(Болумуш-аңгеме)

Өзгөчө кайталангыс сулуулугу менен айрымаланган, тегерегин тоо курчаган ажайып кооз Алай өрөөнүндөгү томуктай айылдарынын биринде, кадимки айыл турмушу дагы бир кечи соңуна чыгып, эл жатууга камынган маал.

Бакыбай эки саан ую менен бир нече коюна чөп салып – жайлап бүтүп, үйүнүн артындагы кенен короосунун жан жагындагы, такырайган эки чарчы метрди ээлеген аянтчага, чоңдугу бир кадам, жоондугу жарым кулачтай отундарды калап, тегерете тизип, от тамызды да үйүнө кирип кетти.

Бакыбай балапан кезинде короодо жөрмөлөп жүргөнүн үй жанынан өтүп бараткан Акмолдо деген күчтүү табып көрүп, бөбөккө назарын бурат:

— Бул наристеде жаратуучум берген чоң касиет бар. Каректеринде от жагылып турат, этияттап, аспиет баккыла! — деп айтканын чоң энеси кобурап калчу.

Тестиер маалында атадан жетим калган үкөсү экөөнү ошол чоң энеси Назик жалгыз баккан. Апасы не? Апасы «балам-ботом» дебеди! Жолдошу каза болгон соң, жүзү айдын кетигиндей сулуу жаш неме, бир эркекти этектеп ээрчип, жыл айланбай эрге тийип кетет. Чоң энесинин көзү өткөндөн кийин, Орозбай аттуу кишинин колуна келет. Аталаш тууганы Орозбайдын аялынын эчен жылдан бери согончогу канабай жүргөнүнөн, ырымдап  бала кылып алышкан. Кудайдын амири экен, Бакыбайдын аркасынан төрт перзенттүү болушат.

Бакыбайдын жаш колуктусу, кошуна айылдагы Жусубалинин кызы дешкени менен, теги чөлдүк. Өз атасы Жумабай көз жумуп, анын байбичеси кибиреген төрт кызы менен жалгыз калып, оокат-аштан кичине кыйналып жүргөн чакта, Алайдан келип, чөлдө тууганчылап меймандап жүргөн алыскы тууганы Жусубали, карындашынан көрөңгөлүккө ак ниеттен – кыздарынын бирин берүүсүн сурайт. Кайда жүрбөсүн аман, сак болуусун тилеген жаш эне экинчи кызы Каракызды, алайлык тууганына кошуп берет. Наристе жытына зар Жусубали жубайы экөө жакшы ой-максатта асырап алышкан. Алардын да ойлору оң келип, очор-бачар болуп көбөйүшкөн.

Жаштар бойго жеткенде «Эки жетимди, бир бүтүн кылып коёлук,»- дешип, Бакыбай менен Каракызды туугандары табыштырып үйлөп коюшат. Жаш жубайлар түндүгүнө камыш төшөлгөн, дубалы ылайга саман аралаштырылып ийленген чопо шыбак, эки бөлмөлүү пакса тамда түтүн улашат. Үйүнө катарлаш кыргыз үй тигилет.

Бакыбайга турмушка чыга элек маалында анын шайтан, жөөт, ар кандай көзгө көрүнбөгөн балекеттерди кадимкидей көрөрүн, эгер алдынан чыкса, алардан коркпой камчысы менен сабап салаарын эчен жолу эл сөз кылганын кулагы чалган келинчеги, эми мынтип анын колуктусу болуп калганына беш айча болсо дагы, бир да жолу даап сурай албады.

Бир колуна чылапчынды кармап, экинчи колу менен чөгүндү ийе жолдошуна ийкемдүү суу куйган келинге күйөөсү мээрин төгө тиктеп колун жууганча,

— Мен эшикке чыкканда, сен терезени карабагын болуптурбу, коркуп каласың… шыкаалаганыңды сеземин. Жөн жай эле эс ала бер, укта, — деди.

Келин үндөбөстөн, мүрүндө илинген кол аарчыны сунду. Күйөөсү колун аарчып, эшигин жаап сыртка чыгып кетти.

От улуу жалбырттап, айланасын дөңгөчтөр курчап турат. Бакыбай он чакты кепкир алып, баш жактарын чокко тизип калап койду. Короосуна утурлап басып келген эл чогулуп калган. Жыйылган элдин  салмактуу бөлүгү жаны ооругандар, кокустап баспай калган, укпай калган, башка ушулар сыяктуу ден-соолуктан аксаган бечаралар. Соо адам келбейт, кабыл алынбайт дагы.

Өзбек улутундагы эрди-катын да жүрөт келгендердин арасында. Узак жол жүрүп, кош-кош таңдарды тосуп, жалгыз эшек менен келишиптир Алайга. Жаныбарга баспаган майып күйөөсүн мингизип, өзү жетелеп, жөө жалаң кайырчыдай келишкен. Айтымдарынча барбаган жерлери калган эмес. Ташкент шаарында жашаган кадырлуу адамдар экен. Кокустан майып болуп калган тура. Москвадагы күчтүү профессорлор да баспайт деген имиш. Аялдын түшүндө Алай аймагынын жаратылышы тасмадай агылып, от жагылып, белгисиз киши отто ойноп секиргени, сүрөттөй тартылып кайра-кайра аян  бергенинен улам издештирип жүрүп таап келишкен чагы экен. Дубана кейипте келиш абзел экендигин да зайыбы түшүнөн туйган.

Оюн башталып, медреседен же молдо-кожодон билим албаган жаш жигиттин оозунан сүрөөлөр, келмелер өзүнчө бир башкача керемет ыргакта  шыпыр менен куюлушуп, бирде шыбыры пастап, бирде тездеп, бийиктеп сүкүт чалып, оюнга түшө баштады. Манас айтканга кичине чалымыш болот, бирок такыр башкача, тынымсыз кыймыл, сөздөрүн эч ким түшүнбөйт.

Жылаң аяк буттары менен чокто секирип «Субхана-Ллах, Субхана-Ллах»,- деп токтоосуз  кайталоо. Көздөрү да биз билбеген, биз көрө албаган ааламда. Пенделердин көзүндөгү тосук парда анда жок сыягы, башка ободо, мерчемде жүргөндөй. От үстүндөгү чокто оюн ойнойт, жердегидей басып жүрөт.

Жанагы чокто какталган кепкирлер кыпкызыл, аларды бирден алып «тилиңди сун», — деп чекесинен катары менен отурган адамдардын тилдерине  жалбырттап турган чок темирди чаз-чаз эттире басат. Кудум эле уста чоктон темирин алып сууга салгандагы үн. Коркуу сезиминен да Бакыбайдагы болгон кудуреттүү күчтүн зорлугуна ишенген адамдар, кээси унчукпаса, кайбири «апай!… ботом!»- дегенче эле көздөрүн катуу жума калышып, ооздорун чоң ачып, тилдерин салаңдата сунушат.

Оюн кайталанып, сүкүт чалып секирип бийлеген бакшы желден жеңил учуп, он эки канат боз үйдүн үстүнө чыга калып кадимкидей жеңил басып, түшө калып – канат бүткөндөй  туюлат. Анын ортосунда жигит тирүү корозду алып келме келтирип, чарабзалы менен моюнунан мууздап, чылапчынга канын тамчылатып, тынымсыз божуранган сыйкыр сөздөрү менен шыбыранып, корозду кайра тирилтип, канатын жая ыргытып, учуруп жиберди.

Көргөн көзүнө ишене албаганы, жаныбарды сайгылап да көрөт. Түн бир оокумга дээр чогулган эл, бакшынын кыймылдарын таңыркай тиктеп, сыйкырларга күбө болушту.  Оюндан соң соолугушуп, баспаганы басып, көрбөгөнү көрүп, дени-карды соо, алты саны аман болгонуна сүйүнгөн эл таң кала ишенип-ишенбейт. Тилдеринин аман экенине шектенип, сыйпалаганы бар. Аягында жалпы журт алакандарын жайып, сүйүнүп сүрдөп, баталарын беришет.

Мындай көрүнүш, бул айылда, жылына эки-үч ирээт кайталанып турат.

Керемет можуза. Эгем жалгыз! Улуу! Теңи жок жардамчы, Бакыбайга берилген ажайып тубаса бакшылык аркылуу, жакшылык жаадырып, жардамын аябай, өзүнүн жакшыларына, пенделерине шыпаа берген.

Үйүнө кирип, ырастанып төшөгүнө жатып, жаңы уйкуга кеткенин аңдыган келинчеги, Бакыбай жамынган көрпөчөнүн этегин этияттап ачып, күйөөсүнүн  тапандарын, кайра-кайра телмире тиктеп, көргөн көзүнө ишене албай дендароо. Кадимки  кызыл жүгүргөн, кызымтыл териси кымындай да күйбөгөн, кызарып да койбогонун көрүп, жаны жай алып жабып коёт.

Эл жаш жигитти Бакыбай бакшы атаганын эми түшүнгөн Каракыз, байынын жанына жатып, ойлонгон бойдон уйкуга кетер эле.

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.