АҢГЕМЕ

Эне үйүнө келген өз кызынын кичинекей сары кызына, небересине негедир башкача көзү түштү. Мурда байкачу деле эмес экен. Тыпылдап баскан-турганы тың, тили таттуу сары кыз кексе кемпирге жага түштү.

— Ээ Айгүл, бул кызың башкача экен. Берки кызың жүдөңкү, аны алып кет да мобул кызыңды бер.

— Коюңузчу апа, — келиндин жүрөгү тыз этип алды.

— Бир-эки күнгө таштап кет, көрөлү, балким кайра алаарсың. Буту да чуркап калыптыр. Карасам тирикараак көрүнөт.

Келин кыйылып, ичи туз куйгандай ачышып, бирок энесине эчтеке дей албай кызын байкатпай кучактап өөп, жан дүйнөсү жанчыла отуруп калды. Кетээринде көз жашы кылып ийди.

— Капырай кантесиң сен, обу жоктонбой жөн кетчи. Мен эмне жамандык кылмак белем? Мына улуу кызың, кааласаң алып кет, кааласаң ташта, экөө эрмек болуп чогуу чоңоюшат.

— Эки күндөн кийин кайра алып кет дебедиңизби? – Келин үмүттөнө энесин карады.

— Ошондо көрөөрбүз.

Келин кетээрге жакын кызын бекем кучактап өптү да чыгып кетти. Үйүнө барып эле күйөөсүнө ыйлактап даттанды.

— Алса апаң алып жатат. Башка бирөө беле. Жактырып калса кой, талашпайлы. Аларга да эрмек керек. Кудайга шүгүр, Сыпанын алдында бир, артында бир кызыбыз бар. Келип-кетип турат, эмнесине кейийсиң? Апабызга кантип бербейбиз деп айта алабыз?

Ошону менен сөз бүтүп, эки күндөн кийин кызынын артынан барышкан жок. Кичинекей сары кыз апасынын жогун көптө барып байкады. Бардык жакты карап чыкты, дикилдеп чуркады, жок! Анан чаңырып ыйлап жиберди.

— Чыпыка кетем! Апама кетем!

— Кагылып кетейин, апаң келет. Ыйлабачы, сен жакшы кызсың да. Кел сага момпосуй берем. — Таенеси чөнтөгүнөн таттуу алып чыгып, небересине берип, кучактап бооруна кысты.

Арадан эки ай өткөндө кичине сары кыз өзү туулган Чырпыкты айылындагы үйүндө болуп калды. Тим эле көзүнө баары тааныш, баары сонун көрүнөт. Атасы жасап илип койгон селкинчекти моокуму канганча тепти, огородго чуркап барып козуларды үркүттү, орто жолдон көпөлөктөрдү кууду, суусаганда ашканага чуркап кирип, апасынын чакада дайыма боркулдап ачып турчу уй кымызынан тамшана ичти да кайра көчөгө чуркап кетти. Оо бир топтон кийин апасы чакырганда үйгө кирип, тамактанып, анан алдына көшүлүп уктап кетти. Апасы аны төшөккө жаткырып, үстүн чапан жаап койду. Эртеси эжеси:

– Сыпат, кетебиз үйүбүзгө, кел кийинели,- десе болобу?

Мындай коркунучтуу сөздү ал күтпөптүр, кичинекей жүрөгү мыкчыла бакты аралай качты. Бактын арасындагы сарайга кирип, чоң аштоонун артына жашынды.

— Мен кетпейм! Бул менин үйүм! — деп бакырды.

Артынан издеп келген эжеси аны бат эле таап алды. Аны көргөн кыз жерге бүктөлө жата калды.

– Кетпейм! Кетпейм! Чыпыка калам!

Бирок болчубу. Анын кичинекей алсыз колун кармаган эжеси дикилдетип жөнөдү. Бул оор турмуштун биринчи соккусу кичинекей кыздын жүрөгүн бырчалап тилип жиберди. Канчалык ыйлап, жер тепкилесе да аны Сары-Ойго таенесине алып кетишти. Бир айдай өтүп бир күнү апасы барганда аны таенеси жерге-сууга тийгизбей мактады.

— Башка кыздарга караганда чөптү көбүрөк көтөрүп келет. Козуларды айдаганы укмуш, кезүүнү жакшы кайтарат. Мактап койсоң, мурду тердегенин аарчып да койбой барбалаңдап бардык жумушту жасайт. Муну бергениң ырас болуптур. Колубуз узарып эле калды, — деди.

Мактоолорду уккан апасы жетине албай, кызын эркелетип, бетинен өөп-өөп кетти. Эки кемпир кызды алдоо, мактоо менен жумушка бышык кылып чоңойтушту. Бирок эненин мээриминен, атанын мээриминен ажыраганын, жүрөгүндө өмүр бою өксүк, сагынуу, ыза, кемсинүү, тартынуу, жалтаңдык калаарын сезишкен жок, сезсе да билгизишпеди. Улам чоңойгон сайын Чырпыктыга өз ата-энесине келет, келген сайын келгиси келет, келген сайын кетпейм деп жашынат, бирок анын ою менен эсептешмек кайда?

Апасы Сары-Ойго келип калганда анын көзүнө апасы ушунчалык сулуу көрүнчү.

— Көрдүңөрбү, ушул менин апам, — деп кошуна кыздарга мактанчу. Алдына жата калып эркелегиси келчү. Бирок тартынчу. Таенеси, таэжеси:

— Аа жаман, тигини кара, бөрү баласы ит болбойт деген, кагып-согуп бакканың менен кабагыңа карабай кайыштырып коёт тура десе эмне дейм? — деп өзүнчө эле тартынчу болгон.

Кичинесинде ушундай сөздөрдү укса керек, улам чоңойгон сайын апасына эркелей албай, эки кемпирден тартынып, ичинде сагынычы, арманы кала берчү. Тирүү туруп чогуу жашай албай, жакын туруп жакындай албай, ызасы ичине батпай кеткенде сыртка чуркап чыгып, там артындагы карагаттардын арасына кирип кетип, ыйлап-ыйлап алчу. Сулуу апасына жакындай албай калганына ызаланчу. Атасычы?

— Сыпатай, келчи кызым? — десе кадимкидей мойнунан кучактагысы, аркы кошуна Айжандай атасынын мойнуна мингиси келчү. Бирок эки энесинен коруна, мулуң этип жер тиктеп, эки кемпирдин көз кырында тепселип, кичирейип кала берчү. Дагы эмне деген сөздөрдү угуп калбайын деп бушайманданчу.

Эс тартып, бойго жеткенде гана өзү түшүнбөгөн, бул турмуштун жазылбаган мыйзамы ныгыра баскан, каалоосу болбосо да калчаган жашоодо калганын туюп-туйбай баарына макул болду. Кичине кыздын чоң шаары кулап түшкөн эле. Эми ал баарына кайыл.

Октябрь 2019.

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

3 Replies to “Конкурска: Чырпыктылык кыз (№2)”

  1. Аңгемедеги кыздын энесине болгон балалык баео ички сагынычы, кусалыгы терең ачылбаптыр.Аңгемедеги ой абдан жакшы, терең иштелген эмес экен..

  2. Материал сонун, бирок сонун материалды көркөмдөй албаптыр автор. Менин оюмча бул жңы үйрөнчүк калемгер.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.