Уматкул уулу Байжигит: Сөзсүз жакшы адам болом…

“Айтматовтон алган сабагым” сынагына Кичинекей кезимде, үч же төрт жашымда Чынгыз Айтматов менен алгачкы таанышуум болгон. Мен анда ата-энем менен Талас областынын Көк-Сай айылында жайгашкан заставада турчумун. Көк-Сай айылы Шекер айылына жакын жайгашкан. Атам, апам, мен болуп ошол Шекердеги Чынгыз Айтматовдун музейине барганбыз. – Апа, бул жерге эмнеге келдик? – деп сурадым. – Бул жер балам, улуу залкар жазуучу Ч. Айтматовдун туулуп-өскөн жери – деди апам. – Ушул көчөлөрдөн баскан, ушул суудан ичкен, – деп көп нерсе айтып берген, бирок […]

Нурдинова Диора: Саманчынын жолундагы таасир

“Айтматовдон алган сабагым” сынагына Адам баласындагы эң жогорку сапат бул анын адамгерчилигинде “Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт” – деп Айтматов айткандай, чындыгында жер жүзүндөгү жашоо, өмүр ошол себептен уланып, ошол үчүн түн артынан күн, ай артынан жылдар келе берет тура, уланат тура… Эжейим “Саманчынын жолу” повестинен Толгонайдын монологун бөлүп берди. Монологду жаттай баштадым. Монолог аркылуу бүт чыгарманы окудум. Алган таасирлеримди айтып берүү мен үчүн аябай кыйын болду. “Жайнагым, кенжетайым, жаш кетип элдин эсинде да жоксуң. Ал эми сени […]

Конкурска: Нурамандын ак чатыры (№21)

АҢГЕМЕ Талаадан мал аркандап келе жаткам, жаңы басылган асфальт жолдун четинде илкий басып. Жолубуз жаңыдан асфальт басылып оңдолгондон бери “учкуч” айдочулар күйгүзө турган болду. Оолугуп, акселератордун педалынын үстүнө чыгып алышат. Өзүбүздүн айылдын балдары токтоо эле айдагандай, алардын дээрлик баарын эле тааныйм. Бирок коңшу айыл бар, биздин көчө аркылуу каттаган. Ошолор күйгүзө турган болду. Дайыма ат минип жүрүшүп, анан бир күнү эле карасаң машина айдап калышат. Ары кетсе деле зуулдап, бери келсе деле зуулдап тез жүрүшөт. Катуу айдамак тургай учуп кетсе […]

Казак эл жомогу: Төө суу ичкенде эмне үчүн эки жагын каранат

Илгери төө абдан сулуу жаныбар болгон экен. Анын тарбайган кош мүйүзү, узун жана коюу куйругу болуптур. Бир жолу ал булакка келип, суусаганын унутуп, сууда чагылышкан өз сулуулугуна суктана карап турат. Ушул учурда ага бугу чуркап келип: — Таксыр төө, мен бүгүн тойго бараттым эле, бир күнгө мүйүзүңдү бере тур, эртең эле ушул булакка суу ичкени келгениңде алып келип берем, — дейт. Ак көңүлү кармап турган төө мүйүзүн бугуга кармата берет. Аңгыча ошол эле тойго бараткан жылкы келип, эртең эле ушул […]

Чыңгыз Айтматов: Өнөр алды – кызыл  тил

Кыргызда атамзамандарда эле сөз билгилик бийик өнөр катары эсептелип жүрчү тура. Анткени эл ичинде “өнөр алды – кызыл тил” деген макал бар. Адам адам болгону, адам атка конгону  ар убактан бир убак абан созо өлөң айтып, ыр түрмөгүн токуу менен алек.  Балким, эң эзелки саралуу  сап кийин поэзиянын бирден бир башкы кейипкерине айланган аялзатына арналганы аныктыр. Ал эми аял өзү поэзия жаратууга кирише баштаса, анда муну түздөн түз  коомдун интеллектуалдык деңгээлинин көрсөткүчү деп түшүнгөнүбүз ийги. Биресе, адеп урунганда дейм, ыр […]

Салижан Жигитов: Улуу сынчы

Виссарион Григорьевич Белинский кыска гана өмүр сүргөн. Ошол өмүрү да жокчулукта, кыйналыш-кысталышта өткөн. Бирок ал өз өмүрүндө орус калкынын сыймыгына сыймык кошкон алп фигуралардын бири болууга үлгүрдү. Россияда материалисттик философиянын, социалисттик илимий эстетиканын жаралып, андан нары өнүгүшү ошонун ысмы менен байланыштуу. Артта калган өлкөнүн уулу, “жөндөмү жок” деп университеттен куулган студент көп жагынан европалык ойчулдарды аркасына таштап, марксисттик көз караштарга аздыр-көптүр жакындап бара алды. Ал орус адабиятынын улуу сыймыгы, камкор окутуучусу болуп калды. Болочок сынчы 1811-жылы 11-июнда туулган. Белинскийлердин үй-бүлөсү […]

Жалбырактар… Жалбырактар… Жалбырак…

Сүрөттө: Ноокаттык жазуучу Рахман Маманов, акын Сагын Акматбекова, адабиятчылар Кадыркул Даутов, Абдыкерим Муратов. Саабалар багында. Акын Сагын Акматбекованын чыгармачылык портретине камылга же «Өткөн жылдын жалбырагы» («Кыргызстан», 1986) жыйнагына рецензия ордуна I Акын калаанын дал ортосунда – Эмен багында басып жүрөт: дарактардын бариктери шуулдап жел менен аймалышып бири-бирин кытыгылап ойнойт, гүлзарларга аарылар үйүр алып, гүлдөн гүл тандайт, авузда кыраан-каткырыкка батып балдар чөмүлүшөт, алар унутушат бүт баардыгын – бала бакчаны, теледеги сөлөкөт фильмди, үйү жана ата-энесин, эркиндикке ээлигишет, киринишет каалаганча, көккө серпкен […]