Бурулкан Бакеева: Жүк-200

АҢГЕМЕ Атаян Екатеринбург шаарында өз машинеси менен жүргүнчүлөрдү ташыйт. Мындайча айтканда – таксичи. Жакшы табат, ушунусуна шүгүр деп тапканын аялына жөнөтөт. Бейчеки баспады, түнкү кафелерде шарактап кыз-келиндер менен көңүл ачып акчасын бөөдө коротподу. Жакында Кыргызстанга барып келсемби деп жүрөт. Аялы безилдеп тез-тез чалып атат. Айылыбызда арзан үй сатылып жатат, абысындар менен бир короодо чапкылашып, аңдышып, ушакташып, тыгылышып жашай албайм. Келе кал, үйдү көрөлү, жетпесе атамдардагы малды сатабыз дейт. Аялы түзүк неме, оокатка өтө бышык. Жөнөткөн акчасына аял башы менен бука […]