АҢГЕМЕ

Сыдыкаалы темир жол вокзалына поезди жөнөрдөн эки саат мурда келип алыптыр. Билетти да үч жума башта эле алып койгон. Жайкы каникулдан бери айылына бара элек. Төрт ай болуптур. Келген соң убакытты кантип өткөрөрүн билбей ары басты, бери басты. Улуттук даамдардын «Ак-Суу» рестораны тарапта суукка карабай сыртта сыра ичкендер кажы-кужу. Анда болсо ашыкча акча жок. Жолго деп бөлүп койгондорго тийбеши керек. Поездде эки жолу шам-шум кылат. Анан акыркы вокзалга – Жалал-Абадга чейин барса дагы бир нерсе жеш керек, жок, Анжиандан түшүп калган кыйла ылайыктуу, ал жерден Маданиятка автобус болот. Аерден көпүрө менен Бүргөндүгө өтсө Караванга жолулаш машина, же такси чыгат, аларга болсо пулун барганда беремин дейт да, Жаңы-Жол райкомунун жанындагы эже-жездесинин үйүнө айдатып барып, жол киресин алардан алып берет. Анан жездесинин машинасына отуруп Аркытка жөнөшөт.

Ошентип Жаңы жылды Аркытта тосуп алууга жетишет. Өткөндө бульвардагы переговордон эжеси менен ошентип сүйлөшкөн, эжеси ал сөздү Аркыттагы ата-энесине жеткирмек болгон. Алар болсо козусун союп алып, жаш бозосун сүзүп коюп, колу-коңшусун чакырып, өз токойлорунан кыйып келген балатыларын мектептеги ёлкадай жасап, буларды күтүшөт. Сыдыкаалы атасынын барбалаңдап, бакылдап «оо, башкарма балам келди» деп астынан кучагын жайып чыкканын, апасынын чыныга суу толтуруп уулунун башынан айлантып түкүртүп жатканын, агасын күтүп үргүлөп отуруп сокур кемпирге жетелетип кеткен үкөлөрү бири-бирин ойготуп жатканын элестетип Михаил Фрунзенинин ат минип турган калдайган эстелигин карап туруп өзүнчө эле жымыңдап алды.

Дзержин бульварын чилденин суугу үшүтүп, дарактарды аппак бубактар ороп, нык кар алсыз бутактарды ийип таштаптыр.

*      *      *

Эки саат эки жылдай болуп акыры күттүргөн, бооруна «Фрунзе – Жалал-Абад» деп жазылган  поезд да перронго келип токтоду. Жүгү дале жок Сыдыкаалы вагонуна биринчи болуп чыгып, купесине кирип, бирок кайсыл орунду ээлерин билбей туруп калды.

Бир убакта купенин эшиги шарака-шурак ачылып, каарын бетине чыгарып, өзү кырдуу, жеңил кийинген илмейген манты кулак, кара шилидей арык бир жигит топтоголок болуп күпүйө кийинген кемпирди эргештирип кирди.

— Мында жатыңыз, — деди жигит кемпирге астыңкы керебеттин бирин көрсөтүп салам-аликке да келбей.

Кемпир галошун чечип, али шейшептери да салына элек кир матрастын үстүнө кыңкая кетти.

Аңгыча төртүнчү жүргүнчүнүн да башынан мурда оор куржуну көрүндү. Куржундун артынан сакал-муруту барбайган, бетинен нуру төгүлгөн абышка баш бакты. Сыдыкаалы ал кишинин куржунун алып биринчи кабаттагы экинчи керебеттин астын ачып, сандыгына салып атты эле, ал бир нерсени эстегендей жигитке буйра сүйлөдү:

— Жигит, коё тур? Кызым жолго деп бир нерселерди салып атты эле, биротоло ошону алып алалы?

Куржундан алдаганча нерсе чыкты: аппак дасторкон, бышырылган бүтүн гулгулу тоок, чокко көмүлгөн мундир картошка, эки-үч түр салат, кара нан, ар кыл консервалар, икралар, банкелерде пиволор… Анан үстөл үстүнө алардын арасындагы алакандын отундай бош калган жерге абышка «Наполен» коньягынын бир бөтөлкөсүн тарак эттирип койду эле, кемпир чочуп кетти да, башын көтөрүп, не болгонун билип:

— Алдагы шайтаныңарды жоготкула! Бул жерде намаз окуган кишилер бар! – деп койду.

Абышка болсо кемпирге таң кала карады да, анан ал тамашалап жатпаганына көзү жеткен соң мугалиминен корккон баладай бөтөлкөнү матрасынын алдына тыкты.

*      *      *

Поезд акырын ордунан козголду.

Сыдыкаалынын жүрөгү түрсүл-түрсүл согуп, ичинен Ашыраалынын «Нарындан жазган салам катын» күңгүрөнүп барат.

— Келиңиз байбиче? Келгиле балдар? Таанышып баралы? – деди абышка купедеги үчөөнө тең бир-бирден карап кыргызча, казакча аралаштырып сүйлөп. – Менин атым – Кудайберди. Жамбылдан ары Бесагашка кетем. Казакмын. Таенем – кыргыз, саруунун кызы.

— Менин атым – Сайфулла, а апамдын аты – Касиет. – Байбиченин баласы апасын карап жылмайып койду да. – Апам таанышканыбыз үчүн ырахмат айтып атат, — деди тамашалап.

— Балакет-мээнетиңди алайын! – Апасы уулун же урушуп, же эркелетип айтканы белгисиз ордунан козголуп атып акырын үн катты.

— Сенин атыңчы? – деди казак абышка төртүнчү жолоочуга карап.

— Сыдыкаалы!

— Оо, зор ат экен! Чоң атаң молдо болгон го?..

Муну укканда жигит чочуп кетти. Атасы менен апасы чоң атаңдын молдо болгонун, Кокондон окуганын эч кимге айтпа деп кулагына куя берчү. Анан бул казак чал кайдан билет деп ал кишини жактырбай карады.

— Кел, Сыдыкаалы, буларды бөл! – Абышка белине байланган курундагы кынынан Ташкен бычагын сууруп чыкты.

— Оомийин! – Анан алар колуна тийгенин жеп баштады. Өзгөчө Сайфулла менен Сыдыкаалы курсагы курулдап турган белем, катуу кетти. Байбиче булочкадан кичине сындырып алып, алдына абышка устукан катары тарткан гулгулунун төшүнөн ооз тийгендей майда тытып оозуна салды.

— Ээ, байбиче, буларды кызым салып аткан. Күйөө балам – кыргыз, экөө Москвада партшколдо окуп жүрүп таанышкан. Жаңы жылга келип кал деп тилграм уруптур. Келдим. Жаңы жылга тура албадым. Кетип атам. Экөө иштен бошобойт экен. Же мына алты жыл болду – балалуу болушпайт. Кийин дешет. Баласыз үйдө үч күн араң чыдадым да жөнөп калдым. Аулда мал бар.

— Кемпирчи? – Сайфулла чыдабай абышканын сөзүн бузду.

— Кемпир кеткен. Жети жыл болду.

— Башка төшөк жаңыртпадыңызбы?

— Болбоду. Азыр кемпирлер эрге тийбей калыптыр.

— Мал-ал барбы? – Сөзгө Сыдыкаалы да аралашты.

— Бар. Кудайга шүгүр. Сегиз төө, алтымыштай кой бар. Эки атты алмак-салмак минем.

— Оо, ата, бай турбайсызбы? – Сайфулла апасын карады. – Кыргыз кемпир ала бересизби?

— Ала берем!

— Шондо канча калың бересиз!

— Малдын баарын берем!

— Мына, байлык… Апа! Кармаш керек!

— Эмне, апаң турмушта эмеспи?

— Турмушу бузулган?

— Балакет-мээнетиңди алайын! – Кемпир чочуй сүйлөдү.

— Атам бузган да, апамды таштап кетип калган?

— Кайда?

— Оо дүйнөгө да.

Кемпирден башкасы күлүп калды.

— Кандай чай ичесиз, байбиче? – Абышка кемпирге кайрылды.

— Көк.

— Силерчи, жигиттер?

— Бизге мобулар болот. – Жигиттер экөө бирдей сүйлөшүп алгандай банкелерди көрсөттү.

— Анда узатуучуга айткыла, бир көк чай, бир бош чайнек алып келсин!

— Хоп, ата! – Сайфулла купенин эшигин да жаппай, май колу менен чыгып, заматта эки чайнек көтөрүп кирип келди.

Абышка акырын билдирбей Сайфуллага көз ымдады эле, ал кишинин ыраң-башын окуган неме экен, матрастын алдынан коньякты алып чыгып, ары карап бош чайнекке куюп таштады.

Кемпир бир жагынан поездин силкилдөөсүнө, экинчи жагынан темир тор идишке салынган шише стакандарга көнбөгөнгө чайды ууртай албай койду.

— Мейли апа, бекетке токтогондо ичесиз! – Сайфулла апасынын чайын ары жылдырды. – А сиз памил чайды ичиңиз, ата, сууп да калыптыр! – Абышкага жылмая карап койду.

Суусап калганбы, абышка катары менен экини ичти да, нымшый түштү. Анан кыңкайып бараткан байбичеге үн катты:

— И, байбиче, кандай шамал учуруп биз менен сапарлаш болуп  калдыңыз?

— Э, нимесини айтайын? – Кемпир кайра жайланып отурду. – Мынабул балакетиңди алайын балама келдим. Балдардын кичиги. Онду бүтүп окуйм деп кеткен бойдон жок. Пригбордон сүйлөшүп коёт. Ошого ич кардым тойбойт да. Жигарим эзилип кетет. Палакатка жеткенден эле күрөшөт элем, Абдырахман палвандай болот элем деп, Ноокатка, Ошко, тажиктерге, өзбектерге күрөшкөнү кетип калат. Эми Москөөгө кетет экен, Ташкенге кетет экен. «Лейлекке качан келесиң» десем, «чимпион болгондо» дейт. Качан чимпион болмок эле деп, өзүм келип кармап алып, айылга алып кетип атам. Тооба, күрөштүн да окуусу болобу, ошондо окуйм деп убара болуп жүрөт да?

— Ой, апа, коё турсаңыз, жазда сөзсүз чемпион болмокмун, «СССР спортунун чебери» болдум. Айылга барсам эле толуп кетем, азыр вес кууп жүрөм. Кыштакка кийин дале барат элем да.

Абышка чыканактай болгон Сайфулланын башынан аягына чейин бир сыйра көз сыдырып карады да таң кала суроо салды:

— Бу канча килодо күрөшөсүң?

— Кырк сегиз.

— Жастыктай кылып ыргытып ийе турган неме экенсиң деп атса… Окуйсуңбу?

— Ии.

— Кайсыда?

— Физкультурныйда.

— Балли, балам.

— Мен баятан бери сизди ата деп атсам, сиз да балам деп ийдиңиз го?

— Эмне сага ата болсом болбойбу?

— Болот эле. Мынтип тээтигил жердин түбүнө каттабай сиздин айылга келип, казы-карта, чучук жеп күч топтоп турат элем. – Сырдуу жылмая апасын тиктеди.

— Ой, сага Фрунзеңе өзүм жеткирип турмакмын. Биз деген күрөштү билген калктанбыз. Мен да күрөшүп жүргөм! – Абышка бакылдай баштады.

*      *      *

Меркеге жеткенде үстөл үстү бошой түштү. Отургандар бата кылып, абышка бычагын ак тасмалга аарчып-аарчып кынына салды.

— Эми куш уйку салып алайын. Поездде уктаганды жакшы көрөм. Луговойдон өткөндө ойготуп койгула. Казагымдын талаасын карап кеткенди аябай жакшы көрөм. Керемет гой. Эй балбан, сен алдыгы экинчи кабатка чыгып жат! – Анан абышка Сайфуллага энеси жаткан керебеттин үстү жагындагы жата турган такта жайды көрсөттү.

— Койсоңузчу, ата! Астында апам жатса… мен кантип?..

Казак чал ага таң кала карады да:

— Анда бул Сыдыкаалы менен алмашып ал!?

— Болбойт, ата! Анда мен атамды тебелеп калам!

Арытан кемпир сөзгө аралашты:

— О балакет-мээнетиңди алайын!

Абышка жатар менен тез эле коңурук тартып ийди. Чочуп кетип өөдө болду да, чайынын акыркы куюмун шыпкап жутуп, ары карап жатып, кайра эле коңуругуна түштү.

Кемпир уктай албай жатты белем, ары оодарылды, бери оодарылды. Улам-улам уулуна көзү тойбой аткансып карап коёт.

Сайфулла менен Сыдыкаалы карта чабышып «дурактын» кызуусуна кирди. Бирде анысы, бирде мунусу утуп атып, Луговойдон өткөнүн да, Жамбылга кирип келгенин да билбей калыптыр.

— Жамбылга келип калдык, түшө тургандар даярдангыла! – Купенин эшигинен узатуучу баш бакканда балдардын колунан картасы ыргып, аксакалды түрткүлөй баштады.

— Кудайберди ата, туруң, туруң Жамбылга келип калдык! – Абышканы ойгото албай Сайфулланын чый-пыйы чыгып кетти.

Поезд Жамбылдын темир жол вокзалына акырындап келип, бир убак ооздугу тартылган аттай тык токтоду.

— Жамбыл гой! Айланып кетейин туу казыгым гой! – Кудайберди аксакал шашылып тура баштады. Уйкусурап чайнегинен «чайын» куйду эле үч-төрт тамчы араң сарыкты. – Мен түшөйүн?

— Ой ата, апамдычы? – Сайфулла абышканын жүктөрүн көтөрүп атып анын шашканына карабай суроо узатты.

— Апаңа өзүм барам! Сен азыр адресин жазып бер, Сайфулла балам! Малдарымды айдап түз эле Лейлекке кудай буйруса май айында кирип барам! – Абышка ушинтти да, байбичеге колун сунду. – Жакшы бар, Касиет!

Кемпир абышканын сунулган колуна колун бербеди. Бирок ордунан ызаат кыла турду да:

— Кайыр, жакшы калың! Бардам болуңуз! – деп коштошту.

Кудайберди абышканы узатканы Сайфулла менен Сыдыкаалы да жөнөп калды.

— Балакетиңди алайын, сен каякка? – Кемпир уулуна аянычтуу да, суроолуу да тигилди.

— Атаны узатып коёлу!

— Аның өзү эле кетет!

— Ошентсе да бир нанды бөлүп жеп, ырыскылаш болуп калбадыкпы?

Кемпир аргасыз терезени карап отуруп калды.

Поезд Жамбылда он мүнөттөй токтойт экен. Он чакты киши – чамасы бир топ күндөн бери чогуу жүрүшкөн го, кара «Волганы» дал перрондун өзүнө токтотуп коюп, багажды ачып таштап, ал жерге тамак-ашты толтуруп, бакылдашып арак ичип атыптыр. Сайфулла барып эле алардын бири менен кучакташып кетти да, дасторконго кошулду.

Убакыт өтүп, паровоздун кыска-кыска, анан узун чыккан гудогу угулду. Сыдыкаалы Сайфулланы заматта таппай калды. Кичинекей неме эл арасынан көрүнбөй калдыбы деп бийигирээкке чыгып да көз салды. Жок. Тигил топ дале ордунан козголбойт.

Чиркелишкен вагондор козголо бергенде акыркы вагонго эптеп илешип, анын тепкичинде туруп да мойнун созуп Сайфулланы издей берди.

Вагондон вагонго өтөр оор эшиктерди күч менен ачып, шарактаган тамбурлар менен улам бир вагондон экинчисине өтүп баратса, платформада алдын тосуп бир кыз жылдыра койбойт. Олчойгон оор сумкасын иймейип араң көтөрүп киргенге анысын эл жүрөр жерге коюп салыптыр.

— Ага, сегизинчи вагон кайда? – Кыз жигиттен издеп жүргөн ордун сурады.

Жигит таң кала карады. Бул өзүнүн вагону эмеспи.

— Канчанчы купе?

— Төртүнчү!

— Бул биздин купе го? – Сыдыкаалы бул вагондун, бул купенин номерин үч апта кайра-кайра карап жаттап жүрбөдүбү. – Келиңиз, сумканы мага бериңиз?

Жигит кыздын оор сумкелерин көтөрүп купенин эшигин ача бергенде дал маңдайында Касиет апа туруптур:

— Кана? – деди Сыдыкаалыга ачуулуу да, жалынычтуу да тигилип.

— Таппай калдым… Бир кишилерге жолуккан…– Сыдыкаалы апасы уулун сурап атканын билип айыптуудай үн катты.

— Кайдагы киши болсун! Ушундай көк бет да!.. Кыргызстандын чимпиону болбосом айылга барбайм деген эле… Кайтып кеткен экен да!.. Атасы да ушундай көктүгүнөн раис менен кармашып жүрүп айтканынан кайтпай акыры бейажал өлгөн. – Касиет апа оор улутунду.

Баары унчукпай калды. Кемпир үчүн купе ичи караңгы түнгө айланып, баласы жок оңкулдап, ордуна барып, маасысын чечип матрасынын алдына бүктөй коюп, чапанын үстүнө жаап,  тескери карап бышактап жатып алды.

Садыкаалы башын көтөрүп бет маңдайындагы жылмайып турган кызды карап эсин бир азга жоготуп койду. Баятан бери байкаган эмеспи, же назар салбады беле, кыздын аппак шуба тонуна жарашкан кундуз тебетейи, бутундагы ак өтүгү сулуу чырайын андан бетер келишимдүү көрсөтөт. Жигит кызды карап:

— Аяз кыз эмессизби? – деди өзүн жыйып.

— Сиз аяз ата болсоңуз мен аяз кыз боло берем… Жакында жаңы жыл… – Кыз да азил сөзгө азил сөз менен жооп кылды да: – Мен кайда жатам, ага?! – деди.

Казак кыздын доошу ушунчалык назик, ушунчалык жагымдуу экен.

— Үстүнө! – Жигит Фрунзеден Жамбылга чейин казак абышка жатып келген керебеттин экинчи кабатын – бош келген орунду көрсөтө берди.

— А сизчи?

— Мен бул жерге – астына!

— Ой, ага, болмок беле, мен сиздин үстүңүзгө жатсам… Наборот, сиз менин үстүмө жатың! – Кыз каткырып күлүп калды эле, анын акак тиштери бүт бетине чырай бере жаркылдады.

— Ачык кыз экенсиң… – Сыдыкаалы сөз таппай кызарган бойдон эптеп бир нерсе айтып кутулду.

— Казактын кыздары ушундайбыз, поездде бараткан кыргыздын жигиттерине бир тийишип албасак, аулдарыбызга жетпей калабыз… – Кыз дагы жайдарылана күлдү. Анын күлкүсү өзүнө ушунчалык жарашат эле.

— Аулдарыбызга жетпей калабыз дейсиңби?

— Ооба, агатай, аулдарыбызга жетпей калабыз…

— Тийишип алып анан эмне кыласыңар?

— Кайырмакка илингендерди көрөбүз да…

— Кайырмакта жемиңиз барбы?

— Балык жакса, жем салабыз да. – Кыз дагы күлдү. Жигитке тике карады.

Аңгыча эле купенин эшиги шартылдап ачылып, бир аял менен бир эркек узун-кыска болуп ээрчишип кирип келди. Арактын жыты бур этти.

— Ой эже, биз сизди издеп жүрбөйбүзбү? – Эркектин жоон, копол үнү ары карап жаткан кемпирди ойготту.

— Ботом, Сүйүнсүңбү? – Кемпир келгендерге таң кала карады. – Гүлнур сенби? Бу силерди кайсы шамал айдап?

— Ой, эже, баягы женпедде окуган Гүлайымды алып качып кетиптир. Таласка!

— Ок, ботом! Тооба де!

— Тооба дебей калдым, эже. Жердин түбү, окуусун бүтө элек, алып кетебиз деп бардык. Барсак, ой эже, сонун жер экен. Кудаларым алтын кишилер экен. – Сүйүн теңселип атты. Гүлнур болсо келиндик кылып, анан оозунан чыккан жыт да уят кыла тургандай белем, жакындабайт.

— Сен Сүйүн, эмне, ичпейт элең го, кырк жылкы айдап алгансыңбы?

— Кечиресиз эже, кичине-кичине ичип койдук. Аттанар аяк дешти, суу сактагыч дешти, чек ара дешти, пойузга салмай дешти. Сайфулла жээнди көрдүм…

— Каерден? – Касиет апанын көзүнөн от чачып кетти.

— Жамбылдын бекетинен. Бизди кудалар узатып аткан. Өзү келип көрүштү. «Тага» дегенинен карасам – жээним Сайфулла. «Сен кайдан десем», «Апамды ушуга чейин узатып келдим, Ташкенге чейин узатып барайын дедим эле, бүрсүгүнү чоң мелдеш, жакшы болду, сиз ала кетиңиз, апам капа болбосун, сегизинчи вагондо» деди. Кудаларга жээнимди өлө мактадым. Бир жолу аны менен Жаңы-Ноокатка Сааба багына барып күрөшкөнүн көргөнүмдү, жээнимди «тараша палван» дешерин, он балбандын далысын аш-пешке койбой жер жыттатканын, «СССР спортунун чебери» экенин айтып атсам, кудаам, «ой кудаа, үч күндөн бери сен дале таластык болуп калыпсың» дейт. «Кана, азыр ушул жерде кимиң күрөшөсүңөр» десем эч кимиси чыкпайт. Мен жээним менен сыймыктанам, эже. Биз, Гүлнур экөөбүз Таласка жөн эле «разведкага» келгенбиз, кызыбыз «сүйдүм», «тийдим» дейт, «болуптур» да дедик да, үч күн мыйман болуп келатырбыз. Күздө той болот. Кудай буйруса, сиз куда башы болуп барасыз. Сайфулла жээним да барат. Күрөшкө чыгарабыз.

— Сайфулла жээниңди кармап ала кетпейт белең Лейлекке, билесең го, качантан бери айылга барбайт?

— Ой эже, аны эмне кыласыз? Күрөшө берсин. Жыйырма бештен экини колуна карматтым. Калыңдын пулу тээп атпайбы чөнтөктү. Анан кудалар пойузга чыгарбай койду, кууп жетип алабыз дейт. Артыңардан пойузуңарды кара «Волга» менен кууп жеттик. Келиниңиз экөөбүзгө бир купе алып койгон экен, эт-аш деген толуп атыр. Ошого барабыз, апче.

— Үкаңиз таластыктарча сүйлөп калды, эже! – Гүлнур акырын какшык аралаш үн катты.

— Ошентип калыптыр, жаман, кызы өтпөй аткансып… – Касиет апа мурдун чүйрүп койду.

— Жүрүң эже, жүрүң, биздин купеге? Ленинабаддан ары тажиктердин кара «Волгасын» жалдайбыз да, айылга Таластан бараткандай шаң-шарап менен машинабызды пипилдетип түшөбүз, эже. Алтын эже. – Сүйүн өз терисине өзү батпай турду.

— Жүрүп атканда баса албайм, токтосунчу? – Кемпир кийине баштады. Анан Садыкаалыга карап. – Сен акыл-эстүү, токтоо бала экенсиң, жанагы менин балакетиңди алайынымдын бою кичине, көктөйүнөн күрөшө берип өспөй калган, Пуронзодо бирге окуйт экенсиңер, көз боло жүр, садага! – деди.

Бир аздан кийин поезд бир бекетке келип токтоду. Аны-муну айтышып, бирде бугун чыгарып, бирде сурашып аткан кемпир менен анын агасынын уул-келини жетелешкен бойдон кайырлашып, кемпир купеде калган экөөнө батасын берип башка купеге чыгып кетти.

Поезд ордунан жылды.

— Келиңиз, отуруңуз, ага, сүйлөшүп баралы, мен жатпаймын деле. Тамаша кылдым, – деди кыз кайра жайланып сөздү баягы экөө киргенге чейинки жерден улап.

Экөө поезддин эчен адам тамак жеген, карта ойногон, китеп окуган, деги көрбөгөндү көргөн терезе түбүндөгү үстөлүнө каршы-терши отурду. Кыз кимдир-бирөө узатып жатканда алганбы – аппак роза гүлдөрүн терезенин кыргагына тийгизип желим бөтөлкөгө салып коюп койду.

Сыдыкаалы бет маңдай отурган кыздан сүрдөп кызарып-татарып оозуна кеп келбеди.

— Кеп кылың ага, узун жолду кыскарталы? Студентсизби?

— Ооба.

— Кайда окуйсуз?

— Фрунзеде. Айыл чарба институтунда.

— Ой, ага! Кайсыл адистик боюнча?

— Мал доктурлук. 3-курс.

— Муну караң, мен да Жамбылда айыл чарба техникумунда мал доктурлукта окуйм.

— Жакшы.

— Билесизби, ал жерде ким окуган? Чыңгыз Айтматов окуган! Казак менен кыргызга орток жазуучу!

— Ооба, билем, анан биздин инстутутта билим алган. Ал киши менен жакында жолугушуу өткөрдүк. Мен ыр окуп бердим.

— Ой, бай, ага, ыр да жазасызбы? – Кыздын капкара каректери балбылдап жанып кеткендей болду.

— Жазымыш болом?

— Ырдайсыз дагыбы? Мен кыргыз ырларын жакшы көрөм. Ырдап берсеңиз? Баса, таанышып алалы, атым – Ботогөз. Сиздин атыңызчы?

— Сыдыкаалы.

— Мен да, Сыдыкаалы, быйыл техникумду бүткөндөн кийин силердин институтуңарга кирсем дейм. Бир жерде окуп, көрүшүп турарбыз…

— А мен сени күтүп алам. Фрунзе менен тааныштырам, Ысык-Көлгө, өз айылым Аркытка, анан тообузга, токой аралатып Сары-Челекке алып барам…

— Ой, бай, акатай, сүйүндүрдүңүз го. Ырдаңыз эми?

Сыдыкаалы терезеден поезддин ылдамдыгы менен казактын кар баскан даркан талааларын улам жеп бараткан көрүнүшкө суктана карап тамагын жаңсап алып сулуу кызга арнап обон созду.

Ой, Ботогөз, бозой сени сагынган,
Жылытсам дейт жүрөктөгү жалындан,
Башыңды ийкеп бал сөзүңдөн таттырбай,
Бачым басып өтүп кеттиң жанымдан…

Ырдап атып кызды улам уурдана карап коёт, кыздын болсо өңү тамылжып өзүнчө бир ыраазыдай жылмаят.

Ыр бүткөндө экөө тең унчукпай обондун ыргагына нес болуп турду.

— Ой, агатай, сонун ырдайт экенсиз.

— Рыспайдын ыры. Биздин Рыспай силердин Шамши Калдаяковдой.

— Шамшы агай менен бир уруулашпыз. Кичүү жүздүн жагалбайлы уруусунан. Жердеш да.

— Айтмакчы, ал да мал доктур.

— Айтпаңыз ага. Силердин Жолон акын да мал доктур гой. Эми ырларыңыздан окуп берсеңиз?

— Меники окуганга болбойт. Мукагали акындан айтып берейин:

О, сүйүү сен!
Дагы эле тирүү белең?
…Эми мен да тирилемин…
… Сендей аппак кыз алдында жүгүнөмүн…

— Ой, ага, ал менин сүйүктүү акыным. Анын мындай ырын билесизби:

Бүгүн жане махабат карамады,
карамады, жанымды жаралады.
Сыдык аке, билесиңби, шын махабат,
Сол карамаудан жаралады…

Экөө бирде кайгыра калып, бирде каткырып күлүп, улам биринен өтүп бири ыр окуп, казактын да, кыргыздын да ырлары жаңырып, айыл чарбанын студенттери эмес эле, адабият институтунун студенттерине окшоп кетти.

Поезддин дөңгөлөктөрү тынбай шакылыктап, ар бир доош чыгарганы мезгилди да, жолду да жеп, экөөнүн айрылашар мүнөттөрүн жакындатып отурду.

— Мен түшө турган бекетке аз калды? – Кыз бир убакта кайгыргандай үн чыгарды.

— Каап, аттиң, – деди жигит да сапарлаш кездин ушунча тез өткөнүнө кейигендей. – Качан кайра кайтасың?

— Январдын он төртүндө чыгам. Атамды куттуктап, мал-алын дарылап беришим керек.

— Анда мен да ошол поезд менен келип сенин бекетиңден салып алып кетемин. Атаңды неге куттуктайсың?

— Атам атактуу чабан. Жаңы жылдын алдында Ленин орденин алды. Ошону куттукташым керек. Баса, атама бир белек алдым эле, көрсөтөйүнбү?

Кыз жигиттин жообун күтүп отурбай эле калдайган сумкасынан тон алып чыкты.

— Карышкырдыкы. Таласка практикага барганбыз. Кыргыз уздары тигиптир. Казактын карышкырынын териси деп айтканынан кыя өтө албай өз акчама агайдан карыз алып кошуп сатып алдым.

— Өзүң акча да табасыңбы?

— Ооба бала кезден үйрөнгөм. Жамбылда тура албай ишемби, жекшемби күндөрү айыл аралап чыгып кетебиз да, мал дарылайбыз.

— Кантип? Эмне кыласың?

— Ой ага, иш толтура. Казак – мал менен казак. Тууй албай аткан малдарды операция кылып туудурамын да, баласын алып ээсине тапшырсам, ушунча сүйүнүшөт, маалы келгенде малдарды эмдеп турам, эркектерин бычып берем, тону менен өлүү түшкөн козулардын, музоолордун энелерин айыктырам. Мен ушундай тарбия алгам, бутум баскандан кой артынан жүрдүм. Жерибиздин шарты катаал, кышкы суук адамды эмес итти да өлтүрөт, короолорго карышкырлар кол салып турат…

Жигит шаардыктарча ак өтүк, ак тон кийген аппак кыздын ушинтип сүйлөп атканына таң калды, анын көпөлөктөй назик кебетесине бир сыйра көз жүгүртүп:

— Ушу сенби? – деди бир чети ишенбегендей, бир чети какшыктай.

— Ушу мен! Керзовой өтүк, фуфайке кийгенимди көрө элексиз да. – Кыз каткыра күлүп келе жатып, өзүн тык токтотту да: – Деги көргүңүз келеби? – деди.

— Көргүм келет. Сен биздин Аркытка барып мал дарылаш. Экөөбүз эки атты минип алып, эки куржун толтура дарыларыбызды салып алып Сары-Челектен ары жайлоолорго чыгып кетебиз.

— Оо, агатай. Кыялдануу сонун деңизчи… – Кыз бир нерсени эстегендей токтоп калды. – Келиңиз эми, бул тонду кийип көрүңүз?

Ботогөз тонду жазып, эки колтуктан кармай жигитке кийүүгө ыңгайлаштырды.

— Биссимилла! Тонум күзгө жетпесин, өзүм жүзгө жетейин! – Сыдыкаалы тондун жеңине колун салып ийип үйрөнгөн сөзүн кантип айтып ийгенин билбей калды.

Анан экөө тең күлүп ийди. Кыз жигиттин тонунун жакасын тартып кумтулай баштады. Ошол кезде андан бир сонун, сонундан да сонун, ырахаттуу, адамды магдыраткан жыт урду. Жигит кызды өзүнө тартуудан айбыкты. Тартайын деди. Анте албады.

— Жарашты! – деди кыз. – Алып атып агайыма кийгизип көргөмүн. Ага анча жарашкан эмес.

— Агайың канчада? – Жигит кызгана түштү.

— Жашын сураган жокмун! Атама жакшы бекен?

— Жакшы. Жылуу.

— Ооба. Жайы-кышын талаа-түздө суукта жүрөт. Кийип бир жыргасын. Бөрү тон да.

— Ии, агайыңдын аты ким?

— Мынча эле агайым кызыктырып калды?

— Сурап атамын да!

— Аты – Эрмек, Фамилиясы – Сатар.

— Эрмек Сатарбы?

— Ошондой. Эмне болду?

— Аты да, атасынын аты да менин тагамдыкындай экен.

Жигит тонду көңүлсүз чечти. Кыз абайлап ороп сумкеге салды.

— Тээтигинде биздин айыл, андан ары атамдын короосу көрүнө баштады, – деди кыз толкундана.

Сыдыкаалы купенин терезесинен Ботогөз айткан тарапка көз жүгүрттү. Ак сур жамынган талаалар, андан адыр, андан ары бөксө тоо сыяктуу топудай дөмпөйгөн кырлар, алардын өндүрлүү чалкагында айыл деп дале атай турганга ооз барбаган алты-жети там чилденин суугун шимирип жатыптыр. Асмандагы Күн кышкы суукка калгандай каңдак тартып, тегереги шакекче болуп кубарып, алкактанып бу дүйнөнү коргоп тургандай. Аалам кумсаргансып атканы менен терезеден көрүнгөн ак кар жалт-жулт этип көзгө чагылышат. Муз тиштеп калган аңызда не бир караан, не бир жандык байкалбайт. Жай-күз шыбак баскан талааны эми кар каптап ар-ар жеринде мал тишине илешпей калган сөксөөлдөр төө тикендей бириндеп гана сопоёт. Күүлөнүп алган поезд телефондун жана электрдин тоңгон мамыларын улам бир-бирден артка калтырып, кышкы тайгак талаадагы рельсаларда сыйгаланбай тынымсыз шарактап барат. Алыс-алыста нар өркөч кыргыз тоолору шаңкаят.

Поезд мынча шашат деп ойлоду Сыдыкаалы ичинен. Булардын бирге болгон убактысын уурдап тим эле атылган жебедей сызып алганын карабайсыңбы.

— Сен ушундай ээн талаада түшөсүңбү? – Жигит кызга таң кала да, боор ооругандай да тигилди.

— Ооба, атам Москвага арыз жазып атып ушул бекетти ачтырган. Оң жакта чоң эле айыл бар. Ал жакка машина үзүлбөйт. Сол жакка бизге кетет. Ал жакка машина болсо – болот, болбосо – жок. Жол алыс дале эмес, тез эле жетип барабыз. А мени болсо атам ар бир өткөн поездден дүрбү салып карап турат. Жалгыз аяк жолго түшөрүм менен даяр турган УАЗигин от алдырып жетип келет. А мен атамдын мойнунан кучактап-кучактап, бөрү тонун кийгизип, өзүм бала чактагыдай атамдын ушул өзүм тартуу кылган тонуна кумтуланып отуруп алам. Анан уктап калам… – Кыздын көздөрү балбылдап жайнап турду.

Анан поезд талаа бекетине ынтылып-ынтылып келип жели чыккандай токтоду. Сыдыкаалы кызды колунан кармап абайлап түшүрдү. Ал түшөрү менен бекеттеги кишилерди карады. Тааныштары көрүнбөдү окшойт, жигитке бет маңдай тигилип, албырган жүзү менен өзүнөн бетер кызарган жигитке карап:

— Аман кел! Он төртүнө чейин! – Ушинтти да аземдүү кыз маржан тиштерин ача жылмая жигиттин көздөрүнө көзүн бир азга кадап туруп, дагы бир кыймыл жасайын дедиби, бирок ага батынбай, андан соң ары бурулуп кетти.

Жигит эң акыркы вагонго ыргып чыгары менен поезд ордунан жыла баштады. Анан эле ал атырылып арткы эшик-терезеге учуп жетти.

Бекеттеги бирин-серин адамдар кетип, бир гана караан жалгыз турат. Ак кар баскан ак бекет. Аппак тончон, кундуз тебетей, ак өтүкчөн, ак дидарлуу аппак кыз казыктай катыптыр. Сыдыкаалы өмүр бою издеп жүргөн адамын жоготкондой поезддин акыркы терезелерин тытмалап, аймалап, ички бугун чыгарып, толуп-ташып кетти.

Ботогөз болсо поезддин рельсаларын кесип өтүп баратабы, же кир, сасык шпалдардын үч-төртүн бир аттап эми эле түшүп калган поездди кууп баратабы – Сыдыкаалы түшүнө бербеди. Бара-бара кыздын карааны кичирейгенден кичирейип, анан такыр билинбей калды.

Бир аздан кийин жыландай ийрелеңдеген поездден ак кардагы ак бекет да, андагы аппак кыз да биротоло алыстады.

Сыдыкаалынын өмүрү бүт ак кардагы ак бекет болуп токтоп калгандай терезеден узап кеткен тараптан көзүн албай тура берди, тура берди…

*      *      *

Аркыттан – ата-энесинин, бир туугандарынын, досторунун алдынан Сыдыкаалы келген сайын эч эле кеткиси келчү эмес, окуусуна сөзсүз бир жума кечигип барар эле. Бул жолу келгенинен кетеми бат, сүйлөп атып эле нес болуп калган, же жылмайып ийген уулунун ушунчалык өзгөрүп калганына апасы таң калса, атасы ичинен кымыңдап атты.

Үч күндөн кийин эле Жалал-Абадга барып поездге алдын ала билет алып келип койду. Болгондо да сегизинчи вагондун төртүнчү купесинин төрт орунун тең өзү сатып алды. Анан бир убакыт өтсөчү. Ботогөзгө арнап ырлар жазып, казакча обондуу ырларды жаттап, аларды кыңылдап коюп эптеп таң атырып, күн кечкиртти.

Белгиленген күн келип, Жалал-Абаддан поездге отурганда андан бетер убакыт өтпөй кыйналды. Апасы салып берген жаңгак, мисте, бадам, алча как, кийик куурдак, Сары-Челектин балы, дандыр нан купенин баягы столунда желбей турду. Жейин дейт, жүрөгүнө эч нерсе барбайт. Анан калса Ботогөз үйдүн даамдарынан ооз тийсин, анан окуусуна алып кетсин дейт.

Ак кар баскан ак бекет вагондун эшик жактагы терезесинен бозоруп бүдөмүк көрүнүп отуруп бара-бара дааналанды. Поезд токтоп-токтой элек эле делгирген Сыдыкаалы жерге атырылып түштү. Жок. Күткөн адамы жок. Дегдеткен адамы көрүнбөйт. Үч-төрт адам поездден түштү. Үч-төрт адам поездге чыкты. Вагондорун сүйрөгөн оор эшалон жолун улады. Эмне болду? Ботогөз неге чыкпады? Сыдыкаалынын жүрөгү тилинип, дили карарып не кыларын билбей турду. Балким башка вагонго чыгып, башка вагондордон өтүп, анын жанына жарк этип күлүп-жайнап келип калар, балким поездден кечигип калып, атасы машинасы менен кууп жетип, кийинки бекеттен салып кетээр деп атты.

Кийинки, андан кийинки бекеттер да артта калды…

*      *      *

Бир жума Сыдыкаалы үчүн оор болду. Эч нерсеге көңүлү келбей, институт менен жатакананын ортосун жансыз бир дене сыяктуу басып жүрдү. Окуган жеринен да, жаткан жеринен да поезддин үнү угулган сайын ошол үн түн уйкусун бузуп жүрөгүн тепчип өтөт…

*      *      *

Жума күнү Москванын поездине отурду да, узатуучуларга жол киресин төлөп, өзү көздөгөн бекетке таң атарда жетип барды. Поездден түшүп калганда ээн талаадагы ак кар баскан ак бекет бороон чапкыны, кар тозоңу менен тосуп алды. Уйгу-туйгудан Ботогөз көрсөткөн адырлар арасындагы айылы да бар-жок экени билинбейт. Бул дүйнөнүн каргыш тийгендей каардуу жерине неге келгенин, ким үчүн келгенин да түшүнбөдү. Бекеттин ичине киргенде билет саткан кассир аялдан башка эч ким көрүндөбү. Ал Сыдыкаалыны жерден чыга калгандай таң кала карап турду да:

— Сен кимсиң? Кайдан келдиң? – деди оройлоно.

— Тээтигил айыл жакта Ботогөз деген курсташым бар эле, окууга келбей жатат… – Жигит колун тоо тарапка жаңсап калп айтты.

— Ой ал жакка бара албайсың. Бул бороон бир башталды, эми үч-төрт күнсүз токтобойт.

— А сиз Ботогөздү тааныйсызбы?

— Тааныбайм. Бул каргыш тийген жерде кыз турбайт. Онду бүтүп эле Алма-Атага, Жамбылга, Шымкенге окуйт элек деп кеткен бойдон ошол жакта бир эркектин этегин кармап кете берет. Беш-алты жылда бир жолу төркүндөп келет да, анан биротоло жоголот. Сен издеген төө көзүң да бирөө менен кетип калгандыр…

Сыдыкаалынын жини келип не кыларын билбей туруп калды, өзгөчө Ботогөздү «төө көз» деп алганы жанына батты. Анын ошол турушу шаар паркындагы айкелдерге окшош эле.

— Эми мындай, — деди кассир аял шарактатып жаап алган көзөнөгүн кайра ачып, — эки жүз кадамдай мындайыраак кара жолго чыксаң, аярлама бар, жарым сааттан кийин Ташкенттен Жамбылга барчу автобус өтөт, ошо менен кайра кете бер.

Анан ал кассир аял айткандай эле кете берди. Күйүп аткан жүрөгүнө суу сепкендей жалыны өчүп, базар күнү жатаканасына жетип сулк этпей нес болуп эки сутке жатты.

*      *      *

Сыдыкаалы үчүн эмнегедир Ботогөз Жамбылга окуусуна келип калгандай, экөө бир нерсе болуп табышпай калгандай боло берди. Ордунан ыргып турду да, темир жол вокзалына баргысы келбей, автовокзалга келди да, Жамбылдын автобусуна барса, билет жок экен, шопурдун ортого тактай коюп берем дегенине көнүп шам аралаш жолго чыкты.

Зооветеринарлар окуган имараттын алдына келери менен көздөрү ойдолоктоп тааныш адамын издей берди. Көрүнбөдү. Ботогөздүн фамилиясын да сурап албаптыр. Бир убакта Ботогөз айткан окутуучусун эстеди. Анын аты да, фамилиясы да тагасыныкына окшош эмес беле. Ошону издеп тапты.

Эрмек Сатар узун бойлуу, сулууча келген, капкара чачын жарашыктуу таранган жигит экен. Кафедрасында көңүлсүз отуруптур.

— Агай, мен Фрунзеден келдим. Айыл чарба институтунда окуйм.

— Ко-ош, жакшы. Конок экенсиң. Отур. – деди Эрмек агай.

Сыдыкаалы тартынып, дивандан коомай жай алды. Сөздү неден баштарын билбей унчукту:

— Сиздин атыңыз менин тагамдын атына окшош экен?

— Ысымдар казак менен кыргызда окшошо берет да.

— Жок, атаңардын аттары да окшошуп кетет экен. Тагам – Эрмек Сатаров, токойчу.

— А бул жагы кызык экен. Менин атам да токойчу, Кегенде турат. Досторунун көбү силердин Каркырадагы малчы кыргыздар.

Экөө андан ары сөз улай албай бир кыйла унчукпай турду. Акыры Сыдыкаалыдан кеп чыкты:

— Агай, кечиресиз, сиздин Ботогөз деген студентиңиз бар беле?

Бул сөздү укканда Эрмек ордунан ыргып турду. Терезеден кар сампарлап жаап аткан сыртты карап калды.

— Сен аны кайдан тааныйсың?! – Агай алаканы менен чок кармап алгандай чочуп кетти.

— Поездде бирге барганбыз?

— Ошондобу?

— Ошонуңуз качан?

— Жаңы жыл алдындабы?

— Ооба.

Эрмек үн чыгарбай туруп калды да:

— Эң акыркы көргөн сен экенсиң да… – Оор улутунду?

— Эмне?! Эмне болду?

Эрмек тил ооздон калгансып сүйлөй албай турду.

— Эмне бир нерсе болдубу?! – Сыдыкаалынын деми кыстыгып, жаны чыгып кете тургандай кыйкырып ийди.

— Отур! — деди Эрмек. – Биз да сендей болгонбуз. Студенттер каникулда эле. Тапкандарды Жамбылга жыйнап, Ботогөздүн айылына жөнөп кеттик. Жеткенче ишенбедик. Барганда же бир чырайлуу жүзүн көрсөк эмне? Топурак салдык. Ыйладык.

Кафедрада экөө эле калды. Башкалар чыгып кетти. Эрмек сүйлөп жатып көзүнө жаш алды. Улутунуп, үшкүрүнүп топурак салганы барганда адамдардын божомолдоп айтканын башын жерден албаган Сыдыкаалыга кайталап кеп кылып отурду:

— Поездден түшүп калганда булардын айылына кете турган эч ким табылбаптыр чамасы дешти. Атасы бармак экен. Ошол күнү төл башталып кетип, төрт-беш койду төлдөткөнчө үшүгөнбү же балалык кылганбы, Ботогөз айылга карай салып ийгенсиптир. Менин божомолумда сени менен поездде баратканда карышкыр тонду көрсөттү беле?

— Ооба, көрсөткөн. Кийип да көргөм.

— Ошол тон…

— Ошол тон эмне болуптур?

— Карышкырлар кол салыптыр. Ошол тонду практикада жүргөндө атама аламын деп мага көрсөткөн. Казакстандын бөрүлөрү экен деп мага кудуңдап сүйүнгөн. Атама белек болот деген… – Эрмек үзүк-үзүк сүйлөп көз жашын аарчыды. – Ошондо алба десем – албай коймок. Карыз акча бербей койсом – ала албай калмак. Ботогөздүн өлүмүнө мен да күнөөлүүмүн. Атасы шашып-бушуп жолго чыгат. Улуган карышкырлардын үнүн угуп бир жамандык болгонун сезип, машинасынан мылтыгын алып туш келди аткылап кирет. Барса, айтуу кыйын, Сыдык, Ботогөздүн буту бир жерде, колу бир жерде… А тонду болсо бир дөң жерге тикелеп шоңшойтуп отурган карышкырдай кылып коюшуптур.

Сыдыкаалы ордунан ыргып турду. Эшиктин туткасына колу жабышканын, дализде бараткан студенттерди ары-бери түртүп, тепкичтердин төрт-бешин бирден аттап атканын сезген жок…

Сыртка чыкты. Көктөн ак бубак кар бүртүкчөлөрү бири-бирин кубалашып жер бетин аппак дүйнөгө айлантып атты…

Ак кардагы ак бекет, андагы ак тон, кундуз тебетей кийген Ботогөздүн карааны каректеринде түбөлүк калып калды…

2019-жыл, ноябрь

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.