“Айтматовдон алган сабагым” сынагына

Кыргыз адабияты сабагында мугалимибиз дил баян конкурсу боло турганын кабарлап, анын темасы «Айтматовдон алган сабагым» экенин айткандан бери көпкө ойлондум. Айтматовдун чыгармалары, каармандары жөнүндө күндө ойлоном. Бирин жазсам бири калат. Дегеле бардык каармандарынан өзүбүзгө керек сабак ала алганбыз да.

Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарын бирде китептен таанысак, бирде кино тасмаларынан таанууга болот.

Дүйшөн десең – элдин балдарынын келечеги үчүн жан талашып, өзүнө милдеттендирилген жумушун зор берилгендик менен аткарган инсан көз алдыма келет.

Султанмурат десең – чыныгы ата уулу, элдин патриот уулу элестелет. Ал жаш экенине карабай, мекен үчүн, эл үчүн иштейт. Курдаштарынын катарында жоопкерчиликти өз мойнуна алып, “Атанын уулу” экенин көрсөтүшү менен өзгөчөлөнөт. Ошол кыйынчылык күндөрдө да жашоо үчүн күрөшүү, кан майданга кеткен аталардын ордун жоктотпой кылган аракети менен өзгөчөлөнөт. Атасын сагынганын ачык айтпаса да, атасы менен чогуу жүргөн күндөрүн улам-улам эстеши аркылуу билсек болот. Ата мээримине тоё элек баланын ички арманын билүүгө болот. Султанмурат сабырдуу, чыдамкай, тырышчаак, аракетчил, максатка жетүү үчүн бар күчүн жумшаган кыргыздын уулу болот.

Толгонайы болсо – жер энедей кайраты менен башына түшкөн мүшкүлдү көтөрө билгендиги, жеңе билгендиги менен өзгөчөлөнөт. Кыргыз энелеринин кайраты күчтүү экенин көрсөтө билген.

Жамила менен Данияры – жашоону чыныгы сүйгөндөрдүн көзү менен көрүп, ар кандай тоскоолдуктарды жеңип өтүп, аруу сезимдерге жетүүгө умтулуп жашоону үйрөтөт.

Илияз менен Асели – чыныгы сүйүүнүн жолунда Долондой ашуулар, Ысык-Көлдөй терең сыноолор болорун эскертет. Ошол сыноолорго сынбай жашоону, адашпоону бизге үйрөтөт.

Акбарасы болсо – бизди жаратылышка адамча маамиле жасап, Эне табиятты кордобоого, сактоого үрөтөт. Жаратылыш менен адам тагдыры бир экенинен кабар берет.

Кыргыздар байыркы улуу элбиз. Анын тарыхы да, элдик мурастары да, ата-бабалардан бизге калган нарк-насили да өзүнчө бийик даражада эмеспи? Жети атаны билүү, ата тегин билүү ар бир кыргыз үчүн милдет. Кай жерге барба: “Ата тегиң ким?”, “Кайсыл уруудансың?” деп суроо бир гана бизге таандык көрүнүш. Өз уруусун билүү өз тарыхын билгенге тете. Уруусун билип гана калбай, өз эне тилин да кадырлай билүүсү керек. Элин, тилин, динин, ата тегин билбестен жашап келаткандар арабызда жок эмес. Улууга урмат, кичүүгө ызат кылууга акылы жетпегендер да кездешет. Өз ата-энесинен бир кабар алууну унуткандар арабызда биз менен бир катарда жашап келүүдө. Ата-эненин кадырын көзү тирүүсүндө билбей, көзү өткөндө арман кылып жашап жаткандар канча? “Эгер атам-энем тирүү болгондо, кызматын кылар элем” деп арман менен жашагандар канча? Көр тириликтин айынан жумушунан бошой албай, бир жолугуп коюуга жарабагандар канча? Жада калса бир жолу телефон чалып, ал-абалын сурап коюуга жарабагандар канча? Бул ойлорду жөн жерден айтып жаткан жокмун. Айтматовдун “маңкурту” мени ушул ойлорго салды.

Найман эне өз баласын канчалаган кыйынчылыктар менен издеп тапса, баласынын өз энесине жасаган мамилеси ар бир окурмандын көз жаздымында калбайт. Жаныбарлар да өз баласын коруйт эмеспи. Найман эне да баласынын абалына түшүнүп, жок дегенде өз атынды, атаңды, урууңду билип ал деп күйүп бышканы узакка созулбады. Өз баласынын колунан каза тапты…

Чыгармада Жоломан атайын маңкурт болуп алган жок. Аны душмандар ушул күнгө салды го. Эгерде душмандын колуна түшпөгөндө, өз энесин өз колу менен атат беле байкуш? Башынан жабыркабаганда өз ата-тегин, өз энесин унутат беле байкуш? Мындай суроолор мени тынч койбоду. Жоломан душмандардын колунда, туткунда, жан чыдагыс азап-кыйноолордун негизинде “маңкуртка” айланып отурса, азыркы тынч бейпилчилик жашоодогу “маңкурттар” кандай себептердин айынан пайда болуп жатат? Мындай суроого жооп табуу кыйын. Өз жерин, элин байлыкка алмаштырган маңкурттарчы? Бизге ушундай бактылуу балалыкта, ата-эненин мээримине бөлөнүп жашообуз үчүн – Субанкул, Касым, Жайнак, Майсалбектей баатырларыбыз кан майданда жан бербеди беле? Бир үй-бүлө төрт кишисинен ажырап, ошого да чыдап, жашоо үчүн күрөшкөн Толгонайдай энелерибиздин эмгегичи?..

Айтматовдун чыгармаларынан баарыбыз сабак алууга тийишпиз! Мекенибиздин гүлдөп өсүшү үчүн мен да Султанмураттай, Алтынайдай, Майсалбектей болуп, өз салымымды кошкум келет. Жамила менен Аселдей болуп таза сүйүүнүн ээси болгум келет. Толгонайдай чыдамкай, сабырдуу болгум келет. Кооз жаратылышыбызды көз карегимдей асырап, кийинки муунга жеткирүүдө өз салымымды кошкум келет.

Эң өкүнүчтүүсү Ч. Айтматов биздин чоңойгон кездерибизге жашаган жок. “Тоолор кулаганда” чыгармасы эң акыркы чыгармасы болуп калды. Эгер көзү тирүү болгондо дагы канчалаган чыгармалар жаратмак. Мага окшогон окуучуларга ушул арман болуп калаары анык…

Сиз да Чыңгыз бабам менен кол кармашып жолугууну каалайт белеңиз?

Аткарган: Ош шаарындагы №48 орто мектептин 9-“Б” классынын окуучусу Мамутова Аймүрөк.

Жашаган жери: Жапалак айыл өкмөтү, Кеңеш айылы,

Жаңы Чек көчөсү, №12 үй.

Жаңы окуу жылга карата өспүрүмдөр арасында конкурс жарыялайбыз!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.