Мен аны алгач апасынын курсагында жашап жатканда көргөнмүн… Арык, ичи чердейген, сары, сулууча келген, жүзүн сепкил баскан аял, таң атпай уйкумдан ойготту. Бетимен өөп, кучактады. Уйкулуу көздөрүм менен тааныган жокмун. Анын үстүнө абдан өзгөрүптүр. Бир кыйла убакыт өткөндөн кийин бир тууган эжем экенин тааныдым. Бирок топтой тоголок ичине тиктеп, “эмне болгонуна” түшүнө албадым.

— Ичиңизде топ барбы?

Ал муңайым, кунарсыз жүзүн кадап, колу чачтарымдан сылады.

— Ля-ля…ля-ля бар.

Ошондо эле тишим-тишиме тийбей көп сүйлөгөн, “бузук телефон” деген каймана атым бар эле. Болгону 10 жаштамын. Жана өтө кубанганда же корконумда “элирип” кеткен жайым да бар эле.  Эч нерсе түшүнбөймүн же түшүнсөм да арты-артынан суроолорду жаадыра беремин. Улуу эжеме туура эмес суроо берет дедиби, ортончу эжем колумдан катуу мыкчып кармады да, жетелеп чыгып кетти.

Эжемдин ошондогу муңдуу, кайгылуу жүзү эсимде сакталып калды, түбөлүккө.

Мен мектепке кеткенде күйөсү экөө кетиптир, үйлөрүнө. Андан бери канча ай өткөнүн билбейм. Үйүбүзгө эки “ля-ля” келди. Шаңга бөлөндү үй ичи. Бир бөбөк абдан ыйлаак. Бирөөсүнүн үнү араң чыгат. Өтө эле жоош. Апаларынын бирөөсү – жеңем, бирөөсү – эжем. Жеңем бөбөгүнүн жанынан чыкпайт. А эжем бөбөгүнүн жанына жолобойт. Ал тургай эмизгенде да жарытылуу эмизбейт, жерийт, наристесине мээрим төкпөгөндүктөн сүтү да чыкпайт. Күн-түн дебей апам жоош наристени көтөрүп, печениенин түрүнөн алып келип эзип, буламык жасап курсагын тойгузат. Алсыз, эне сүтүн толук эмбеген кичинекей жандуунун үнү деле жакшы чыкпайт. Ыйлап жатканы же күлгөнү белгисиз. Бирок жооштугунанбы же көтөргөндө жеңил болгонунабы, мен аны абдан жакшы көрөм. Өбө эле беремин. Уурту жарылып шилекейи агып чыкты. Апам: “Өппө, ууртун жарып коюпсуң”,- деп тилдегенден кийин эч ким жокто шимип-шимип өөп алам. Эки жашында кадимки балдар сыяктуу тили чыкты, басты. Элдин баарын, айрыкча бала бакчадагы эжелерин туурап, үйдү шаңга бөлөйт. Эки жаштагы баланын бийлегенинен өткөн медер барбы…

Кучагымда кысып жатканмын. Эшикте суук, ызгаар эле…

— Абже чиш, — деди.

— Бар, сийип кел, — сыртка чыгардым.

Бирөөнүн батиринде жашачубуз. Жер үй. Эшик такылдады. Ачып, жүрөгүм оозума кептелди! Кошунабыз:

— Силердин уулуңар… көчөдө ушинтип жүрүптүр.

Не дээримди билбедим… Бир капталы кыймылга келбей, калтыратып кармап турат. Колдорум калтырап, үнүм каргылданып, баланы жүзүнөн өпкүлөп, үйгө көтөрүп кирдим. Эжелеп, үйдү жаңыртып ыйлаганча кыйкырдым, үн-сөз жок. Үч бөлмөлүү үйдө экөөбүз гана бардай…

Мектепке көтөрүп жөнөдүм. Атам-апам мектепте. Бир амалды алар гана табат. Жол бою ыйлап жетип келдим. 3-этажга көтөрүлдүк. Алдыман апам чыгып эле, бөбөгүмдү колуман алып “тез жардам” чакырып, ооруканага алып кетишти. Мен калтырап-титиреп үйгө келсем, эжем үйдө жүрөт.

— Азыр кайда элеңиз? Мен кыйкырганда жок элеңиз го?

— Төркү бөлмөдө уктап жатканмын. Уккан жокмун.

— Бөбөгүмдүн бир ыптасы иштебей ооруканага атам-апам алып кетишти. Мен аны мектепке көтөрүп бардым.

Эжем – жашап жаткандай, бирок өлүктөй эле… Анда сүйүү, мээрим сезимдери, эне жүрөгү жоктой… Кайра төркү бөлмөгө кирип уктап калды. Апам байкуш бөбөгүмдү ооруканада карап калды. Атам келди.

— Эмне болуптур, ата? Бөбөгүм кандай?

— Эртең билинет, кызым. Апаң карап калды.

Эжем сураган деле жок. Анын боор этинен жаралганы менен уулуна эч качан боор бербеди, мээрим төкпөдү… Мүмкүн ичинен сыздагандыр, мен сезбегендирмин…

Доктурлар толук анализ чыгарыша алышпады. Башында ыйлакча бар экен дешиптир. Ошол күндөн баштап бөбөгүм оорукчан болуп калды. Азыр 22 жашта. Өз жанын өзү багат. Апасы – эжем башка күйөөгө тийип, эки уулду болгон, ал балдарынан сүйүүсүн, мээримин аябайт, кастарлап, бөпөлөп турат. Ойлой берем, наристеде эмне күнөө эле? Эмнеге жериди?.. ЭНЕ – ааламдагы бүткүл балдардын энеси… Энелик жүрөк баланын улутуна, динине, оорусуна,  эргежээлине карабайт. ЭНЕ – эне деген атты аздектеши абзел.

Менин көз карашымда: атасы туура динди туура эмес кабыл алып “үй, үй бүлө, бала, жоопкерчилик” деген түшүнүктөрдөн алыс адам. Эжем экөө ажырашкандан соң 3-4 жолу үйлөнүп, алардан да жолу болбогонун, алардан да балдары барын укканмын. Айылында чоң молдо атыкканы менен ыйман, жоопкерчилик, намыс жетишпегендей… Бирок айылындагы мечитте молдо болгонуна таңмын…

Түйүлдүк кезинен сүйүүгө зар, мээримге муктаж болуп бул жарыкчылыкка жаралган адам, өмүр бою сүйүү, мээрим издеп өтөт экен. Ар бир ата-эне жаңыдан баш кошкондон баштап, балалуу болсок, ага жетиштүү мээрим төгө алабызбы? — деп алдын-ала даярдануулары зарыл. Менин бөбөгүм, боорукер жан… Мен андан адамдагы көп баалуулуктарды үйрөндүм… Анын жүрөгү сүйүүгө толгон. Башкаларга сүйүү тартуулайт, бирок өзү дайыма мээримге муктаж…

Бөбөгүм экөөбүз сүйлөшкөн сайын жүрөгүм тилинет. Жанымда кезде – колума кол, бутума бут… Кээде мен да тилдейм аны. Тилдеген соң көрсөтпөй ыйлап аламын, жанына кирип кучактап кечирип сурайм. Бир күнү эч качан кабарлашпаган атасы издеп, телефон чалыптыр.

— Абже, анау чалды.

— Ким анауң?

— Анаучу?

— Анаунун аты жокпу?

— Атаңмын,- дейт ко…

— Жакшы, ал сенин атаң да, сүйлөшө бер. Жигитке жаманбы-жакшыбы, ата керек.

— Неме… жумушу жок… үйдө отурат экен… аялы да Россияга балдарын таштап иштеп кетиптир. Үйдө бала багып олтурамын деди. Чакырып, мен иштеген жерге жумушка киргизейин, жаныма келип биз менен жашасынчы?!.

— Аны ким багат экен? Кийимин ким жууйт? Тамагын ким жасайт?

— Сиз да…

— А мен эмнеге аны багышым керек?

— Азыр эле, сенин атаң сүйлөшө бер, — дедиңиз го, бөбөктөрүм ач калбасын, келип иштеп, балдарын баксын деп ойлонуп жатпаймынбы?!.

Бул, биздин бөбөгүм экөөбүздүн сүйлөшүүлөрүбүздүн чети гана… Карабайсызбы, аталык милдетин өмүрүндө бир да жолу аткарбаган “ата сөрөйдү” ойлонуп, ал эле эмес өмүрү көрбөгөн атасы бир, апалары башка “бөбөктөрүнүн” ач калуусуна кабатырланып жатканын… А ден соолуктуу делген атасы, менин бөбөгүм – өзүнүн уулу туралуу ачпы-токпу ойлонду дейсизби? Ойлонсо, келмек, издемек… Канча жылдан бери жок болуп кетип, анан иштеген ишин, айына канча сом табарын сурамак эмес!.. Азыр менин бөбөгүм,  мага атам чалды деп кудуңдап, сүйүнүп жүрөт. Үйдө “бөбөктөрүмдү” багат экен дейт. Жардам берип, акча салып жиберсем окшойт дейт… Анын жүрөгүнүн кенендигине, аруулугуна дагы бир жолу суктандым!..

Ал ырдаганды жакшы көрөт, көчөдө кулакчынын салынат да кыңылдап ырдап-бийлеп жумушка барат, көргөн элдин көпчүлүгү аны түшүнбөйт, шылдыңдап карашат. Көз караштарынан байкаймын. Кээси балдарына “мобу бала оорулуу, абайлагыла”, — деп угузуп сүйлөп өтүшөт.

Ичим ачышат.

— Аттиң, өздөрүнүн жан дүйнөлөрү канчалык оорулуу экенин сезишкенде… антип сүйлөшмөк эместир!..

Коомго менин бөбөгүмө окшогон балдардын зыяны жок, алар аруу-таза бойдон өтүшөт, бирөөнү алдашпайт, акысын жешпейт, араздашып урушпайт, жаман сөз менен сөгүшпөйт, алар ичиндеги болгон аруулугун сыртка чачуу менен, дүйнөнү дал өздөрүндөй шатыра-шатман кабыл алып ырдап-бийлеп, бизге окшоп ыйлай турган жерде күлбөйт, күлөөр жерде ыйлабайт, ар дайым жашоону каткырып жеңип, кубанса да каткырып жашашат, алар ичтеринен ыйлашат, адамдарга үлгү болуу үчүн жаратылган. Алар бирөөгө кошомат кылбайт, бирөөнү жамандабайт, бирөө тууралуу арам ойлошпойт. Алар аруу бойдон жашап өтүшөт! Биз алты саныбыз аман, акылыбыз ордунда деген менен жашоону алар сыңары адамдай жашап өтө албайбыз!.. Алар жаңы төрөлгөндө кандай аруу наристе болсо, жалган дүйнөдө канча өмүр сүрүшсө да, ошол бойдон аруулугун жоготушпайт!..

*     *     *

Мен ал кезде 22 жаштамын. Студентмин. Шаардагы балдарды реабилитациялоо борборуна төрт группалашым менен чогуу көп барар элек. Максатыбыз – ал жердеги балдарга материалдык жардам бере албасак да, моралдык колдоо. Билген нерсебизди үйрөтүү. Бирибиз компьютерди үйрөтсөк, бирөөбүз жомок айтып, ырдап беребиз, бирөөбүз тил үйрөтөбүз. Ар ишемби, жекшемби күнүбүздү балдарга арнайлы дегенбиз төртөөбүз.

*     *     *

Мен негедир беш жаштагы Айгүлгө көбүрөк көңүл бура баштадым. Анын басканы, сүйлөгөнү, мамилеси такыр башкача эле. Кыздарга эч жолобочу. Ал тургай эркелеткенге канча аракет кылам, саламдашат да, дароо Нурболоттун тизесине отуруп алар эле. Нурболоттун жүзүнөн сылайт, өбөт, кучактайт.

Айгүлдүн үй бүлөсүн, эмне үчүн бул жайга келип калганын изилдей баштадым. Ошондо гана Айгүлдүн терс кылыгына дуушар болдум. Ал улуу-кичүү, өзү теңдүүлөргө карабастан; эркек аттуунун баарына жабышып, бир аялдын эркекке кылган кылыктарын жасап, аял-эркектин мамилесиндей жылуу мамиле жасайт. Жүрөгүм тилинди. Атасы каза болгон соң апасы башка күйөгө тийгенин, өгөй атасынын башы арактан чыкпаганын, аны менен кошулуп, кээде апасы да ичээрин баамдадым. Апасы жумуш издеп жүргөндө, өгөй атасы кичинекей беш жаштагы кызды эркелетимиш болуп, аял кылгандыгын, аны Айгүл апасына айтканда; апасы ишенбей кайра кызын урганын, жана бул окуя бир нече жолу кайталанганын өз оозунан укканда, эмне кылар айламды таппадым.

Беш жаштагы кыз, сөзсүз жанында бир эркек болушу керектигин, ал эркекке кызмат кылууну өз милдетиндей түшүнүп алганында экен кеп! Беш жаштагы эч нерсе түшүнбөгөн кызды, мээсин арак каптаган оорулуу апасы мага күйөө керек, үйдөн жогол деп кызын кубалап, кызы ушул борборго келгенин укканымда, жүрөгүм сыздады. Ким күнөөлүү? Кыздын тагдырын талкалаган өгөй атабы? Эркексиз жашоосун элестете албаган алкаш аялбы? Беш жашында тагдырдын оор сыноосуна кептелген кызбы? Же адамдык баалуулуктарды адам акылына сиңире албаган мугалимби? Муундан муунга өтүп, мээге калыптанган эркек – тукум улоочу, кыз – башка бирөөнүн бүлөсү делген биздин – кыргыздардын жапайы эрежесиби?! Ким күнөөлүү? Үй бүлө баалуулуктарын жетиштүү жеткире албаган өкмөтпү?

Улуулар азыркы жаштар билимсиз, кызуу кандуу, окушпайт, заман өзгөрдү, заман менен жаштар да өзгөрдү дешет. Жок, адашасыздар! Заман эч качан өзгөрбөйт, заман ошол боюнча бир калыпта… Менимче, сиздер – улуулар өзгөрдүңүздөр!.. Жүздөрүнөн нур төгүлгөн, акыл-насаатын айткан аталарыбыз кайда?.. Жолдон көргөндө “Кимдин уулусуң? Кимдин кызысың?” деп сурап, чөнтөгүнөн момпосуй карматкан аталарыбыз азыр барбы? Кана, “жети атаңды айтчы, жети атасын билбеген – жетексиз кул” – деп кимдигибизди үйрөткөн карыяларыбыз кайда? Биз, балалык кезибизде алдыбыздан карыя адам келатса, учурашуу үчүн чуркап барар элек, анткени ошол кадырлуу карыянын “муратыңа жет кызым, уулум” деген сөзү жана дайыма чөнтөгүндөгү даяр момпосуйу үчүн… Азыр ушундай карыяларыбыз барбы?.. Мүмкүн, азыркы жүрөк ооруткан көйгөйлөр жаштар ийменип, акыл-насаат уккусу келген улууларыбыздын жаш бала менен жаш бала болгонунан болбосун?! Анткени, улуулардан жаштар үлгү алат, эмнени көрсө ошону жасайт.

Бир-бирибизге күйбөгөн ичи тар болдук. Балдарды калыбына келтирүү борборунда 3 бир тууган жашайт. Атасы каза болгон. Апасы үч баласын багуу үчүн шаарда көрүнгөн ашканада идиш жууйт, күн-түн жаны тынбайт. Түнү менен идиш жууса, күндүзү балдарынын жанында. Эне… Кыз… Башканын бүлөсү… Үч бала менен өз туугандарына батпайт… Кайын журту жолдошу каза болгондон кийин үч баласын карашарын, бирок өзүн-өзү эптеп кетишин айтып жолуна салышкан. Эне байкуш… балдарын таштоого жүрөгү даабай, балдары менен жети атасы көрбөгөн шаарга келип күн кечирүүдө… Ким күнөлүү? Күйөөсүнүн эрте өлөрүн билбей арты-артынан төрөгөн аялбы? Кыз башканын бүлөсү барган жерден сөөгүң чыксын деген төркүнбү? Балдарың бала, сен эми өзүңдү өзүң бак деген кайын журтпу? Же дагы эле: кыз – экинчи катардагы адам түшүнүгүбү?! Дал ушул калыптанган көпчүлүк кыргыздын мээсине сиңген куралбы?..

Жигит… Чачы тармал, кашы калың кара, мурду кырдач, илеби делдейген чоң, ак жүздүү, жылдыздуу жигит. 16 жашта. 11 жашынан балдарды калыбына келтирүүчү борбордо жашайт. Атасы төшөктө, кыймылдабайт. Жардам берер туугандары, атасы оор ооруга чалдыкканда баары баш тартышкан. Апасы баласын калыбына келтирүүчү борборго убактылуу тапшырып, күйөөсүн карайт. Аэропортто жүк ташып иштейт, тапкан акчасына күйөсүнө тамак-аш, дары алып келет. Оооруса да балдарына караан болуп айыгып кетсе экен деп тиленет.

Өзү эртеден-кечке тамак ичип-ичпегени менен деле иши жок. Бул үйбүлөнүн баласы кандай чоңоюп жатат? Өспүрүм чагында, өзүн эркектей сезбейт, аял сыңары алып жүрөт. Кыз болууну кыялданат. Эч кимге көрсөтпөй кыздардын кийимдерин кийип көрөт. Бул борборго келгенге чейин кошунасынын зөөкүр уулу тарабынан зордукталган. Эч кимге айта албаган. Ал тургай апасына да… Коом жийиркенген адам болууну каалабайт!.. Четтеп калуудан коркот!.. Ким күнөөлүү? Качан балдарыбызга туура, ачык айкын тарбия бере алабыз? Качанга чейин бул уят, ал уят, аны жасаба, муну жасаба деп баланын кызыгуусун артырып, кайра ошол жасабай турган ишти кайра жасоосуна жол ачабыз?  Азыркы балдар, улуулар, сиздердей эмес!.. Баарын билгиси, көргүсү келет!.. Качан балдарыбызга туура жол көрсөтөбүз?!.

*     *     *

Ар бир  жаш адам, үйбүлө курганда балдарыңыздардын келечегин аял-эркектин төшөк мамилесине чейин ойлонуп, пландаңыздар. Жөн гана дене кумарыңыздардын куралы болбосун, – бала! Аны сүйүңүз, берилиңиз! Ичиңизге уруктук түшүп, түйүлдүк өрчүй баштаган маалдан баштап, жомок айтыңыз, ырдаңыз, бийлеңиз, аны кучак жайып тосуп алаарыңызды шыбыраңыз. “Энелик” мээримиңизди төгүңүз, төшөктө эриңизге кучагыңызды кандай ачып, жүрөгүңүздүн жарымын арнасаңыз, келечек муунуңузга дал  ошондой берилиңиз!.. Коомго татыктуу балдарды алып келүү, тарбиялоо — ЭНЕ мойнунда, милдетиңерди так аткаргыла, коомдун түптөөчүлөрү!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.