«XXI кылымдагы кыргыз адабияты» аталышындагы конкурстун жүрүшү боюнча жаш калемгер Залкарбек Назарматовдун адабий эксперт болуп берүүсүн атайы суранган элек. Мындай жаш калемгерге атайы өтүнүч кылганыбыздын да өзүнчө себеби бар. Арийне, учур адабиятына жигердүү киришип, чыгармачылык процесстерге активдүү катышкан сынчылар, адабиятчылар өтө саналуу болууда. А акын-жазуучулар бизде оголе арбын.

Андыктан адабиятка сергек мамилеси бар, көркөм туюму жетигип калган жаштар арасынан көзгө көрүнө түшкөндөрдүн бири Залкарбек Назарматовду “РухЭш” сайтынын адабий агенттигине эксперт катары дайындаган элек. Жаштар арасынан адабий ишмердүүлүккө шыгы бар калемгерлерди эртелеп аралаштырып, такшалтуу максатында жаңы дүбүрт, жаңы ысымдар менен улуттук адабиятыбыздын көчүн улайлы дейбиз…

Эмесе, Залкарбектин «XXI кылымдагы кыргыз адабияты» аталышындагы конкурска карата эксперттик талдоосун окурмандардын жана жарышта атсалышкан авторлордун сынына коюуну жана анын жазганын биз да эч кандай оңдоо-түзөөсүз жарыялоону эп көрдүк.

Адабият көчүн татыктуу улап келаткан «РухЭш» сайты дагы бир тарыхый кадам жасоого белсенип турганы. Ал — азыркы акын, жазуучулар арасында өтө турган, поэзия жана проза жанрлары боюнча өтүүчү адабий конкурс. Бул конкурска катышуучуларга жаш жагынан эч кандай чектөөлөр болбойт. Бирок көркөмдүк талаптары кыйла жогору болуусу шарт экени так жарыяланды. Анан да конкурстук чыгармалар авторлорунун аты-жөнү жарыяланбастан, номур менен гана сайтка илинери белгилүү болду.

Эми, жарыш жарыяланары менен биринин аркасынан бири чубура кирип келген чыгармалар жөнүндө кеп кылсак.

Адатта, конкурс дегенде ага катышчу көпчүлүк чыгармалар жалаң гана акындар ырлары болуп келсе, бул сапар прозалык чыгармалардын таскагы «чү» дегенде эле катуу кетти. Анткени жарыш башталган күндөн тартып күн сайын бирден аңгеме жарык көрүп жатса да, эмдигиче акындардын ырлары бирин-экин гана сайтка илинди.

Учур адабиятында проза өксүп жатат, ага караганда поэзияда өсүү байкалат, деген бир катар пикирлерди бул жарыштын жүрүшү кандай тастыктаар экен?

Бүгүнкү күнгө дейре конкурска арналып, сайтта жарык көргөн 16 аңгеменин ичинен көркөмдүк деңгээли жогору, көтөргөн маселеси салмактуу, сунган идеясы мыкты делип, сюжеттик, композициялык өзгөчөлүктөрү окурмандар тарабынан жогору баага арзыган аңгемелер төмөнкүлөр: «Сырдуу үч бурчтук», «Көз», «Жармат», «Кайран дон», «Күкүк эне», «Түш», «Ак кардагы ак бекет».

Аты айтып тургандай эле, турмуштук эстен кеткис баяндар, сүйүү темасы, туулган жерди сүйүү, учурдагы жана өткөн замандын кээ бир акылга сыйбаган жат көрүнүштөрү, карылык менен жаштык темасы, өкүттүү өмүр, жана трагедиялуу финал камтылган чыгармалар автордун өз дараметине жараша, жана алардын баа жеткис акыл тегирменинен өтүп, окурман журтуна сунулат. Албетте, төрт тарабы төп келген эч нерсе кезикпеген сыңары эле бул аңгемелерде да бир катар мүчүлүштүктөргө жол берилгенин окурмандык табиттен даамдап көрүүгө болот.

Негизинен, көпчүлүгү кыргыз адабиятында дайыма кездешчү, ошону менен катар эле өзгөрүүсүз келаткан сүрөттөө, баяндоо ыкмалары, жадатма көрүнүштөр, окурманды чаалыктырып аргасыздан аттап-буттап окуп кетүүгө чейин жеткизген чубалжыган кургак сөздүү сүйлөмдөр ар биринде жок эмес. Баштан-аяк өз дүйнөсүнө арбап алчу касиеттен дагы деле проза жарды экенин ушул азырынча мыкты делген ангемелерден билүүгө болот.

Анткен менен жалпы көркөмдүк деңгээлден алып караганда бул авторлордун арышы кыйла кең экени билинди.

Ошол аңгемелердин ичинен «Ак кардагы ак бекет» аттуу чыгарма тууралуу кеп козгогум келди.

Конкурска: Ак кардагы ак бекет (№14)

«Ак кардагы ак бекеттин» автору да конкурстун шарты боюнча азырынча белгисиз. Бирок аңгемени такшалган калемгер жазганын дароо эле байкоого болот.

Баш каарман Сыдыкаалынын поезд менен жайкы каникулдан бери бара албай жүргөн айылы — Аркытты көздөп, жаңы жылды утурлай сапар алганынан башталат. Окуянын көпчүлүгү поезд купесинде болгону баяндалып, андагы сапарлаштардын образын, аны менен катар эле СССР заманында жашаган адамдардын кулк-мүнөзүн кенен ачып берет.

Алгач Сыдыкаалынын купесине карыган кемпир менен анын уулу Сайфулла келип кошулуп, көп өтпөй Жамбылдык казак аксакал Кудайберди да келип орун алат. Ошентип поезд ордунан козголуп, сапарлаштар бири-бири менен таанышып, даам сызышып, жол улашат.

Негизинен аңгеме адеп Сыдыкаалынын сапарлаштарынын диалогу менен коштолуп, көбүнесе баш каармандын ким экени алгач толук ачылбайт.

Касиет эне «ана барам, мына барам, кыш-күрөөдө айылга эмне бар, жайында барам» деп ар-кайсыны шылтоолоп, СССРдин спорт чебери даражасына жеткен эң жеңил салмактагы балбан уулу Сайфулланы Фрунзеден ой-боюна койбой, «айылга бир барып кет» деп алып келатканын айтат. А тиги Кудайберди карыя болсо Фрунзедеги кызы менен кыргыз күйөө баласыныкынан келатканын кеп кылат. Негизинен аңгеменин негизги идеясы — кыргыз казак достугун чагылдыруу го деп болжодум.

Поезд Жамбылга жеткенде Кудайберди аксакал түшүп, аны узатып чыккан Сайфулла да көздөн кайым болот. Сыдыкаалы аны издеп жатып, маңдайында апакай шубачан, бутунда ага түспөлдөш өтүк, башына кундуз тебетей кийген сулуу бийкечти көрөт.

Мына ушул мүнөттөрдөн тарта Сыдыкаалынын образы окурманга айкын боло баштайт. Мына ушул жерден сүйүү темасы акырындап окурман жүрөгүнө автордун сыйкыр калеми аркылуу баш багып кирет. Жамбылдан купеге кирип, өз барар станциясына жеткенче Ботокөз менен Сыдыкаалы бүтүндөй өмүрдү ушу кездешүүдө көргөндөй, ыр ырдап, ыр окуп, кыялдарда бирге учуп, бирге конгон куштардай элес калтырышат окурманга.

«Поезддин дөңгөлөктөрү тынбай шакылыктап, ар бир доош чыгарганы мезгилди да, жолду да жеп, экөөнүн айрылашар мүнөттөрүн жакындатып отурду.»

Мына, ушинтип ал экөөнүн коштошчу мүнөттөрү да келип Ботокөз жолдон түшүп калды. Сыдыкаалы аны акырын колунан кармап түшүрүп койду…

Бирок: » …Сыдыкаалы өмүр бою издеп жүргөн адамын жоготкондой поезддин акыркы терезелерин тытмалап, аймалап, ички бугун чыгарып, толуп-ташып кетти…»

Автор окурманды дегеле аяп койбойт. Адеп сүйүнтүп, сезимдерге сермелтип, атүгүл жаштыктын жагымдуу жытын да мурунга сепкенсип, бир гана Сыдыкаалы эмес окурман да Ботокөздү сүйүп, аяп, кейип, аны жоктоп ыйлар абалга, психологиялык чыңалууга жеткирген чебердиги мактоого арзыйт. Ооба, аңгеме трагедия менен аяктайт…

Чыгарманы үч бөлүккө бөлүп кароого болот:

  1. Сыдыкаалынын сапарлаштары.

2) Сыдыкаалы менен Ботокөз.

3) Сыдыкаалынын Ботокөздү издеп келүүсү.

Өзүм адабиятчы болбосом да, мен баамдаган кээ бир мүчүлүштүктөрүн айта кетпесем болбос.

Биринчиси — Кудайберди Сыдыкаалын атын сурайт. Ал ысымын айтса, «Атың зор экен. Чоң аталарың молдо болсо керек.» деген жери бүдөмүк бойдон калды.

Экинчиси — аңгеменин биринчи бөлүгүндөгү окуялардын экинчи бөлүккө тиешеси жоктой туюлганы. Албетте, бул окуялар темага ылайык келип турат. Бирок ошентсе да чыгарманын масштабы адеп аңгеме эмес повесть жазууга кадам жасалганбы деген ой кетти. Менимче, бул аңгемеде каармандар көбүрөөктөй туюлат.

Кантсе да чыгарма мыкты жазылган. А анын авторунун бул аңгемеси анын тырмак алды эмгеги эмес экенин баамдоого болот.

Эми, өзүмө келсек: мен дасыккан сынчы же жогоруда белгилегендей адабиятчы эмесмин. Ушу кезге чейин учур адабиятынын бараандуу өкүлдөрүн да жарытылуу билбей келгем. Көркөм адабиятты бала кезден сүйүп окусам да, ушу тапка чейин азыр акын-жазуучу аттуулар жокко эсе деп жүрчүмүн. Алар тээ союз мезгили менен бирге эле кум-жам болгон деп жүрчүмүн…

Бирок «РухЭш» деген сайттын аркасы менен менин ал ойлорум шамал айдап, суу жайпагандай тыптыйпыл болду!

Анан ушул конкурска келип жаткан прозалык чыгармалардын сапатын көрүп, көркөмдүүлүк деңгээлин көрүп, жаңычылдык жактарын көрүп четте карап тура албадым. Баардыгына ийгилик каалап, ырахматымды да айткым келди!

Ушул аңгемелердин ичинен учурдагы кыргыз адабиятынын чыныгы шедеврлери жаралат деп ишенем.

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.