүү мага табылбай эле калды. Устатым Гүлмира Кулумбаевага кирип Алмаш Чойбекованын бейнесин жасагым келгенин, алигиче сценарий жазууну билбеген мен, колумдан келерин айтып, эженин “дагы такшалышың керек” дегенине анчейин кулак салбай, Алмаш Чойбекованы жасоо тапшырмасын алдым.

Дагы деле Гүлмира эженин, Бакир байкенин жардамы менен көрсөтүү жасалды. Бирок жыйынтыгы эфирге жараксыз болуп, кайра башынан жасоо тапшырмасы берилди. Бул иште канчалаган адамдын убактысын коротконумду ойлоп, уялдым. Бирок дал ушул берүү аркылуу бир текст, ашыкча пафоссуз кандай жазыларын түшүнө баштадым. Эл үчүн, адабият айдыңы үчүн бир табылгага учурадым. Дал ушул берүүгө сүйлөп берүү үчүн “Улуу Тоолор” басма үйүнүн жетекчиси Жумадин Кадыровду чакырган элек. Жумадин ага менен Алмаш Чойбекованын тагдыры тууралуу сүйлөшүп жатканда, ал: мындан 14 жыл мурда Алмаш эже ага:

— “Жумадин, мен сага эле ишенем, өлсөм менин ырларымды чыгарып кой”, — деп кара чемодан таштап кеткен эле, аны мен ача элекмин, эмне бар, эмне жогун билбейм, — деп калды.

Мен дароо мага берүүсүн, компьютерге иреттеп жаза аларымды айттым. Жумадин ага да мага ишенип, өзү ача электе, кара чемоданды мага карматты. Мен “өтө баалуу буюмга” ээ болгондой кара чемоданды үйгө көтөрүп келдим. Ичин ачарым менен сары кагаздардын көк жыттанган жыты буркурады. Бул мага өтө жакты. Ар бир жазууну астейдил карап, иреттеп жатып улуу – бийик акын-жазуучу Абдрасул Токтомушевдин эч бир жерде жарыялана элек  сары кагаздагы жазуусун таап алдым. Анын ичинде жазылган улуу адамдын жөнөкөй-жупуну, жасалмасыз өз башынан өткөн тагдырын окуп жатып, чыгарманы кандай жазганда жүрөккө жетерин аңдай баштадым.

Мен муну эссе дейминби, же күндөлүкпү, айтор бул чыгарманы окуганга чейин, өтө көркөмдөп жазылган нерсенин баарын эң мыкты чыгарма деп ойлочумун.  “Дунгандарга малай болуп, келгин бала атыгып — өз атын угууга зар, күлкүгө карк, жокчулук, ачкачылык, оору”, деги эле койчу, бүткүл жер жүзүндөгү жаманчылыкты наристе чагынан көргөнү аз келгенсип, жашоонун мына жыргалын көрөм дегенде уулунун  эпилепсия оорусу болгону кандай өкүнүчтүү!.. Абдрасул Токтомушевдин бул чыгармасын иреттеп, калыпка салып бүткөн соң жөн гана кайрадан кара чемоданга салып коюуга дитим барбады.

Жумадин Кадыров менен сүйлөшүп, алгач кара чемодандын ичинде толук эмнелер бар экенин билбесеңиз да, кеңешкеним оң, анткени, 14 жыл чемоданга сиз ээ болуп келгенсиз,  туура көрсөңүз “РухЭш сайтына” жарыялансын деп уруксат сурадым, адабиятка күйгөн кыргыздын жупуну чыгармачыл адамы, дароо макулдугун берип, урматтуу окурманым, азыр Абдрасул Токтомушевдин өзү басып өткөн жолу туралуу мыкты чыгармасы алдыңыздарда турат. Тек, кол жазманы эч кандай оңдоп-түзөөсүз жарыялап отургандыгыбызды эскертебиз. Маркумдун стилдик мүчүлүштүктөрүнө оңдоо киргизүүнү туура көргөнүбүз жок…

Мээрим САЙДИЛКАН

КАЙДА КЕЛДИМ

Тагдырым мени «ак чөлмөк» кылып ыргытып атат. Мына кайда ыргытып ийди?.. Оюмда жок эмес беле… Дагы кимдин колуна кеттим?.. Башым маң… Мени эмне мынчалык шордуу жаратты кудайым? Ачка, бутум тоңуп калды, учкашкандан көрө жөө басып алсам жылуу келет элем, боз үйгө киргенде солкулдап кеттим. Кыргыздын боз үйү көзүмө жакшы көрүнөт, дунганда жүргөндө, бүтүйгөн жалгыз терезеси бар, тактайланбаган жер тамда, кендин үстүндө, төшөнчүсү жок, дайым төшөлүп турган өтө эски кийиздин бетин эрте менен бир, жатаарда бир шыпырып коюп, эч качан тышталбаган, ичине күрүчтүн кабыгын шыкаган сүйрү жаздыкты жазданып, бүкүлү жатып туруп көнүп калган адатыбыз эсиме түшөт.

Боз үй көзүмө жакшы көрүнөт, бирок ыйлагым келет, ыйлагым. Биздин боз үйүбүз тоодо калган. Орус солдаттары дабырата атып, мени атам өңөрө качып, карагай менен арчага жашынып, түн катып, тоо ашып башка жакка кеткенбиз. Үйлөр өрттөлүп, мал талаада калган. Эл ызы-чуу түшүп, иттер улуп, дүйнө сапырылып калган. Ошол балекет күндө эсиме түшө калат, көкөйүмөн кетсе эмне дейсиң. Ойлобоюн десем деле болбойт, мен бир каалап аткансып кылт этип эсиме түшө калып көзүмөн жаш кылгырат.

Бир нече күндөн бери үйгө от жагылбаптыр, узун ээк Аликенин ашына кетишип, Сагдангыт деген дөбөтү, жайылып жүргөн малы калыптыр. Боз үйдүн эшигин сыртынан кырчоого чоң бакан менен туурасынан тосуп коюптур. Бул «эшик бек, киши жок» деген белги. Ит болсо, эшик кайтарып, анда-санда күрсүлдөп үрүп коюп күрөндүнүн үстүндө жата берет, мал болсо жайылып оттоп, аккан суудан ичип жүрө берет. Айылда ууру-бөрү жок. Боз үйдүн эшигине бакан тосулуп коюлганын көргөндө, ким да болсо ал үй жабык турганын билет.

Маржабүбү мени эшиктен кирер менен эле жумшады. Коломтодогу күлдү чыгарып, көң каладым. Ширенке жок. Эшикке чыгып, кайсы үйдүн түндүгүнөн түтүн чыгып жатканын карадым.

— Кирки акемдикине барба, кабанак ити бар,- деди Маржабүбү мени сактап.

— Ал кайсы үй?

Эшикке чыгып көрсөтүп берди.

Мен башка үйгө бардым. Кызык. Кирип барсам: баягы Төкөм\Төлө\, зайыбы Алыйман апа балдары менен олтурушат. Салам айттым.

Төкөм кашын коомай серпип сурап калды:

— Сен кайсы баласың, жылуу учурайсың?

— Абдырасулмун.

— Эмне дейт? Бери карачы! О, айланайын, Абдырасул тура!

Экөө тең бетимен өбүштү. Үшүп турган мен жылып кеттим. Эреркей түштүм. Көңүлүмдү ыраазычылык толкундатып ийди. Койчумандыкына келгенимди кыскача айтып бердим.

Төкөм Алыйман апага карап күмсүрөдү: «Ат айланып акырын табат» деген ушу…

Алыйман апа кубанычтуу маанайда айтты:

— Эркек танаа эмеспи!

— Ооба, эркек баланын ошонусу жакшы да!

Алыйман апа мени кайра-кайра карап, айтканын эсиме түйдүм:

— Чоңоюп калыптыр, киши болуп калган тура, айланайын олтуруп кесме ичип кет.

Кардым ачып турса да олтурганым жок, отко келдим эле деп коюп күйүп аткан көңгө кол сундум, чала күйгөн көңдү акырын алып, эшикти коомай ачып чыгып кеттим. Кечки суук чыкылдайт. Бирок Көрпө айымдын тилинен суук эмес.

Мен кечиккен окшойм?.. Маржабүбү жеңе сыртта мен жакты карап туруптур, мени көрүп үйгө кирди.

Көңдүн түбүндө жаткан куурайдан от тамызгы алып келип, отту тутандырды.

Жолдо келатканда мени «Маржа жеңе деп жүр, кагылайын!» деген.

Маржан жеңе мени менен маектешти:

— Туугандарың тааныдыбы? Бетиңен өптүбү?

— Тааныды. Экөө тең өптү. «Олтуруп кесме ичип кет» дешти.

— Кесме жасап жаткан бекен? Ичип келсең болмок экен!..

Мен унчукканым жок. Кечигип калганым үчүн жаман көрбөгөй эле деп ойлогонумду ал билди дейсиңби?..

От алоолоно күйдү. Үйдө ичип-жей турган белен эч нерсе жок экен. Чүйдөгүлөрдүкүндөй актаган таруусу да жок, ары-бери көжө кыла койгудай.

Жакшы болду, ышталбаган, жаңы ийленген ак чаначтын түбүндө чоң чөйчөктөй тоңгон мал майы бар экен. Четинен кертип, Маржан жеңе куурма чай жасады, бир чөйчөк сүттү кимдикинендир өзү алып келди. Май токоч менен куурма чай ичип, тим эле курушуп турган денем жазылып жыргай түштүм, коломтодогу отко жакын олтуруп, алды менен бет маңдайым жылып, анан колу-бутум жылыды, бирок тонумдун ичиндеги жыбыраган немелер денемди дүүлүктүрүп, мазамды кетирип, жаздын бат эле келишин самап олтурдум.

Түн кирди. Жылуу деп коломтого жакын жаттым. Астымда жүн сабап жүрүп такырайып калган атамзамандагы талпак, Үстүмдө эмне болсун, өңүрү эширейген, жылуусу качкан эски чолок тон, бирок ичинде таар бешмант бар, ошол жанымды сактап жүргөнсүйт… Коломтодогу өчө элек чокту карап, жөргөмүштөй бүрүшүп жатам. Бутумду сунуп жатууга мүмкүн эмес, тондон шыйрагым чыгып калат, бир жагына тартсам, бир капталым ачылат, кыш, Чоң-Кемин суук, жамбашым талыса да бүрүшүп, аргасыз чыдап жатам. Уйку арсыз… Уктайм. Мага уйкудан башка жыргал кайда? Жаным ошондо тынч алат…

— Абдырасул, түндүк тарт!

Муну Койчумандын улуу катыны Зыйнат айтты, ал да ашка – Тегирментиге барган экен, күүгүмдө эри экөө ээрчишип келишкен. Мен ордуман ыргып турдум, таар шымчан, таар бешмантым менен, чолок тонумду айкарасынан жамынып жаткам, Маржан жеңенин кепичин коңултак бутума салып чыктым. Түндүктү тартып атсам үйдөн, төшөктөн Койчумандын үнү чыкты:

— Атка чөп сала кел, бастырмага чыгып!

Мен бастырмага чыгып, үймөктөн сууруп, өзүмдүн кулачым жетишинче чөптөн алып короонун ичине түшүрдүм. Колум үшүп кетти, суук чыкылдайт, таң жаңыдан гана атып келаткан экен, биртике коё турса болмок экен, таттуу уйкуда жаттым эле… Торала аттын акырына чөп кучактап баратсам, ат окуранып, тыбырчылап: «Батыраак алып кел!» дегенсийт, акырында чөп жок, акыйып турган экен.

Үйгө кирип, тонумду айкара жамынып, чүмкөнүп жата кеттим. Көзүм илинип кеткен экен, үн чыкты:

— Абдырасул, айда, уйлар аттын чөбүн жеп койду! — бул Зыйнаттын үнү.

Ыргып турдум. Короого чыксам, бир эмес, эки уй аттын чөбүн майсап аткан экен, чынын айтсам, жеп коюптур. Уйларды бакан алып кууп чыктым. Чыйрыгып кеттим, ордума келип бүрүшүп жата калдым. Ары-бери болгончо Зыйнат төшөктө жатып бйрук берди:

— Абдырасул күлдү чыгарып от кала!

Кыңырылып турдум, бирок билгизбедим. Сыртка чыгып тарпы кеткен чылапчынды алып келип, күлдү чыгардым да, көңдөн ала келип каладым. От жок. Түндө коломтодо көмүлгөн көң күл болуп калыптыр, жылтыраган чок жок экен, бар болсо мен аны тамызат элем го! От жок экенин айттым.

Зыйнат күлүмсүрөп жумшады:

— Эшикке чыгып айлананы кара, кайсыл үйдөн түтүн чыкса, ошондо барагой!

Маржан жеңе мени аяды:

— Эртең мененки суукта койчу! Андан көрө оттукту чак, Койчуман!

Койчуман төшөктөн обдулуп олтуруп, көөнөргө кызыл кайкы Кашкар чепкенин желбегей жамынып чакмак чага баштады. Таштан чачырап от чыгып, куурга бирөө түштү эле, аны үйлөп өөрчүтүп жиберди. Үстүнө тезек ушалап арбытып, анан куурайды тамызып алдык. Мен от издеп тааный элек үйлөргө барбай калганыма сүйүндүм.

Койчумандын айтуусу менен Торала атты жетелеп барып шар суудан, Чоң-Кеминдин дайрасынан сугарып келдим. Дайра анчалык алыс эмес. Ат сууну көп ичкен жок. Бастырмага чыгып, атка чөп салдым. Мен эмгек күнүм тууганымкынан ушинтип башталды.

Өзүмчө терең ойго келдим: «Мындан аркысын көрө жатармын… Кыш күрөө түшүп калды, кайда бармак элем? Жаз чыксын, анан көрөм… Окуу издеп тентийм… Бир жерден болбосо, бир жерден бак айткандыр!.. Чоңоюп калбадымбы, жан багам…»

Кызык, анан сууга баратып, ойлонбоюн десем болбой, дагы ойлоно баштадым: «Деги кыргыздар жакшы кийинип, тоё тамак жейт болду бекен?.. Же мен жүргөн жерлер ошондойбу?.. Баягыда Карасарттан сурасам, «кыргыздар айт күнү гана бир тоёт»,- дебеди беле, билсе керек… Менин дагы айт күнү боорсокко тойгонум бар. Эмне үчүн мындй жакыр? Дунгандар андай эмес, күрүчтөрү, акчалары көп, нандан да өксү болушпайт, тың турушат…»

Чоң-Кеминдин кышы катуу боло тургандыгын баягы жылдары Токмоктон келгенде билгем. Быйыл дагы укмуштай башталды же мага эле ошондойбу? Жок, андай эмес, баарыга бирдей болуу керек. Менин киймим жука болгондуктан, түнүчүндө тердик салынып, чолок тончон бүкүлү жатып, жылуу төшөк көрбөгөндүктөн ошондой экенин туюнуп турам, дөдөй  эмесмин го?! Жетимчилик жана каралашаар жакыным жок кендирим кесилип турбайбы?..

Мен бир-эки күндөн кийин эле туугандарымды таанып, кимдин үйү кайсы экенин билип алдым. Койчуман байкемин агасы Өмкөнүн, баягыда мага суу ичирген тамырчы Жунуй  тууганымдын, Төкөмүн жана башкаларынын үйлөрү жамаат экен. Көңүлүм мурдакыдан кандайдыр көтөрүлө түштү. Башка жакта жүргөндө өгөй сезчү элем өзүмү. Эч ким эркелетип өпчү эмес, биерде башкараак болуп атат. Дейилда апам, Алыйман апам, Казак Чече казакка тийип чыккан кыргыз кызы, ошондон атка конгон Төкөм жана башкалар эркелетип бетимен өбүшөт. Турсунбүбү болсо: «Баягы менин жүрөгүмдү түшүргөн чечек алгыр эмеспи?» деп эркелетип бетимен өпкөндө мен жетине албай калам, кере-кере дем алам, күн пайда болот, өз эл, тууган жакшы болот тура деп калам, ошого эле төбөм көккө жеткенсип…

Теңир жалгап, батрактардын, койчу-колоңдордун башчысы Ишенаалы деген жымыңдап сүйлөгөн, кубаңдаган, узун бойлуу, арык чырай жигит келип калды. Эшиктен кыйкырды:

— Койчукем барбы?

-Бар, бар. Түш!

Сагдангыт арсылдап, «эр эле болсоң аттан түшүп көрчү!» дегенсип жолотпой «чатак» кылып жатат.

Койчукем мени жумшады:

— Чыкчы!

Эшикке чыгып атын алдым. Сагдангытты кубалап.

Учурашып биртике олтурган соң сөз башталды.

— Койчуке, бу бала кимдин баласы? — мага тигиле карады.

Койчуман алаканындагы наспайды ээк алдына кагып жиберди да, унчукпай мага, эмне десем дегенсип карап калды эле, Маржан жеңе саамайын жоолуктун ичин көздөй сылап коюп, жооп айтып ийди:

— Бу бала биздин бала, өтүкчү акемдин жалгыз баласы Абдырасул, дунганда калган, эми элге келип кошулуп олтурат.

— Өтүкчү акеңер ким?

Койчуман үн чыгарды:

— Токтомушчу, ошонун баласы, өзүбүздүн кулунчак.

— О, кайран Током, өтүктү томогойдой кылып ултарчу эле го! Ошо кишинин баласы де, жигит болуп калган тура!

Мен анын оозун тиктеп калыптырмын, «окуйсуңбу?» сураганда эсиме келе түштүм.

— Окуйм!

— Койчуке, бу баланы окууга бериңиз, тири карак бала көрүнөт. Мен койчуларды каттап жүрөм. Кандай дейсиңер?

Маржан жеңе озуна сүйлөдү:

— Окуганга не жетсин? Окусун, адам болосуң, бу да бирөөнүн жалгызы, жатыбыз эмес, бечарам.

Койчумандын ичинде эмне ой бар экенин билбейм, саал кыңырылып туруп айтты:

— Бутунда жок…

Бул сөзгө Маржан жеңем так кесе жооп кайтарды, мен эмне дээр экен деп коңулдап турган элем:

— Бутун эптеп чүркөп коёбуз!

— Кагаз, карандашың барбы?

— Бар.

Ишенаалынын бул суроосуна кызылдай эле калп айттым, чүкөгө айыр баштап алаарыма көзүм жетип жана «жок» деп айтсам, «кагаз, карандашың» жок туруп, кантип окумак элең деп мектепке жибербей коюп жүрбөсүн? Ошенткеним оңдур деген ойго келгенимди кара!

Ишенаалы мени каттап алды. Койчуманга эскертти:

— Окуудан калтырбагыла, бутун бүтөп жибергиле! Артыкбайдан окуйт. Мен өзүм  көз салып турам, кой кайтартам деп ойлобогун, Койчуке!

Мен ичимен сүйүнүп олтурдум. Ишенаалы жакшы көрүнүп калды. Башкаларга көз салган киши бар экенин ушерден билдим. Ошол эле күнү бир укум тукур карандаш, бир дептер алдым, чүкөгө айырбаштап, Ысак деген баладан. Менин менчигимдеги мүлкүм-байлыгым ошол азырынча. Баса, таап алган ак калай кичинекей маким бар, башы шылкылдак, ташка  кайрап курчутуп алгам, кереги тийбей коймок беле? Тузакка түшкөн чилди ушуну менен мууздагам.

Чил демекчи, аны айтып отурса, унутулгус, өзүнчө эле бир аңгеме. Төлөнүн үйүнө жакын, Жол-Булактын суусу кичинекей болгону менен, коктудан чыккандан кийин түштүк-батышты карай дөңсөөнүн үстүн жайпап агып, арыгына муз туруп батпай калгандыктан ташкындап, тоз каптап, жылгын, камыш, майда сары тал, шыраалжын, жалбыз чыккан кичинекей аралчаны жайпап, мөлтүлдөп агып атат, ага жанаша аккан кара суу кыштын суугунун кесепетиненби, өз нугунан чыга качып кошулуп кеткен. Ушул аралчада кечинде, күүгүм кирерде чыркылдаган чилдердин үнү угулуп турат. «Чил түнөгүнө келди» деп ким да болсо туюп турат, бирок ага эч маани беришпейт. Кара суудан буу чыгып, ушул кошмо суу кыбырап олтуруп Чоң-Кемин дайрасына кошулат, дайранын өйүз-бүйүзү чытырман токой, ичинде: кыргоол, чил, коён. Төмөн капчыгай жагын Кептеш дешет, туюк чытырман токой, ичинде каман да бар. Тоону маңдай-тескейге бөлүп Кемин дайрасы гана өкүм сүрөт. Капчыгайда жол жок. Эл атчан, жөө Оро-Башы менен, Жол-Булак жана Кашка-Жол аркылуу катташат.

Мен ичегилик көңдү тутандыра тырган куурай алып келүүгө ошол аралчага бардым. Таптуу келет деп шыраалжын алмакчымын. Түбү дүпүйүп турганы менен тоңуп, муз аябай бекитип салыптыр. Кар менен муздан чыгып серейип турган куурайларды тултук орок менен кырчылдата чалып кирдим. Мээлейи жок колду үшүтүп жибергени болбосо, көнүмүш  болгон жумуш. Жылгынды аралап жүрсөм, сереңдеп эки кур коён качты эле, коркутуп-үркүтүп, карышкыр көргөнсүп кыйкырып ийдим, экөө эки жакка сызды. Кызыл короздор, бостектер чоң сууну көздөй калдайып учуп баратты. Ушул чоң суунун жээгиндеги токойдон кечке жуук көнөчөктөй кызыл короздор, бостектер кашатка жайнап чыгышат, эски аңыздарга жайылат, атчан же жөө кишилердин келатканын алыстан көрүшөт, эки жагын каранып өтө сак оттоп жүрүшөт, киши жакындаса токойду карай учуп кетишет, кай бирлери көрүнбөй бөгүп калат. Буларды аткан кыргыз жок, бир гана Табалдынын Султаны анда-санда, эриккенде кош ооз мылтыгы менен келип токойдун четинен барсылдатып жатканын көрөбүз, айыл боюнча ушунда гана бир кош ооз мылтык бар, аны эл үркөрдүн алдыңкы жылы /1916 жылдан мурда бир уйдун акчасына орустан сатып алган имиш манап баласы. Турпанга эл качып кеткенде төөнүн чомуна катып кеткен дешет.

Бирин-серин койчулар, балдар болбосо, кеминдиктер тузак да тартпайт, куш салышат. Күзүндө Чоң-Кеминдин бийик, карагайлуу тоолоруна саятчылар барып, күндөп-түндөп жатып куш тосушат. Боо-Жетпес  тоосунан кушту көп кармашат. Бул тоого «боо жетпес» деген аттын коюлушу куштун көптүгүнөн айтылган деп, аңыз кылып айтышат. Кушту кедейлер да кармашат, алар сатышат. Күзүндө куштун төмөн өтөөр  маалында саятчылар казан-казан нан жаптырып, тамак-ашын, жылуу тондорун алып, торун жакшынакай кылып түрүп бөктөрүп алып өздөрүнүн  ыкыласы  каалаган, куш өтө турган жана алда кайдагы алыстыктан, тээ бийик ободон курч чалгын көздөрү көрө турган куш жолу деп болжогон дөңсөөгө торун жайып, тир байлап, тирдин /кекилик же көгүчкөн/ бутуна узун жип байлап анан өздөрү окчунураак жерге караган-бутактан чүмбөт жасап жалып, канаттууга көрүнбөй асманга анда-санда көз жиберип, куш  күйүп /күтүп/ олтура берет. Ал тим  эле олтура бербестен, жиптин учунан улам тарткылап коюп, тирди талпынтып, кыймылга келтирип турат. Жерде талпынып жаткан канаттууну /жемин/ көрүп, Ала-Тоонун кыраан кушу асмандан тик сайылып келип же кыйгап өтүп баратканда көрсө кайып келип тору-поруңду тоотпостон тирге келип тийгенде торго чалынып оролуп, баркылдап-чаркылдап, көзүн балбалдатып тыбырчылап жатып калат. Саятчы сүйүнгөнүнөн чүмбөттөп атып чыгып, туткунду тордон этиеттик менен чыгарып алат. «О, кырааным, чаркылдаба, баатыр, сен эми меникисиң, ак жолтой бол, кыраан бол!» деп үйүн көздөй жөнөйт.

Ушундай чоң олжого Төкөмдүн уулу Карасарт /биздин айылда эки Карасарт бар/ туш болду. Сүйүнгөнүн айтпа, үй ичинин баары сүйүнүштү. Атасы боо тагып, үндөккө келире албай жатат. Мунун «чүйлү» экен дешти көргөндөр. Казактар «карчыга» дешет экен. Төкөм куш салып көргөн эмес. Ошол эле күнү, кечиктирбей манап Назаркул Канымет уулу, улгайып калган киши, бир тай бермек болуп көк карчыганы алдырып кетти. Бу киши дайым куш салат, мүнүшкөр киши, эл арасында чоң кадырлуу.

Карасарт ошондон кийин кээде «үч күндө бир тай таптым…» деп мактанчу болуп алды. А башка куш кармагандар да ошентип мактанат болду бекен? Төкөм аны «көйрөңүм» деп эркелеткенин уккамын.

Мен шыраалжын, эрмен, жылгын аралаш отунду зыңгырата көтөрүп үйгө келип, үйүлгөн көңдүн жанына койдум. Мен үйгө кирер менен мага бир карады да, бутумду карады Маржан жеңем. Мен анын кепичин кийип баргам, кичине муз тепкеним болбосо, кепичинин эч нерсеси корогон жок, тейтейген, кейпи-сыны жок эски кепич. Ушул эскиси мага артса да, жаман болбос эле, ышкын түпкө ашатып, колдо жасалган «булгаарыдан» ултарылган кепич-маасы  экен.

— Отунду каерден алдың?

Айтып бердим:

— Арасына узун ак чөп аралаш өскөн дүпүйгөн жоон түп жылгындын түбүндө додолонгон  чилдин кыгы чокмороктошуп жатат, айланасындагы кардын үстүндө чилдин, кыргоолдун изи кыйма-чийме. Башка жылгындардын түбү, айланасы андай эмес, таза. Эмне үчүн андай болду экен?

— А, албы, чилдин түнөгү демекчи. Чил чокмороктошуп чийдин же жылгындын түбүнө түнөйт да, жаткан жерине чычат, ошо жерге байыр алат. Ошо жерге тузак тартып койсо болот. Азыр кекилик, чил, кыргоолдун ылайдай семирип турган кези. Ал канаттуулар-жаныбарлар чилдеде таманы муз-кар басып турганда семирет эмеспи. Тузак тарт!

Мен макул болдум, тузак тартканды кызык көрдүм. Бирок ал өзүмдө жок. Тааныш койчу баладан сурап келдим. Ал «элүү көз, жүз көз тузагым бар» деп мактанды. Элүү көздүүсүн кынаптай түрүп, билегине кийгизип коюптур. Билегинен сууруп берди да, чекесине түшкөн тебетейин өйдө карай түртүп коюп жайдарыланып айтты:

— Тартканды билесиңби?

Кандай тартуу керек экендигин шашпай айтып берди да, тебетейин өйдө түртүп койду. Тебетей өзүнүкү эместигин билип турам, даакысы чыгып, кыруусу түшкөн кызыл көрпө жампайган тебетей. Жоголуп кетсе киши кейий турган түрү жок.

Маржан жеңенин тилин алып, кечинде жылгындын түбүн айланта тузак тарттым. Эртеси таң азандан  барсам, чокмороктошуп жатат, тузакка чалынып төрт чил, зыңкыйып чогуусу менен тоңуп калыптыр.

— Бул чил деген канаттуулар «макоо» болот,- деди Маржан жеңе.- Бири тузакка түшсө баары түшөт. Тузакка түшкөндү чыгарып алмакчы болуп тепкилешет, ошентип калгандары да чалынат.

Мен:

— Ооба, ошентет окшойт,- дедим. — Антпесе, бирөө илингенде эле башкасы качып кетпейт беле.

— Кекилик ошентет, сак болот, бирөө илинсе, башкасы учуп кетет, чил макоо чалыш келет.

— Чил боорукер, ынтымактуу болсо керек, жеңе! Бирин-бири таштап кетпей, бошотуп алам… деп алданат ко?

— Чил ошон үчүн «макоо».

Семиз, салмактуу чилдер, жүнүн ачып карасң майы сап-сары болуп көрүнүп турат. Улагага төртөөнү тең илип койдум да, арпа максымдан жылытып, талкандан чилбаш кылып чалып ичип алып, мектепке кеттим.

— Окуудан келгенден кийин жүнүн жул!

— Макул, Маржан жеңе, ошентем,- үйдөн чыгып баратып айттым. «Буюрса, семиз эт…»

Мектеп кыйла алыс, өйдө жакта, айылдын көпчүлүгү да ошо жакта, мен турган айыл Капчыгайда, он беш түтүн эл. Үчөө жепирейген жер тамда турушат, калгандары боз үй. Өмкө менен Ысмандын үйү гана көзгө толумдуу, булар Турпандан шыдыр эле эл-жерге келишкен эмес, Текес тарапта жүрүп, кийин 20-жылы  мал-баштуу келишкен, ачарчылыкка, эпидемияга  туш келген эмес; калгандарынын /мурда, 17-жылы келгендердин/ үйлөрү кунарсыз, тутуулары жыртылган, жамаачыланган.

Теңир жалгап, кар терең жааган бир күнү Өмкөнүн кичүү баласы Мусакан ооруп калып /ал Өмкө менен Койчумандын, эки бир туугандын, коюн катарчу, короосу бир/ анын ордуна мени жиберген. «Бутумда жок, кантип барам?»- десем, Маржан жеңенин эски маасы-кепичин  мага кийгизип жиберген. Ошону тоодон келгенде, кечинде оттун жарыгында жыртык-тешигин колуман келишинче көктөп коюп кийип жүргөм. Маржан жеңе  кие турган  жери деле калбаган соң жана аны чечтирип алган эмес. Мусакан айыккан соң, коюн кайра  кайтарып калды, мен мектепке барып, окуумду уланттым. Бүгүн да мектепке  ошо кепич-маасы менен бардым.

«Буюрса, кечинде чилдин этине тоём…» деп көңүлдүү олтурам. Биздин мектептин көрүнүшү мындай: сокмо дубалдан тургузулган узун бир бөлмө жер там. Астында төшөлгөн тактайы жок, үстүндө  чатыры жок, жепирейген, астына  саман төшөп  койгон, каалгасы жабылбаган жана арасы ачык тактай, эки «терезеси» бар, биринде да айнек жок, саман тыгып койгон, жарык болсун үчүн каалгасы ачык турат, эч качан  от жагылбайт, жага турган жери  да жок, акталбаган  төрт бурч дубал. Бир да парта жок, жазууга доске да жок. Маңдай-тескей коюлган  узун калың тактайга тизилип олтурабыз, тактайдын баш-аягына таш коюлган. Окуу китеби дегенди көрбөйбүз, мугалимдин айтканын угабыз, дептерди тизеге коюп жазабыз. «Жарымчы, биринчи, экинчи, үчүнчү» деген класстар бар, баарыбыз төрт тактайга /класска/ бөлүнүп бир эле бөлмөдө олтурабыз. Бут үшүсө тыбырчылап, кол үшүсө ысык илеп чыгарып, акырын үйлөп, укалап, бири-бирибизди карап, Муратаалы Молдокемдин оозун карап, баарыбыздын көзүбүз жоодурайт. Молдоке болсо кээде көңүлдүү, кээде көңүлсүз келет, ак тончон, сулуу кара ат минип Капчыгайдан келет, саатка карабайт, сааты жок.

Саат тагынган айылда бир дагы эркек, аялды же кыз-жигитти көрө албайсың. Күндү «таң атты, шашке, чоң шашке, түш болду, түш ооду, бешим, сарт бешим, дигер, кеч, күүгүм» деп эсептешет. Биз дагы ошентебиз. Муратаалы Молдокемдин атын алып байлаган бала  көтөрүлө түшөт, аны Молдокем чөпкө жумшайт; мектепке жакын үйлөрдүн бирине бара коюп, бастырмасына чыгып бир кучак чөп алып келет, аттын астына салып, бутун бүйрө тушап коёт. Чөптү Молдокемдин атынан эч ким аябайт.

Баардык төрт сынып /класс/ чогуу бир сарайдай болгон тамда олтургандыктан кайсы сыныптагыларга кандай сабак берип жаткандыгын көрүп, угуп олтурабыз. Мен алгач биринчи сыныпта элем. Кыш капортосунан кийин өзүмдүн сыныпташтарыман бөлүп, сен муну бүттүң деп, Молдокем экинчи сыныпка өткөрүп койду. Кызык, мен бардык төрт сыныптын сабагын көрүп, угуп отурам. Үчүнчү сыныптын балдарына сабак берилип жатканда өтө кызыгын кунт коюп, «келерки жылы мен да ушуну окуймун» деп олтурам. Бирок Молдокем күнүгө эле ошентип окутпайт, эшикте бапалактап кар жаап  турганда чогуу олтургуза берет, ал эми күн ачык болсо, майда сыныптарга сабакты берип туруп, сыртка чыгарып иет же таратып жиберип, үчүнчү сыныптын балдарын алып калат.

Мындай күндөрдө узагыраак олтурат. Тиги чогуу окуткан күндөрү аз олтурат, «ат чөбүн жеп коюптур, ачка калбасын…» деп сабагын ары-бери өткөрө коюп, аттанып кетет. Эгер бороон боло калса, окутпай эле таратат. Анткени терезеден, каалгадан бороон ышкырып кирип мазаңды кетирет, бороон жокто үйдүн ичине жарык түшсүн үчүн эшик ачык турат, терезе айнексиз, саман тыгылып турганын айтпадымбы. Тончон, тебетейчен калчылдап олтурабыз, муну айылдагылардын баары тең эле билишет. Ошо күнү мен эрте келдим, мектептин түбүндө Сарымсак деген карыянын жалгыз уулу Айтаалы чаар, күлмүңдөп жүргөн жүзү жаркын жигит эле, менден сурап калды:

— Кайда баратасың, Абдырасул? Мектепке кирбе, түндө бороон эшигин ачып ийип, ичине торпоктор кирип жатып алышыптыр. Богу тоңуп калган экен, саман-маманы менен алып ыргыттым, Муратаалы Молдокем келгенде уят болбоюн деп шаштым, ичин тазалап жаңы саман салып койдум. Мектепти карап жүр, акча беребиз же эгин-пегин беребиз деди эле, Молдокем, ушу күнгө чейин эчтеке берген жок, мени мектепти кайтаруучусу болосуң, ичин тазалап, саман төшөп, эшигин бекитип жүр, мал кирип кетпесин, эртең менен балдар келгенде ачып жүр  деп Муратаалы Молдокем ийиктей кара кулпу берген болчу, ачкычы жоголуп кетип сыртынан жип менен илгичине байлап койчу элем, бороон балбан үзүп кеткен окшойт, шүмүрөңдөн жүргөн торпоктор кирип кетиптир. Молдокеме айтпай эле кой!

— Балдарга айтсамчы?

— Аны өзүң бил! Мектеп кейпи деле жок, торпокторго эле берип койсо болчудай.

— Биз дагы торпокторбуз!

-Силер эстүү торпоксуңар!

Экөөбүз тең аябай күлдүк.

Мен сыныпта олтуруп, тузакка түшкөн семиз чилдерди эсиме түшүрүп, «бүгүн чилдин этине тоём» деп, көңүлдүү элем жана үйгө келатканда да «чил аралына» көз чаптырып, бирге окуган Сыдык менен Ысакка айтып келаттым. Үйгө кирип келатып босогону карадым, чил ордунда. Маржан жеңем мектеп жашына жете элек жалгыз кызы, көзү бадырайган сулуу, Токтобүбүнүн желеткесине седеп кадап жатыптыр, мени жалт карап алды да,

— Максым жылытып ич! — деди жагымдуу карап. Мен кашек жагып, чоң кара чоюн кашыкка максым куюп жылыта баштаганда айтты:

— Тиги чилдериңдин жүнүн жулуп алгын да, этин Сагдангытка ыргыт, бир жыргасын. «Бысмылда» делип мууздалбай арам өлгөн, эти макүрөө, кудай кечирсин, арам, жегенге болбойт!

Менин супсунум сууй түштү, мектептен келаткандагы оюм төп келбеди, «Тузак тарт» деген өзү деп, ичимен күңгүрөнүп, илинип турган чилди көңүлсүз сыртка алып чыктым. Талпакты жайып, короонун бурчуна олтуруп алып, тоңуп калган чилдин жүнүн бырпыратып жула баштадым. Өтө семиз экен, жүндү түбү менен жулсам, түбүнө сапсары болуп майы кошо кетет. Жулам да, ойго батам: «Ушундай семиз, таптаза этти «арам» деп, дагы кандай этти жегиси келет экен бу кесирлүү катын?! Кудай кечирсин, «бысмылда» деп эле адалдап жеп албайбы? Баягыда биз көргөн ачарчылыкты булар көргөн эмес экен ээ?! Көрсө…»

Мен чилдин этин итке берүүгө ыраа кыйбадым, «өзүм жеймин» дедим да, башын, шыйрагын, ичегилерин Сагдангытка ыргытып, өзүм менен бирге окуп жүргөн сыныпташ, кыйыр тууганым Сыдыктыкына алып бардым. Ал да жетим. Жалгыз агасы бар. Бирге турушат. Жеңеси Мактым тиги Маржан жеңенин уялаш сиңдиси. Үрүп чыгаар ити жок, агасы Өмкөдөн жазга чейин майын \күчүн \алган кашаң көк быштыга өчөңдөй теминип жогорку айылга, Тегирментидеги кайын журтун карай кетет да, бир жумад бир же бир нече күндө бир салбырап келет. Үйүндө чанда бир казан асылбаса, ал келгенче жарытылуу казан асылбайт, төшөнчү, орунчулары да өтө начар. Боз үй деген гана аты бар. Мактым күйөөсү Осмон жокто үйдү Сыдыктын карамагына калтырып, Казак Чеченикине барып жатат. Ал жакын тууганы. Анын ошентип жүргөнү Сыдык экөөбүзгө кынадай жагат. Үй ээн, Сыдык куурай терип келет, кечинде кээде башка балдар да келе калат, отту чоң жагып, «шап алышып», эркибиз менен күлүп ойноп олтурабыз. Элетте мал короого киргенден кийин кылаар иш жок, жарык жок, билик чырак.

А биз куурай жагып олтура беребиз.

Сыдык жаңы эле отундан келген экен, кудай жалгап жеңеси адатынча үйдө жок.

Сыдыкты «чулчук» дечүбүз, анткени Турпанга барганда, ага чечек чыгып, өңү кара чаар болуп, бир уурту чулчуюп, өңү куник болуп калган, бирок балбан эле, эч кимден жыгыла элек.

— Бул эмнең, ой! — деди күлмүңдөп, чилди кармалап.

— Бул экөөбүзгө Кудайым берген шыбага! Сен «арам» эт жейсиңби?!

— Кайда экен?

— Мынабу мен көтөрүп келгенди жейсиңби, жокпу, бат айт! — Мурчуюп турдум.

— Жебегендечи! Чил дагы «арам» болчу беле? Адалдын анык адалы. Талаада эркин жашайт учуп-конуп.

Экөөбүз күүгүм талаш казан астык, эч ким келбеди, биз ошону каалаган элек, жакшы болду, кабагыбыз ачык. Куурай жагып, боркулдата кайнатып, тузун ууртап көрүп татытып бышырдык, кара жыгач табакка чыгардык, булоолонуп, жыты келип, сырты сапсары, аппак эт алдыбызда, кечке ачка жүргөн биз жана үймө табак куш этин бизге ким бериптир, качырып кирдик. Мен Сыдыктын сырын билчүмүн, «сугалактык кылба!» — дедим, ал жиликтебей эле, бүкүлү бойдон оозун аңырдай ачып, карыш-кырча аткый тиштеп киргени мага жага берген жок. Ал менин айтканымды эрээн албады. Кошумчаладым:

— Эки-үч картөшкө, бир баш пияз, эки сабиз, бир чымчым калемпир болгондо!..

Сыдык күңк этти:

— Ээй, кызык экенсиң, Абдырасул! Бул Чоң-Кеминде жок нерселерди айтасың да. Картөшкө орустарда гана бар, алар айдашат. Кыргыздар картөшкө айдабайт, сабиз, пияз, калемпирди да айдабайт, аларды Кара-Коңуздагы дунгандар айдашат, кыргыздар жаз чыгаар замат көчүп кетип, журту гана калат, айдай турган жерге мал жайышат, билип кой! Алар бул сен айтканды берсе гана жейт…

— Болуптур, ун жок дедиң, жарма жасайлыбы?

— Бар, сорпосуна чалып жарма жасайлыбы?

— Ошент, сонун болот!

Суюк жарма кылып, эттин артынан бир чөйчөктөн шимирип алдык, менин чекемден тер чыпылдай түштү.

— Чулчук, тойдуңбу? — Мен көтөрүңкү сүйлөдүм.

— Карчытым чыга түштү, бүгүнкү күн, ушул «той» унутулбайт.

Экөөбүз тең чандайып, черибиз жазылып, көңүлүбүз жай болуп, эки чилди майлыкка ороп, жапсарга каттык. Мен өз ичимен кейидим: «Маржан жеңе арам деди ээ!..»

Эртеси күнү мектепке баратып Ысактан сурадым:

— Сенин атаң молдо эмеспи, тузакка түшкөн арам болобу, адал болобу? Ошону билип берчи мага!

Ал токтолбой айтты:

— Атаман алда качан эле уккам. Ок менен атып алган, тузакка түшкөн адал. Эмне экен?

— Эч нерсе эмес, жөн эле уккум келип…

— Чилдин семиз эти аай… — деди жаныбызда бараткан Сыдык.

«О, ЧҮКӨСҮН БАШКА ЖЫЙГАН АТАҢДЫН…»

Бүгүн эрте тарадык, окуу болгон жок. Молдокем жалтылдаган кара атчан, ак тонду жайкалта кийип, камчысын бүктөй кармап, жогорку айылга карай кетти, бир ооз гана: «Бүгүн окуу жок!»- деди, себебин айтпады. Ал бастырып кетер замат чүкө ойноого кирдик. Бирде уттуруп, бирде утуп атып, акыры көп чүкө утуп алдым, «үч тапан», «өлдү» ойнодук. Мен бул эки оюнга тең түшүп аттанам, дунганда жүргөндө үйрөнгөм. Ойноп-ойноп тарадык. Жолдо келатсак, жол боюндагы аразооттон бир чолтойгон булгаары пальто кийген толмоч сары орус кол булгалап чакырып алып:

— Силер жумуш кыласыңарбы, акча берем? — деди. Биз жым дей түштүк, акча табыш керек! Ал аразооттун учан-теңиз айланасындагы чогойно, куурайларды көрсөтүп, — ушуларды эки-үч күндүн ичинде оруп тазалагыла, эки сом берем, — деди. Биз макул болдук. Түштөн кийин колоктоп бош жүргөнчө акча таап, кагаз, карандаш сатып алалы деп.

Түштөн кийин кыргыз орогу менен келип, шымаланып ишке кириштик. Эртеси күнү мектептен чыгар замат кайра келип, куурайларды түбү менен оруп, бүтүрүп жибердик. Алиги орусту карап, ал кирип кеткен \конторуна\ жакын барып шынаарлап турдук. Ал бизди күтүп тургансып бат эле чыга келди, бизди көрүп: «Келди!» деди. Айлананы, куурай басып кеткен жерлерди көрүп, бир аерди, бир бизди карап, «чын элеби?» дегенсип, биз бүтүргөн жумушту таңыркай карап, бирдеме деди орусча, биз түшүнгөнүбүз жок, экөөбүз тең орус тилин «картөшкө» дегенден башкасын билчү эмеспиз. Бир сарчолоктон \бир сомдон\ карматты. Сүйүнүп кеттик. Кагаз, карандашка жетет. Ушундай жумуш табыла бербейт. Биз тыйын таппай жүргөндө оңтойлуу болду.

Кеч кирип калган, батыштан ызгаар жүрүп, бетим, кулагым тызылдап бараткан, бирок, бир сөлкөбай көңүлүмдү көтөрүп көңүлдүү келатканда алдыман торала атчан, сологой камчыланып Койчуман чыкты, ал ат тизгинин тартып токтой калып:

— Келе жанагы сомуңду, мен налөгкө төлөймүн! — Мен селдейип туруп калдым. Оюмдагыны айттым:

— Кагаз, карандаш алайын деген элем!

Ал наалый баштады:

— О, чүкөсүн башка жыйган атаңдын… — деп келатканда эле чөнтөгүмөн алып бере салдым. Сөлкөбайымды алды да, жүрүп кетти. Мен кайгырып, айрыкча «чүкөсүн башка жыйган…» дегени жаныма батып кетти.

Мен шыдыр эле Сыдыкка барып бир тийдим:

— Эй, Чулчук, Койчуманга сен айттыңбы, акча алганыбызды? — Мен ачуум келип, ичим ачышып, тикирейе карадым. Сен менден мурда кетпедиң белең, сен айтпасаң Койчуманга, ал кайдан билмек эле, жолдон алдыман чыгып акчамды алып койду.

Ал ыңгайсыздана түшүп, кылмыштуу окшоп үлүрөйө карап, жаагын чулчуйтуп күңк этти:

— Мен келатсам жолуман кездешти, мен тим эле ага жакшы көрүнөм деп айткам, анын андай кыларын билип коюптурмунбу. Бербей койбойсуңбу?

— Чулчук, бербей койсом ал үйүнөн кууп жибербейби! Кыш күрөөдө кайда бармак элем? Эми сен мага элүү тыйын бер, мен сага чүкө берейин.

— Макул, канча берсең, ошончо чүкө бер! Мен сабыры суз үйгө келдим. Маржан жеңе күндөгүдөй эмес экенимди билдип койду, өңүмө карап:

— Бир жериң ооруйбу? — деп аёо сурады.

Үшкүрдүм. Анан бугумду чыгардым, айтып койдум. Маржан жеңемин өңү кубула түштү.

— Ал эмнеси экен? Баланын кагаз-карандаш алам деп эптеп тапкан акчасын алып койгону?.. Кайра, азаматсың дебейби. Кейибе! Булар сага жакшылык кылбайт, сени өмүр бою койчу кылып алгысы келет агасы \Өмкө\ экөө. Сен зээндүүсүң, сенин жакшы окуганыңды, тың чыкканыңды көрө алышпайт, сен жаз чыкканда окууга кет, калаага кет, биерде жүрбө! — деп мага өтө жакын кишидей боору ооруп акыл-насаат айтып, көңүлүмдү көтөрдү.

— Агасына барып акчаңды алып койгонун айт, ал сүйлөнүп алып берет. Кудай урбадыбы, алып берер… Мен болсом токол катынмын, Койчуман менин тилимди албайт, жок жерден чыр чыгышы мүмкүн…

Мен Маржан жеңенин айткандырын көңүлүмө түйүп жакшы көрүп калдым, ал мени аяганын кантип билбей коёюн. Максым жылытып, чоң сындырым жапкан нан берди. Тоюп, шалкайбастан чыйрала түштүм, тээ жаздын келишин күттүм, жаңы ой пайда болду. Койчумандын кылыгына көңүлүм сууп калды. Бул түрү менен мага жакшылык кылар эмес.

Айтса, айтпаса төгүнбү деп күүгүмдө агасы Өмкөгө даттанууга бардым. Анын үйү алыс эмес, эки жүздөй кадам шилтесең эле жетесиң, Койчумандын кою короолош. Барсам үйүндө экен, салам айтып улага жакка отурдум. Маржан жеңеге айтканымды ага да жалооруп айттым. Ал угуп олтурду да:

— Анда барба, мында, биздикинде жүрө бер! — деди, башка бир ооз сөз айтпады. Эми мен ошол үйдө калдым, кайда барам? Тентиреп эле жүрө беремби же мага да күн тууйбу, кудай ай?!

Мен үйдөн сабырым суз чыктым да, жүзүмдү айдарымга тосуп, кар баскан опол тоолорду карап ойго баттым: «Мамбет кишидей болуп даакысын силкип таштап, бир ак жоолук алып, жок дегенде төрт байсал дубал согуп, өзүнүн жалгыз уулу Абылгазыны, иниси Карасартты, мени тентиретпей баш кошсок, атаганат, кандай гана болор эле?! Намысы жок, аракети жок, ушундай да киши болобу?!..»

МОЛДОКЕМДИН КААРЫ

Агасыныкында жүргөндүктөн Койчуман батынып мага ана-мына дебеди, өз кылмышын билди шекилдүү. Мен анын кыңк этпес кулу эмесмин да, бирдеме десинчи, батрачком деген бар, ал мени жактайт. Мен эми баардык ынтаамды окууга коюп, тырышып окуп атам. Өзүм теңдүүлөрдөн кем калышканым жок, экинчи сыныптагылардын эң алдымын, хорду да мен баштаймын, Сыдык кошулат, үнү сонун. Анын олчойгон кемчилиги — жаман окуйт, сабак билбейт. Жаманкул бала да ошондой. Муратаалы молдокемдин ачуусу да кыйын, өзү жаакка чаппаганы менен, сабак билбеген баланы жакшы билген балдарга чаптырат. Ал минтет:

— Абдырасул, тур, чеч тонуңду,  мобу торпоктордун жаагын түлөт!

Мен шымаланып жеңимди түрүп, алаканымды шилекейлеп, кулагынан чоюп туруп Жаманкулду жаакка «чуу» эттире басып алам.

— Аркы бетине чап! — дейт Молдокем.

Берки кулагынан чоюп туруп, аркы бетине чабам. Ал сары бала эле, кулагынан чоюп жаактан  ары «чуу» эттире чапканда мурдунан суу чыга түшөт.

Сыдыкты да ошондой урдурат. Аны жаакка чапканымда бир жак ууртунан шилекейи агып кетет, көзү жалооруйт. Бир күнү Молдокемдин каарына калдым. Кыштын тең капортосунан өтүп кеткен. Ал жаңы сабак берди:

— Балдар,бир жужуна \дюжина\ дегенде он экиден карандаш болот. Мен дүкөндөн төрт жужуна карандаш сатып алдым, андан бирөөгө алты карандаш бердим, дагы бирөөгө, карызга сураганынан, он эки карандаш бердим. Менде канча карандаш калат ошондо? Ким мурун чыгарса, эшикке чыгып ойноп турсун.

— Молдоке, мен чыгардым! — дедим кол көтөрүп. Дептеримди алып калды да, сыртка чыгууга уруксат этти. Мен, биринчи чыгардым деп ичимден кудуңдап, менден кийин ким келерин күтүп эшикте турдум. Эч ким чыкпады. Бир оокумда мени чакырды, класска киргенимде эле Молдокем буйрук берди:

— Чеч тонуңду! — мобуларды жаакка чап, көк талкан көкөйүн кескендерди… Молдоке ачуулу экинчи сыныптагыларды — менин сыныпташ, узун тактайда тизилип олтурган жолдошторумду көрсөтүп: — Жаактарын түлөт, сенден башкалары чыгара алган жок,- деп кабаарып сүрдүү.

Мен тонумду чечип, шымаланып калганда Молдокем үңкүйүп  бирдеме жазып калды. Дал ошол учурда «көрбөй калар» деген ой менен, ар бир баланы чапкансып, өз алаканымды шакылдата чаап отуруп аягына чыктым.

— Бүттүңбү?

— Бүттүм, Молдоке!

Ар жактан биринчи сыныптын бир баласы ордунан кодоң этип тура калып:

— Молдоке,  чапкан жок, өз алаканын чапты, — деди жашабагыр, мурдун шор тартып.

Молдокем акырая карады.

— Ошенттиңби? Кел бери!

Мен жанына басып бардым. Ал мурду салаңдаган, кабагы салыңкы чоң киши эле. Желбегей жамынып олтурган тонун тактайдын үстүнө коё салып, күрөшкө түшчүдөн бетер билегин түрүнүп, сол кулагыман толгой кармап оң жаагыма, оң кулагыман толгой кармап сол жаагыма шадылуу колу менен басып-басып алды. Кулагым чуулдап, көзүмөн от чагыла түштү, чынын айтсам, сендиректей түштүм. Аяган жок.

— Оорудубу? — деп сурады ал сурданып.

— Ооруду.

— Дал ушундай чап! Кайра чап!

Баарын кайра чаап чыктым, бирок менин кичинекей алаканым Молдокемин алаканына караганда — тыпылдап шоона эшпей калды… Мен жолдошторумду аяймын деп ушуну көрдүм.

КҮЛКҮГӨ КАРК БОЛДУК

Бир үйдөн чыгып экинчи үйгө келбедимби, жакшылыктан үмүт кылып. Жакшылык кайда? Баягы эле балекет баскан түйшүк: отун алып, от жакмай, кой кайтарып жан бакмай… Чубалжыган сарсанаа… Баягы батрачком да келбей кетти, келсе даттанайын деген элем. Бирок, келбесе да сеси бар, андан байлар жалтактайт, Койчуман менен Өмкө аны мокочодой көрөт. Ал келип кеткенден  кийин ооздору кыйшайбай: «Ушу да эл бийлөөчү болуптур…» дешип кабак-кашы чытылып, кобурап-жобурап калышат, баягыда, андан кийин да ошентишкен.

Өмкө менден эки жаш кичүү Мусакан деген баласын мектепке бербей, койчу кылып койгон. «Окуп, Шабдан болмок беле?» дептир. Мен эми ошол Мусакандын ден соолугун тилечү болдум Кудайдан. Анткени, ал ооруп калса, ордуна мен кой кайтарып калам. Асман алай-дүлөй түшүп, калың кар жаап, бороон-чапкын болгон өткөн жумада, ал күрсүлдөп жөтөлүп ооруп, ал «жакшы болуп айыкканча…» деп, мага кой кайтартып коюшту. Бутумду көрсөттүм эле, Мусакандын кайыш чокою менен тайтуягын убактылуу берди. Окуудан калып, кой ээрчип тоого кеттим. Мен балдарды жаакка чапканым, Молдокем мени жаакка чапканы эстен кетпейт… «Таякты нандан көп жээдим…» деп ойлоно калам кээде.

Абдылаалы, Эшим деген койчу балдар менен бат эле коюн-колтук алышып кеттим, экөө тең жетим. Эшим менден кичүү, орус баласы, кыргыз асырап алган, шыпылдап чыйрак, өңү орус окшоп турганы менен, тили кыргызча буудай куурат.

Бир айыл болгон соң, үчөөбүз койду тоого бирге жайчубуз. Төш таянар замат үч короо койду кошуп жиберебиз. Анткени чогуу жүргөндө кой жайганга оңоюраак, койчулар үчүн саал жанга тынч. Жайындагыдай жуушап жайылып албастан, кышкысын от кууп бат эле кырдан ашып кетет, бир азап. Ошондуктан бир бетке ийрип коюп, үчөөбүз кезек менен улам кетип баратканда кыйкырып кайрып келебиз да, өз ишибизди кыла беребиз. Бизде кандай иштер бар? Тоодон таш жарыштырабыз, түлкү менен коён болсо чыга качат, зоону жаңырта  кыйкырып иттерге кубалатабыз да, кумардан чыгабыз. Кечинде айылга жакын Жол-Булак тоосунун чыканагына түшүп келгенде койлордун алдын тосуп, таяктарыбызды жаңсап «бөлүн!» деп кыйкырып карап турабыз. Койлор эртең мененки келген жолу боюнча өз короосун көздөй бөлүнүп жөнөшөт, айрыкча үйдө козусуз калган кыш тууган койлор болсо, маарап ир алды чуркайт, артынан койлор чубуруп жөнөйт. Кай бир тескери кетип баратканы болсо, чуркап кайрып жиберебиз. Өзүбүз кайтарган койлорду өң-түзүнөн, эн тамгасынан жаземдебей тааныйбыз. Үйрөнүп калган койлор өздөрү эле короосун көздөй бөлүнүп кетет.

Мен Сыдык менен кечинде, кой короого келгенден кийин гана жолугушчу болдум. Кийинчерээк ал тоого, бизге келип жүрөт, кой каерде жайылып жүрсө ошерге келет. Анын чоң себеби бар, ал мындай: жайындагыдай кымыз, көөрчөк, айран ичип, өгүз минип сарала «торпокту» көкбөөр тарткан сайран күндөр жок. Кыштын күнү өгүз тоодо жүрө албайт, тайтуяк тартынып жөө кайтарабыз. Керээли кечке жей турганыбыз жарты токоч же бадырак. Мага Турсунбүбү бир чай чыны буудай салып берет.

— Ме, кууруп ал, — дейт.

Мен аны желдетип, ташын терип, мончоктой кылып чоң кара чоюн кашыкка кууруп алам да, таар баштыгыма салып коём. Ал менин эртеси туруп, тоодо жүрүп кечке жей турган тамагым. Теңи арпа, теңи буудай ундан жасалган жарты токочту чанда бир гана берет. Бадырак салган баштыкты китеп кап асынгансып ийниме салып коём да, анда-санда оозума кичинеден ыргытып коюп, койдун артынан кете берем.

Абдылаалы төмөнтөдөн, Эшим жогору жактан келет, үчөөбүз бир мезгилде Жол-Булактын күн чыгыш тарабындагы кыраңы менен койлорду жайып чыгып жолугушабыз. А деп жолугушканда эле бадырактан бир-бир уучтап киребиз. Ушундай жансактоодон кийин биз дагы акылга келип, курсак тойгузмайдын амалын тапканбыз… Ар кимибиз өз үйлөрүбүздөн ыгы келе калганда бир кесим этпи, бир үзүм майбы же бир жайымдык унбу, айтор курсакка жарай турганын коюн-колтугубузга катып, тоого алып барабыз да «баштаңмай» жасайбыз. Кайбир күндөрү тим эле жыргайбыз. Сыдыктын да бизге мүчө болгонуна бир топ күн өткөн.

Тоодон тамак жасап жеш үчүн Нурбайдын чакасын мен алып баргам. Бул түбү үч жеринен тешилип, чүпүрөк, курмушу тыгып койгон шуңшуйган калың кара чака. Бир айылга абдан белгилүү чака, «Нурбай чака», «пут чака» дешет айылдагылар, анткени аердегилер соода-сатык, алыш-бериш кылганда ушул чаканы тараза катарында пайдаланышат. Арпадан үймөсү, буудайдан жаймасы жарым пуд болуп эсептелет, бул чака менен өлчөгөн эгин таразага тартылган катары эсептелет, ошондуктан бул чака түтүндү түрө кыдыра жүрөт. Ал ортонун чакасы болуп зор кызмат аткарат. «Нурбай чака» десе баласына чейин билишет. Бирок, бир кыш бою түтүндү түрө кыдырып таба албай коюшту. «Жер соруп кеткенби?» дешет да, тим болушат. Биз «кара чаканын кадырын билишсин» дедик.

Кайсы бирөөлөр «Нурбайдын атын ушул чака чыгарды» дешет. Нурбай да итке минген кедейдин бири, ырымга адалдан түгү жок. Төрт уул, эки кызы бар. Болот деген баласы кийме таз. Эң улуу баласы Ысак мени менен теңтайлаш. Өзү ак чач болуп калган момун адам, аялы быйтыгый мурун, чымчык чаар сепкили бар, кулагы кереңирээк кара сур киши. Буларды айылда табышмак кылып айтып жүрүшөт. Ким ойлоп чыгарганын билбейм. «Ак баш буурасы, бучук кара иңгени, алты алабаш ботосу бар» деп айтса эле, аны ким болбосун Нурбайдын үй бүлөсүнө жоруйт. Сыйкы байлардын же манаптардын шылдың кылуу үчүн ойлоп чыгаргандары болуу керек…

«Нурбай чаканын» тешигине биз коргошун куюп бүтөп алганбыз. Дайым эле биз ойлогондой боло бермек беле, тумшугубузга эчтеме илинбеген күндөрдүн эсеби жок. Жадаганда ушул айылда ширенкенин табылышы да кыйын, бул айылда дүкөн деген нерсе да жок, коломтолоруна көңдү көөмп коюшат, башка үйлөрдөн от алып келишет, түтүнгө чакмагы бар. Андай чакмак бизде да бар, отун болсо тоодо толуп жатат, карды кара чакага эритебиз да оокат кыла беребиз. Ал кезде азыркыдай майдаланган ак туздар жок болчу, «кочкор туз» деген кара туз тамакка да, малга да жумшалат. Ошондон кар суусуна татытып камыр жуурабыз.

Күндөрдүн биринде бийик тоонун боорунда чоң зоонун түбүндө кара чакага тапканыбызды бүт салып, жыгач отунду алоолонто жагып, жарпыбыз жазыла бабырап олтурабыз. Баягыда айылга келип кеткен эки пионер бала жөнүндө, эми жаз чыкса эле жетим балдар үйүнө токтоосуз кетип калуу жөнүндө Эшим экөөбүз жарыша сүйлөп атканбыз. Абдылаалы бүткүл ынтаасы менен угуп олтурат, ал менден эки жаш чамасында гана улуу, болук, мүчөлүү, бети жайык, кара тору ойноок бала. Тоголок Молдонун «Насыят» ырын тим эле зыркыратат. Жарамазанды да катырат, мага үйрөтөт. Сыдык экөо бүткүл бир кыштактагы өзү теңдүү, өзүнөн улуу балдарды да кыйруусун ургандай жыгып жүрүп балбан атагышкан. Экөө күрөшсө ит жыгылыш боло берет. Мен курөшкө жокмун, ал экөө мүрдөмгө келтирбей көтөрүп чабат.

Кара чака боркулдап кайнап атат, ал бизге сүйкүмдүү көрүнөт. Ичинде мен алып барган Өмкөнүкү согумга сойгон карала бээнин бир чоң тилим майлуу эти, Эшим алып келген эчкинин далысы жана өзүбүз тарткан тузакка түшүп, «арам» өлгөн эки кекиликтин эти аралаш кайнап атат. Сыдык болсо бет аарчыга \бет аарчы дегенди билчү эмес эле, аны кайдан ала койгонун билбейм\ ун түйүп алып койнуна катып келген. Биз аны «унуңду өзүң жуур!» деп, камыр жуурутуп койгонбуз. Ал сыңар тизелеп алып, тонун көмкөрөсүнөн салып, дал ортосуна камыр жууруп атат, күндүн суугун тоотпойт, этинде көйнөгү жок жалаң таар бешманты бар.

— Жакшылап жуур, — деди Абдылаалы буйрук бере сүйлөп. Ооозубуз сөздө болгону менен, көзүбүз казан менен койдо.

— Кокуй, чурка Эшим! — Абдылаалы улуусунуп жумшады.

— Кырды ашырбай кайрып таштап келегой, тынчыраак жыргап тамак жейли!

— Жуурарын жуурдум, эми эмнеге жаям? — Сыдык мурдун шор тартты да, чеңгелдей камырды колуна алып, тонун желбегей жамынып ичиркенип жыйрылып койду.

Кеңеше баштадык:

— Кандай кылалы? — деди Сыдык, — үзүп-үзүп салып жибербейлиби?

— Жок, анда жаман тамак болуп калат,- дедим мен, — эптеп жайып челпек кылыш керек!

— Ооба! — деди Абдылаалы мени жактап. — Алдагы тонуңдун эле далысына таяк менен домдоп-сомдоп жайып жибер. — Өзүнүн таягын күрткүгө сойлотуп-сойлотуп чаң-топурагын тазалап, Сыдыкка кармата салды. Ал аны бир, мени бир жал-жал карап күлүп, кайра чоң жалпак таш үстүнө төшөдү да, далысына камырды жая баштады. Камырдын бир жак чети дулдугуй, бир жак чети солпу болуп жайылды. Бизге эмненин шаңы, эт бышкан кезде камырды төрткө бөлүп «бар эмесе» деп чакага урдук да, жибердик. Эшим да келип калды.

Колдорубузду кар менен жышкылап жууп, «Нурбай чаканы» ортого коюп алып, туш-туштан качырып кирдик. Жаман көргөн кишиге бергис тамак болуптур, майлуу, даамдуу, тузу сонун татыган, арбын да, тим эле «бир болуш элге» жетерлик. Адеп менен шашпай жакшы жеп жатабыз, баарыбыздын кабагыбыз ачык, чынында кең-кесири отуруп, бүгүнкүдөй тамакка жыргаган эместирбиз… Эти менен камырын жеп бүткөнчө колубузга май тоңуп калып, сорпосу да муздай түштү. Чаканы чокко кайра коё коюп, сорпону жылытып бүт ичип алдык. Деги эмне болуп калганыбызды билбейм? Кудайды карап жесекчи, чаканын белинен жогору тамак эле. Мен «бир болуш элге жетерлик» деп олтурсам… Баарыбыздан Сыдык көп жеди, тонунун акысын ашыра алды.

Көңүлүбүз жайланышкандан кийин, «арам» кекилик жөнүндө, этти кантип алып келгенибизди алмак-салмак айтып отурдук. «Арам өлгөн кекиликти жеп койдук, ээ!» — деди Сыдык, эки колун кайра-кайра укалап. Анын бул сөзү эч кимибизге  жаккан жок.

— Жеп, тоюп алып айткан сөзүн кара? — Эшим мурдун чүйрүп, чаканы зоонун түбүнө көмкөрүп үстүнөн таш бастырып койду, ит-куш жыттабасын деп.

— Тузакка илинип өлгөн адал болот, — Абдылаалы мени карады.

— Курсакка киргендин баары адал,- дедим мен, көңүлүмдү иренжитпей.

— Мен баш таңабыз деп этти энемен эле сурап алдым, — деди Эшим тишин чукуп, компоюп.

— Мен далыны Бектурдукунан уурдап алдым, — деди Абдылаалы, таякка сүйөнүп туруп. Бектур анын жакын тууганы, кедей, эчки союптур деп укканыма төрт-беш күн болгон. Өмкө болсо бир бээни согумга сойгондун эртеси күнү дагы бир бээси Жол-Булактан учуп өлүп, эт деген неме бир боз үйгө толуп, ала бакандар тирелип калган. Мен ошол эт турган үйдө коломтонун жанында жатам, Турсунбүбү да эри менен ошол үйдө жатышат. Өмкө, байбичеси жана башка балдары менен тамда.

— Турсунбүбү чычканга кебек алдырчу эмес эле, бул этти кантип алдың? — деп жолдошторум сурап калышты. Мен Сыдык тонун төшөгөн ташка олтуруп алып, баштан аяк айта баштадым.

— Ал айтканыңар чын, баягы күнү карачечекей абысыны Маржан үйүнө келе калып «сарына болуп турам» деп, ашканада тирелип турган эттен кыдырата карап туруп, үзүлүп түшчүдөй  бөлүнүп турган чүкөдөй этти үзүп алып отко кактап жеген. Кечинде конокторго эт салып жатып, «биердеги этти ким үзүп алган» деп сураса болобу. Мен эмне болгонун айтып бердим. Ошончолукту билет деп ким ойлоптур.

Жолдошторум башын чайкашты.

— Менин жеңем Анаржан андай эмес, — деди Эшим, мага көтөрүлө сүйлөп. — Этти кантип алып чыкканыңды айтчы!

— Кечинде дагы коноктор келген. Турсунбүбү ашкананы ачып, салына турган этти жез чара менен күйөөсү Алымкулдун алдына коюп, «бузуп сал» деп сыртка чыгып кетти. Мен ага көрсөтүп казанга суу куюп, койдун көңүн алоолонто калап олтургам. Күйөөсүн башкалар өз атынан айтпай, «Талма» дешет. Чын эле, бирөө сүйлөп жатса талмоорсуп жалдырап калмайы бар, кулагынын кереңдигинен болсо керек ко. Анын үстүнө бирдемени дароо баамдабайт, элдин айткандарынын жөнү бар. Анын мындай болушунун мага эч бир зыяны жок экендигин ошол күнү билдим. Ал этти ары-бери чарага бузуп, «казанга сал» деп мага түртө салып, тактанын коңулунан бүлө издеп жатканда көзүм түшө калган этти коюнга ургамын.

— Туура, туура,- деп үчөө тең чуулдап жиберишти.

Этти дайыма Талма бузат, ошол учурдан жана аңколугунан пайдаланып, андан кийин этти казанга салар алдында кытып алчу болдум. Турсунбүбүнүн көзү да ошондо будамайланат… Башка арга жок. Кээде казандан чыгарылып табактарга жасалып жатканда да Турсунбүбү аралаша калчу болсо:

— Жото жиликтин этинин теңи гана, учанын эти ушул беле? — деп такып турат. Мен сыр алдырбаска аракет кылып, ал сөздү байкабаган, укпаган момун немече көңдү орок менен сындыра чаап калай берем. Күйөөсү болсо одураңдап коёт:

— Мен эмне, казанда кайнап атканда жеп алыптырмынбы!

Мейли, эмнеси болсо да, биз кээде ошентип жыргап жүрөбүз, жакшы тамак жеш колдон келсе жаманбы? Бизге андан башка жол жок болсо эмне кылмак элек…

Биз эртеңки күндү да жакшы өткөрүүгө далалат кылабыз. Бирок ойдогудай боло бербегени жаман да. Ар кимибиздин көзүбүз эле бир-бирибизде, кимдин койну томпоюп, баштыгы бөрсөйүп келатканын алыстан карап турчу болдук. Ошол «атактуу» тамакты жегендин эртеси күнү Сыдыктын келатканын көрүп:

— О, баягы эргулдун колуна бирдеме илинген экен ээ, жакшылыктуу болгой эле деп, жабыла карап турдук. Ал капталдай басып, кээде токтой калып, арт жагын кылчая карап коюп, жакындап келатат. Артын кылчая караганда бизге дал ортосу даана көрүнө түшөт, дүпүйөт жана карарат. Ал өзү да алда кайдан күлүп кабагы ачык келатат.

— Эт болсо керек, далысына каткан экен, — деди Абдылаалы. — Ак жолтой кара чака бүгүн да…

Менин көзүм да Сыдыктын далысында, жакындаган сайын дүпүйгөндөн дүпүйүп көрүнөт, «эмнеси болсо да биз жей турган тамак» деп ойлодум.

— Бас ой, батыраак баспайсыңбы! — шаштыра баштадым. Ал ырсалактап күлүп келатат, биз чыдамсыздык менен тосуп турабыз.

Төрт-беш кадам жакын келип, күлүп туруп алды.

— Эмне мынча күлөсүң, далы ортоңдогуну бери алып кел, жарайсың!

Сыдык ыгы жок күлөт да күлөт.

— Эй, Чулчук, эмне күлөсүң, аркаңдагы эмне?

Ал үч кадам басып келди да, солдаттан бетер шарт артына бурулду, биз дал ортосун көрүп,  а дегенде сомсоё түштүк да, анан эрксизден дуу күлүп жибердик.

— Дал ортоңо эмне болгон?

— Эртең менен турсам эле ушинтип калыптыр.

Биз баягыдан ого бетер зоону жаңырта күлдүк, Сыдык кошо күлүп атат.

— Кечээ тонумдун аркасына камыр жуурубадым беле, камыр катып калып, түндө далортомду ит оюп жеп кетиптир.

Биз күлкүгө карк болдук. Аны бирдеме катып келаткан деп отурсак…

ӨЗ КЕЛЕЧЕГИМ ҮЧҮН

Буту-колумду үшүккө алдырбай кыштан чыгып алганыма өтө сүйүнөм. Абдылаалынын кыштай үйрөткөн жарамазаны мени эки чоң айылга аттын кашкасындай таанытса болобу. Кош айдоо башталар менен элде орозо кармоо башталат. Дал ушул орозодо «олжо» таап, курсак тойгузуу үчүн жарамазан айтуу керектигине алдын-ала убада кылып койгонбуз. Түн катып айыл кыдырууга ат керек. Бир жаман жери, башка жакка  көчүп кетишип, эки достон – Абдылаалы менен Эшимден ажырап калдым.

Өмкөнүкү го төлдөтүүгө Капчыгайга көчүп кеткен, мени «соко айдашасың» деп кыштоосундагы эски тамына эки өгүзү менен, бир азыраак жем, чөп калтырып көчүп кеткенден бери жармадан башка эч нерсе иче элекмин. Соко тарткан ат менен өгүзгө берилүүчү жемдик арпадан бир топу салып алып, туугансып кара Мамбеттикине алып барам. Бүгүн нан жебеген томояктын нагыз өзү. Ал кыш бою төшөктө ооруп жатты, быйыл жылдагыдай жумуш издеп кетип калууга чамасы келбейт. Кышында бороон болуп, кара алачыгын жыгып кеткенин унутпайт.

— А байкуш, баягы Мамбеттин алачыгын түндө бороон алып кетиптир, — деген жагымсыз үндү угуп, мышыктын баласындай бүрүшүп жаткан жеримен ыргып туруп сыртка чыксам, бурганак бет алдыман тороп жибербейт. Дал ортомду бурганакка тосуп жакын келип:

— Карасарт! Абылгазы! — деп кыйкырдым. Туура жагыман үн чыкты.

Көрсө, экөө Өмкөнүн бастырмасынын астына коргологон экен. Мамбет катыны менен туурдукту чүмкөнүп кардын алдында калыптыр. Тиши тишине тийип шакылдайт. Мен тирүү калганына сүйүндүм. Ушундан кийин ооруп төшөктө жаткан. Өмкөдөн пайда келчүдөй жанында олтурчу. Эми ошол жаман алачыкты бороон жыккан журттан окчун тигип, Өмкөнүн жана анын бир туугандары Койчуман менен Асандын сокосун айдап бермекчи болуп, ошерде олтурат. Алачыгынын жанында Өмкөнүн көк сокосу жатат, кызыл кашка өгүзү менен күрөң өгүз чөп жеп турат. Мен күнүгө топуга кичинеден салып келген арпаны ушул үйдө кууруп, күйшөп, жаргылчакка тартып, бир маал жарма кылып ичебиз. Бу киши деги эчнерсени ойлобогон маанайы пас киши, буга мамлекет жер берген, ошону да аракет кылып айдап алууну уюштура албайт, бир үйдө бакандай болгон төртөө бар, күрөктөп жер сайса да оокаттык аштык айдаар эле. Бирок өз жумуштарын кылууга моюндары жар бербейт, оңой оокатты эңсеп, жомок айтып алачыктын көлөкөсүндө олтурат. Мындай абалда калышын өз бактысынын «тайкысынан» көрөт, Кеңеш өкмөтүнүн кедейлерге берген укугунан пайдалана албаган бир ачык ооз.

Биздин түркүбүз менен ишке жараганы бул:

— Ини, бала меники, киши ошентип меники; соко менен унаа күчү сеники; жериңерди бүт айдап берели, силердики бүткөндөн кийин акыбызга биртике жер айдап алалы! — деп Өмкөгө сүйлөшөт. Ал көп ойлонуп олтурбастан:

— Болуптур, тууган эмессиңби,- деген экен «боору ачып». — Биздин жерди айдап бүткөндөн кийин бир күнгө сокону ал. Унааларды кыйнаба, ошо күнкү жем-чөп өзүңөн.

Мамбет ушуга макул болуп, аябай сүйүнүп келиптир. Биз ыраазы болбогондугубузду айтсак, «кудай өзү жеткирет» деп койду.

Кудай жеткиргендеги кебетеси тиги.

Ишке кириштик. Койчумандын торала аты менен Асандын көксурун соконун алдына кошуп, эки өгүздү артына чиркейбиз, эртеден кечке атка мен минип, Карасарт өгүз айдап, Абылгазы соко кармайт.

Көк-Жондо соко айдап жүрүп нөшөрлөгөн кара жамгырдын астында калып, таң атканча үчөөбүз башыбызды тийиштирип зиркиреп олтурдук. Айлана көзгө сайса көрүнгүс, чагылган туш-туштан төбөбүздөн чартылдап, үстүбүзгө түшчүдөй жүрөгүбүздүн үшүн алды. Түштөн кийин күн бүркөлүп турат, талаага түшүп кетели десем, Абылгазы сүйлөнүп койду:

— Эртең Өмкөдөн тилин уккудай алым жок, тоодо кала беребиз.

Башыбызды тийиштирип коюп экөөлөп көр жемеге алып жатабыз. Көк-Жондон  талаага жети чакырымдай, ушундай караңгыда тоодон жол таап түшүп кетүүгө үмүт кылуудан кажет да жок, тоо жолу татаал. Жок дегенде бүгүн ысык бирдеме ичкен  болсок да эмне. Нан болсо чай кайнатып ичелик дедик эле. Эки күнгө ченеп Өмкө өзү чаначтын кап ортосунан өйдө айран алып берип кеткен.

— Бүрсүгүнү нан ала келем,- деген кетип баратып. — Мына, жерди болсо көрсөтүп бердим, ала калтырбай ак ниетиңер менен айдагыла, арпа жакшы чыкпай калат.

— Сиз дагы ак ниетиңиз менен тамак алып келип бериңиз,- дедим угузбайын деген ой менен үнүмдү пасыраак чыгарып. Бирок ал угуп калды шекилдүү, жалт карады да, бирдеме айтчудай оозун таптап барып унчукпастан жүрүп кетти.

Ал мындай бастыраары менен тигил экөө машташып алган немече мени каарып, көр жемеге алышты:

— Эми сени үйүнөн кууп жиберет, оозуңдун шогу ай! Эртеңки күнүң эмне болот?

— Куубаса да кетем, жаз чыгып калды.

— Кайда барасың? — Карасарт сөзүмө ишенген жок.

— Токмокко, жетим балдардын үйүнө.

— Албасачы?

— Бишкекке барып арыз берем.

— Акчаны кайдан табасың?

Биз акыйлашкан кишиче сүйлөшүп калдык. Абылгазы калыс немече тишин жалтыратып карап турат.

— Акчаныбы? Табам. Мынабу бут аман болсо Бишкекке жетем.

Бутумду көтөрүп Абылгазыны көздөй шилтедим эле, коңултак кийген башмагым алдына барып түштү. Баарыбыз кыраан каткы күлүп, сөз бузулду. Кышында караманча жылаңайлак калганымда, Абдылаалы берген. Кайдан таап келгенин билбейм, сурасам, «көктөн түштү» деп койгон. Кыкең колго жасаган кара чокойдун тарпы, улам желкесинен басып отуруп таманы узарып, тумшугу ороктой кайкайган, согончогу таарып таштагандай тешик, кончу төрт элиден бийик эмес бир кийим… Ушуну кандай неме  кийип жүрчү экен деп ойлойм. Бирок ал менден тыңыраак болуш керек, кийбей таштаган тура…

Мен ушуну кийгенден кийин чуркабай калдым, ал тургай бутумду так көтөрбөй тарпый басам, антпесем бутуман чечпесем деле түшүп калат. Кээде балдар бир жакка баратканда «жарышасыңбы?» деп кычаштык кылышат. Алар чуркаса артта калам, кай бир кезде колума ала коюп, карга карабастан тызылдап жөнөймүн. Эртең менен ушул чокойду тилдеп кийем, ичине самандан же бетегенден олпойто батек салам, кичине бассам эле согончогуман суурулуп түшөт, айылдагылардын баары менин баскан изимди билип алышчу болду. Кай бир балдар:

— Эй, Абдырасул, ичегиң чубалып баратат,- дешет.

Ошенткенде тим эле жети өмүрүм жерге кирет, ыргытып жиберейин десем башка киерим жок. Эми бул чокойдун кордук көрсөткөнү бүттү, согончогу Карасартты карап, күчүктөй болуп Абылгазынын астында жатат. «Мындан ары кар жааса да кийбейм», — дедим чыйрак  сүйлөп. Эми жылаңайлак жүрө берүүгө болот, бирок камкаймак керек…

Тонубузду күнгө жайып койгонбуз, жыбырап чыккан майда кан соргучтарды терип үлгүрө албай жатабыз. Колдон келсе тонду да ыргытып жиберсек, арыла түшөр элек…

Кур айткан менен болобу, биз бир жакшы иш кылдык, тоого чыгаардын мурунку күнү  ай жарыкка салып Мамбеттин жарым гектар жерин ала калтырбай, сокону терең чөгөрүп айдап бердик. Эртең менен Абылгазы буудай сээп, түшкө жеткирбей маласын да тартып бүтүрдүк. Түштөн кийин тоого чыгаар алдында Мамбетке айтсак, алгач ишенген жок, өзү көргөндөн кийин күлүп туруп сөзгө келди:

— Адам болот деген ушу, муну кимиңер ойлоп чыгарып жүрөсүңөр?

— Мен, — төшүмдү керип көтөрүлүп койдум.

— Берик тукумунун эгинин айдап бүтпөй жатып, бу кылганыңарга Өмкө не дээр экен?

Абылгазы кабагын чытты:

— Эмне десе ошо десин. Качанкыга чейин коркуп жүрөбүз? Кокуй киши экенсиз, ата…

— Өмкө макул болду дебедиңиз беле? — Карасарт да кайратка келе түштү.

Анын сөзүн мен да коштодум.

— Айдап ал дегени чын беле? Эмесе айдадык. Бирдеме дечү болсо айыл кеңешке барабыз.

Менин бул айтканыма Мамбет кубаттана түштү.

— Ошентесиңерби? Болуптур, адам болуп калыптырсыңар. Атаганат, байлардан өч алсаңар кана!

«Ушул айылдагы кедейлердин борпоңу, бошу» деп ойлодум аны.

Көк-Жонго чыккандын биринчи түнү жаан бизди шөмтүрөтүп тосуп алганын эмне жорудук? «Шорубуз түндө жуулду» дедик. Ошол түнү «терең…» акыл ойлодук. Мен мурдатан берки оюмду төкпөй-чачпай айтып бердим да: — Бышыкчылык келгенде үчөөбүз кол кармашып алып шаарга окуу издеп кетелик,- дедим чын пейилим менен.

— Өзүң бара бер,- деди Карасар, берекелүү мурдунун кең таноосунан махорканын жыттуу түтүнүн уюлгутуп. — Бир арип тааныбаймын, мени кайсы окууга ким алмак эле, окууну силерге бердим, дыйкан болсом болду.

«Ушул алында буга тамеки тартканды ким койду экен» деген ой заматта башыман зыр дей түштү. Байкап турам, кайра айтсаң басып кеткени турат. Оруста кой кайтарып жүрүп, бешиктен бели чыга электе тамеки тартканды үйрөнүп келиптир. Орустун бөлкөсүн көп айтат. Мурдакы борбойгон өңүнө чечек келиштире сайма сайып, ого бетер одурайтып салыптыр, мага мындан жакын күйүмдүү киши жок, жетимдиктин айынан мен дунганда, ал оруста жүрүп, жолугушканыбызга бир жыл толо элек.

Абылгасы болсо:

— Мен окууга кетсем, Макеңди ким багат, аны кантип таштап кетем? Тиги биз айдаган буудайды ким багат, аны ким оруп-жыйып берет?- деп наалый баштады.

Экөөнүн тең сырлары мага белгилүү болду, мындан ары өз келечегим үчүн аракет кылуум керектигин ичимен дагы бекемдедим. Абакир тууганым айткандай булардан акыл чыкпады.

Ушу күнү соко түшкө жакын чыгарылды, жармоо суу болуп калгандыктан өгүздүн мойну кетип калбасын деп кечиктирдик, чай кайнамча айдагандан кийин сокону токтотуп таштадык. Чаначты жалап койгонбуз. Таң атканча жаанда калган айран тим эле муз менен таш, шондой болсо да бар болсо кана? Өмкө келет деп, төмөн жакты карай берип көзүбүз талыды. Аттарды тойгузуп «тамак таап» келмекчи болуп жатабыз. Абдылаалыдан үйрөнгөн жарамазанды эми айта турган кез келди.

Аттандык. Карасарт тоодо эки өгүз менен жалгыз калды,

— Нанды көп таап келсеңер болду,- деди мага башмагын чечип жатып.

Мен торала атчан, Абылгазы көксур менен күн батаарда тоодон кыялап түшүп келатабыз. Чоң-Кемин өрөөнүндө айыл жыбырайт, анын баарына биз бара албайбыз, а дегенде өзүбүздүн айылдын четинен баштамак болуп акылдаштык. Жарамазанды эл орунга олтургандан кийин айта баштаса боло берет. Тоого түн катып кайта чыгып кете турган болгондуктан эртерээк башташыбыз оң. Кайсы үйдөн башташыбыз керек? Ал сөз эмес, баары бир, кайсы үйдөн баштасаң да боло берет, андан көрө шылдың болбой, жакшылап айтуу керек. Бирок түнүчүндө биздин өңүбүздөн ким таанып жатыптыр, кайсы айылдын балдары экенибизди жана да өзүбүздү айтпай койсок шылдың болуу бизге тиешелүү болбой калат да? Ушул өңдүү бүжүрөгөн ойлор мени тегеректеп алган.

Мамбеттикине келип түштүк, андан куржун алмакчыбыз. Алар жаңыдан орозосун ачып, бизди «кантип жатышат болду экен» дешип кеп кылып олтурушуптур. Байбичеси Канымбүбү:

— Мына, өздөрү келип калышты,- деди кара-курпа кирип барсак.

Учурашкандан кийин:

— Жанагы зоорго сактаган жалгыз наныңды алып бер буларга, биз максым менен эле ооз бекитип аларбыз,- деди Мамбет адатынча үлүрөйө карап.

— Жок, өзүңөр жегиле!

— Эмне, таарындыңарбы?

— Жок, биз силерди бүгүндөн баштап ушул айдын аягына чейин тойгузабыз.

— Кандайча кылып?..- Канымбүбү жалдырай карады.

— Куржун бергиле, куржун!

Биз куржунду алып жүрүп кеттик.

Жарамазаным элге жагабы, жокпу аны байкамакчы болуп өзүмө тааныш, сүрдөбөй турган өзүбүздүн айылдын четки бир үйүнөн баштадым. Аттын тизгинин жыя тартып, ээрдин кашына өбөктөй түшүп каадаланып айтып атам. Жарамазаным ортолоп калганда ак жоолукчан келин чыга калып жолдошума бирдеме сунду. Ал келинди таанып турабыз, Абакирдин Жибеги, бизди тааныган жок. Шашып-бушуп бата берип, ат башын бура тарттык.

— Кана, эмне экен?

— Шакек.

Аты жогуна батпай, чыпалагына салып ала коюптур Абылгазы. Тегерек, жалпак күмүш шакек. Менин ортонума чак экен, «төл башы» деп салынып алдым. Олжону тең бөлмөкпүз, ал жөнүндө чыр жок. Бирок эң алгачкы табылганы «жакшы белги» катарында өзүм алышым кандайдыр туура көрүндү. Ал да ылайык тапты.

— Алгач бир чаңырып алдың да, апкаарый түшүп анан жөндөп кеттиң.

— Эгер чаңырып, же айтып жатканда үнүмдү бийик чыгарчу болсом, камчы менен түртүп кой!

Экинчи үйгө барганда жүрөгүмү басып, үнүмдү шашпай бир калыпта чыгармакчы болдум. “Ассалоому алейкум жарама…” деп келатканымда эле Абылгазы капталга бир сайды , чочуп кеттим, оозуман жарамазаным ыргып кетти, ыкшып күлө баштадым, күлкүмдү не тыя алайын… Үйдөгүлөр да жымжырт болуп бизге кулак түрүп калышты, анткен менен иштин жөнүн билүүгө үлгүрө алышкан жок, уйку соонун арасында жаткан немелер… Теңир жалгап Абылгазы чылбырдан алып жетелеп кетти, а да күлүп жүрөт. Эмнеси болсо да абийирибиз жабылып калды… Ошентип ал үйдөн куру чыксак болобу.

— Мындан ары чаңырмактан бакырсам да, өкүрсөм да сайбачы бай болгур, — дедим жүрөгүмдү алаканым менен басып, көзүмүн жашын сүртүп жатып.

Дагы бир үйгө бардык, салмак менен шашпай айта баштадым. Мурдакыдан көп эле жакшы айтканымды баамдап турам. Бирок жарамазаным түгөнүп баратат. «Берчүсүн берсе болот эле!» дедим жолдошума шыбырап.

— Башынан кайра түш, айта берсең бербей койбойт.

— Башынан түшкөндөн көрөт кетип калалы!

-Түгөтө айт!

— Жарамазанымдын качан бүтөрүн билип тургансып, акырына келип такалган кезде бир келин «ме» деп кетмендей болгон жапкан нанды жолдошума кармата салды.

— Эшигиңдин алдына төө келип «бук» этсин,
Төшөгүңдүн башына кыдыр келип «тук»этсин! — Бата берип жолго түштүк.

А дегендеги олдоксондук, обу жок күлкү андан кийин кайталанган жок. Ушу биринчи эле күнү көп олжого баттык. Сапардан кайтып Мамбеттикине бир куржун көзү арпа, бир нече жапкан нан берип кеттик, сүйүнүп калышты. Таңга жуук ат ойнотуп тоого чыгып барсак, Карасарт карышкырдан коркуп уктабай олтуруптур, жакын ченде бизден башка кош жок болчу, ал бизди көрүп сүйүнүп кетти.

— Ме! — Абылгазы аттан түшпөй, куржунду Карасартка сүймөнчүлүк менен берди.

— Нан, оо көп нан таап келген турбайсыңарбы, жарайсыңар, кайрандар!

— Нандан башкасы да бар,- дедим ошо күнкү жүрүшүбүзгө ыраазы болуп. Аттар көкүрөгүн баскандан кийин тушап отко койдук да, чырм этип алалы деп тердик төшөнүп, ээр жаздандык.

Жакшылыктуу уктай албадык, зырылдап соккон тоо жели чыйрыктырып тынчыбызды алды, анын үстүнө түндөгү табылгалар көңүлдү кытыгылап, кобурашып эрте туруп алдык. Олжону ортого койдук: жарым куржун көзү нан, ийне-шакектер, эски-жаңы бетаарчылар, бир топ тыйын, жарты метр чыт табылгабыз бар. Мамбетке бергенибизчи, бир эле түндө ушунчалык мүлк тааптырбыз.

— Мен быйыл окууга барат эмесминби, — дедим чынымды айтып, — акча, арпа, кездеме түшсө мен алайын, калган табылгаларды бөлүшүп алып жүрөлү.

Карасарт  ойлонуп да турган жок:

— Ошент, сен ал! Калгандарын бөлүшүп алсак деле жетишет. Жарамазанды сен айтпасаң, аны бизге ким бермек. Азыр ысык чай ичебиз, Өмкө бизге бербеген нанын атасына аш берсин…

Абылгазы да бул айтылгандарды бүт жактады:

— Өмкөнүн нанын жебейбиз, анын ородогу буудайы менен арпасын чычкан тогологун калтырбай жеп кетиптир… Ха-ха-ха-а, — жапырт күлүп калдык.

— Нанга тойгондо кишинин күлкүсү чыгат экен,- деди Кыкең, дагы күлүп калдык, ха-ха-халап.

Биз колу-бутубуз бош, ат астыбызда болгон соң «түн бакырдыкы» деп түн катып оокат кылып жүрөбүз. Жаан-чачындуу айсыз түндөрдө гана жортуулдабай калбасак, калган түндөрү бошко кетирбей айылдан айыл кыдырып жарамазандын жаагын айрабыз. Кынык алып калдык. Жарамазан айткандан бери кесир эле болбосун, нан деген неме көпүрө болуп эле калды.

Кайсы бир үйлөр табактап же жарым чака арпа берет, мен аны керегиме жаратууга чогултуп жүрдүм. Айдын аяк ченинде жарамазандан тапкан акчама кара сатинден шым, бешмант, көк чаар чыттан көйнөк тиктирип катып койдум. Муну Маржан жеңем тигип берди, ал иштүү эле. Жарамазандан тапкан эски, бирок анча жаман эмес ак калпагым бар, аны да катып койгом. Буларды айтта, кудайдын улуу күнү эне-аталуу балдардан кем калбай жаркылдап кийип чыкмакчымын. Бетаарчы деген нерселер да менде ар түркүн. Абдылаалыга, Эшимге жана Сыдыкка берген бетаарчы, шакектерим канча!.. Баары аппак калай шакек, ала-сала күмүш өңдөнүп көрүнгөнүн кантесиң… Чыныгы күмүш болсо жарамазанчыга таштын бергениби?.. «Токмокто сарт, ногойлор сатат» дешет.

Эмне жетпейт? Бир гана чоң кемчилик — өтүгүм жок. Бар бүткөн акчама коперативден бычылган конч, баш сатып алдым. Таманы, апкыты жана башкаларына акчам жетпей калды. Ултарган акысына төлөө керек. Жарамазан айтып анча-мынча бирдеме таап алууга мурдакыдай болбой орозо аяктап калды, кош айдоо бүтүп, Койчуман атын алып коюп башка айылга баралбай калдым, өз айылга айтууга бет чымырайт, баарына таанымал болуп бүткөм, дагы барсам жолтпой коёрун билем.

Өтүккө күчүм кең-кесири жетмек экен, өзүм ката кетирип коюптурмун, мурда Өмкөнүн өзү алдаганы аз келгенсип, эми уулу Алымкулдун алдап кеткенине ичим күйөт. Шаарга кеткенде жол каражат кылып алайын деп жарты гектар арпа айдагам. Бул жерди дыйкан Бектурдун уулу Турсун берген. «Сенин атаң менен менин биртууганым Ныязаалы маркумдар дос эле, ошондуктан сага берейин, күзүндө арпамды орушуп бер!» — деген.

Мен бу кишиге абдан ыраазы болуп, сүйүнүп туруп берген жерин Карасарт, Абылгазы үчөөлөп айдаганбыз. Боор жана таштак жер экен. Турсун кандай эле мени демейдегиден жакшы көрүп, жер берип калды десем, көрсө аерге суунун жетиши кыямат менен тең экен, мага арык чыгартып алып, кийинки жылы өзү алып коюуну ойлоп арамзалык менен бериптир. Муну айдап үрөнүн сепкенден кийин билип жүрөм. Ушерге үч пуд арпа себилди. Алымкул мени дал ушерден алдаптыр. Жарамазандан тапкан он төрт чака арпам бар эле. Бул бир өнчөн болбогондуктан себүүгө жарабайт дегендиктен мен ага айтсам, ал мага «жакшылык» кылган киши өңдөнүп бир өңчөй өз арпасынан алты чака берип, ордуна менин арпамды бүт бойдон алып, «өтүгүңдү Мусага ултартып» берем деген. Мен чын эле ишенип жүрөм. Муса улгайып калган өзүбүздүн айылдагы бир момун адам, ооз бекилгенден бери Өмкөнүн үй-бүлөсүнүн бут кийимдерин ултарып ошолордун үйүндө. Өздөрүнүкүн ултартып бүткөндөн кийин менин өтүгүмдү ултартып бермек. Алымкул так кесер жооп берди:

— Сага таман арткан жок, өзүң ултартып ал, акчаң бардыр?.. Жарамазанчым…

Мен өз ичимен минтип ойлодум: «Коюн бакпай, отун жакпай, мурдакыдай темпейип жүрө бербей кетип каларыма көзү жетип, акысыз малайдан ажырап калганга ичи тызылдап жатат, мейли, тызылдай берсин. Менин ичимди да далай тызылдаткан. Өмүр бою эле эшигинде жүрө бермек белем?!» Башымы чулгуп койдум. Анын майлаган буудайдай жылтыраган кара күрөң өңү, этеги жайылган мурду мага суук көрүндү.

— Мен арпамдын теңин сатсам, таманга жетмек! — дедим сүйкүмсүз карап, томсоруп туруп. Муну угуп турган жана мурда капарында бар өтүкчү Муса мага боору ооруду:

— Атаганат, ушу бечаранын өтүгүн ултарып берсем болот эле, кап… — Анан ал менин муңканып турганымды көрүп, көңүлүмдү сооротту: — Капаланба, айланайын, мен өзүм таман таап, айтка чейин ултарып берем, сенден акы албайм.

Бул жылуу сөзгө жашый түштүм, Өмкө менен Алымкулга өз ичимен наалат айттым.

Айткандай эле ай башы күнү кечинде барсам, өтүгүм даяр болуптур. Мусакем үйүнө алып барып ултарып коюптур, көрө коюп сүйүнүп кеттим. Тим эле томогодой сонун өтүк болуптур. Өмкөнүн эски сабаасын өздөрүнө ич таман кылганы кескенде, Мусакем  билгизбей мага арнап туруп калың жеринен кош тамандап кесип алган экен.  Менин өтүгүмдүн таманы сабаадан экенин эч ким билбейт. Айт күнү менден жакшы кийинген балдарды чынында эле айыл боюнча көрө албадым. «Эч качан жамандык көрбөсүн Мусакем!» — ичимен алкап жүрөм.

Мурдакыдан канча тыңып калдым, оо кудай бетин салбасын, ханга салам берер эмесмин, көңүлүм сергек, ойногум эле келет. Бирок мурунку түшүм оңоло элек, дале жыртылган жаман кийимчен жылаңайлак тезек терип жүрөм же коломтонун жанында эски кара тердик төшөнүп, тонумдун бир этегин салынып, бир этегин жамынып, өйдө тартсам шыйрагым чыгып, ылдый тартсам аркам ачылып, сууктан корунуп оор салмактын астында жатам. Кайсы убакта ойгонсом жүрөгүм а дегенде «шуу» дей түшөт да, башымы койнума ката салам, анан ой пайда болот… Түшүм экенин сезе калганымда көзүмдү акырын ачып-жумуп терең улутунам. Ошенткенимде жеңилдей түшөм. Жерге: “тфу-тфу” деп коём. Анткени жаман түш көрсөң, жерге түкүрүп-түкүрүп кой деп атам менен бир тууган сексен жаштагы Арууке апам алда качан айткан, мен ошону эрким менен иштейм.

Ушул 1926-жылдын жазы мага жагымдуу, башыман өткөргөн бардык жаздан сүйкүдүү учурады. Чоң-Кемин айыл кеңешинин төрагасы мурдакы батрак Кебек жана аны менен бирге батрачком  келип батрактардын баарын каттап кетишкен. Мени да каттап алышкан.

— Мындан ары бу балага кой кайтартпайсыз, уктуңузбу? — деди Өмкөнүн төрүндө олтурушуп, мага аны беттештирип. — Абдан жакшы кийиндирип коюпсуз, көрдүк. Эгер мындай болбогондо, бай, кеп башка эле… Бу бала быйыл шаарга окууга кетсе жолуна тоскоолдук кылбассың? Жол каражат берерсиз?

Өмкө жооп кайтарды:

— Тоскоолдук кылып эмне кылайын, эмки заман жетим-жесирдики болбодубу…

Ал тигилерге мени өзү кийиндирип койгондой түр берип, “өзүңөр көрүп турасыңар го…”, — деп койду, күрсүнүп. А тигилер менин жарамазандан тапкан кийимдерим экенин кайдан билишсин? Бирок үй бүлөсү: «Айтып койбогой эле » дегенсип мага жагына карашат.

Мен: «Айтар кез эми келди, баарын айтып абийирин айрандай төксөмбү» деп ойлосом да, көмөкөйүмө сөз алда нечен ыкыс берип келсе да, баары бир жалтаңдык кылдымбы, айтор айта албадым. Ой менен ой кагылышып, кийинки оюм күчтүүлүк кылып кетти. «Азыр айтканың менен тиги батрачкомдор эми эле аттанып кетишет, булардын ичтерине зак түшүп калат да, сени жаман көрүп калышат, азыр булардын үйүнөн кетип калбаган соң, чыдап, өзүң кетүү күнүң  жеткенге чейин ичиңде болуп жүрө берсеңчи! Көрүп олтурбайсыңбы, эми саал сестейип калышты, кантсе да жеңишиң бар, мындан ары жакшы карап калышат. Азыр ооз ачыш эртелик кылат, ыгы дагы келет»…

Батрачкомдун келип кеткени эмнесин айтасың, жакшы болду. Ошондон кийин баркым көтөрүлүп, кой кайтаруу деген жок, бирок короо кайтарып, кой саадыруу, отун алып от жагуу дале мойнумда. «Бул кеп эмес» дейм өз ичимде, анткени колдон келет, аны кылбасам шүмшүк көрүнөмүн…

Өмкө төрт түлүк малга бай, баш аман, төл аман болду. Эми эки жерге кере желе тартып улам телчиккен кулундарды байлатып турат. Капчыгайдын түзүндө жабалактай конгон айылдын төрт жагындагы чоң ак боз үй Өмкөнүкү. Эртең менен кулундар желеге келер замат эле, ошону гана күтүп тургансышып ар жак-бер жактан кишилер ээрчишип, чакыртпай эле келип калышат, эки бээнин терисинен жасалган жаңы сабаада алда кайдан буруксуп, эңсеткен ууз кымыз күрпүлдөп турат. Турсунбүбү төшөктөн турар менен эки залкар чанач кымызды куюп алып көлдөлөңгө ороп, жүктүн бурчуна жаап коёт да, келген кишилерге сыңар тизелеп олтуруп сабаадан куюп берет, мен эпилдеп сунамын.

Адат боюнча аксакалдардан, улуулата сунулат. Адегенде чоң сыр аякка, анан кичине сыр аякка, андан кийин чөйчөктөргө куюп, беделине карата кимге кайсыны сунаарымды астыртан шыбырап, аяктын кайда кеткенин тап кетирбей байкап отурат. Анын колунун чүрүшкөн сараңдыгы болбосо, өзү таза келин, тамак-ашты, идиштерди абдан таза кармайт, шайкелеңдиги да жок, мага жаман айтпайт, эч кимге суук сөзү жок, ак саргыл, өңдүү-түздүү ачык келин. Талмасы кармаганда эки ууртунан ак көбүк чыгып, тишин кычыратып, муштумун катуу түйүп алып эч кимди көзүнө илбей, эки жагын муштагылап, көзүн бекем жумуп алып чыйкылдап жатып калганы болбосо, башка жагынан камчы салдырбаган келин.

Мунун сырын мен билем, бир нерсеге капаланса эле, оорусу кармай түшөт, а дегенде бир аз эстеп-эстеп туруп… анан өңү бир түрлүү өзгөрө түшүп, дароо олтурган жерине кулайт. Анын кантсе соолугарын да билем, унчукпай эле муштумун ушалап-ушалап жазып жиберсе, көзүнүн алдынан, кулак түбүнөн, саамайынын астынан чыпылдап тер чыкса эле оңоло баштайт. Отко түшкөн тарамыштай жыйрылып турган денеси жазылып, колдору шалдайып, бир аз үн чыгарбай солуктап жатат да үшкүрүнүп, жоолугун оңдоп салынып, жан-жагына капалуу карап салмак менен тура келет. Өзүнүн эле кара жанынын азап тартканы болбосо, ооруганынын эч кенедей баркы жок, «оюнчук» сыяктуу болуп калган.

Мына ушул баркы жок оору, кыйгас кымыз ичип жатканда кармады. Капшыт жакта олтурган бирөө оозу жөн турбай, “күйүмдүү бир төркүнүнүн атын атап, кутурган ит каап кетиптир”,- дей салды.

— Ок, — деп чочуп кетти Турсунбүбү,- сен ошол жакка барып келдиңби? Анын өңү бузула түштү. Ага карабастан же эч нерсени байкашпайбы, олтургандар ар кыл сүйлөй башташты:

— Кутурган ит капса, эмесе кырк үйдү кыдырып, кырк казандын кулагын тиштетүү керек! Антпесе кырк бир күндө кутуруп кетет дейт ко?..

Булар, кутурган итпи, кутурбаган итпи, капканы чынбы, жалганбы, айтор акыйкатына жетпестен эле оозуна келгенин жамыратып жатышканда, Турсунбүбү сабааны коё берип жыгылып калды. Сабаанын оозунан бурт этип атып чыккан кымыз экөөнө жаба бергенде, мен жетип кармай калдым. Ар жактан бирөө алиги оозар немеге, «кымыздан какшыттың ээ…» дегенсип жаман көзү менен карап:

— Атаа, кайдан келдиң эле? — деди манжаларын кырсылдатып.

Кайненеси аяк, чөйчөктөдү жыйнап жатып:

— Кудай сактасын, кутурган ит экенин ким билет? Баягы жылы да Кирки уулду кутурган ит капты дешип ызы-чуу түшүп, анан кутурбаган эле ит болуп чыкпады беле,- деп элдин дүүдүрүң сөзүн басып койду.

Бирок күндөгүдөй кымызга кызарып дуулдашпай эртерээк жана өкүттө тарашты. Күндө: кимдин кайсы жерде канча аяк кымыз ичкенин, кимдин бир козуну мелдешип жеп кеткенин же суу, чабынды талашып кимдин башын ким айра чапканын дагы ушул өңдүү кептерден козгоп, бээнин бир саамына чейин олтура беришер эле.

Тигилер кеткенден кийин, улагадагы ээр-токумдун үстүнө олтуруп, түндө кой короонун четинде көпкө чейин уктабай ойлонуп алган оюмду Өмкөгө эмнеси болсо да деп айта баштадым:

— Чоң ата! — Ал башын жулуп алып «эмене» дегенсип мага кадыр эсе эмес көз менен карады. Байбичеси да ийигин токтото калып, эмне айтар экен  дегенсип жүзүн бурду. Мен уланттым: — Жакында окууга кетейин деп жүрөм, жол каражатым жок. — Эч кимиси унчукпайт. Мен жооп күтүп мелтиреп олтурам. Өмкө жер тиктеп чычкан аңдыган мышыктай олтуруп калды. Абдан ыза болдум. Кайра айтсамбы деп да ойлодум. Бирок жанакы айтканым эле жетишээр деген пикирге келип, сыртка чыгып баратсам, байбичеси шаңкылдай баштады:

— Карыган чоң атаңдан каражат үмүттөнбөй, сен каралашсаң боло, өз бала эмессиңби! Жарамазан айтып жүрүп көп теңге таап алыптыр деп укпадык беле, ошол теңгең бардыр? Андан көрө кант, чай алып келип батабызды алсаң боло, жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт. Бая күнкү самтыраган бадырактарың /батрактар/ көкүткөн го, мындай эмес элең? Алардын тилиңе кирсең каапыр болуп кетесиң…

Андан аркы сөзүн укканым да жок.

— Батаны сатып албайт! — деп угуза айтып чыгып кеттим.

АК ЖОЛТОЙ ЖЫЛ БОЛСО ЭКЕН

Өмкө Берик уулу былтыр Кашка-Суу жайлоосун жайлаган болчу. Адыке, Муратаалы молдокем болуп бирге жайлайбыз деп бир айыл болуп чыгышкан. Мен үчүн алардын бирге жайлашы жагат. Абдылаалы Муратаалы молдокемдин кара чечекей иниси, менин жакшы көргөн досум. Эшим болсо Адыкенин асыранды баласы, демек бирге болобуз, көңүлдүү жүрөбүз, бир-бирибизди көрүп турбасак сагынышып калабыз, биз ачык сүйлөшөбүз, үчөөбүз кошулганда жыргайбыз, тоонун көркүн ачабыз, таш жарыштырып тоого жан киргизебиз, зоодон үн жаңырып, улар уча качып, суур ийинге кире качып тим элечи, кызык дүйнө башталат…

Бул айыл а дегенде Ак-Таш короонун ичине конуп, аерди анан Кайнарды оттоп, анан аерден көчүп-конуп Боо-Жетпестин ичин оттоп, төрдүн чөбү жетиле баштаганда улам өйдөлөп олтуруп Кашка-Сууга барган. Биерде Тар-Суудан, Кичи-Кеминден келгендер бар, Жылгалардан жарышып аккан шар суулары бар, тоонун беттери калың карагай, бадал, ичинен кайберендер мекендеген, анын үстү жагы кыркалай кеткен төр жайлоо — төрт түлүк мал үчүн бейиш, шеринеге союлган козунун кабыргасын сыйрып жеп, ууз кымызга канып, айран-жууратып тери ашатып, мөңгүлүү тоонун жээгинде салкындап өмүр сүрүп жаткандарга да бейиш. Ысыктын күнү талаада жүргөндө биерге жетүүнү эңсеп турасың, жыргал ай! Улары тоодон ышкырып, акмөңгү баскан чокуларына булут түнөйт. Чыгыштан батышты карай шаркырап аккан күзгүдөй тунук Кашка-Суу ээ-жаа бербей тоону аралап олтуруп Чүй суусуна барып кошулуп сапар улайт, жаралгандан берки көнүмүшү…

Кудай жалгап биз күткөндөй болду, үч курбу \кээде бизди үч жетим деп коюшат, кандай неме чыгарганын билбейм\ кошулуп калдык. Койду өгүз минип жаябыз. Айылдан узай бергенде койду жанаша таштап коюп, ээн-эркин ойнойбуз, алды менен азыгыбызды ичип-жейбиз. Эртең менен кой ээрчип чыгарда бүгүн ким эмне алып келер экен деп турабыз, жакшы үмүт менен. Көбүнчө нанды эңсейбиз, нан өп-чап.

Эшим ойноок, шок бала, эки сөзүнүн биринде эле Чынар апаны мактай берет. Ал багып алган чоң энеси. Чынар апанын жалгыз баласы Сейтаалы Жолдубай уулу элге кадырлуу, Адыке Чынар апанын кайниси, бир үйдө чогуу турушат, оокаттуу, бат эле мал күтүп кыйла бай болуп кетишкен, тың турушат, алым-кетимдүү үй-бүлө.

Баары тең «Чынар апа!» дешет. Кара каш балпайган жүзү жарык, кара тору байбиче. Кабагын чытып жүргөндөрдү жактырбайт, каяпат айтуучулар анын алдында сүйлөөдөн жазганышат, тартынат. Эшим айткандай кең пейил, кишиликтүү, жетим-жесирлерге кайрымдуу, аркы-беркини тез байкаган  асфыл киши.

Эшим капталда жамбаштап жатып алып жобурап атат:

— Мени Чынар энем жакшы көрөт! — Баягы эле сөзү. — Көйнөгүмү өзү жууп берет, тамак аябайт. Күзүндө Токмоктогу жетим балдар үйүнө жибергени жүрөт, окуп адам болгун, дейт.

Мен анын сөзүн бөлдүм:

— Быйыл кудай буйруса мен да окууга кетемин!

Абдылаалы улутунду:

— Менин оюм да ошондой!

Боортоктоп жатып алып түтүк куурай менен алмак-салмак кымыз ичип, ээн-эркин маектешип атабыз.

Эртең менен кой короодон чыгаарда Чынар апа үйдө болуп калса иш оңунда, а киши Эшимдин чаначына сөзсүз кымыз куюп берет, эгер келиндерге туш келсе айран берди дей бер. Биз үй койчу, Абдылаалы болуп бир ынтымактабыз, айылдан узап кеткенден кийин койлорду жанаша таштап коёбуз да «той» баштайбыз. Алды менен Эшим келатканда канжыгасына көз жүгүртөбүз да, калпагыбызды өйдө көтөрөбүз, ошондо Эшим да калпагын өйдө көтөрөт демекчи, жанындагысы кымыз. Ошондо кунарсыз калпагыбызды үч мертебе жерге көтөрүп урабыз да, жеңдерибизди шымаланып өгүзгө минебиз, Эшимдин алдынан тосуп урматтап «улак» тартып чыгабыз. Бул бизге гана тиешелүү улак.

Ал кандай улак дебейсиңерби? Өмкөнүн күрөң уюнун музоосу өлүп, аны тулупка телип койгон. Тулубу астында жатса уй саадыра берчү. Бара-бара ансыз эле орсок саадырып калган. Энесине окшобогон сарала музоо эле. Биз үчөөбүз тоодо жиптен көкбоор тарта коюп жүргөндө, бир күнү эсиме кылт эте түшүп, кой короонун четинде жаткан жеринен эңип алып тоону көздөй жөнөгөм. Жолдошторум абдан кубанышып, менин табылгама өлгөндөй ыраазы болушкан. Биз анын ичине: эски курмушу, бетегеден шыкап, салмактуу болсун деп ченеп кум салып, аны жымылдатат көктөп койгонбуз. Анын башы, куйругу, төрт буту тизесинен жок. Тургузуп койсо чөгөлөп тургансып көрүнөт, жаткысып койсо ала-сала көргөн киши обочодон тирүү музоо дей турган, курсагы тойгон немече дындыйып жатат. Мына ушул «торпокту» Абдылаалы экөөбүз ортого салып, өгүзгө үстү-үстүнө камыч уруп ач айкырыкты салып Эшимдин алдынан тосуп чыктык.

Эшим:

— Токтоңуздар, баатырлар, ыракмат улак тартып тосконуңарга. Баатырлар, кымыз ичиңиздер, — деп каадалуу чоң кишилерче сөлөкөттөнө сүйлөп өгүздөн түшүп, чаначын чече баштайт.  Биз ошентип «той» түшүрүп жаттык. Мындай той күнүгө болот. А дегенде Эшимдин кымызын ичебиз, анын көрөңгөсүн арбын калтырабыз да, үстүнө эчки саап, чаначты жерге тийгизбей арчага же карагайдын бутагына аса байлап көөрчөк жасап коёбуз. Андан кийинки кезек менин жана Абдылаалынын азыгына келет. Биздики айран — койдун жуураты, кымыздан кадыры төмөнүрөөк, кыргыздар кымыз турганда аны чичшпейт, сыйлуу конок келсе, койдун эти анчалык эмес деп козу соёт, а биз, козу ордуна солкулдаган ышкындарды соёбуз, ал жайылган койдой болуп бетте, жыбыттарда жыбырап жатат.

Өмкө алда канча бай жана кымызы жабык башы сабаанын кекиртегинен болуп мелт-калт болса да, койчуга эмненин кымызы дегенсип, мага куюп бербейт. «Талаага уктап калат» деп шылтоо табат… Үйдө калсам берет, айылдан да ичем. «Көктүн суусу» деп эч ким кымыз аябайт. Өмкө олтурса алачыктай көрүнгөн, туруп турса бою башкалардан ашып турган кара сур, кырдач мурун залкар киши. Мен анын үйүндө эки жылдан ашык батрак болуп жүрүп бир дагы ачылып күлгөнүн көргөн эмесмин, ал өтө күлкүсү келгенде ууртунан кичинекей гана болор-болбос жылмайып коёт, ал эми жаш баланы сүйгөнүндө: «Акетайын, акетайын!» деп колунун учу менен маңдайынан коомай сылайт. Ал бир нерсеге абдан ачуусу келип сүйлөгөндө: «О, каргагыр, каргагыр» — деп кишиден бөтөн жоон үнү менен сурданып туруп кыйкырып-кыйкырып алмайы бар. Бирок мен анын мага «акетайын» дегенин эч качан уккан эмесмин, ал эми кой короодон кечигип чыкса же жайыттан эрте келип калса айылдын ичинде күрсүлдөп: «О, каргагыр, каргагыр» деп мага айтканын уккам. Малына күйүп-бышып ошончолук камкордук кылат, мага болсо «кантип жүрөсүң?» деп эч убакта бир ооз сурап койгон жан эмес.

Байбичеси Дейилда – камчы саптай катып калган арык, бир колу сенек, оорулуу киши. Суук сөзү жок болгону менен колунан эч нерсе келбейт, Чынар ападай бейпил эмес, өз жаны менен өзү алек. Бул үйдү улуу баласынын зайыбы Турсунбүбү билет, ал болсо сууга талканды уучу менен ченеп чалган неме. Ушундай кишилердин кол алдында жүрүп кандай жакшылык көрмөкчүмүн? Тагдырым чиеленген…

Күз тарта жетим балдар үйүнө кетмекчи болуп жүргөнүмдү тиги эки курбумдан бушка эч кимге айткан эмесмин. Кандайдыр бир Өмкө билип коюптур. Бир күнү кечинде от жагып олтурсам аркасын отко кактап карт-карт тырманып, кырынан жатып менден жай баракат гана сурады:

— Сен Токмоктогу жетимдерге кошулуп кеткени жүрөсүңбү? — Мен укмаксан болуп от ичкерттим. Ал кайра сурады…

Мен жооп бердим:

— Ооба!

Ал көйнөгүн кийип жатып үн чыгарды.

— Казананын колуна өтүп кетсең өмүр бою элди көрбөй каласың, өз эркиңче жүрө албайсың, өз бийлигиң өзүңдө болбойт.

Мен төмөн карап өз ичмен: «Сенин колуңда жыргап эркимче жүрүп жатпаймынбы…» дедим да, чыйрала түшүп  мукактанбай туруп айттым:

— Барамын!

Ал эмнегедир дароо өз оюн өзгөртүп жиберди. Астыртадан карап, салмак менен оюн билдирди:

— Окууга күзүндө, балдар окууга барганда өзүм алып барып киргизип коём, өтүк улгартып берем, камырабай коюңду кайтарып жүрө бер!

Мен «сакалдуу киши калп айтмак беле» деп чын эле ишенип, кудуңдап жүргөм. Күндөр өтө берди, окуу да башталды. Боз кыроо түштү, кар да жаады, менде болсо өтүк да жок, үйрүп алар кийими да жок, жорудай болуп кой артында жүрөм. Күн жылуу, жер карада тобокелге салып кетип калбай абдан алдатканымды эми түшүнүп, ичимен сыздадым. Кыш келип калды, бу кейпим менен кайда бармакчымын?

Ушул окуя былтыр, 1925-жылы болуп өттү. Ар бир жылдын, ал турмак ар бир күндүн жыргал-кууралы, түйшүгү ар башка экен. Ал жыл ошентип зыпылдап өтүп кетти. Мына эми 1926-жылдын кучагында турам, ак жолтой жыл болсо экен деп тилейм.

*     *     *

Быйыл Өмкөнүкү коңшу-колоңдору менен башка жайлоого, атактуу Көк-Ойрокко, Жашыл-Көлдүн төрүнө чыкты. Былтыркыга караганда жаңы төл кошулуп мал көбөйгөн, кенен жайытка кызыгышат.

Мен жарамазандан тапкан акчама кийинип алганымды айылдагылар бүт билет, алар мага ыраазы, мени жаман көрүшпөйт. Быйыл кой кайтарбай калгам, батрачкомдун кийлигишкени мага пайда болду. Бирөөлөр бирдеме дегенби, — айтор мурдакыдай ителеп жумшабай, сылык мамле жасап калышты куда жалгап.

Бир күн Алымкул бедесин сугартмакчы болуп талаага түшкөндө, мен да кошо түшүп келдим, эч кимдин мени менен иши болгон жок, оюмда Токмокко кетип калуу бар. Абдылаалы менен Эшимге эки күн мурда кечинде суунун жээгинде олтуруп айткам.

— Жолуң болсун, биз дагы барсак болот эле, — дешкен.

Уландысы бар>>>>>>

One Reply to “Кара чемоданда катылып жаткан көркөм мурас табылды!”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.