*      *      *

Биз короткон айлуу түндөр кызыгын
эмнегедир бүгүн келди эстегим.
Эсиңдеби, алтын кумдун ысыгы?
Эсиңдеби, Ысык-Көлдүн кечтери?

Эсиңдеби, августтун ак түндөрү? —
Жылдыздарга… Жылдыздарга эзилген.
О ал жайдын жыпар эле күндөрү.
О ал жайда башкача эле сезимдер.

Азыр шаарда алгачкы кар алтыным.
Керемет түн! Кантип уктайм? Ойгомун…
Ах балким сага ошол алты күн
Акын менен кызыктуурак болгондур?..

Түнкү Бишкек жүз миң шамга киринген,
Чимирилтет кыялдардын ийигин.
Балким сен да жанган оттун биринде
отурасың терезеңе тигилип.

Адатыңча ууртуңан жылмая
ойлоносуң оюң менен жакынкы —
Чакыргам деп сезим толгон ырларга,
Жаш баладай ишенчээк бир акынды.

Сендеби же ырлардабы ой-санаам?
Ах билбейсиң! Жылмаясың ууртуңан…
Быйылкы күз канча жылуу болсо да
Биздин сүйүү чыдабады суугуна.

Жаңы сезим, сүйүүгө жол тазалап,
Көл жуугандыр кош изди жээк бойлогон.

*       *       *

Аппак карга из калтырып баратам,
Түшүп алып абдан катуу ойлорго…

Чоң атама

Отурасың эски бактын түбүндө,
Күйүп бүтпөй колуңдагы тамеки.
Узаткандан кошунаңды күзүндө
Айта элексиң «Ассолому алейкум»…

Шашпагын деп топуракты тебесиң,
Кадам сайын жерди сабайт таягың.
Кайра-кайра караганы келесиң,
Айылдагы жалгыз жолдун аягын.

Атакебай, кимдин издеп караанын?
Кимди күтүп? Жүрөгүңө не керек?
Мелдешемин! Азыр дагы карадың
алыс жолду… Келеби деп неберем…

Же жөн эле карылыктан зеригип,
Көзүң өтүп кан кайнаган күндөргө;
Ал ансайын сага улам сезилип
Кимдир-бирөө сени аңдып жүргөндөй…

А түндөсү! Түндөсүчү селт эте
Ойгоносуң, бырыш жүзүң тер басып.
Сага угулат шуулдаса теректер,
Кыз-келиндер кошок кошуп жаткансып.

Жүрөгүңдө сагынычтын желеси,
Ошондуктан отура албай жай алып.
Кайра-кайра караганы келесиң,
Айылдагы жалгыз жолдун аягын…

Сагынычтан карегиңе жаш оосо,
Моюн сунуп бара жатсаң кайгыга –
Эсте мени! Сенин жупун жашооңо
Жайдын салкын таңы менен кайрылам.

Мен келгенде токуп чабдар туягын,
Аралайлы ар бир кокту-колотту.
Айтып берчи баягы эски жомокту —
Куланчынын окуясын угайын.

Азыр болсо шаардын супсак күнүндө,
Ырым менен айтам салам алейкум.
Түтөй берсин эски бактын түбүндө
Күйүп бүтпөй колуңдагы тамеки…

*      *      *

Жүрөк күткөн кайгылуу ыр угулбайт,
Бульвар гана созот эски кайрыгын.
Айтчы акын дагы кандай бугуң бар,
Эмне келдиң бул жерлерге кайрылып.

Эмне анча оорлойт сенин кадамың,
Кышында кар койгон сымал калың жаап.
Барбы сенин күтүп жүргөн адамың,
Сооротучу, таптай турчу далыңдан.

Билесиң сен биздин дагы ак таңдар,
Биздин жаштык артта калат жалындап.
Мына кечээ төгүп жаткан аппак кар…
Бүгүн жамгыр… Эртең кулайт жалбырак…

Эртең биз да, айла жоктон жылмайып,
Эртең биз да, көздү сүзүп акырын,
Жол тартабыз… Жетип кезек жыл айы,
алыстарга кимдир-бирөө чакырып.

Горизонтко караанындай ак куштун
Эзилээрбиз, учуп барып кыйлага.
……………………………………………………………
А сен алдайм деп мезгилди байкушум,
Алдап жүрбө жүрөгүңдү туйлаган.

*      *      *

Бир башкача тиктейт мени карт эмен,
Бир башкача сезимдерди чакырып.
Ушул кечте жааган аппак кар деле,
Тынчтык издеп жерге кулайт акырын.

А бир кезде! Ах алтындай бир кезде,
Чоң энелер коё электе туз себип,
Чуркап чыгып күңүрт, эски подъезден,
Үй алдынан калчу элем муз тебип.

А бүгүн мен бала эмесмин баягы,
Мен жашаган үй да эчак өзгөргөн.
Орун таппай, каректерден жай алып,
Какап турам тааныш эмес көздөрдөн.

Бир четинен ууртуман жылмая,
Бир четинен бекем түйүп кабакты.
Көз чаптырам алыстагы жылдарга,
Аяп тиктейм мен үчүнчү кабатты.

Жарык күйдү, жалындады терезе.
Чай үстүндө демек да бир үй-бүлө.
А бир кезде! Ал үйдө, а бир кезде…
Ой-санаалар кабагыма күбүлөт.

Жылаңач бак… Карга үнсүз отурат…
Кар кытырайт, айрылгансып булгары.
Менин бала кыялдарым толтура,
Кучак жаят Жаш Гвардия бульвары.

Эки бала чана сүйрөп чыгышты,
Балалыктын кызыгына тойгону.
Аяз суугун унуткарып бу кыштын,
Менин дагы келип кетти ойногум.

Бирок антпейм… Ойнобоймун кар менен,
Муздан качып, басам кайра акырын.
………………………………………
Бир башкача тиктейт мени карт эмен,
Бир башкача сезимдерди чакырып…

*      *      *

Кайгырдымбы, сүйүндүмбү баары бир,
Күнүм батты, күнүм батты дагы бир…

Салаалардан куюлгандай агын суу,
агат күндөр. Жаштыгым ай жалындуу.

Кылчаямын, жылмаямын өткөнгө,
Алга карайм… Түтөйт карек, өрттөнбөйт.

Бириң күйүп, бириң мага суудуңар —
Какталганда турмуш ысык-суугуна.

Талааларды муңкандырат жай шамал,
Кайгылуу сөз талаалардай жайкалат.

Суроолор көп жообу али келелек,
Жооптор күтөт, суроо эч ким берелек…

*      *      *

Жалбырактар сапырылып тизеден,
Түнкү жаандан нымшыйт асфальт-тротуар.
Күтпөйт эч ким… Мен да эч кимди издебейм,
Эски ойлор… Жалгыз гана отурам…

Эске түштү алыстагы балалык,
Ушул жерден узатчы элем куштарды.
Мүмкүн бүгүн мен атайы адашып,
Мүмкүн дале ушул күзгө куштармын.

Куштар, куштар бүгүн анча тынчсыңар,
Жаптыңарбы коңур күздүн эшигин?
Силер күткөн, силер күткөн ырчы да,
Келди бүгүн бир аз, бир аз кечигип.

Ойго чөгүп мен ордуман басалбай,
Көз чаптырам алыстагы ашууга.
Жылдан-жылга чуркаганым басаңдай,
Жылдан-жылга кадамдарым катуулайт.

Жылдан-жылга ичим тарып кыялга,
Мага эми жер түз эмес, шар сымал.
Ошентсе да ушул күздү кыялбайм,
Ушул күздү жүрөгүмөн жактырам.
……………………………………
Кайсыл жерге куласам деп ойлонуп,
Жалбырактар каалгып учат мас сымал…

*      *      *

Таңдар атты кирип жүргөн түшүмө,
Үмүт менен күнүм менин чыгат жай.
Батсам дагы кубанычка түшүнөм,
Жыргалда да болуу керек чыдамкай.

Мен тагдырга таарынганды унуттум,
Өкөнгө да, кеткенге да кайгырбайм.
Санаа тартып тиктебеймин булутту,
Даярмын мен шолоктогон жамгырга.

Эх адамдар бир кызыктай жандарбыз,
Биз жасаган иштер андан кызыктай.
Күн ысыса эскеребиз ак карды,
Аяз суукта түшкө кирет ысык жай.

Өтүп бара жатабы жаш курагым?
Турмуш менен күндөн-күнгө сылыкмын.
Бүгүн келбейт тагдырымдан сурагым,
Жүрөгүмө кереги жок чындыкты.

Турчу элем сезимдерди жыялбай,
Бүгүн сездим, билбейм чынбы, төгүнбү —
«Канчалыкка бийик учса кыялдар,
Ошончолук жапыз кулайт көнүлүң…»

*      *      *

Күн батаарда сыйкыр чырак жагылат,
Жалын нурлар өрттөп көлдүн толкунун.
Убакыт да агылгансыйт жайыраак,
Чыгыш жактан түн да баштайт жортуулун.

Иттер үрбөйт, короздор да кыйкырбайт,
Толкун гана шыбыр айтат талаага.
Тоскоол болбой ушул кечки сыйкырга,
Сиңип кетсем кандай болот абага…

One Reply to “Абдысамат Сарала: Мага эми жер түз эмес, шар сымал”

  1. Есть поэзия, есть задатки Поэта. И это радует. Еще пожить бы, наполнить душу интересными наблюдениями. Главное — восприятие жизни не прозаичное. Остальное — наживное…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.