Кыргызда атамзамандарда эле сөз билгилик бийик өнөр катары эсептелип жүрчү тура. Анткени эл ичинде “өнөр алды – кызыл тил” деген макал бар. Адам адам болгону, адам атка конгону  ар убактан бир убак абан созо өлөң айтып, ыр түрмөгүн токуу менен алек.  Балким, эң эзелки саралуу  сап кийин поэзиянын бирден бир башкы кейипкерине айланган аялзатына арналганы аныктыр. Ал эми аял өзү поэзия жаратууга кирише баштаса, анда муну түздөн түз  коомдун интеллектуалдык деңгээлинин көрсөткүчү деп түшүнгөнүбүз ийги.

Биресе, адеп урунганда дейм, ыр жазуу баарыбыздын колубуздан келчүдөй жумуш. Далай өспүрүм тун сүйүүгө тушукканда, атын жамагатка таанытууга талпынганда айрыкча эргийит эмеспи. Анан ара-тородо көбүнүн деми басаңдап, акыр-аягында нака акындар гана иргелип калат. Жаңы жаратмандын аракетинен али бери эч ким тийе элек жаңы дүйнөнүн ачылмагы турган иш.

Мен адабиятчы катары искусство жаатындагы кесиптештериме жуукмун, алардан көңүл жубатар, көңүл оорутар, көңүл толкутар ар кандай кубулуштарды байма-бай баамдайм. Ойго түрткөн орчун нерсени да табам. Асыресе, Майрамкан Абылкасымованын чыгармачылыгы жогоруда оозанганымдай олуттуу окуя.

Чыгыш поэзиясынын тарыхынан, баса, аял казалчы, дастанчыларды жолуктуруу кыйын. Рудаки, Навои, куйрук улаш Фуркат, Токтогул белгилүү дечи. Некин, аял жок. Замандардын бир замандарында узанган аял акындардын асерлери, ысымдары бизге жетпей унутулду белем. Ийе-е, өткөн өттү, өр ашып көчтү … Бирок, бүгүнкү кебибиздин төркүнү бөлөк.

Өзбек акыны Зулфиянын кыдыр даарыган өнөрү аркылуу Советтик Чыгыш адабиятына аял-сүрөткер аттап кирди. Жаш жана таланттуу кыздардын жаңы агымынын үнү ишенимдүү жаңырды… Тигилердин арасынан минтип Майрамкан Абылкасымованы белгилеп отурам. Ал улуттук тамыры терең, арийне, ошол эле учурда салттуу поэтикалык эрежелердин алкагынан алыс чыккан акын. Майрамкан төл туундуларында үзөңгүлөш мууну, жашаган мезгили, жан азыгы туурасында баян этет.

Ырдын мазмунун кайталоо жарабаган жорук. Ырды ырдай кабылдоо үчүн аны тикелей окуш керек. Береги чакан  макалада мен кыргыздын келечеги кең, кызыктуу акын кызы жөнүндө жылуу пикиримди билдирүүнү туура көрдүм.

КОТОРМОЧУДАН: Чыңгыз Айтматовдун “Өнөр алды – кызыл тили” 1974-жылы “Комсомольская правда” гезитине жарыяланат,  Майрамкан Абылкасымованын  Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгына татыган поэтикалык жыйнагына баш сөз сыпатында басылыт.  Жыйнак Москвадан чыккан. Классиктин ошондогу  алгы сөзү эмнегедир эмдигиче кыргызчаланбаптыр. Анткенимдин себеби, акын эжебизидин мындан бир аз илгери жарык көргөн мааракелик буклетинде  орусча бойдон жүрөт. Биртке чыгынып, көркөм адабиятыбыздын күйөрмандары үчүн которуп койдум.

Ак дилден, Абибилла ПАЗЫЛОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.