АҢГЕМЕ

ПРОЛОГ

Жараткан ырыскыны ар кимге ар кандай жол менен берет. Бирок биз – адамдар, көбүнчө адалды айланып өтүп, арамдан оокат жыйгыбыз келет. Арамдын ашы жеңилдей сезилет. Оңой олжонун артынан кууп, кээде акылга сыйбас иштерди жасайбыз. Бул окуяны укканымда – мен да ишенбей, жакамды кармаганмын. Кантип эле ушундай болсун деп таң калганмын. Балким бул окуя мен уккандан таптакыр башкача болгондур. Же мындан да жаман болгондур. Анда кеп башынан болсун.

*     *     *

Миң тогуз жүз токсон баланчанчы жыл. Түнкү караңгылыкка ак жарык чачып, ошол жарыгы менен көөдөй түндү жиреп, кабинасы трапеция түрүндөгү, капкара «Вольво» Бишкекти көздөй зуулдап баратты. Рулда Жарматтын агасы, жанында Жармат. Арткы орундукта колу-буту таңылган Юсуф. Үчөө тең үнсүз. Алдыга жүткүнө жүгүргөн күлүк машиненин жарыгынан жол четинде катар тизилген, эчак какжырап калган зым карагайлар гана көрүнөт. Улам бир зым карагайды артка таштап, зымылдап бараткан машинени жолдун уңкур-чуңкурунан качканда гана секиндетпесе, катуу айдап бараткан Жарматтын агасы машиненин өзү жактагы айнегин жарым түшүрүп койгон. Андан мотордун бир калыпта иштеп жатканы, жолдун дөңгөлөк менен сүрүлүүсүнөн чыккан шуулдаган үн угулат.

Түнкү салкын аба салондун ичине муздак шамал болуп кирет да, тамекинин түтүнүн салондун арты менен бир айландырып келип, кайра эшикке кууйт. Кээде гана алдыларынан жүк тарткан оор машинелер каршы чыкпаса, жол дээрлик ээн. Салондогу үчөөнүн ою үч жакта. Бирөөсү эртең келчү оңой олжону санап байыса, экинчиси тирүү калганына тобо келтирип баратат. Үчүнчүсү рулду карыша кармап, дембе-дем чылым сорот. А мунун баары мындай башталган…

*     *     *

Райборборду чок ортосунан тең экиге бөлүп өткөн Ленин көчөсүндөгү эки кабаттуу боз имарат райондук прокуратуранын имараты. Имараттын экинчи кабатындагы кенен, төр жагына «Т» формасында чоң кызыл үстөл коюлган бөлмөдө экөө бир нерсени кызуу талкуулап жатышат. Алардын бири биздин каарман – Жармат, экинчиси – анын агасы, райондун прокурору. Ачык турган терезеден жолдон өткөн машинелердин үнү гана угулбаса, көчө жак тынч. Атайын иши түшүп эле келген адам болбосо, бул имараттын алдында дээрлик бейчеки жүргөн жан деле болбойт. Кантсе да «Райпрокуратура» деген аты көпчүлүктү сестентип турат.

— Байке, мен баарын ойлоп чыктым. Бул ишти камырдан кыл сууругандай жасайбыз. Анын үстүнө сиз менин кара чечекей бир тууганымсыз да. Бирөөгө айтпайсыз. Көрөсүз, оңбогондой акча менен келет. Баарын алабыз. Бишкектеги бизнесин да тартып алабыз. Кеминде жарым миллион доллар менен келатат.

— Сенин деги дени-кардың сообу? Кантип койнуңда жаткан катыныңды…

— Байке, келиниңиз деле анчалыкка бара койбойт. Бирок аны менен сүйлөшөм. Көндүрөм. Качанга чейин ушинтип жүрмөк элек? Биз деле элге окшоп, чоң-чоң иштер менен оролошолу да. Чоң иштер, билесиз, чоң акча менен жасалат. А кудай болсо минтип бизге акчаны сулкуйтуп салып бергени турат.

— Ошондо акчаны…

— Байке, акчаны үчкө бөлөбүз. Сиз болгону анын Бишкектеги бизнесин мага каттатып берсеңиз болду. Байып кетсем сизди деле карап турбайм. Тең шерик болобуз. Сиз эми өкмөттүн адамысыз да. Сизге каттатканга болбойт. Эртең эле текшерүү үстүнөн текшерүү басып жүдөтөт. Ошого мага каттайбыз. Эми байке, сизди бир тууганым деп, бир карындан тебишип түшкөн кара чечекейим деп, ымандай сырымды айттым. Болбосо эмне, тиги Бейшен чолоктун баласына айтсам деле жок дебейт. Билесиз, ал мени кан досум деп, тим эле барбалаңдап, айтканыман чыкпайт. Ага эмне, бир жапжаңы «Нива» сатып берем десем эле көнбөйбү. А сизге берчү акчага андай «Ниванын» кеминде элүүсүн сатып алса болот. Байке, ушул ишти бүгүн эптеп кылалы. Анан «Жабылуу аяк жабылуу» бойдон калат. Сиз эми өзүмдүн бир тууганым болсоңуз, элге айтып жүрмөк белеңиз.

Инисине адамдык бийик нрава жөнүндө канчалык дарс өткүсү келип турса да, агасынын көзүнө кычыраган «жашылбайлар» элестеп, унчукпады.

*     *     *

Автомагнитоладан чыгып жаткан сыбызгыган музыкага кошулуп, кыңылдап ичинен ырдаган Юсуф район борборуна жеткенде каш карайып калган. Бүгүн да адатынча мындагы кыргыз ашынасынын үйүнө конуп, эрте менен Кашкарга жөнөйт. Азыр деле кете берсе болмок, бирок чек арага жеткиче түн кирет. Түндө бул аймакта жол жүрүү кооптуу. Анын үстүнө жолду катар төрт-беш жерде МАИ посту. Кытайлык уйгурларың «Сакчы» дешип, милийсадан жандары чыкчудай коркушат. Кыргыз «сакчылар» да ач күсөндүн өзү. Айрыкча түндөсү. Же кепке көнүшпөйт. Анан мынча акча менен баратканыңда, тим эле жаныңды сууруп алышат ко.

Өлүгүңдү ит-кушка жем кылып, машинеңди өрттөп салышса, сайда саның, кумда изиң табылбай калганы. Тынч эле бүгүнчө мында конуп, эрте менен жолуму улаганым оң деп ойлогон ал, машинесин тааныш көчөгө бурган. Бул көчөнүн ортосунда дүкөнчү Жарматтын үйү бар. Жармат тегирменге салсаң эки кап ун көтөрө чыкчу шуулдаган жигит. Юсуф менен Бишкектеги чоң базардан таанышкан. Дүкөнүнө тез сатылчу оокат издеп жүргөн анда. Анын издегенин Юсуф дүңүнөн сатчу. Өзүнө пайдасы тийчү бул уйгур соодагердин ичи-койнуна тез эле кирип кеткен. Ошондон экөөнүн ымаласы бек. Юсуф да эки жылдан бери ары өткөн, бери өткөндө Жарматтыкына конуп калат көбүнчө. Бакылдап шар сүйлөгөн, адамдын жеңинен кирип, жакасынан чыккан Жармат менен жакшы чыгышат Юсуф. Экөө эки-үч курдай Жарматтын аялынан жашыруун «керме каштарга» да бара калышып, «бажа» болуп да үлгүрүшкөн.

*     *     *

Кызыл жабуу жабылган диванда отурган аялынын оң колунан кармап алган эркек сүйлөп жатты.

— Жаным, эми мен дагы эл катары жашасак деп жатпаймбы. Сен эч коркпо. Сени таштап кетпейм. Эч ким билбейт. Бул ишти бир Теңир, анан сен экөөбүз гана билебиз. Жок дебе, жаным. Мына, кызыбыз да басып калды. Буйруса, дагы балалуу болобуз. Ошол балдардын келечеги деп жатпаймбы.

Аялы үндөбөдү. Бир чекитти телмире тиктеп отурат. Эми Жармат аялы караган чекитти тиктеди. Жакында эле алган чоң түстүү телевизорду, телевизордун үстүндө турган япон видеомагнитофонунан башканы көрө албады. Кайра аялын тиктеди.

— Бир нерсе десеңчи, жаным?! Мен эмне, сени эле башка бирөөнүн койнуна салып берип, карап отурамбы. Ал сени баса калганда эле кирип келем. Аңдып турам.

— А мен сенин бетиңди кантип карайм?

— Жаным, сен мага ишенчи! Мен аңдып турам. Ал сенин койнуңа сүңгүгөндө эле кирип келем. Коркутуп, оңбогондой акчасын алабыз. Керек болсо Бишкектеги бизнесин да тартып алабыз. Көрөсүң, экөөбүздөн өткөн бай адам болбойт. Бишкекке көчүп кетебиз. Чоң-чоң дүкөндөрдү сатып алабыз. Заправка салабыз. Заправка дегениң кызылдай акча. Күнүнө күргүштөгөн акча! Акча! Акча деген – баары! Акча – Кудай! Биз Кудай болобуз!

— Абийирдичи? – аялы кызгымтыл, чоң-чоң гүлдөрү бар жука, сыйдаң жибек халатынын этегин кымтыланды. Бул мамыктай жумшак халатты жакында эле Жармат Бишкектен алып келген.

— Кайдагы абийир?! Аның эмне?! Эгер мен абийирдүү болгонумда, дүкөндө РайПОнун гана товарын сатканымда, анда ушул тамды сатып алат белек?! Тиги «Жигулини» эмне, абийирге алды дейсиңби?! Кызылдай акчага сатып албадымбы! – аялынын колун коё берди да, азыр мода болгон варёнка жынсы көйнөгүнүн төш чөнтөгүнөн бир тутам акча сууруп чыгып, аялына сунду, – Жаным, мына абийир! Адамдар айтып жүргөн абийир – былжырак кеп. Айтпадымбы, бул ишти эч ким билбейт. Мен билем дечи, мен эмне, көчөгө чыгып, өз катынымы уйгурга салып берип, андан акча өндүрдүм деп айтамбы?!

— Деги билбейм, Жармат, билбейм…

— Жаным, бир эле жолкудан эч нерсе болбойт. Башкалар аялы ойнош таап кеткенин билип деле, жакшы жашап жатышпайбы?! Уйгур сага «ашканга» да үлгүрбөйт. Шымын чечсе эле… Болду! Ал жагын мага кой.

— Качан? Бүгүн келеби?

— Ооба, карагат көзүм, бүгүн! Кечке жуук.

— Аның намаз окуйт да…

— Эй, келесоо!.. – өзүнүн олдоксон сүйлөп алганын, ишти аз жерден бүлдүрүп ала жаздаганын аңдап калган Жармат сөзүн жайкап кетти, – Аның келесоо да! Келесоо болбосо суукту суук, ысыкты ысык дебей көчүгүн муздак сууга чайкап, тоңкоюп алып жер жыттамак беле?! Мен бул кудайчылдарды жакшы билем. Өзүң деле уктуң эле го, тиги калкоздогу мечиттин имамы дем салам деп алдап, он биринчи класстын кызды боозутуп салганын. Буларың ошондой. Аңги болушат. Ар келгенде Юсуфтун сенден көзү өтүп жүргөнүн, пайти келе калса баса калсам деген ниети барын байкап жүрөм.

— Ошондо аны төшөккө чакырамбы?

— Эми, жаным, түз эле чакырбайсың да. Бир аз назданып, каш кагып, көз сүзүп, кылыктанып дегендей… Делебесин козгоп… Анан сага жабыша баштаганда түрткүлөмүш бол, катуу түртпөй, азыраак онтоп ийип…

— Колумдан келбесечи?

— Келет, жаным, келет! Сенин кылыгыңа чурку да чыдап туралбайт! Билем го сени, жаным! Эң башкысы, аны азгыр. Жакшылап! Жем жегени келип, кылтакка илинген чилдей болсун!

Аялы үндөбөдү.

— Мен билем, бул аңги уйгурдун сен дегенде көзү катып жүрөт. Сен өзүң да аялдан башкача жансың! Бирди төрөсөң да келбетиң он жетидеги кыздай го, чиркин! Анан, тиги… эсиңдеби, Юсуф жайында келгенде экөөбүз чыдабай кетип… А сенин үй жаңырткан акышың аны делбе кылган да. Эртеси чайга отурганда түнү менен уктай албаганы билинип, көздөрү ач бөрүдөй кызарып, сен ары өтсөң да, бери өтсөң да жеп жиберчүдөй карап отурган.

— Ий, бетим! Укту беле ошондо?

— Укпагыдай эмне, дүлөй дейсиңби? Каалга да ачык калган экен…

Аялы ошондо аларды Юсуф карап тургандай, уяттан кызарып кетти. Муну көргөн Жармат ичинен мулуңдап койду. Аялынын минтип кызарганы, али Юсуф келгенде кол келет. Ээн бөлмөдө бегана эркек менен жалгыз калганда бул кылыгы асык атат. Мунун баарын алдын ала ойлонгон Жармат, ошондо атайын жатакана менен конок үйдүн каалгаларын жаппай, ачык калтырган. Эми минтип ал ишти аялына аста угузуп, аялын акырын даярдап жаткандагысы…

*     *     *

Жай жүрүп келген капкара «Вольво» көк дарбазанын астына токтоду. Андан орто бойлуу, бир аз толмоч, тегерек бет, көздөрү алайган Юсуф түшүп, дарбазанын кичинекей эшигин такылдатты. Бирткеден кийин ичкериден эшик ачылып, арык чырай келин чыкты. Келин шыпылдай басып келип, дарбазанын адам кирчү кичинекей эшигин ачты. Алдында турган Юсуфту көргөндө жүрөгү бир «болк» деп алып, сулуу жүзү кызара түштү. Муну кыйды эркек дароо баамдады. Келин:

— Келиңиз, — деп жер карады.

— Жакшы отурасыңарбы? Жарматбей үйдөбү?

— Жарым саат мурун шаарга кетти эле. Эртең таңдан товар алам дейт.

— Ийе! Мен Жарматбей үйдө болсо, түнөп кетейин дебедим беле. Ай, аттиң, кызык болду-ю, – деген Юсуф алайган көздөрү менен короонун ичин бир сыйра карап ийди. Демейде отункана деп аталчу, короонун оң капшытында токтоп турчу боз «06» көрүнбөйт. Демек Жарматтын товарга кеткени ырас.

— Сиз үйгө кире бериңиз. Келбей жүргөн үйүңүз беле? Конок бөлмөгө орун салып берем, жатып алып таңдан жөнөй бересиз.

— Үйдүн эркеги жок болсо кандай болор экен?

— Кеч жатарга жакын инимди чакырам. Сиз кыжалат болбой кире бериңиз. Азыр дарбазаны ачайын, машинеңизди короого киргизип коюңуз. Колу-коңшулар көрсө, кеп-сөз кылып жүрбөсүн.

Келин уялгансып, денесин бир аз калтырак баскандай көрүндү Юсуфка. Кыйды Юсуф муну да сезип койду. Өзүнчө кудуңдап, келин ачкан дарбазадан машинесин ичкери киргизди. Ал авто-унаасын токтотуп, ичинен түшкөндө, келин дарбазаны жаап жаткан. Экөө ээрчише басып ичкери киришти. Алдыда бараткан келиндин баскан сайын чайпалган жамбашынан көзү өттү Юсуфтун. Жука халаттан ич кийиминин изи билинет. Бели бир тутам. Ушул азыр эле тыпыратып баса калгысы келип, каны башына тээп чыкты. Үйгө киришкенде, Юсуф бурчта уктап жаткан кичинекей кызды көрдү. Келин шашып, мейманга төшөк жаңылап калды. Юсуф төр жакка салынган төшөккө көчүк басты. Келиндин ар бир кыймылын кытмыр карап отурду. Анын тумсак билектери, жука кызгылтым халаттын алдын тээп турган чоң көкүрөгү, ары-бери басканда чайпала калып жаткан кең соорусу эркектин ышкысын жандырып, делебесин козгоп баратты.

*     *     *

Мышыктай уурдана баскан ага-ини отунканадан чыгышты. Шырп алдырбай баскан экөө терезенин түбүнө келишти да, ичкериге кулак түрүп калышты. Азырынча баары тынч. Жармат акырын терезеден ичкерини шыкаалады. Мына, келинчеги тез басып, ашканага чыгып кетти. Юсуфтун гүлдүү допу кийген башы, күржүйгөн мойну менен кең далысы эле көрүнөт. Бир маалда аялы кирип, дастаркон сала баштады. Бул учурда Юсуф келинден көзүн албай тиктеп отурган. Эңкейип дастаркон салган келиндин жука халатынын кең жакасынан аппак болуп булайып, көкүрөгүнүн чекеси көрүнө түштү. Мына, экөө отуруп чай иче башташты. Аялы чай сунганда Юсуф келиндин билегинен кармап жиберди. Келин колун шап тартып алды. Пиаладагы чай төгүлүп кетейин деди. Мунун баарын Жармат терезедеги парданын кичине ачык калган жеринен шыкаалап турат. Бир кезде кызы ойгонуп калды. Аялы кызын көтөрүп, аркы бөлмөгө кетти. Артынан Юсуф туруп жөнөдү. Көп өтпөй аркы үйдөн келиндин катуу кыйкырган үнү угулду.

— Жүр! – деди агасы.

— Шашпай туралы, азыр бастырып киребиз, – деди Жарматтын үнү титиреп.

*     *     *

Эшик тарс ачылып, прокурордун формасын кийген Жарматтын агасы жатак бөлмөгө жулунуп кирди. Артынан Жармат көрүндү. Бул учурда кичинекей кыз чыңырып ыйлап жаткан. Төрдө Юсуф Жарматтын аялын басып жатыптыр. Келиндин этеги түрүлгөн. Юсуфтун шымынын бир пайчасы бутуна илинип жүрөт. Жулунуп кирген Жарматтын агасы Юсуфту желкеден аткып ыргытты. Астындагы келин бүрүшүп, бурчка качты. Топчусу үзүлүп, алды жакжайып ачылып калган халаты менен жылаңач денесин жапканга шашты. Агасынын артынан кирген Жармат «Канчык!» деп кыйкырганча барып, аялын бет талаштыра тепти. Аялы ордунан тоголонуп кетти. Этеги ачылып, бүт дүйнөсү көрүнүп жатып калды. Юсуфту ич талаштыра тепкен прокурор эми келинине бурулду да, Жарматка өктөм унчукту:

— Үстүн жап аялыңдын!

Жармат жүктүн үстүндө турган жашыл одеалону алып, аялынын үстүнө ыргытты.

— Сен акмак! – эми Юсуфка жулунду Жармат, — Туз-зуңду ичейин, туз баштыгыңа чычайын деген экенсиң да!

— Кечир… кечиринглер! Мен… Мен… – дудаланып калды Юсуф, шаша-буша шымын кийип жатып.

— Сени азыр милицияга алпарам! – деди прокурор, – Андан соң өзүңдүн кытай сакчыларыңа салып берем, ит эмгенди!

Сакчы дегенди угуп, эми эле колуна кишен салынып кетип жатканы көзүнө элестеди Юсуфтун. Анткени ал кытай сакчылардын уйгурларды кандай тозокко саларын эшитип, көрүп калган жайы бар. Коргошунду көлкүлдөтүп эритип, ошонун үстүндө туткундарды жыңайлак бастырып жатканын тагасына барганда көргөн. Ошондон кийин сакчы десе жаны чыкчудай коркот.

— Акажанлар! Жан соога! Мени бу жерден бошоткула! Хаммасин… баарын берем! – деп өзбекче, кыргызча аралаш жалынып жиберди Юсуф.

— Хаммасин дечи! – мыскылдап жылмайды Жармат.

— Ха, акажан! Машинада пулум бар! Хаммасин алынг!

— Хе-хе! – деди прокурор, – Азыр сенин акчаңды алып коё берсек, сен эртеге «Прокурордун келининин койнуна кирип, прокурордун келинин акчага сатып алып» деп, э?!

— Жок, акажан! Биран тирик жанга чурк этмеймин! Эркекча сөз береман! –жалынып жиберди.

— Сен эмне иш кылганыңды билесиңби?! – деди Жармат, — Бул кылган ишиң үчүн ушул жерде сени бычып, териңди тескери шыламын!

— Акажан! Илтимас! Итлик менден кетти! Машинадаги пулнинг хаммасини алынглар! Мен бу жайларга умуман аяк баспайм энди!

— Аяк баспайм дечи! – иштин өзү ойлогондой баратканына ичинен кымыңдаган Жармат анысын билдирбеске аракет кылып, каардуу унчукту: — Эгер экинчи аяк баспасаң, анда Бишкектеги фирмаңды эмне кылмакчысың?!

Юсуф эмне дээрин билбей калды. Прокурор эми Жарматты демите баштады.

— Сен азыр РОВДга бар да, бул жакка милицияларды баштап кел! Бул иттин баласы менен мыйзамдын тилинде сүйлөшөбүз! Бол! Тез!

— Ака, мелиса керек эмес! – чыйпылыктап жиберди Юсуф, — ширкатни хам сизлерге береман!

— Тур! Тез кийин! Азыр Бишкекке жөнөйбүз! Эртең таң атары менен фирмаңды менин атыма каттатып бересиң! Эй, канчык! – деди эми аялына, – Сен үйдү ичинен бекем жаап алып отуруп тур! Сени менен эртең Бишкектен келгенден кийин сүйлөшөм!

Ушинтип ызырынган Жармат Юсуфтун колу-бутун кой байлагандай арчындап салды да, агасы экөөлөп аны бири колдон, бири буттан тартып сүдүрөп барышып, машиненин арткы орундугуна жүктөштү. Жармат шашыла дарбазаны ачты. Дарбазаны ачып коюп, бир нерсесин унутуп калган адамдай жүгүрүп үйгө кирди. Аялына «Дарбазаны жаап кал!» — деп корс эте, шашылып чыгып кетти.  Шашкан боюнча келип, машиненин алдынкы орундугуна отурду…

ЭПИЛОГ

Андан бери нечен суу акты. «Кар жаады, из басты» болуп, көп нерселер эл эсинен чыкты. Жер огунда тегеренген сайын, заманың кошо тегеренип, кечээги жаңылыгың бүгүн эскирген бул күндө, эки гана нерсе – байлык менен бийликтин кумары эскирбеди. Арийне, байлыгын адал жол менен тапкандарга караганда, арамга аралашып алгандар ач көз келери анык белем, же кыргыздын «Кедей байга жетем дейт, бай Кудайга жетем дейт» деген кеменгер кебинин чындыгы ушунда белем, акыркы күндөрү бийликтин эки тизгин, бир чылбырын чеңгелиме алсам деген бир дымак Жарматтын түн уйкусун бузуп жүрөт.

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

9 Replies to “Конкурска: Жармат (№6)”

  1. Жеке менин оюмча «Кимиси кимден кутулду» деген№4 аңгеме менен эле дал ушул №5-чи аңгемени абыдан такшалган авторлор жазганы көрүнүп турат. Калгандары анча быша элек жемиштей.

  2. Тема азыркы учурда актуалдуу, бирок аңгемеде курч конфликттик жагдайлар реалдуу эмес, жасалма сыяктуудай көрүндү.Жарматтын эки жүздүүлүгүн, пендечилигин дагы курч жазса аңгеме көркүнө чыкмак…

  3. кызыгына жетпей калыптыр. Аялынын койнуна киргизип жиберсе кызык болмок, автордун фантазиясы иштебептир так ошол курчутмак экен дагы..

    1. Бактыгул сиз аялынын койнуна киргизип жибергенден ким ырахат алмак? Сизби же уйгур жигитпи? Бирок тамаша. Сиздин ойго кошулам. Туура айтасыз, эшиктен кеч кирип калган учурда уйгур тигинин аялын жайлап бүтүп салгандай кылыш керек болчу. Психологиясы так ошондо күчөмөк))))))))))))

      1. Кеңири тараган сюжет. Демек идеялык жактан оригиналдуулук жок. Автор бул чыгармасында конкреттүү бир киши тууралуу эл арасында айтылып жүргөн ушак сөздөн таасирленип, ага болгон жаман көрүү сезимин билдирип жазган. Тили да орто деңгээлдеги катардагы адамдын тили. Албетте, көлөмү чакан болгон үчүн тилдик дареметин көргөзө албай калган болушу ыктымал. Ошентсе да өзгөчөлөнгөн сөз айкаштарынан, кынапталган сүйлөмдөрдөн, ойду так, көркөм сүрөттөгөн сөздөрдөн бир канчасы болушу керек эле. Ошондуктан бул чыгарманы орточо деп баалайт элем.

  4. Бул окуя абыдан тааныш экен. Жаңылбасам, биздеги аттуу-баштуулардын эле биринин башындагы турмуштук окуя

  5. Окуяны автор туура тандаган экен, бирок сүйлөм айкалыштарын туура эмес колдонгон жерлери көп уручады. Дагы бир байкаганым боюнча сөз изденүүгө анча көңул бурбастан, адегендеги акылга урунган кеп-сөздөр менен чектелип, сөз байлыгы жардылыгын көрсөтүптүр!!!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.