АҢГЕМЕ

Адаттагыдай эле бир аяшыбыздын үйүнө чогулуп, дасторкон жайып, ичип-жеп, ырдап, көңүлдүү отурдук.

Сенин аялың шаарда иштегендиктен өзүң жалгыз келчүсүң.  Кээде гана шарты болуп калганда ээрчите келбесең, көбүнчө өзүң жалгыз жүрчүсүң.

Билимдүү кызматкер болгондуктан башка аяштардан өзгөчөлөнүп турчусуң.  Сүйлөгөнүң, басканың, турганың, тамашалаганың да орундуу, жөндүү эле.

“Аялың кандай гана бактылуу аял”, — деп суктанып гана койчумун.  Ошондой отуруш күндөрдүн биринде, мен эшикке чыгайын деп күрмөмдү алып бастым.  Артымдан сен да чыга келдиң.  Жүрөгүм алда нени сезгендей бир булк этип алды.  Көчө жакка басып, кичине дем алайын деген оюм бар эле.

Ал оюмду окугандай, сен да көчөнү көздөй кадам койдуң.  Мага жете келип Колумдан кармадың.

— Гүлнур, токточу, сага бир нерсе айтайын дедим эле.

— Ии, айт, эмне дейин дедиң эле?

— Гүлнур, мен сени сүйүп калдым.  Эмне десең ошо де, болгон чындыгым ушул.  Акыркы күндөрү, өзүмө да түшүнбөй калдым.  Турсам да, бассам да, жатсам да оюмдан такыр кетпедиң.  Эмне кыларымды да билбейм.  Сени көрбөсөм, сагынычтан өлчүдөй болуп турам.  Жумуштан сенин гана корооңду карап отурам.  Качан гана карааның көрүнө калганда, жүрөгүм ылдыйлап, санаам тынчый түшөт.

Бул сөздөрдү укканда, асманым жерге түшкөндөй болду.  Ичте катылган сырымды билип койгондой, табышмагымдын жообун таап алгандай бактылуулук менен бирге жанымды жеген, жеке жашоомдогу бактысыздык күрөшүп жатты.  Чындыгында алган жарымдын мага кылган мамилеси, аялдык бакытты тартуулай албаган зөөкүрдүгү, өзүмчүлдүгү мен үчүн көнүмүш турмуш эле.  Бардыгына кайыл болуп, элден да жаман сөз угуп  калбайын деп чыдап жашап жүргөн убагым.  Себеби, мындан мурда да үч жолу турмушум бузулуп, оозум күйүп калган эле.  Тагдырга моюн сунуп, арабамды айдап келем.

— Аяш болуп туруп, бул сөздөрдү кантип айтып жатасың? – Муну айтканым менен, ичимден жанагы сөздөрүн кайталаса деп тиленип турдум.

— Мен эмне кылайын. . .  болгонун айттым.  Сенсиз жашай албайм.  Азырынча жолугушуп туралычы.  Ошого макул болчу, сенден суранам, — деп жалынып жатты.  Бир чети сүйүнүп, бир чети күйүнүп “макул” дедим.

Мен деле башка аялзаты сезген сүйүүнү сезгим келди.  Эркелегим, наздангым келди.  Мени аяган, мени сүйгөн, аяр мамиле жасап, барктаган эркектин күчүнө ээ болгум келди.  Күндөр өтүп жатты.  Күүгүм киргенде телефондон маяк кылат.  Анысы: “Мен келдим, үйүңдү жайгаштырып коюп чыгып келчи” — дегени.

Жүрөгүм элеп-желеп, бир айласын таап сыртка жөнөйм.  Кыраакы кайненем байкап калгандай, сырдуу көзү менен узатып калчу.  Бир топко төгүлүп-чачылып бүгүңкү иштериң жөнүндө, мени сагынып, кеч киргизе албай, убакытты кантип өткөргөнүң жөнүндө сүйлөп, улам мени жал-жал карап, сылап турганың мен үчүн бул дүйнөнүн бейиши эле.  Ошол көз ирмемде менден өткөн бактылуу аял жок эле.  Кыялым асманда оболоп, бактым күн нурундай чачырап, бакытка балкып турар элем.

Арман ай, көзүмдү ачсам – ал дүйнө заматта жоголуп, балкыган бактым “талп” деп жерге кулап түшчү.  Бири кем дүйнө.  Эки шаардын чегин бузалбай, эки жакка бөлүнөр элек.  Кез-кезде аялың менен келип калганда өзүмдү күнөөлүү сезип, аялыңдын жүзүнө тик карай албай тайсалдап, жалтаңдап турар элем.  Сен дагы билдирбеске аракет кылып, сөздү башка нукка буруп кетер элең.  Дасторконумду жайнатып, берер ашымды таппай алдастап, ыңгайсыз абалда көп жолу калдым.  Эки жылдай жашынган сүйүүнүн кулу болуп, эркиндикке чыгалбай, алсыздык кылдык.

Бир күнү кызуу келдиң.

— Күйөөң кайда? Мен азыр бардыгын айтып түшүндүрөм.  Болду, жетишет! Мындан ары минтип жашай албайм, ачыкка чыгарам баарын.

Кызууң менен эр жүрөктүүлүк кылып айтып жаттың. Эмнеге ошого чейин соо кезиңде келип,  эркектик кайратың менен айтпадың.  Мен ошого капа болдум, ыза болдум. Таразалап чечтим. Сени менен болгон бактылуу күндөрүмө каниет кылып, сени менен болгон байланышымды токтотоюн дедим.

— Болду, экинчи жолобо үйгө! Баары бүттү… Ушунчабызда токтотолу, — кесе айттым.

— Сен эмне деп жатасың? Алдамчы, айткан сөздөрүң, келечекке түзгөн максаттарыбыз, мага бир кыз төрөп берем дегениңдин баары жалган беле? Ойлонгун, дагы да убакыт бар, жаным. Мени өлтүрбө, — деп жалбарып турдуң.

Ошондогу көз карашыңдан – сүйүүңдүн жана жек көрүүңдүн учкундары чачырап турду. Ар бир учкуну жүрөгүмө сайылып жатты.  Акыркы күчүмдү жыйнап:

— Кетип калчы, — деп кыйкырдым да, ыйлаган бойдон үйгө жөнөдүм.

Артымды караганга да алым келбеди.  Бир жарк эткен чагылгандай сүйүүм менен коштошуп, сени менен өткөргөн бактылуу күндөрүмө ыраазы боло өз турмушума аралаштым. Телефон тынбай чалып жаттың, алганым жок. Жүрөктөгү жаратымдан дагы эле кан шорголоп агып жаткан.

Акыры чыдабадым, үнүңдү уккум келди.

— Алло, эмне болду? — дедим токтоо гана.

— Мен аялыма баарын айттым, азыр сага барат. Өзүң да айтып түшүндүрөсүң да. Аял эмессиңерби, тил табышып калаарсыңар. Аяш катары деле катышып туралы, — дедиң.

“Өлдүм эми… аялы келип ызы-чуу салып, шермендемди чыгарбаса болгону. Кандай гана балээге жолуктум эле” — өзүмдү жерден алып көргө салып, тилдеп да, жек көрүп да жаттым.

Аялың көпчүлүккө жагымдуу, улуу-кичүүнү сыйлай билген, билимдүү, акылдуу, сулуу эле. Анын алдында дайыма өзүмдү пас сезип, ичимден суктанып да, жек көрүп да турчумун.

Эшик тыкылдады. Жүрөгүм оозума тыгылды. Калтырап калдым.

Айла жок эшикти ачтым. Күлүп-жайнап, эч нерсе болбогондой, шайыр мүнөзү менен кирип келди. Ал-жайды сурашып, мурдагы калыбында эле сүйлөп отурду. Жети өмүрүм жерге кирди. Баарын угуп, билип турса да, эч бир жаман сөзү жок, болгон ишти жөн-жай гана сураштырып отурду. Жүзүнөн эч бир жек көрүү, капачылыкты байкай алган жокмун. Ааламдагы алааматты, сүйүүнү, жек көрүүнү, чыккынчылыкты муштумдай болгон жүрөгүнө батырып, айкөлдүгүн, сабырдуулугун айгинелеген ажарынан жалтанып, чексиз баа берип отурдум. Ошондогу сенин чечкинсиздигиңе азыр ыраазы болуп турам. Кызууң менен айтып салганыңда, менин жашоом дагы бир ирет урамак. Убагында тизгиндегенибиз жакшы болуптур. Балким, аялың түшүнүгү жок, тажаал болгонунда, бактым үчүн күрөшмөкмүн.

Жеңишке жетмекмин. Себеби, чече турган сен, мен тарапта – менин колдоочум элең. Бирок жеңген күнү үй-бүлөңдүн алдын да, эл-журттун алдында “бузуку аял” атка конуп, бактылуу жашап кетет белем? Кайдан!

Кез-кезде аялың телефон чалып калат:

— Үйдөсүңөрбү? Азыр барып калабыз. Кичине кобурашып келели дедик  эле…

Жадырап-жайнап кирип келишет. “Жакшы адамдар үйүңө кут алып келип, үйүңдү жарык кылат” деген сөз төгүн эместигин сезем.

Сыртка чыгып сырдашып калабыз.

— Тиги сени көргүсү келип эле… келип калдык, жаман көрбөйсүңбү? — десе, дагы эле жети өмүрүм жерге кирет.

Жүрөгүнүн кенендигине, айкөлдүгүнө таң берем.

Бул сүйүүнүн сыры – үч гана адамга маалым. Үч бурчтук менен чектелип, ушул күнгө чейин жашап келет.

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

8 Replies to “Конкурска: Сырдуу үч бурчтук (№3)”

  1. Турмушка терс тарбиясын берет,бул жерде үй-бүлөөнүн бузулушуна көп себептер камтылган.

  2. Аңгемеде берейин деген ой жок, газеталарда жарыяланган проблема жараткан маалыматтын деңгээлинде калган. Мага анча деле жаккан жок.

  3. Такыр жаккан жок!!! Конкурска катышууга татыксыз деп ойлойм. Мындай чыгармалар менен жаштардын аң сезимин өлтүрбөгүлөчү сураныч! Муну окуп алып алар да жан досунун аялына көз артып жүрүшпөсүн

  4. Мунун эмнесин мактайсыңар жалапчылыкты жазгандарды? Үй-бүлөөнү бузгандарды адабияттын кейипкери кылган мындай авторлор элди бузат, башка эч нерсе көрбөдүм!!!

  5. Бузуку идеяны жазыптыр. Биздин элдин менталитетин ушундай чыгармалардын мазмуну бузат. Калыстар ушуга көңүл бурат болду бекен кийин?

    1. Сүйүү түбөлүк тема. Колуна калем кармаган ар бир жазмакер сүйүү тууралуу өз оюн жазып кетмейинче өлбөйт. Бирок бул автордун чыгармасынан сүйүүнүн кандайдыр бир жаңы өңүн көрүп, өзгөчөлөгүн байкай алган жокмун. Анын үстүнө тилди билбейт экен, байболгур. Алган жар сөз айкашы эркекке, эрге карата айтылбайт. Аял үчүн айтылат. Ортодон төмөн чыгарма.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.