Конкурска: Почточу Акин (№1)

АҢГЕМЕ Оо анда велосипед минген почточу Акин көзүмө кудайымдай эле көрүнчү. Советтик почтонун символундай, жалпы почточулардын үлгүсүндөй көз алдымда түбөлүк тартылды да калды. Азыр почточу келет деген ой түш маал мээге кылт эте калганда сыртка чуркап чыгып, астын акмалап тосуп алаар элем. Муну башкалар да кылчубу же мен эле ак эткенден так этчүмүнбү, билбейм. Почточу гезит-журналдарды, каттарды, пенсия-пособиелерди элге таркатчу. Акин ата бул түйшүктүү кызматты канча жыл аркалаганы эсимде жок, биз бала кезде аны зарыга күтүп, чыдамыбыз кете күтүп алчубуз. […]

Сулайман Рысбаев: Баланын парызы

ЖОМОК Илгери бир карыянын үч уулу болгон экен. Алар өспүрүм куракка келгенде, атасы катуу ооруп төшөккө жатып калат. Түркүн дарыгерлер айыктыра алышпайт. Ошондо атасы балдарын чогултуп мындай дептир: — Кана, айткылачы, балдарым, кокус тагдыр жаза тайып мен көз жумсам, кимиңер кандай зыйнат көрсөтөсүңөр? Ошондо катуу кейиген улуу баласы: — Мен «бул кимдин эстелиги» дедиргендей кылып, заңгыратып ак мрамордон эстелик тургузам, ата, — деди башын жерден албай. — А мен, — деди ортончу уулу ойлуу,- атыңды эл айтып каларлыктай кылып ат […]

Якутия акыны Александр Гоголевдин ырлары кыргыз тилинде

Гоголев Александр Николаевич – Саха (Якутия) Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Көркөм кол өнөрчүлүк палатасынын жана «Уус» деп аталган республикалык элдик жасалга-колдонмо искусство чеберлер союзунун төрагасы. А. Е. Кулаковский атындагы «Симэх» эл достугу Үйүнүн жетекчиси. А.Н. Гоголев таланттуу сүрөт чебери. Анын эмгектери Корея, Германия, Швецариянын музейлеринде көрсөтүлүп келет. Эл керектөөчү буюмдардын Москвада өткөн Бүткүл союздук конкурсунун лауреаты. «Россиянын мыкты топ-менеджери» наамынын, «Жарандык даңк» белгисинин лауреаты. 2008-жылы биринчи ырлар жыйнагы жарык көргөн, 2010, 2012, 2013-жылдарда бир катар ыр китептери якут тилинде […]

Кара курсакты эмес, калк каадасын кантип сактайбыз?! Кантип…

Замана Байыркыда Сократ акылман: «Көзүндү ач, өзүңдү тааны оболу» дечү экен. Өзүнүн ким экенин билбеген жан төгөрөгүн аныктап тааный алмакпы? Жеке пенде алдына ушундай улуу суроо көлдөлөң ташталып атса бүтүндөй эл тууралуу эмнени айтууга болот?! О бул канчалык учсуз да, түпсүз да, улуу да, жооптуу да, ЖОЛ дейсиз! Эл, өзүн өзү таануусу… Ушул суроо кашкайып кайрадан маңдайга ачык жанды. Кайрадан дегеним, мына бир жарым кылымга жуук убакыттан бери өзүн басып алган өкүм калктын көзүн карап келген кайран элдин жан дээри […]

Сагын Эшме: Асмандан жылдыз учат

АҢГЕМЕ Апам оорлошуп ооругансып жүрдү, бирок эч сыр билгизбейт, күндөгү көнгөн тирилигин кадимкидей кылат. Бир күн окуудан келсем, дасторкон жайып чай ичип олтуруптур. Көңүлү чөгүңкү. Мен астанадан кирип апамды карап үнсүз туруп калдым, апама боорум ооруп кетти, ыйлап жибере жаздадым. Апам мага: — Кел? чай ич, — деди. Мен апамды тиктеген бойдон сумкамды эшиктин кире беришине таштадым да, жанына олтурдум. Анан апам мага бир пияла чай куюп сунду да: — Балам, мен ооруп жүрөм, — деди. Мен унчукканым жок. — […]