1. Келгиле, мындан ары жасалма, кургак чыгармаларды жазууну токтотолу!
  2. Кызыл-тазыл сөздөрдөн качалы!
  3. Жеңил-желпи уйкаштыктарга мораторий жарыялайлы.
  4. Лев Толстойго окшоп, бир чыгарманы кайра-кайра камырдай ийлейли!
  5. Окурмандардын табитин, көркөм кабылдоосун сыйлайлы!
  6. Адабий уурулуктан Кудай сактасын!
  7. Башкалардын таасиринде калбайлы!
  8. Дүйнөлүк деңгээлдеги дөө-шаалар менен жарышалы.
  9. Габриэль Гарсиа Маркес айткандай, көзгө уруна бербеген чыгармачыл адамдардан жупунулукту үйрөнөлү.
  10. Адабият майданын чийки чыгармаларга толтурбайлы!
  11. Атак-даӊктын, сыйлыктын, байлыктын, бийликтин кулу болбойлу!
  12. Көлөмгө эмес, көркөмдүккө умтулалы!
  13. Сыя менен эмес, жүрөктүн каны менен жазалы!
  14. Жапандар (япондор) айткандай, аз сөз менен көп ойлорду айталы.
  15. Дүйнөлүк адабий казынага баш бакпасаӊар, ыр жазып эмне кыласыңар?!
  16. Текстке эмес, подтекстке басым жасагыла!
  17. М. Ю. Лермонтовдон сүрөт тартууну үйрөнүү керек. Ыр жазууга кошуп…
  18. Тил билбесең, колуңа калем кармаба.
  19. Асмандан түшкөн китептерди жана Жерде жазылган китептерди эриш-аркак, камыр-жумур окугула.
  20. Ырдан ырга өспөсөӊөр, кантип акын болосуӊар?!
  21. Ата-бабаңар билбеген сөздөрдү эч качан колдонбогула!
  22. Сындагыла, бирок сындырбагыла.
  23. Сөз айкашына өзгөчө маани бергиле.
  24. Бир ырда бир сөздү жүз жолу кайталоого болбойт.
  25. Котормо менен машыккыла – чеберчиликтин сырларын ачасыӊар.
  26. Санга эмес, сапатка көңүл бургула.
  27. Устат болууга эмес, шакирттикке ашыккыла.
  28. Кол чабуулардан, мактоолордон алыс болгула.
  29. Эч качан өзүңөрдү «Мен кыйынмын» дебегиле.
  30. Өмүр бою изденгиле!!!
  31. Өздүк китеп чөйрөӊөр болсун.
  32. Талантыӊарды тарбиялагыла!
  33. Аз, бирок саз жазгыла!
  34. Адабияттын төрүнө өтүкчөн өтпөгүлө.
  35. Эт менен челдин ортосунда калбагыла.
  36. Максат мансаптан жогору турсун!
  37. Бир вариант менен жазылган чыгармалар – эң сабатсыз туундулар.
  38. Ой бүткөндө, чыгарманы токтоткула.
  39. Эң жаман көргөнүм – тырмакчанын ичиндеги сөздөр…
  40. Поэтикалык образы жок чыгарманын өмүрү кыска.
  41. Публицистиканы поэзиянын чокусуна чыгарбагыла!!!

Тайир Аширбай, акын. Лейлек району

One Reply to “Тайирден адабий чакырык”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.