АҢГЕМЕ

Улуп-уңшуган карышкырдын үнүнөн чочуп ойгонду.

— Атаңдын оосун урайын! Бу канчыктын үнү кудайга жеткенче, мылтыгымдын огу ага жетер!

— Кой, абышка. Кудайдан улук сүйлөбө, жети түндө темселеп каякка бармак элең.

Капсалаң чын эле мылтыгын ала чуркайбы деп коркту Бурул кемпир. Карышкыр улуганын койбоду, тоонун мемиреген түнү бузулду. Капсалаң сыяктуу эле түнү менен бүт дүйнө түйшөлүп чыкты. Күздүн жөө туманы салаңдап, тоо этегине жакындап келе жаткан…

Айыл этегиндеги обочо турган үйдүн морунан чыккан түтүн тоодон соккон шамалга үзүлөт. Эки небересин таң атпай тургузуп, мал-келди жайгарууга жумшаган Капсалаңдын табы жок эле. Түндө ырастан эле кудайдан улук сүйлөгөнбү? Чыйрак чалдын шайы ооп, чекесинен муздак тер чыпылдап, чыйрыгып төшөктөн турбай олтурду.

— Эки мамалакты жара тартып кетиптир…

Колдорун отко тосо, чөчөйүп олтурган иниси Жапаркул агасын суроолуу тиктеди.

— Сууктап калыпмын, тура албайм го…

— Топоздорду ылдый көздөй имерип койдум.

Капсалаңды бүт чөлкөм тааныйт. Анын карышкырдын өзүндөй улуп, так эле маңдайына чакырып келип гана атып алаары тууралуу аңыз кептер айыл-апаны аралап жүрөт.

Өткөндө бир журналист келиптир, ушул өнөрүңүздү тартайын деп. Бүт айыл азан-казан болуп, Капсалаңдын үйүн айланып жүрүштү. Чунак киши канча жалдырашса да, өнөрүн көргөзбөй койду. Күңкүлдөп нааразы болуп кетишти. Эмне кыйраткан өнөрбү ушул деди, кийин кемпири улам мазесин ала бергенде.

Жайында шаардагы небереси келип, каникулда жүргөн. Кайсыл бир өлкөдө бир кемпай адамзатты башка планетага көчүрөм деп мээнеттенип жатканын айтат. Үндүн ылдамдыгы менен жүргөн от арабаны кеп кылды. Ана ошо үндүн ылдамдыгы — сиз аткан мылтыктын огундай деп түшүндүргөн. Дагы дагы шумдуктарды айтып, кечке эле жинди немедей колундагы телефонун чукулап аткан. Мээси жетпеди чалдын. Дүйнө ушунчалык бат өзгөргөнүн кара деген, чын эле таң калып. Анан ушундай заманда мунун өнөрү эмне, айбанча улуп!

Тоодо мал артынан жүрүп, атасынын болгон өнөрүн мурастап калган экен. Атасы оо дүйнө кеткенден кийин, ушунусу менен колхоздун канча малын ит-куштан сактап калды. Буга ал кадыресе сыймыктанчу. Айылга карышкыр даап келчү эмес. Мына эми колунан иш түшүп баратканыбы. Эгерим жолобой калган карышкырлар улуп-уңшуп, айылга жакын келгенин карачы

— Түндө улуп атканы канчыгы болчу.

— Бир үйүр окшойт, издеринен төртөө же бешөө деп болжодум.

Агасынын абалын бир ооз сурабай, иниси өз мүшкүлүн айтып туру. Жылуу төшөктө кымырылбай турбайсыңбы эми дейт көздөрү.

— Он жети миңден жөн эле сатат элек. Нурбектин окуусуна акча төгүшүм керек эле.

Канча кашабаңды сулатты. Бир да жолу акысына чоң сураган эмес, бу Капсалаң дегениң. Маалкатпай өзү эле шыр тосотко кетчү. Жалгыз барчу, албетте, башкага өнөрүн көргөзбөдү. Тун уулуна үйрөтөйүн деген, анысы ыргыштап, кыйраткан өнөрү барсынып дегендей жактырбады. Уулу милийиса окуусун бүтүп, шаарда иштейт. Ошентип өнөрү өз башы менен кетет көрүнөт.

— Канчыгы улуп уңшуду жөн эмес бу…

Өмүрүндө канчык карышкырга ок аткан жок. Өзү ошол канчык карышкыр болуп улуйт. Үйүгүшкөн маалда дөбөттөрү аң-дөңдү карабай келип, ажал табышат. Карагандын түбүнө жатып алып улуп атса, муну жаншеригин издеген канчык деп ойлойт жырткычтар. Бабаларында ушундай өнөр болгон экен. Жырткычтын тилин билиптир. Канчыгы тукум улашы керек, жараткандын бир да макулугу бу дүйнөгө жөн келген эмес дечү атасы.

— Карышкырды эмнеге жаратты анда? Пайдасы жок!

— Жаратылышка пайдасы бар, ылаңдаган мал, кайберендин баарын тазалап турат эмеспи,- дечү анда атасы камырабай.

Атасынын оозун карап, үндөрдү туурап жүрүп эле улуганын үйрөнүп алды. Кийин айтты атасы, канчыгындай үн чыгарабыз деп. Карышкырдан өткөн көк жал, сезимтал жырткыч болорбу. Жытты алыстан ажыратат. Ошон үчүн кайсыл тараптан шамал сокконун, кайра кайсыл тарапка өзгөрүп кетиши мүмкүн экенин алдын ала туюш керек. Өмүрү ушул чөлкөмдөн чыкпаган киши үчүн качан жамгыр жаап, качан кыш түшөрүн алдын ала айтуу оңой эле. Бирок шамалдын багыты кантип өзгөрүп кетерин туюш үчүн жаратылышка жуурулуш керек ко.

Капсалаң эртең оңолгондо карышкырлардын изине кантип түшөрү тууралуу ойлоду. Бул ойлор аны бир топ чыйралтты. Обдулуп туруп кийингиси келди, бирок денеси уюган эле коргошун. Төрт күн турбай жатты. Ысык шорпо ууртай берип, былжырап эриндери жарылды. Ага чейин дагы бир топозду жарып кетишиптир. Бешинчи күнү түн жарымында кундагы жешилген эски мылтыгын асынып,  үйүнөн чыкты

Аты менен капчыгайды өрлөп олтуруп, болжолу карышкырлар ушул жерди түнөк кылды деген коктуну айланып өттү. Күн чыгыш тараптагы чыргайга атын тушады да, андан ары бир чай кайнам жөө басты. Туу белге жетип, таштын түбүнө жатты. Түндө дагы олжолуу болгон болсо, ушул жерден өтүшөт деди. Таң агарып калган. Жолу болбоду. Кечке жүрдү тоо-таш аралап. Эртең айылдан беш-алтоону кошуп келбесе, бир үйүр карышкырды кантип атат.

Үшүп-тоңуп, курсагы ач, үрүл-бүрүлдө үйүнө жетти. Милийсада иштеген уулу шаардан келиптир.

— Иий, жолуң болсун баатыр. Балдар кандай?

— Жакшы ата, кол бошобой, келе албай жүрдүк.

— Кол бошобойт де. Көчө таптаган Токуш абаңа окшоп, кечке эле колоктоп бош жүрөт экенсиңер.

— Каякта ата, өткөндө “Карышкыр” деген кримтөбөлдү издеп, Казакстанда бир апта жүрдүк.

— Кримтөбөлү эмнеси?

— Ата, кандай айтсам, илгерки басмачы да.

— Тирүү кишини таппайсыңар, мен болсо кадимки карышкырды издеп атам. Тоодо эле биз менен тиричилик кыл десе, көнбөдүң.

Уулу жылмайып койду.

— Ал карышкырың эмне кылмышы үчүн качып жүрөт?

— Төрт кишини өлтүрүп, акчаларын тоноп кеткен.

— Таңдың гөрү, карышкырдан жаман тура.

— Сениң карышкырыңчы, ата?

— Топоздун үч мамалагын жарып кетти.

— Оңбогу-уур, силерди сызга олтургузган экен. ОПГ карышкырлар го.

— Опыгың эмне?

Муну уулу кыска эле түшүндүрдү. Алар уюшуп алып, бирөөгө азуусун салат экен. Акчалууга, мартабалууга кызмат кылат экен. Бири-бири менен кырылышып, айтор жыркычтан жаман, кудай сакта!

— Карачы, — деди кийин Бурул кемпирге абышкасы.

— Кишилер карышкыр болуп баратканбы, уулуң эмне дейт?

— Жобурабай жатчы. Түндө Өскөндүн тайын да жарып кетиптир. Уулуңа айтсам, бирөөгө чалып, эртең мергенчилер келет дедиби.

— Ок, эмне дейт, мастан! Кысталак, мен турганда мергенчилерине пок барбы?

Капсалаң катуу ачууланды. Уулу сексен бештеги атасын аяп, райондогу мергенчилер коомунан киши чакырганына ыза болду. Туруп барып уулу менен кажаңдашты.

— Ата, алар жөн эле сизге жардамга келет. Айылдан эмне кемпирлерди ээрчитип барат белең.

— Атаңдын как чокусу! Өзүңөрдүн карышкырыңарды таап албайсыңарбы. Мага эмне кийгилишип, токтот аларыңды!

Чалдын ачуусу бир топко барып тарады. Тооктой эле эрте жаткан киши, уйкусу качып, ар демени ойлонду. Түшүнө адам карышкырлар кириптир. Башы адам, калган тулкусу карышкыр. Анан баягы Жерден адамды көчүрөм деген кемпайды көрдү түшүндө. Жердин бети ушундай кирдептир. Адам-чөө, адам-түлкү, адам-карышкырлар жортуп жүрөт. Жерден көчүш керек, жерден көчүш керек… Ушинтип жөөлүп ойгонгон экен, жүрөгү – зил, башы – таш.

Бурул кемпир баласына даттанды:

— Ооруп атып, кайдагы ит-куштун изин кубалайт. Суук өтүшүп кеткен окшойт. Доктурду чакырчы.

Капсалаң үч күн сулк жатып, оо дүйнө көчүп кете берди. Бул жолу ал канчык карышкырды чын эле атып алгысы келген.

Бу маалда канчык карышкыр артынан бой салып, ууга жарап калган эки бөлтүрүгүн ээрчитип, айылдан өтө эле алыс жерде, таптакыр башка чөлкөмгө жер которуп, жортуп баратты. Кен иштетүү үчүн келгендер дөбөтүн, бөлтүрүктөрүн атып, бөрү тукуму байырлаган тоо-ташын талкалашты. Ошондо качып чыгышты. Жолдо баратып Капсалаңдын айылына бүлүк салып, бир апта өргүп турушкан. Айылда алардын тилин билген абышка бар экенин топ карышкыр сезген да жок. Айылга күздүн жөө туманы салаңдап бастырып келатты…

Капсалаң билбей кетти, Жерден башка жашоо барбы? Бирок анын ичер суусу түгөнгөн сааттарда анын кызыл тоонун этегиндеги үйүнөн миңдеген чакырым алыстыктагы бир шаарда Кемпай атаган кишиси адамзатты башка планетага көчүрөм деп, 150 тонна жүк көтөрөр космоско уча турган кемени жасап жаткан. Ал Капсалаңдың кызыл тоолуу айылы тууралуу билбейт эле, анын кыялы Кызыл планета болчу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.