АҢГЕМЕ

Төрөткана. Чоң-чоң терезелерден жарык төгүлүп, анын нурлары түн караңгылыгын көзөп, алда кайдан балбылдайт…

Бул жер ыйык. Адам баласы ааламга көз жарган жер ыйык эмей…

Төркү бөлмө врачтардыкы. Жүзү кызарып, маңдайы тердеп чыккан баш врач өзүн-өзү токтоо кармаганга аракеттенип, көзүн жерден албай үнсүз, сөзсүз мисирейген келинге кеп уктура албай убара.

— Ойлондуңбу? Өз балаңды жээрибе! Мал да баласын кыйбайт. «Отказ кылдым баламдан» деген кагазыңды тытып ташта. Өз ичиңден чыккан, а! Бала деген бала. Буюм эмес, төрөп таштап кете бергидей. Сени эне дейт. Мобереки дүкүлдөгөн жүрөгүң таш эместир…

Алакандай кагаздан көз албай телмирген келиндин оозунан «а» деген сөз чыкса жаны кошо чыкчудай гүң. Ичинде өзү менен өзү күрөшүп, энелик сезимдин ташкынына жеңилбөөгө бел байлагандай. «Өз баламдан баш тарттым» деген алакандай кагаз көз жаштын деңизинде калкып, бул чоң бөлмөгө батпай турду…

— Жок! Кантип көтөрүп жүрөм эл арасында! Ата-энем, тууган-уругум билбейт. Тогуз ай чыдадым жан адамга билдирбей, бөтөн жерде боюмдан бошондум. Жабылуу аяк жабылуу калганы жакшы. Дагы бир насиби тургандыр. Мына булар айтмакчы, бейкүнөө наристенин айыпсыз тагдырына мен гана күнөөлүү эмесмин. Убал сообу урчу дагы бирөө бар. Эмне үчүн азабын мен жалгыз тартышым керек?..

— Мавжуда Абдыевна! — Баятан бери унчукпай отурган медсестра үн катты: — Бул келин бала төрөлгөн соң үч сааттан кийин качып кетиптир. Көчөмө-көчө кыдырып жүрүп, араң таап келдик. Бир жерде кансырап өлүп калса эмне болот эле… Бир жактан үч күндөн бери баласын эмизбейт. Энелер кезектешип эмизип жатышат. Эмчегин сүт тээп, өзү да кыйналды. Мындай таш боор, көк бетти адамдан көргөн эмесмин! — Ыйлап жибербейин деп бери бурулуп, үнү буулугуп чыкты.

— Демек, мелтирегеним мелтиреген да! Өз оюңдан кайтпайт экенсиң да!  Баланы таштап кетсем эле бактым бүтүн болот дегени турасың го. Жок! Балаңдан кутулган менен өзүңдөн кутула албассың. Качандыр бир азабын тартасың, анда кеч болот!

— Шартым жок. Кызмын. Башка арга таппадым…

— Кыз болбой өл! — Медсестранын жаны чыккандан угуза айтканын да байкабай калдык.

— Баланы мында алып келгиле!

Чөргөлгөн данектей наристенин издегени эненин эмчеги.

Үч күндөн бери мээрбан энелерди эмип, курсагы тойгон менен бул жарыкка алып келген өз энесинин жытын таппады, эне жытына канбады. Ошондуктанбы, барылдап ыйлаганы залга угулуп, кулагын бекиткенине  болбой өз баласынын үнүн таанып калган. Азыр да анын үнүн өз туюмунда тааныды.

— Кел эми, эне эмессиңби, бир күнгө арам сүтүңдү аяба! Тойгуза эмиз, эне тапкыча кыйналмай болдук.

Ордунан шарт секирип турган келин чаян чаккандай чочуп кетти. Баш врачтан уялдыбы, акыры кала турган болгон соң дедиби, биринчи жолу уулун колуна алып, терезеге кыңайганча саап таштаганына карабай чытырап сүткө толуп турган эмчегинин үрпүн баласынын оозуна салды… Балкылдата соруп, тынч алган кызыл эт наристенин таноолорун майда чыбырчык тер басты. Эне кучагында мемиреп уйкуга көшүлдү.

Эми көрбөйт баласын! Түнкү поездге билет алып койгон аяш эжеси. Таштак станциясынан жөнөтүп коймок болушкан. Тезирээк жөнөп кетсе экен ушул жерден, баары унутулмак… Кыжаалаттык, жашырын бир сыр ушул жерде калат..

Баш врачтын колу коюлуп, баласын төрөтканага таштаган келин кийимдерин кийинип, эч кимге көрүнбөй жоголгуча шашты бул жерден.

Төрөт үйүнүн ак босогосун аттап чыкканда ага бир кучак гүл ордуна бармак басымдай поезддин билетин сунушту…

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

2 Replies to “Конкурска: Күкүк эне (№9)”

  1. Чакан аңгемеде күкүк эненин ички жан дүйнөсү кылдат чагылдырылган. Сүйлөмдөрү абдан таасын,кыска, окумдуу, окуясы азыркы турмушта кездешчү көрүнүштү реалдуу бере алган, мага өзгөчө аңгеменин финалындагы салыштыруу окурманды терең ойго салат экен Аңгеме негизинен жакты, дагы бир аз курч сюжет кошулса болмок.. Жакшы деп айтаар элем….

  2. Кыска чыгарма болсо да ичинде кыпкызыл чогу бардай, сөздөрүнүн айрымына түшүнбөдүм бирок бүкүлүсүнөн караганда кызыктуу болду мага.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.