Илгери төө абдан сулуу жаныбар болгон экен. Анын тарбайган кош мүйүзү, узун жана коюу куйругу болуптур. Бир жолу ал булакка келип, суусаганын унутуп, сууда чагылышкан өз сулуулугуна суктана карап турат. Ушул учурда ага бугу чуркап келип:

— Таксыр төө, мен бүгүн тойго бараттым эле, бир күнгө мүйүзүңдү бере тур, эртең эле ушул булакка суу ичкени келгениңде алып келип берем, — дейт.

Ак көңүлү кармап турган төө мүйүзүн бугуга кармата берет.

Аңгыча ошол эле тойго бараткан жылкы келип, эртең эле ушул булакка келгенде кайрып берерин айтып куйругун сурап кетет. Бирок көп убакыт өтсө да бугу менен жылкы карызын кайтарып беришпейт. Мүйүзүн доолап барса “Качан гана куйругуң өсүп жерге тийгенде мүйүзүңдү аласың”, — деп бугу келекелейт. Жылкы болсо “Качан төбөңө мүйүз өскөндө куйругуңду кайрыйм”,- деп кебелбейт.

Ошентип бугу мүйүздүү, жылкы куйруктуу болуптур. Ал эми төө суу ичип жатканда мүйүзүм менен куйругумду алып келатышкан жокпу деген үмүттөө эки жакты каранган адат тааптыр.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.