Конкурска: Бакыбай бакшы (№20)

(Болумуш-аңгеме) Өзгөчө кайталангыс сулуулугу менен айрымаланган, тегерегин тоо курчаган ажайып кооз Алай өрөөнүндөгү томуктай айылдарынын биринде, кадимки айыл турмушу дагы бир кечи соңуна чыгып, эл жатууга камынган маал. Бакыбай эки саан ую менен бир нече коюна чөп салып – жайлап бүтүп, үйүнүн артындагы кенен короосунун жан жагындагы, такырайган эки чарчы метрди ээлеген аянтчага, чоңдугу бир кадам, жоондугу жарым кулачтай отундарды калап, тегерете тизип, от тамызды да үйүнө кирип кетти. Бакыбай балапан кезинде короодо жөрмөлөп жүргөнүн үй жанынан өтүп бараткан Акмолдо […]

Руханий тарбия таңууланбай, астейдил жүргүзүлөт

(1-маек) Ырлары мурдагы советтик элдин бир катар тилдерине, ошондой эле англис, француз, испан тилдерине которулуп келген акындарыбыздын бири КР Эл акыны (2007-ж.) жана «Даңк» медалы менен сыйланган (2004-ж.) ардактуу аксакалыбыз, о.э. бөбөктөрүбүздүн “Байчечекей” журналынын баш редактору, балдар акыны Токтосун Самудинов менен болгон маегибиздин биринчи бөлүгүн сунуштайбыз… – Коомду эс-акылга, аң-сезимге чакырып турар өтө сейрек адамдар болот. Тилекке каршы, учурда биз так ошондой касиеттеги адамдарга чукак болуп турганыбызда, Сиздин аксакалдык кебиңизди элге жеткиргибиз бар… Ушул тапта, ушул күндө тилиңизди кычыштырып турган […]

Конкурска: Шералинин чокою (№19)

АҢГЕМЕ 1997-жылдын күз айлары эле. Күн кыйла сууктап, талаа иштери бүткөн мезгил. Үйүндө мингич жылкысы бар адамдын баары улак чаба турган маал келди деп, колдорун ушалап сүйүнө баштайт мындайда. Эл катары мен да бир көк кашка бышты кармайм. Улакка чуркап кыйратпаса да, сындуу мал үчүн минип жүргөнүмө корстонмун. Теңтуш балдар менен дүпүрөтүп ары-бери бастырып, ат чарчабай жеткен жердеги мааракелердин баарындагы тамашадан калбайбыз. Ошол жылдардагы акча тартыш болгону мал чарбасына катуу тийди. Базарда мал арзан, алган адам жок. Аш берген жерде […]

Жаңы дүбүрт жаратаар жаш калемгер, жаш сынчыбыз Залкарбек

«XXI кылымдагы кыргыз адабияты» аталышындагы конкурстун жүрүшү боюнча жаш калемгер Залкарбек Назарматовдун адабий эксперт болуп берүүсүн атайы суранган элек. Мындай жаш калемгерге атайы өтүнүч кылганыбыздын да өзүнчө себеби бар. Арийне, учур адабиятына жигердүү киришип, чыгармачылык процесстерге активдүү катышкан сынчылар, адабиятчылар өтө саналуу болууда. А акын-жазуучулар бизде оголе арбын. Андыктан адабиятка сергек мамилеси бар, көркөм туюму жетигип калган жаштар арасынан көзгө көрүнө түшкөндөрдүн бири Залкарбек Назарматовду “РухЭш” сайтынын адабий агенттигине эксперт катары дайындаган элек. Жаштар арасынан адабий ишмердүүлүккө шыгы бар калемгерлерди […]