Бир күнү падыша жөнөкөй адамдарча кийинип, жанына жансакчы, нөөкөр албай шаар дарбазынан чыгат. Ал алдынан чыккан Мухаммед Али аттуу мүнөзү шайыр-шатман, шок ооз кишиден сурайт:

—  Айтчы, падышаңар катаалбы?

— Катаал эмей эле ал жырткычтан да жаман неме.

— А сен мени тааныбайсыңбы?

— Каяктан таанымак элем.

— Анда таанып ал келесоо, мен сенин падышаң болом. Өкүмдарың жөнүндө жаман сөз айтканың үчүн башың кетет!

— Ооба, Али дөөпөрөс деп эл бекеринен айтпайт. Карасаң, эми өз падышасын тааныбай калганын. Бирок падышам канча катаал болсоңуз да бир келесоону жазалагыдай акылсыз же адилетсиз эмессиз да, — дейт Али коркуп кетсе да камаарабагандай түр көргөзүп.

— Ушул сөздөрдү айткан адам келесообу! Сен арамзааланып жатасың. Ушунуң үчүн деле башыңды алдырсам катаалдык эмес адилеттик болот, — деп чындап каардананат падыша.

— Өкүмдарым, сиз менен талаша албайм. Бирок өзүңүз менен өзүңүз талашып жатсаңыз не кылам. Анткени башында мени келесоо дедиңиз. Эми кайра келесоо эмессиң, арамзаасың деп жатасыз. Келесоо болбосом өкүмдарлыгыңызга карабай чындыкты бетке айта алат белем?..

Бул тапан менен айтышкан сайын өкүмдарлык наркы түшө баштаганын, дагы бирдеме десе сөзгө жыгыларын байкаган падыша колун шилтеп басып кетиптир.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.