Кыргыз эл жомогу: Хандын букасы менен жардылардын букаларынын сүзүшкөнү

Илгери-илгери бир заманда эмне кыларын билбей башы ооруган хан: – Менин букам менен ким букасын сүзүштүрөт? – деп бардык элге жарыя кылат. Биринен бири угуп, кай бири бир табак дилдени алганга умтулат. Кээ бири менин букамды хандын элирген букасы жыга сүзсө, бир табак дилдени кайдан табамын, жөн эле оокат кылайын деп, букасын жашырганга аракеттенишет. Бирок хандын буйругун эки кылбай, букасы барларды бүт жыйнаганга вазирлер аябай күч жумшашат. Букасы барлар жана тамашаны көргөнгө кызыккандар көп келишет. Жерди тегерек чийип белгилеп: – […]

Самат Кенжебек: Саат

АҢГЕМЕ Саат жүрүп жатат. Чык-чык-чык, чык-чык. Мен дале көзүмдү ача элекмин. Жанатан бери сааттын гана чыкылдаган добушун тыңшап жатам. Башка кыбыр эткен жан жок. Анан сенин бышактап ыйлаган үнүң чыга баштады. А мен жата бердим. Саат жүрүп жатат. Саат жебеси туура 89 жолу чыгылдаганда сырттан машиненин добушу чыкты. Так эле биздин короого келип токтоду. Эшиги ачылып кайра тарс жабылды. Мен көзүмдү ачкан жокмун. — Мен азыр кетем… — дедиң бышактап. — Ммм — деп койдум жай гана. — Сенден түбөлүккө […]

Алыкулдун ачыкка чыкпаган армандуу сүйүүсү

<<<<<< Башы Экөөбүздүн сүйүүбүз – кыял эмес – Сиз Алыкулду акыркы сапарына узатканга чейин эң жакын курбусу катары дагы көптөрдү билерсиз. Алыкул өзүнүн айыкпас оорулуу экенин сезип жүрүп, туяксыз өтөрүнө кейиди беле? – Кантип кейибейт, адам баласы да. Калп айткан менен болобу, Алыкул экөөбүз эки-үч сапар түнөп калып жүрдүк. Бир сапар байкуш катуу боздоп: “Аттиң, Жамийла, кеч калган экемин” деди. Байкушумду ал күнү катуу аядым. Бир туруп: “Акынга акын туш болсо – бала болбойт. Касмаалы менен Н.Жетикашкаеванын тагдырларын карачы”, — […]

Лев Толстой: Франсуаза

Мопассандыкындай аңгеме I 1882-жылдын 3-майында Гавр шаарынын портунан кытай деңизин карай үч мачталуу “Шамаал-Кудайынын энеси” кемеси чыгып кеткен эле. Жүгүн Кытайга түшүрүп, ал жерден башка жүк алып Буэнос-Айреске, андан жаңы жүк менен Бразилияга барышкан. Порттон портко карай деңиз кезип жүрүү, шаймандардын иштен чыгышы, аларды оңдоо, айлап жүк күтүп калуу, көздөгөн жерден алыс кубалап салган шамалдар, деңизде болуучу күтүлбөгөн окуялар, кырсыктар, төрт жыл бою алыста жүрүп, 1886-жылдын 8-майында гана калай кутулардагы Американын консервалары жүктөлгөн кеме Марселге келди. Кеме Гаврдан чыкканда капитаны, […]