Насирдин Байтемиров:  Кирпи

АҢГЕМЕ Адам болсун, айбан болсун, ар кимдин сыры, кулк-мүнөзү, ал түгүл эмнеге жакын экени, колунан эмне келери бара-бара билинет. Момун болсо Арпачыны жегенден кийин алпарып талаага таштаса, аз эле убактын ичинде жапайы мышыкка айланып кеткени белгилүү. Кандек дале жүрөт. Анын зыяны жок. Пайдасы бар. Пайдасы бар дегеним, короого чоочун киши болсун, ит, ал түгүл мышык, мал болсун, такыр киргизбейт. Өзгөчө мал кирсе жаман да. Заматтын ортосунда кылгылыкты кылбайбы. Кыйла жылдан бери көгөртүп алган огороддун ишпалдасын чыгарат. Сындырып, бүлдүрүп кетет. Жегенинен […]

Кыргыз эл жомогу: Чычкан менен мышык

Илгери-илгери өткөн бир убакта алгырлыгына сөз жетпес таргыл мышык болуптур. Мезгил-мезгили менен оошуп отуруп, ал таргыл мышык да күч-кубаттан кетет. Көзү жакшы көрбөйт. Буга ал аябай капа болот. Эмне кыларын билбей, көп ойлонот. Өзүнүн таш боор, мыкаачы кездерин эстеп, жини келип, анан кайра өзүн өзү соорото баштайт. Эми чычкан менен сүйлөшөйүн деген чечимге келет. Таргыл мышык келип: – Чыке! Аз айып, көп күнөөм болсо кечирип кой. Мен карыдым. Тынч жашаганды самайм. Көптөн-көп өтүнөөрүм такыр кек санашпайлы. Мен мындан ары карай […]

Токомбаевдин мемориалдык үй-музейинде жаш калемгерлерге байгелер тапшырылды (фото)

Кыргыз адабиятынын күнүнө карата “Учур адабиятынын жаңы дүбүртү” аталышындагы конкурс жеңүүчүлөрүнө бүгүн, 12-декабрь күнү борбор калаабыздагы Аалы Токомбаев атындагы мемориалдык үй-музейинде байгелер тапшырылды. Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен уюшулган жаш-акын жазуучуларга, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев, Жазуучулар союзунун төрага орун басары Керимбек Кадыракунов акчалай байгелерин тапшырып, жаш калемгерлерге “РухЭш” сайтынын атайын дипломдору ыйгарылды. Байге тапшыруу аземиндеги көз ирмемдер  

Адылбекова Айназик: Акбаранын күнү-түнү боздоп улуганы

“Айтматовдон алган сабагым” сынагына «Кыргыз десе Чыңгыз келет эсиме, Чыңгыз десе Кыргыз келет эсиме», деп кыргыз элибизде бекеринен «кыргыз» деген сөз менен «Чыңгыз» деген ысым бир бүтүндүккө айланбаса керек. Жазуучунун баа жеткис чыгармалары, жан дили менен өз жери үчүн жасаган эмгектери элдин эсинде ташка тамга баскандай түбөлүк сакталат. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы көп улуттуу адабиятыбыздын өсүп-өнүгүүсүнө чоң салым кошту. Менин Айтматовдун ааламына саякатым адабият предмети менен таанышкан соң башталып, азыр да уланууда. Жазуучу ар бир чыгармасында «өлүп», жаңы чыгармасы менен кайра […]

Айтмырза Абылкасымов: Дарга алдындагы акыркы сөз

«Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат…» Эл сөзү. АҢГЕМЕ Күн түшкө жакындаганда шаардын чок ортосундагы базар аарынын уюгу быякта эле калып, уу-дуу улам күчөгөндөн күчөп эле жатып калды. Айтылуу чыгыш базары! Мына ушуну базар деп айтса болот! Кымкууттуктан баш адашып, ар кандай добуштардан кулак тунуп, бирок баш-аламан, аңтар-теңтер болуп жаткансыганы менен, байкап, астейдил зээн салган кишиге бул базардын өз ыргагы, өз тартиби бар болуп, азыр да ана ошол адатынан жазбай, алымчасы да, кошумчасы да жок, демейдегидей эле өз ирети менен […]

Раджниш Ошо: Эгерде бир адамды өмүр бою сүйгүң келсе…

Өзүн сүйбөгөн адам, бүт дүйнөнү жек көрөт – ал заардуу, зордукчул жана дайыма ачууланып жүрөт. Өзүн сүйбөгөн адам анан кантип башкалардын сүйүүсүнөн үмүт кылышы керек? *     *     * Дүйнөдөгү эң чоң коркуу сезими – бул башкалардын оюнан коркуу. Топтошкон элден коркпой калгандан тартып сен кой эмес, арстансың. Жүрөгүңдө жаралган улуу күркүрөө – эркиндиктин күркүрөөсү. *     *     * Акыл – бул так эсептөөчү ишкер механизм, анын сүйүүгө эч бир тиешеси жок. *     *     * Адам кыялданып жетсем деген баалуулуктун баары, анын […]

Людмила Молдалиева: Клятва Гиппократа?!

Обращение к Премьер-министру КР М. Абылгазиеву Министру здравоохранения КР К. Чолпонбаеву. Уважаемые господа! Бог дает жизнь каждому, но старость только избранным. Глубокую философию этого изречения понимаешь когда уходят из жизни  молодые… Ничто не предвещало беды. Окончена школа с золотой медалью, с красным дипломом  Медицинская  академия, начата учеба в клинической  ординатуре. Молодая, красивая, здоровая девушка, полная надежд и планов на будущее  вступала во взрослую жизнь. …19 ноября в 18 часов 51 минуту  на трассе в с. Ленинском, удар  джипа «Лексус Тойота» […]

Уланбекова Сирена: “Жамийла” повестиндеги ишенимдүүлүк жана чечкиндүүлүк

“Айтматовдон алган сабагым” сынагына Айтматов советтик коомдо жашаган адамдардын тагдыры жөнүндө жазды, бирок аны ошол учурда деле коомдогулар кабыл албай койгон жок. Айтматовдун чыгармалары ошол эле СССР жашап турган мезгилде 170ке жакын тилге которулуп Америка, Германия, Кытай жана башка өлкөлөрдүн басмаларынан бир эле чыгарманы бир нече жолу жарык көрүп, театрларда да бир канча иреттен сахналаштырылып турган. Айтматовдун эң алгачкы чыгармаларынын бири бул “Жамийла” повести. Бул чыгарма өзүнүн көркөмдүк керемети менен окурмандарды өзүнө тартпаса да, бул чыгарма жөнүндө мактоолор унутулган жок. […]

Конкурска: Бакыт жолунда (№26)

АҢГЕМЕ Август айынын акыркы аптасы эле. Күн уясынан аркан бою көтөрүлгөндө облустук билим берүү башкармалыгынын жанына ак түстөгү машина токтоду. Узун бойлуу, арык чырай жигит машинадан түшүп, туура эле начальниктин канасын көздөй басты. Жылуу кабыл алган начальник: — Нурболот Полотович, эми жаңы орун кут болсун! Сизге терең ишенич менен жаш, демилгелүү жигит деп айылыңыздагы мектепке директор кылдык. Келечек силердей жаштардын колунда. Эл үчүн талыкпай иштеп бергин! – деди жаңы директордун колун бекем кысып. — Рахмат агай, ишенич билдиргениңиз үчүн. Колумдан […]

Олжобай Шакир: Көңүл күүсүн черткен саптар

Кимдир-бирөө учурда кайсы жаш акын күчтүү деп собол узаткан болсо, буйдалбастан ысымы ооз учумда турган соңку калемгерлердин бири Садырбек Турдубек уулун атайт элем. Албетте, Садырбектей мыкты акындар арбын. Бирок алардын арасынан чыгармачылыгын бөлүп карай тургандары өтө аз. Көпчүлүк акындар сай ташындай бири экинчисине окшош. Сай ташындай муздак да, үнсүз. Уйкаштыктары жармач. Ойлору тайыз. Ал эми мен атаган бул жаш акындын ырлары ташка окшоп үн чыгарбас, мелтиреп сырын ачпас жансыз затка окшобойт. Аныгында, Садырбектин ырлары деле бир карасаң сай ташына окшош, […]

Чоюн Өмүралиев: Абышканын бийиги

АҢГЕМЕ Көптөн бери бул үйдө жаңы бир чен пайда болду. Абды баш оорулуу болуп, ага удаа жүрөк ооруга чалдыккандан бери. Ошол күндөн көп нерсе анын оорулуу жүрөгү менен өлчөнөт, радионун катуу дабышы, чыр кеп, ар кандай ызы-чуу. Айрыкча кемпири Үмүт сак. Уясына келаткан жамандыкты сезген эне чымчыктай тескери иштин чеке белин байкаар замат күйпөлөктөй түшөт. Абышканы андан алагды кылгыча шашат. Анан кейип-кепчип алат: — Шору арылбаган бир азаптуу пенде экенмин го, ыя айланайын, ким эле мунун баскан-турганын аңдып жүрөт… Ушинткен […]

Атамекендик өндүрүштөн айланып өтпө

“Дүйүм тамак жайнаган дасторкон көрсөм, буктурмадан безгек, муун дарты, шишик сыяктуу далай оорулар мени аңдып тургандай элестейт”. Жозеф АДДИСОН Адам күн бою короткон ал-күчүнүн ордун кайра азыктануу аркылуу топтойт. Топурактан жаралган денеси (Ыйык жазмалардан эмеспи) топуракта өскөн мөмө-жемиш менен улам калыбына келип турат. Демек туура азыктануу – саламаттыктын түздөн-түз себепчиси. Бул жаатында көйгөй көп – себеби адамдарды азыктандырууну эмес, акчаны жеңил жана көп табууну алдыңкы орунга койгон өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыгы күч. Өлкөбүздүн чабал экономикалык абалынан улам элдин карапайым калың катмары азыктын […]

Габриэль Гарсиа Маркес: Ыйык кыз

АҢГЕМЕ Маргарито Дуартени кайрадан жыйырма эки жылдан кийин кезиктирдим. Мен аны Трастевер кварталынын сырдуу көчөлөрүнүн биринен капысынан чыга калганда араң тааныдым: ал сүйлөгөндө испан тилинин жеңил ыргагын жоготуп, байыркы римдиктерге мүнөздүү манераны алган экен. Ак баскан чачтары суюлуп, качандыр бир убактарда Римге келген кездеги, аза кийимчен түнөргөн андылык адабиятчынын кебетесинин да изи жок эле, бирок бир аз сүйлөшкөндөн кийин эле аёону билбеген тентек жылдардын катмарынан анын тааныш элесин: мурдагыдай эле көп ачыла бербеген, сырын ичине каткан, таш сомдоочулардай өжөр жүзүн […]

Абдыкадырова Сюита: Айтматов кумирим

«Айтматовдон алган сабагым» сынагына Ар бир адамдын өзү жактырган, кумир тутуп, чыгармаларын сүйүп окуган жазуучусу болот. Мен үчүн мына ушундай жазуучу аалам алпы, миллиондогон окурмандарды өзүнө тартып, жашоосунун ажарын ачып, турмушка көз карашын калыптандырууга негиз түзгөн адам Чыңгыз Айтматов болуп эсептелет. Эс тартып, көркөм адабиятка кызыгуум арта баштагандан бери Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын мүмкүн болушунча көбүрөөк окууга аракет кылам. Каармандарынын арасында жүргөндөй, ал гана эмес алар менен сүйлөшүп, бирге басып, бирге турган сымал аралашып кетем. Китеп текчемде жазуунун чыгармаларынын дээрлик бардыгы […]