АҢГЕМЕ

Союз тарагандан кийин колхоз, совхоздун мал-мүлкүн бөлөт экен деп, күндө эле дуулдап эл чогулат. Биз анда тогуз жаштагы балдарбыз. Ошол малды алса эле, байып кетчүдөй болуп, чоңдор деле балдар сыяктуу элеп-желеп болуп алышкан.

Үй-бүлөбүздө он үч жан элек. Анда чоң ата, чоң энемдин көзү тирүү. Биз сегиз бир тууганбыз. Мектепте шоктук кылганда, агайлар да “элдин бир ата-энеси болсо, силердики үчтөн, кандай тарбия бербейт” деп тилдеп калчу. Таята, таенебизди кошуп айткандагысы бу.

Эң улуу агам үйлөнүп, ал дагы биз менен бир үйдө. Ошентип жанга бөлгөндө ончакты ак кой, бир жылкы тийди.

— Өткөн жылы Дон тукумундагы айгыр салганбыз, асыл тукум кулун туулат деп, жылкычылар кеп кылды, — деди атам.

— Неси болсо да эти жок, кыштан чыкпай калчудай. Колго кармайбыз, — деди чоң атам.

Адатта биздин айылдын жылкылары кышы менен эле жер тээп оттоп, жазга чыгышат. Анда-санда тайларды эле убактылуу алып келишпесе, жылкылар талаада эле болот.

Ошентип баягы колхоздун буту майрык сары бээси биздин короодогу машаяк болуп алды. Кыштан эттүү чыгардык. Жайлоого көчтүк. Баягы майрык бээ чардайып дагы эле тууй элек. Башка бээлердин кулундары желеге тизилген.

Аны күндө акмалайм. Топ тээп жүрүп дагы, топтошкон үйүрдөн аны издеп, каерде турганын көрүп коём. Чоң атам дөбөдө олтуруп алып, баарын байкап олтурарын билбесем.

Бир күнү эле чыргайга кирип кеткен бээбиздин тууту башталды. Чоң атам мени да ээрчитип алган. Алысыраак жерден акмалап жатабыз. Бээ онтоп жаткан, анан эле аппак болуп чараянасы жарылып, кулуну сойлоп кетти. Өмүрүмдө жылкынын туутун ошондо көрдүм. Бүттү, ошону менен менин жашоом өзгөрдү. Баягы кулун менен керелден кечке алекмин. Күн ачуу тийгенде көлөкөгө байлайм, сүт берем. Кулактары тикчийип, буттары тартайган кулун менин эң жакын досум болуп калды. Чоңдор тилдесе, чоң атам мени коргоп эле тим болбой алкап койчу. Баягы Бактыгулдун Сүлүк карасындай элестетип, Дондун тукумунун эртерек мингич болушун тилеп аттым.

Ошол жылы кыш эрте түштү. Ошондой жааган карды, кийин көрбөдүм. Көрсө ошондогу окуянын өзү суук болуп, балалык дүйнөмдү үшүк уруп кетиптир. Чоң атам каза болуп калды.

— Токсон сегиздин тонун жыртыптыр. Ой бу кишинин тажиясы майрам да!

— Ушул жашка жеткен бар, жетпеген бар. Эмне шылкыйып, тарт, эттүү бээни!

— Атаңар алып келген устуканды далай талашып жесеңер керек, — деди кээси тамаша чынга салып.

Катуу дуулдашты. Жылкынын семизин көтөрө чаап союп, чучук капташып,  төрт-беш кой союлуп, үйдүн айланасында ызгаар менен от аралашып жатып калды. Казанда ысык шорпо, дуулдаган кишилер…

Менин дүйнөмдө болсо, чоң кишилерге болгон жек көрүү, чоң атама болгон кайгы чөбөгөлөнүп, ал өмүр бою көкүрөктө кала берди. Көрсө, тоосу кулаган атам кайгыдан эңги-деңги, ары тартса, ары кетип, бери тартса, бери болуп турган экен.

Үчүлүгү деп, дагы кой союшту. Анан келди-кетти сээлдеп, мурункудай жашоо нугуна түшө баштады. Бирок аңылдап, чоң атам олтурчу төрдүн орду – бош. Ошол жылы айыл дагы аңылдап калды. Көп карыя кишилер оо дүйнө кете берди. Алардын ордун кийинкилер жашы менен басты. Бирок наркы менен басканы аз болду.

Түнү менен кар жаап, саарлап чоң кишинин кончунан өйдө болуп калат. Алды менен чоң балдар мектепке жөнөйт. Биз из түшкөндө артынан ээрчийбиз. Кечке чыйыр кеңейип калат. Чоң атам эрте менен туруп, чыйыр салып, кар күрөп калчу. Эми анын күрөгү атамын колунда…

Баягы Дон тайды талаадан алып келгенбиз. Жүнү үксөйүп, көкүрөгү керилип, жалы узун болуп калыптыр, жаныбарым!

Мектептен келип, кечке мал-жандыкты кароо түйшүгү биздей балдардын моюнунда. Анан чоң атамдын кыркылыгына деп, даярдык көрө башташты. Туш тараптан алыскы туугандар келип, үй ичи азан-казан.

Мектептен кечигип келип, тамак да жебей, бир сындырым нанды чөнтөккө салдым да, тайды сугарып келейин деп жөнөдүм. Күндө мектептен келип тайды суугармай мага эреже болуп калган.

Кирип эле Дон тайды таппай калдым. Алактап издеп, сайдагы сууга барып келдим. Агама барып айтайын деп издеп жүрүп, үйдү айлансам эле Дондун көзү жылтырып, башы турат, өзү жок!

Чоң атам кайра өлгөндөй боздопмун. Көптө барып өзүм соорондум. Ооба, чоңдорду бирөө да алдап-соолабады. Баары эле тилдептир!

Чоң атамдын кыркылыгына көп киши келет, бир жылкы жетпейт деп, тайды кошо тартып жиберишиптир. Боз талаада Донду алчактатып чабай албай калдым. Донду тытып жеп кетишти…

Ошол жаздан тартып элеттин эли, бүтүндөй өлкө толук беш жыл катуу кыйналды. Ошентсе дагы Дондорду соё беришти, чача беришти… бир күн дуулдап, миң күн азаптанышты.

Андан кийинки беш жылдыктарда жашоо турмуш оңолгон менен дале Дондорду союп, дале дуулдап келе жатышат…

Чоң атамдын кишилиги эмес, анын тажиясындагы жылкынын майлуу эти, көп сөз болгондур, балким…

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

5 Replies to “Конкурска: Кайран Дон (№7)”

  1. Жылуу сезим жаратты менде. Балалык дүйнөсүндөгү уйгу-туйгу сезимин жакшы чагылдырган автор.

  2. Бүгүнкү күндө айтылып жүргөн көйгөйдү сүрөттөптүр. Айтайын деген ой жакты. Бир аз чеберчилик жетишпей тургандай. Ийгилик!

  3. Кыска, нуска жазылыптыр. Аңгеменин окуясы түшүнүктүү сүрөттөлүп, авторунун айтаар ою да жеткиликтүү деңгээлде. Бирок көркөм салыштыруулары менен образдык штрихтери анча жетиле электей. Бирок башкаларга окшоп экиленткен жерлери жок, таигый мүнөздө экен.

  4. Чынында абыдан мазмундуу аңгеме экен. Кыска болсо да мазмуну терең, автордун айтайын деген ою так. Жыйнактуу дагы. Чыңалууга жеткириптир.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.