Адыгей эл жомогу: Кедей менен Жаналгыч

Жада калса жаман алачыгы да жок бир итке минген кедей бар экен. Бир күнү ал баардыгына кол шилтеп, байырлаган айылын таштап, башы оогон жагына жөнөйт. Жүрүп отуруп чарчаганында эс алгыча шам-шум этмекчи болот. Колдо барын жайып, мына-мына наар алгыча болбой маңдайына бир киши пайда болот. — Тамагың таттуу болсун, — дейт ал. — Ыракмат, — деп жооп берген кедей нанын күйшөйт. — А сен эмне, конокту кел дебейсиң? — талап кыла сүйлөйт тиги. — Сиз ким болосуз? — Мен Кудаймын, […]

Бакыт Жунусалиев: Мавлянанын поэзиясы – адеп-ахлак булагы

Канчалаган улуу адамдар – окумуштуулар, аалымдар, акындар өздөрүнүн өлбөс-өчпөс эмгектери менен кылымдар бою унутулбай, улам кийинки муундарга жетип жашап келет. Мына ошолордун бири түрк дүйнөсүнө гана эмес, бүткүл дүйнөгө өзүнүн терең диний философияга сугарылган ыр саптары аркылуу исламдагы суффизм агымынын негизги принциптерин жеткирип, бардык чөйрөнүн, диндин, коомдун адамдарын өзүнө тарта алган ойчул, акылман, философ жана акын Мухаммед Желаледдин Руми Мевлана. Азыркы Ооганстандын Балха шаары 1207-жылы 30-сентябрда шүүдүрүмдүн тамчысындай аруу дүйнөсү, таза дили менен адамдарга акыйкат нурун чачкан улуу сопунун киндик […]

Туйлаган туйгун туурунан учту

Туйлаган, тыбырчылаган комузчу эле, арабыздан кеткен Нурзат. Чыгармачылык чыйырын жаңыдан баштаган кезде кээси аны «эркек» десе, кээси «кыз» деп талашып жүрдү. Шымы кеп бекен, чачын да өстүрбөдү. Кырктырып салчу. Эркекке гана жарашаар кыска чач эле. Калпак кийчү. Жарашчу. Сахнага чыкса да, теледен көрүнсө да шымчан чыкчу. Аты-жөнүн Нурзат Орозалиева деп титрге жазып же оозеки тааныштырганда гана «опе-ей, ошондой беле» дечү ишенбей жүргөнү. Кийинчерээк гана эл алдына үлпүлдөгөн үкү топу кийип чыкты. Көйнөк да кийди. Ал да жарашып жатып калды. Бирок […]

Конкурска: Көз (№5)

АҢГЕМЕ “Үйдөн кырк кадам узаган адам мусаапыр” — деп кыргыз бекер жерден айтпайт. Анын үстүнө субай-салтаң жүрсөң да бир жөн эле, колумда жетелеген үч жашар балам Айхан менен кыжылдаган көп кытайдын арасында, аягы асман челген бийик кабаттуу, жолдору баш айлантып, бери дегенде эле 5-6 кабат болгон Үрүмчүдө жүрүш – тирүүнүн тозогундай сезилди. Бир башкача кайнаган турмуш, демди кыскан аба, кулакка жат тил, көзгө чоочун эл. “Бу кытайың кишинин жырткычы, кытай кылымды басаар калк, эртеби-кечпи булар жер шарын басып алуудан кайра […]

Илгерки цивилизациялар колдонгон эске тутуу техникасы

Локтун ыкмасы же “Эске тутуу сарайы” – бул унутулуп калган легендарлуу ыкма. Бул ыкманы колдонсоңуз, мурдагыдан он эсе көп нерсени эсиңизде сактап каласыз! «Эс тутум — бул бетинде жазылган тамгалар убакыттын өтүшү менен жешилип, улам устанын атайын шайманы менен жаңыртып турууга муктаж жез тактайча». Джон Локк (1632–1704) Мнемотехника — бул ар кандай типтеги сандардын жана сөздөрдүн жардамы менен атайын ыкма колдонуп, психикалык процесстердин ортосундагы байланыштарды жана заттардын ар кандай касиеттерин элестетип салыштыруу аркылуу эске тутуунун уячаларын көбөйтүүгө багытталган эске тутуп […]

Лев Толстой: Куну куураткыр десе

БОЛМУШ Мопассандыкындай аңгеме Франция менен Италиянын ортосунда, Жер ортолук деңизинин жээгинде, кичинекей, тырнактай бир падышалык бар. Ал падышалык Монако деп аталат. Бул падышалыктагы элдин саны чоңураак айылдын элинен да азыраак, болгону жети миң чамалаш, а жеринин аянты андан да аз, ар бирине бир гектардан да болбойт. Бирок кадимкидей эле падышалык падышасы да бар. Ал падышанын өз ак сарайы, жан жөкөрлөрү, министрлери, архиерейлери, генералдары, аскери, кыскасы, мамлекетке тиешелүүнүн бардыгы бар. Аскери көп эмес, болгону алтымыш адам, ошондой болсо деле аскер деген […]