АҢГЕМЕ

Талаадан мал аркандап келе жаткам, жаңы басылган асфальт жолдун четинде илкий басып. Жолубуз жаңыдан асфальт басылып оңдолгондон бери “учкуч” айдочулар күйгүзө турган болду. Оолугуп, акселератордун педалынын үстүнө чыгып алышат. Өзүбүздүн айылдын балдары токтоо эле айдагандай, алардын дээрлик баарын эле тааныйм. Бирок коңшу айыл бар, биздин көчө аркылуу каттаган. Ошолор күйгүзө турган болду. Дайыма ат минип жүрүшүп, анан бир күнү эле карасаң машина айдап калышат.

Ары кетсе деле зуулдап, бери келсе деле зуулдап тез жүрүшөт. Катуу айдамак тургай учуп кетсе деле каршылыгым жок дечи. Жолдо бараткан мектеп окуучуларынан жана көчөгө ойноп чыккан жаш балдар үчүн корком. Байкоостон бирөө-жарымын койдуруп кетпесе деп. Ошол ой менен бараткам алаксып. Чыйылдаган кескин тормоз үнү угулду, селт эттим чочуп. Карасам артымда машина токтоптур. Ичинен ыржайып күлүп Кубаныч түштү. Учураштым.

— Досум, бош болсоң бир жерге барып келели. Тез эле кайтабыз. Бир чайканага кирип аш кылдырып берейин, иш бүткөндөн соң. Чер жазып сүйлөшүп отуралы. Карим менен Нияз да бар машинада.

Каримди айтканда көндүм. Сүйлөшө турган ишим бар эле, такыр жолуга албай жүргөм. Жакшы эле болду дедим, ичимден кудуңдап. Эшикти ачып Каримдин жанына, арткы орундукка отурдум. Нияз айдап алыптыр машинаны. Кубаныч кызуураак экен бир аз, ичип алган окшойт. Бакылдап эч кимге сөз бербей келатты. Көп жүрбөй трассадан тар асфальт жолго бурулдук. Мен болсо Кубанычтын эзме сөзүн уккум келбей, ар нерсени ойлоп бараттым. Жол ката шалы жанчып аткан, агарып ачылган пахтасын терип жаткан дыйкандар. Күн бүркөлө түшкөнгө чочуган го, жыйнаган түшүм суу болбосун деп. Баары эле жапа тырмак аракет кылып, эч нерсеге алаксыбай тытынып иштеп атышат. Бир аз жүрсөк алдыбыздан катар талдар чыгат, андан өтсөң кичинекей көпүрө. Жол билбей чоң ылдамдыкта барып алган адамдардын машинасы көпүрөнүн асфальтынын дөңүнө серпилип кетсе, кыйлага акшыңдап барып өзүнө келет айдоочусу. Катар талдар демекчи ошерде үч майып киши бар. Дайым көрөм ары-бери өткөн сайын. Ана, айткандай эле туруптур үчөө тең тизилип.

Дагы деле биз билген калыпта отурат үчөө тең. Жүзүнө түшкөн бырыштар менен кийген топусунан чыгып калган ак чачтары карый түшкөнүн билдиргени болбосо, ошол эле бойдон. Мен билгенден бери эле ушундай булар. Анда майыптык арабаларынын дөңгөлөктөрүн өздөрү тегеретип, бирөөгө түрткүзбөй эч кандай жардамсыз орун которушчу. Жума күнү борбордук мечитке карай жөнөшөт, биринин артынан бири чубашып. Кудум эле Ош-Бишкек трассасында каттаган жүк ташуучу машиналардай болуп. Барып алып турушат тизилип, мечиттин алдында.

Жума намаздан чыккан адамдардын көпчүлүгү колдоруна акча кармата кетет. Беш миң сомдой жөлөк пул алышат экен айына. Социалдык жардам бөлүмүндө иштеген бир таанышым айткан аны. Өздөрү акча сурап кол сунбайт башкаларга. Майып адамбы, же мунжубу, иши кылып ден соолугунда кемчилиги бар адам көрсө биздин элдин боору ооруп, акча кармата коймой адаты бар эмеспи. Анын үстүнө намаз башталгыча имам айткан жарым сааттык баяндан таасирленип, сыртка чыкканда сөзсүз бирөөгө жакшылык кылууну ниет кылып каласың. Албетте, кыйраткан акча таштабайсың дечи, бирок жума намаз окуганы келген беш миң адамдын жок дегенде беш жүзү жыйырма сомдон берсе да бир кыйла акча. Акча берсең жер тиктеген калыбынан жазбай: “Сизден Аллахым раазы болсун!” – деп, ооздорун кыбыратып бирдемелерди кошуп күбүрөп дуба кылып калышат.

Намазга келген эл, мечиттин алдындагы аянтка тыгын болгон машиналар суюлганда кайра кайтышат. Кандай келсе ошо калыбынан жазбай ээрчишип бараткан болот.

Коңшу айыл менен биздин айылды байланыштырган эки жол бар. Бири жакын. Бирок таштак. Кемине ушунчалык бузулган, айдап бараткан машинаң көздөгөн жериңе барып келгиче азоо аттай мөңкүп, көрүнгөн чуңкурга түшө берип мазеңди алат. Жылда жазга маал ДЭУнун грейдери эптеп тегиздемиш болуп сүрүп коёт. Эки күн жамгыр жааса болду, баягы жол кайра эле таз кейпине келет. Асфальт жол бар, алыс болгон менен тегиз. Бензин эле ашыкча кеткени болбосо, башка жагында айып жок. Ошол асфальт жолдун боюнда үчөө дайыма отурган болот.

Жай мезгилинде үйүнүн тушунда өскөн чоң кара талдын коюу көлөкөсүндө тизилип отуруп алып, параддан өтүп жаткан аскерин караган генералдардай болуп, ар бир өткөн машинага көз салып узатышат. Эрте жазда анан күн сууй түшкөн күз айларында, үйүнө кирчү жыгач дарбазанын сол жагында жүздөрүн алсыз тийген күн нуруна тосуп, ошо канча жылдан бери сүйлөшүп бүтпөгөн маегин улантып жаткан болот. Менин таң калганым, булардын эмне тема тууралуу сүйлөшүп жатканы! Кечке бир үйдө жашаса, көргөнү көп болсо телевизор! Анан кайра ойлоном, “Булардын деле арзуусу бар да, булар деле кыялданат да”. Чын да, төрөлгөндө эле майыптык арабада отурушуп калбагандыр. Укканыма караганда отуз беш жашка чейин басып эле жүрүшчү дешет билгендер. Бул үчөөнө жакын жашаган Файзулла деген өзбек жигит бар. Ошол айткан:

— Баарынын тең бала-чакасы бар, ака. Үчөө тең бир туугандар, бир ата, бир эненин балдары. Эс тартканыман бери эле арабада отурат булар. Басып жүргөнүн өз көзүм менен көрбөгөм. Бирок атам көргөм деген. А сиз атамы жакшы тааныйсыз, жалган сүйлөбөйт. Үчөөнөн башка бир эркек, эки кыз бир туугандары бар. Алардын ден соолугу жакшы, биздей эле басып жүрүшөт.

Файзулланын атасы Жолдошбай акени жакшы тааныйм. Союз мезгилинде тракторчу болуп иштеген экен. Тостогой көздөрүн маектешип отурган адамына кадап, акырын жана жайбаракат сүйлөгөн киши.

— Эй, булар дагы деле бар экен го эй! Өлбөптүр ээ бириси дагы!  — салонду жаңырта кыйкырды Кубаныч. – Канча жылдан бери көрө элек болчумун.

— Дөөрүп ойду-тоону сүйлөй бербей, бир нерсени айтаардан алдын кичине ойлонсоң! Ушулар өлсө жер тоё бекен! Же сенден оокат сурап, же акчаңы талашып атабы?! – жиним келди дароо. – Кырктан өттү го жашың! Жакшы менен жаманды айырмалап билер болуп калдың. Ага карабай жетинчи класста окуган эселек кыздын сөзүн сүйлөйсүң!

— Ой, мен мындай эле тамашалап айттым! – уялыштын ордуна Кубаныч кайра сырактады. – Анча мине күйүктүң? Болушкудай бир жакын туугандарың болсо экен! Хи-хи-хи!

Бир кур келиштирип туруп тумшукка бирди чабайын дедим. Кайра кайттым ал оюмдан.

— Уялып калар десе чалжыңдайсың да! Ата-энеси болгон булардын дагы! Куду экөөбүздөй кылып үстүнө чымын кондурбай баккан! Той кылгандыр сага окшоп, ичпей-жебей топтошуп! Бул үчөө өздөрү каалап отурбагандыр бу майыптык арабаларга! Баарыбызда бала бар, этияттап сүйлө. Андан көрө жардам бер, ушундай муктаж адамдарга! Кудайга шүгүр, акчаң бар!

Эми жетти окшойт айтылган сөз кулагына. Бир саамга унчукпай отуруп калды.

— Мен деле жаман ойдо айткан жокмун, досум. Билесиңби, биз бойдок маалда да ушинтип отура беришчү эле. Ошого таңмын. А зарыккан туугандарга жардамды колдон келишинче берип атабыз. Дароо эле оозго чабасың да сүйлөтпөй. Хоп дедик, акеси!

Кубаныч үйүндөгү балдардын эң улуусу. Эптеп жүрүп мектепти бүттү. Тиричиликтин айынан ар ишке башын салып көрдү. Алгач Бишкектен спирт ташып, аны арак кылып жасап сатты. Аз акча менен баштаган үчүн, тапкан пайдасы чыгымын араң актап, ал иши болбоду. Өзбекстанга жүгөрү менен семичке күнжара ташыды. Бир жолу алданды бир ынсапсыз шүмшүккө, акчасын ала албай калып аны да токтотту. Кудайдан болуп ошол маалда Россияга барып иштегени жол ачылды. Биздин айылдан биринчилерден болуп Кубаныч кетти. Акыры берекени ошерден тапты көрүнөт, айылга эки кабат үй салды. Базардан бир нече соода орундарын алып ижарага берген. Бишкектен квартира алды, анысы да ижарада. Төрт жылдан бери эми келди Кыргызстанга.

Эки уулу, бир кызы бар. Уул той, үй той кылып элден бата алам деп келиптир. Ошого бир таанышынын кашарында семиз бээси бар экен, ошого бараткан экенбиз.

Неге минтип айтты, өзүм да түшүнбөй калдым ага. Бир чети өзүмө өзүм ачууландым, урушпай эле койбопмун деп. Айтылып жүргөн көп калжың сөздүн бири да. Ушу адатым эч калбады, жинденип бирдеме деп катуу сүйлөп алам да, артынан бушайман болуп жүрө берем. А бирок жыл өткөн сайын мындай келжирек сөз укканга, ансыз да жукарып бүткөн сезим тамырлары чыдабай калды.

— Өзү акыркы маалда ушундай оорулар көбөйүп кетти. Булар го жашчылыгында басчу экен. Үй-бүлөсү деле бар дедиңер. Ал эми төрөлгөндө майып болуп калгандарчы! – баятан бери үнсүз келаткан Карим үн катты. – Фейсбукта бир тааныш кыз бар. Баласы туулгандан баштап эле оорукчал дейт. Шал экен. Же ичем деп, же сийем деп айта албайт. Кечке көзүн тиктеп отурам дейт. Жашы бешке толуптур. Дайыма эле уулу экөөнүн эле сүрөтүн көрөм. Менимче күйөөсү жок окшойт ко. Жашоосунун эң кызыктуу, эң бир сонун күндөрүн оорулуу уулун карап өткөрүп атат. Жаны темирден экен бечара кыздын. Ар кайсы жакка алып барып аткан баласын, ар дарыны сатып алып аткан, айыгып кетээр уулум деп үмүт кылып. Кана эми, колдон келсе көп акча берип койсоң. Айла жок!

Мен башка сөз айткым келбеди. Кубаныч достун орду жок калжың сөзү маанайды чөктүрдү. Кеч күздүн одурайган кунарсыз көрүнүшү жүрөктү ого бетер сыгып, теребел да көңүлсүз. Ар жеринде бирин-серин жалбырагы калган күржүйгөн тыттар шак-бутактарын тартайтып көзгө комсоо. Жапыстан тийген күндүн нуру мурдагыдай жылуулугун бере албай, анысынан өзү уялгансып ала булуттун арасына бир жашынып, бир ачылат. Жакын жердеги пахта талаалардан учкан желелер каалгып учуп, бийик өскөн уйгак менен жол боюндагы дарактарга жабышат. Күн бүркөлсө айлана кирдеп калган терезенин айнегинен көрүнгөнсүп тунук эмес. Алыстагы нерселер деле ошондой, мунарыктап бозоруп даана көрүнбөйт. Кемине магнитоладан Тони Брекстон өзүнүн талкаланган сүйүүсү менен жараланган жүрөгү жөнүндө ырдап, кыжаалаттык үстүнө кыжаалаттык кошуп жатты. Минген машинабыз гана өз жумушу менен алек. Бет алган жагына карап күрүлдөп, жол узундугун чарк айланган төрт дөңгөлөгү менен ченеп барат. Көп узабай жетип келдик. Нияз машинаны жол четине токтотту. Кубаныч чөнтөгүнөн телефонун алып, бээни алып түшчү адамга чалып сүйлөштү.

— Жарым саатка жетпей барып калам дейт, – деп бизге карап бурулду. – Азоо бээ карматпай кыйнаптыр бир кыйла. Күтүп туралы.

Күтпөгөндө не кылмак элек! Машинанын кондиционери үйлөгөн ысык аба денени магдыратты, уйкуну келтирип талыкшытып. Алдыңкы орундукта отурган Кубаныч бозоргон дөңдүн кырындагы кумайдын желге ыргалган чачыгын тиктеген бойдон катты. Мен да карап калдым. Үкүлүү тебетей кийип алып, кылыктанып ырдап жаткан ырчы кыздардай сезилди алар. Ар ким өз ою менен алек, салонду тынчтык ээледи.

Нияз музыка үнүн басаңдатты, бир нерсе айтмакчы болду окшойт, тамагын жасап алып биз отурган арткы орундукка бурулду.

— Эки ай мурда бир тууган бажамын жээни каза болгон. Туура жыйырма күндөн кийин эжеси, ошо өлгөн баланын апасы да кайтыш болду. Мен жайлоодон мал айдап келгени кеттим эле, тажиясына бара албадым. Кечээ жакында эле аза табак кылып, куран окутуп коёлу деп бажанын үйүнө бардык. Өлгөн жээни да Карим айткандай майып экен. Менин бажамы тааныйсың го! – мага карады Нияз, — Аябай сөзмөр киши. Тамак ичип бүткөндөн кийин сүйлөшүп отурдук. Ошондо айтты баарын. Угуп алып көпкө кыйналып жүрдүм.

Баятан ныксырап турган жаным уйкум качып, Ниязга кулак түрдү.

— Бажанын эң улуу эжеси болчу, ал баланын апасы. Укканымы ошо, өз сөзү менен айтып берейин. «Анда Союз учуру. Армияга башка жактарга кетет элек. Мен Түндүк Кавказдагы Пятигорск шаарында кызмат өтөдүм. Мектепти бүтөр жылы эжем турмушка чыккан. Армиядан келсем эки баланын энеси болуп, кадыресе чоң келин болуптур. Жездем экөө учурашканы келип, колума жыйырма беш сомдук бүтүн кагаз карматкан, чай ичип кой деп. Ошол маалда ал акчага бир козу берчү, мал базарда. Улуу баласы Эламан жүгүрүп калган. Экинчиси колунда, эми гана жөрмөлөп баштаган. Бир жыл өтүп мен да үйлөндүм. Жыл айланбай кыздуу болдук. Эки айдан соң эжем да уул төрөдү. Сүйүп, чоң уулуна аты уйкаш болсун деп Нураман дешти. Периштедей сулуу бөбөк эле, карасаң сугуң кирчүдөй.

Алгач эч нерсе билинбей жүргөн. Төрт айлыгында деле башын кармай албай,  мойнун кыймылдатып бура албаганынан доктурга алып барышкан. Врачтар текшерип, кээ бир наристелер ушундай, жалкоолонуп кечирээк кыймылдайт деп коюшуптур. Качан гана биздин кызыбыз басайын деп аракет кылып баштаганда тынчсызданышып, Нураманды Фрунзеге алып кетишти. Ал мезгилде Бишкек Фрунзе деп айтылат эле. Он беш күндө кайра келишкен. Кабар алып сурап коёлу деп бардык. Эжемин эки көзү толо жаш. Колунда уулу. Төрөлгөндө кандай оролсо, дале ошо бойдон.

— Борбордук нерв системасына доо кеткен, ДЦП деп диагноз коюшту! – буулугуп ый аралаш айтты эжем. – Жакшы болуп кетет деп айта албайбыз дешти. Дарылап керек деп, рецепт жазып беришти.

— Азыр илим жетишкен маал. Эрте күндөн үмүт үзбөй тур кызым, – деди апам. – Кудайым берсе айыгып кетиш оңой эле.

Жегенибиз желим болуп кайттык. Жакшы болуп кетет деген ишеним менен барганбыз. Жол ката кейип келди байкуш апам.

— Шору бар экен да бу кыздын. Бир айлык кезинде эле сезгем баласы соо эместигин. Жакшылыктан үмүт кылып, анын үстүнө азыр билимдүү доктурлар көп, айыктырып койсо керек деп калбадымбы. Шору бар да байкуш кызымын! Эми не арга кылат десең?!

Кызыбызды жакшы көрөт элек, эми ого бетер көзүнүн агы менен айланып калдык. Жээнибизге окшоп ооруп калбасын деп, чүчкүрүп калса деле врачка жүгүрөбүз. Айылдагы доктурканада иштегендер деле жадап бүттү. Дем алыш күнү, же кечинде апама бармай. Анда апам карылыкка моюн суна элек, кайраттуу. Эптүү колдору менен кызыбызды сылап-сыйпалап жоюп койчу. Тынч алып уктап калганда гана үйгө келебиз. Ошентип жүрүп он жыл өттү арадан. Биз төрт балалуу болдук. Эки кыз, эки уул. Эжем да Нурамандан кийин дагы эки уул көрдү. Ал балдары Кудай жалгап эч кандай оорусуз, дени сак болду. Бир гана Нураманда жакшы жакка жылыш болбоду. Кыймыл жок такыр, бир аз эткелирээк. Артынан жөлөп отургузуп койсо, шылкылдатып башын эптеп кармамыш болот бечара. Оозун бир ачып, бирдемени сүйлөгөнсүп “Бу-бу-бу” – деп үн чыгарып коёт. Аппак колдорун ачып-жумуп, манжаларын кыбыратат. Ууртунан шилекейи агып, жанына келип карасаң тигилип тиктеп калат. Көздөрү ушунчалык сулуу, тунук, жылуу. Апам бир күнү айтты эле: “Бул Нурамандын көзү адам баласынын көзү эмес, периштенин көзү! Жашоодогу арамдыкты, жаман нерсени көрбөдү. Кечке апасынын аяр мамилеси менен сүйүү толгон карегинен башка нерсе көрбөйт.” Чынында Нурамандын оорукчан экенин билбеген адамдар сүрөтүн көрүп суктанчу эле.

Бир гана эжем кыйналды. Кийин төрөгөн эки уулун эмчектен чыкканда эле жездеме тапшырган. Анын үстүнө кызы бой жетип, үйдөгү аял кишиге таандык жумуштун  баарын аткарууга жарап калган. Апасынын тартып жаткан түйшүгүн түшүнүп тургандай, кийинки эки уулу чыргоолонбой жоош болуп чоңоюшту.

Үмүтсүз бир гана шайтан. Араңдан зорго кыймылдаган колу менен буттарынан ал кетип, барган сайын токтоп баратат. Тапкан тутканын белине түйүп, жездем менен эжем дагы борборго жол алмак болуп калды. “Бир күчтүү невропатолог келиптир, Россияда иштеген. Досумун кайнагасы. Ажеп эмес, уулумун оорусунун шыпаасына ошол киши себеп болуп калса!” — деп жездем алданемеден үмүттөнүп. Жездемин мен курактуу Кадыр деген иниси бар болчу, кошо кеттик. Баланы Бишкекте ары-бери көтөрүш керек болсо кыйналып калбасын экөө деп.

Эне жүрөгү ай! Баргыча жаш бөбөктү эркелеткендей эркелетип барды эжем, уулун. Колу бутун ушалайт, ачылып калган жерлерин жаап кымтылайт. Жездем бизге тамашалап сүйлөмүш болот. Кара күчкө жылмайганы менен, анысы дароо эле таркайт. Жубатаарлык сөз таппай, бараар баргыча кыйналдык. Шаарда бизди жездемин досу тосуп алды. Үйгө жүргүлө деп астейдил аракет кылды алып кеткени. Барбадык, эжемдер оорулуу баланы алардыкына алып баргысы келбеди. Анын үстүнө беш адам элек.

— Аалыке, үйгө барсаңар жакшы болмок! Мурдагыдай үч бөлмөлүү квартира эмес. Заңгыраган чоң жер үй, – деп күлүп, артынан кейип алды. – Аяшың сарсанаа болот эми.

Күнүмдүк батир таап жайгаштырды бизди. Баарыбыз менен коштошуп, үйүнө кетти.

Эртеси келди, өзү айткан убакка. Ооруканага жөнөдүк. Кире бериштеги чоң, айнек эшикти ачып ичкери кирдик. Дарылардын жыты бур этип мурунга урду. Айыл жериндеги ооруканалардагы ызы-чуу менен баш аламандык жок. Экинчи кабатка чыктык. Элүүдөн өтүп калган, ак жүздүү, салабаттуу киши экен.

— Келдиңерби, меймандар? – жакын адамдай учурашты.

Жанына келген медайымга бир нерсе деди да, эжем менен жездем, Нураман үчөөнү кабинетине алып кирип кетти. Кадыр экөөбүзгө коридордогу отургучтарды көргөздү. Жаныбызга жездемин досу келди, үчөөбүз күтүп калдык алардын чыгышын.

Чыгышты. Жездем үн-сөзсүз, эжем купкуу болуп ыйламсырап алган. Врач киши болсо экөөнү жубатыштын аракетинде, биз жакындагыча эжеме сүйлөп атат:

— Сен карындашым, капа болбо сөзүмө. Болгону сага жеңилдик болсун дедим. Бир убак келет, мен айткан сөзгө ошондо түшүнөсүң.

Эч жакка бурулбастан кечээ түнөгөн батирге бардык. Жездем досу менен кетип, биз төртөөбүз калдык.

— Эже, доктур не деди? – дедим ичимен врач жакшы сөз айтпаганын билип турсам да.

Эриндери диртилдеген эжем көзүндөгү жашын сүртүп алды. Ага деле болбой мөлтүлдөгөн тунук тамчылар бозоргон жүзүнөн ылдый кулады. Бир топко ашкана ичи тынч болуп калды.

— Болду эми, бул балага эч кандай дары-дармек жардам бербейт дейт! – үнсүз ыйдан энтиккен эжем араң үн катты. – Кудай берген өмүрү канчага чейин созулса, ушу абалынан артык жакшы болуп кетпейт! Мен силерди алдагым келбейт. Көп дары жазып берди. Ичирип турат экенбиз маалы менен.

Эжем бир нерсени жашырып айтпай койгонун билдим. Эжем ушу тапта сүйлөгүсү келбеген менен, ичиндеги жүрөгүн мыжыккан арманын, көөдөнүнө батпаган бугун айтып жеңилдеп алгысы келгени мага билинип турду.

Чайын ичип Кадыр сыртка жөнөдү.

— Барып машинаны жуудуруп келейин. Жүрбөйсүңбү, шерик болуп, – чыгып баратып мага кайрылды.

— Мен эжеме шерик болоюн.

Эжемди жалгыз калтырууга көңүл чыдабады.

— Эжо-оу, кофе даярдап берейин, ичесизби? – дедим. – Же магазинге барып сизге жаккан нерсеңизди алып келейинби? Айтыңыз каалаганыңызды!

Кээде маанайды көтөргөнү жакшы сөз гана жетет окшобойбу! Ошону деле айтышка жарабайбыз. Ойлоп көрсөм көптөн бери эжем менен тыңгылыктуу сүйлөшуп отурбапмын. Барсам баягы эле көнүмүш сөздөр, анан абал сурашмай, оорукчан жээним Нураманды сурамыш болуп кайра үйгө кайтмай. Акыркы үч күндөн бери чогуу жүрүп түшүндүм, эжемин бу бала деп тарткан азабын, кылган мээнетин.

— Кофе эле ичем, садага болоюн! Убара болбо башкага. – Жашы менден төрт жашка улуу болсо да эркелетип кайрылат мага. – Баланын үстүн жаап коёюн, анан ичем.

Келип отурду, дароо алдына бууланып, өзүнүн даамдуу жытын таркаткан кофе куюлган идишти койдум. Киртейген көздөрүн улам-улам жумуп ачып, ысыгына чыдабай үйлөгүлөп атып ичип бүттү. Мен сөз баштабадым, тынчыраак ичип алсын деп. Маңдайындагы майда терди жүзаарчысы менен аарчып, отуруп калды. Же суроолуу көз карашыман байкап калдыбы, же өзү айткысы келдиби билбейм, айтор башын жерге салган тейде сүйлөп баштады:

— Кылган аракетибизден майнап чыкпашын билчүмүн. Сезет элем. Бирок өзүмдү алдап, ага ишенип, жүрөк түпкүрүндөгү алсыз үмүткө жетеленип келдим. Бир нерседен айнытып алдым деп өзүмү күнөөлөдүм, жек көрдүм өзүмү. Дени сак бала көрсөм туталанып, ошо балдарга көз артып. Жадагалса сенин кызыңы да жаман көрүп жүрдүм, жиним келип. Куду менин уулум менен курдаш балдар анын ден соолугун уурдап алгансып. Бир кур Кудайга дагы нааразы болуп жүрбөдүмбү! – үнү дирилдеп кетти байкуш эжемин. – Не кылышым керек!? Бат эле текшерип бүттү врач. Анан көз айнегин көтөрдү да, бизди карады. “Кандай десем экен. Мындай оорулар көп. Кээ бир балдар кыймылсыз болгон менен акылы соо болот. А бирок силердин уулуңар ооруган түрү өтө сейрек кездешет. Тетраплегия деп коёт муну! Тилекке каршы, медицинанын колунан бул жерде эч нерсе келбейт! Мен силерге бир кеңеш айтайын, канчалык оор, канчалык коркунучтуу болсо да. Бала эми он жашка чыгыптыр. Сөөгүнүн өсүшү жакшы, демек тамак сиңирүүсү да жакшы. Жөн эле акча, убакыт, ден соолугуңарды короткуңар келбесе менде бир сунуш бар.Тааныш патологоанатом бар. Акчасын бересиңер, балага атайын күчтүү уйку дары сайып коёт.” – деди. Мен селт этип чочуп кеттим. “Кандай дары!? Кандай укол?!” – врач айткан сөздүн маанисин түшүнсөм да сурай бердим кайталап. Ал болсо колундагы калемин айлантып отуруп айтты: “Илимий тилде эвтаназия деп коёт. Бизде уруксат берилбеген. Бирок жашыруун түрдө өтө көп колдонулат. Албетте, бейтаптын жакындарынын макулдугу менен. Уулуңардын абалын көрүп башка жол таппадым. Түбөлүккө уктайт бала! Ушундай! Канчалаган ата-энелер көнбөй алып кетишип, кайра келишкен. Терең ойлонуп көргүлө. Кандай болгондо да эрк өзүңөрдө”, – дегенин угуп ыйлап чыккан элем врачтын кабинетинен.

Эжем айтканды угуп башым катты. Ал маалда эл мынчалык динге түшүнө элек мезгил эле. Адамдын убалынан коркчу эмес башка адам. Жээнибиз го мейли, шыпаасы жок оору менен ооруп, кыймыл-аракетсиз, акылы жок. Жапжакшынакай эле өөрчүп, төрөлөйүн деп калганда аборт кылдырчу кыздар. Гинекологдордун дээрлик баары аборт жасашчу. Майып, же мунжу балдардын көбүн төрөтканада эле жок кылышчу. Көп уккан элем тубаса майып балдар жөнүндө, бирок өз башыбызга келгиче мындай нерсе канчалык оор экенин билген эмеспиз.

Азыркы сөздү угуп алып же ойлонгонго, же сүйлөгөнгө кудуретим жетпей жүдөдүм. Акырын жабылган эшиктин дабышы гана эжем ордунан туруп, Нураман жаткан бөлмөгө кирди. Артынан кирдим. Баласы жаткан жумшак дивандын кырына олтуруп, колунан кармап алыптыр. Улам көзүнөн сарыккан жашты аарчып коёт. Ал болсо баягы эле кайдыгер көз карашы менен шыпка тигилген бойдон жатат. Көкүрөгү эле көтөрүлүп түшүп жатканы эле тирүүлүгүн билгизип турат.

— Эң эле оор тийгени, жездең да врачтын айткан сөзүн туура көргөнү болду. Мүмкүн мени аягандагы айтканыдыр, же мага кошулуп бала да кыйналганына боор оорудубу — билбейм, “Гүлгаакы, врач айткан адамга бара бербейлиби? Жакшы болуп кетпегенден кийин баланы да, өзүбүздү кыйнап не кереги бар?” – дейт.

Биз булардын артынан келгенбиз, жездемин машинасын минип. Доктурканадан үйгө чейин. Ошондо айткан го.

— Балам алдымда эле. Ушу жаман, коркунучтуу сөздөн чочуп кеткендей сезилди мага. Орогон төшөктүн сыртына билинди, кичинекей жүрөгүнүн соккону. “Ушул дегениңе балам айыкпастан ушу калыбында жүзгө чыкса да өзүм карайм!” – дедим. Жездең башка сөз айтпады. Муну дары берип өлтүрүп алып кантип жашайм! Кайсы арыма жашайм! –эжем эчкирип ыйлап алды.

Ашканага кирип суу алып келдим пиалага. Тиштери пиаланын четине тийип атып ичти сууну. Мен эңилип, Нураманды колума алдым. Мурда негедир кармагым келчү эмес. Абалын сурамыш болуп, оорукчан жээнимин жанынан тезирээк кетип калгым келет эле. Мына! Кыймылдай албаганы, сүйлөбөгөнү. Жакшынакай болуп кыскартылган күрөң чачы, капкара көздөрү сулуучасынан келген жүзүнө жарашып турат. Бир гана каректеринде туңгуюк, адам түшүнгүс жүрөк үшүткөн кайдыгерлик бар.

Ошол учурда арт  жагымдан эжем басып келди. Айланып алдыма өтүп, баласынын башына тумак кийгизди. Жүрөгүм зыр дей түштү. Анткени апасынын колу тийгенде, баягы сезими жок көздөрүндө билинээр билинбес сүйүнүч пайда болду. Каңырыгым түтөп кетти. Бакырып ыйлап алгым келди, көкүрөгүм жарылып кеткидей кысылды. Өзүмдү араң токтоттум. Бирок эриндерим диртилдеп, көзүмдөн жаш сызылды. Ушул майып балага менде да башкача бир сүйүү жаралды. Жаныңы берсең жакшы болуп кетет жээниң деп бирөө айтса, жанымы бериштен да кайра тартпайт элем.

Ошол күнү кечинде жолго чыктык. Кудайым пешенесине жазган өкүмүнө баш ийди окшойт, эжемин көздөрүнөн кетпеген муң менен кыжаалаттык жоголду. Канчадан бери узак күлгөнүн көрө элек болчубуз, мурда болуп өткөн окуяларды айтып, өзү да биз менен кошо күлүп келди. Бишкекке баратканда Чычкан капчыгайындагы ашканага келгенбиз. Эжем машинадан түшпөдү, Нурамандын жанынан жылбайм деп. Эми болсо өзү токтотту машинаны.

— Ушердин чүчпарасы жакшы деп угам. Чайды ушул жерден ичеличи.

Жездем айдап бараткан инисин желкеге таптап, эжем көргөзгөн жакка токто деп ишара кылды.

— Садага болоюн периштем! Апаң тамак ичип келсин, сен машинада жатып тур, макулбу? Мен тез эле келем, коркпо, – деди эжем, эшикти жабаардан мурун. Анан кайниси Кадырга кайрылды, — Жүрүп тура берсинчи машина. Нураман үшүп калбасын.

Жарым саатта кайра чыктык, тамактанып. Чарчап калган экенмин, орундукка отураарым менен уйкуга кетипмин, качан гана үйгө жеткенде ойгондум.

Мурдагыга караганда көбүрөк каттап калдым эжемдердин үйүнө. Жанында отуруп эжем менен сүйлөшөм, Нурамандын колунан кармап эркелетип учурашам, бирдемелерди айтам укпаса, түшүнбөсө дагы. Жайында, күн ысык мезгилде майыптык арабага салып сыртка алып чыгышат. Эжем короону айлантат. Нурамандын арабасын түртүп кээде көчөгө чыгып аялдар менен маектешип келет. Башка убакта ошо төрөлгөндөн бери жаткан бөлмөдө, күнгөй терезенин алдындагы ордунан жылбады! Терезеден гана көрүнгөн нерселерге күбө болуп жаткан бойдон Нураман жыйырма сегиз жашка толду. Ал ортодо калган бир туугандары жогорку окуу жайларды бүтүп, ар кандай жумуштарда иштеп калышты. Кызы турмушка чыкты жездем менен эжемин, балдарынын баары үйлөндү. Неберелүү болушту катар-катар. Нураман ошол жайы-кышы күн жакшы  тийген бөлмөдө, үн-сөзү жок кыймылсыз ордунан жылбай жатты. Болуп өткөн жакшы окуяларга сырттан гана күбө. Эжемен башка караган адам жок. Жездем жумуштагы адам болгону үчүн эрте кетип кеч келет.

Эки ай мурда талаадагы жүгөрү паяны жүктөп чыкканга бирөөлөр менен келишкем. Эрте туруп машинаны жүргүздүм. Эми гана бурулуп, чоң көчөгө чыкканымда телефон чырылдап калды. Жээним Эламан чалып жатыптыр. Негедир жүрөгүм бир суук кабар айтышын сезди.

— Тага тынчсызбы? –  айткандай эле үнүнөн жакшылыктын жышааны билинбейт.

— Жакшы, өзүңөр кандайсыңар? Эжем, жездем жакшы отурушабы?

— Кечээтен бери Нурамандын абалы жакшы эмес. Кыйналып атат дейт апам.

Нурамандын абалы кечээ эмес, туулгандан бери эле жакшы эмес деп айтып жиберейин деп барып токтодум.

— Сизди апам келсин деди. Мен да баратам үйгө. Даяр болсоңуз ала кетейин.

— Келе бер. Мен даяр элемин.

Пая дагы эки-үч күн турса эч нерсе болбойт. Жин урмак беле, мал эле чачып ийбесе.

Үйгө кирип апама айттым. Эламандын машинасына отуруп үйүнө кеттик. Барсак баары ичкериде экен. Бечара баланын бул жарык дүйнөдөгү баардык күнү өткөн, ошол жедеп көз үйрөнгөн бөлмөнүн кире беришинде турушуптур.

— Кандайсыңар? – суроом орунсуз болсо да сурадым. – Не болуп атат балага?

— Кечээтен баштап тамак жебей калды. Сууну дагы ичпей, – шыбырады эжем. – Ар убак тиштенип коюп, чукур дем алат. Таң аткандан баштап анысы да оорлошуп калды.

— Баргыла, ар кимиң өз ишиңерди кыла бергиле! Керек болсоң чакырам! – жездем баарын сыртка кууду.

Бөлмөдө жетөөбүз калдык. Азыр эле тирелип турган бүлөдөн эч ким калбады. Бөлмө ичи кеңейе түшкөнсүдү.

— Сен чык, – деди эжем кызы Мээргүлгө. – Үйлөрдүн баарын тазалатып шыпырт. Эшиктин алдына суу септир. Эламандын аялы доктурга кетти эртең менен. Айы-күнү жетип калды, бейкалбаа доктурда жатып турсун төрөгүчө. Бара гой кызым, уят болуп калбайлы…

Жан бар жерде өлүм бар. Бериден ары болуп кетиши анык болуп тургандан кийин башка даярдыгын көрө бериш абзел эле. Жездеме көз ымдадым да, экөөбүз сыртка чыктык.

— Жезде, жаман айтпай жакшы жок… Эки күн мурда жайлоодон келген тайбука бар. Союш жөнүндө ойлонбой эле коюңуз.

— Рахмат. Пенсиясын коротпой топтоп келгенбиз. Оңор эмес акча болгон. Баары бар өзүбүздө, – деди жездем. – Жүрчү, малканада турат баары камалып. Өзүң да бир сыйра кара.

Ээрчише басып малканаг өттүк. Он чакты козу камалып туруптур, багууда экен. Баары семиз, союшка четинен жарагыдай. Ую чоңдук кылгыдай сойгонго. Анысын жаратпадым.

— Үйдөгү буканы алып келсин балдар. Бул уюңуз чоңдук кылат. Буканы өткөн базарда отуз эки миңге бербегем. А бул уй бери дегенде элүү миңдик.

Кайра үйгө кирдик. Доктур келген экен, биз сыртта жүргөндө. Ал деле жүрөгүнүн соккону менен кан басымын өлчөгөндөн башка арга таппады.

— Аалы аке, температура жок, жакшы эле. Кан басымы төмөн, пульсу да жакшы эмес. Этияттанып жаман жагына даяр болуп тургула эми, – деп чыгып кетти.

Эжем баардык нерсени унутуп, уулун гана тиктеп калды. Сыртта үйдүн айланасын иреттеп тазалап, жумуш кылып жүргөн келиндердин гана үнү угулганы болбосо баарыбыз тымтырс отуруп калдык.

Бир убакта Нурамандын үнү чыкты. “Бу-у-ба! Аб-пы-а!” Эжем селт этип чочуп кеткенин байкап жанына бардым. Кечээтен бери көзүн ачпай жатат деген Нураман ошондо бакырайтып ачты да, баарыбызга угузуп “Ап-па-а!” – деп деп кыйкырып алды, киркиреген аянычтуу үн менен! Токтоп туруп кайра даана, так айтты: “Апа!”

Мен дароо бурулуп эжеми карадым. Көздөрү чакчайып, таноосу кыпчылган. Титиреген эрдин кесе тиштеп, көөдөнүнө батпай жогору көтөрүлүп келаткан ыйын басыштын айласын кылууда. Нурамандын кекиртегинен кыйылдаган үзүл-кесил үн чыкты да, жүзү күн батыш жакка бурулду. Көздөрү көздөрүмө урунду. Баягы кайдыгер көз караш, сезимсиз карек жок!

“Лаа иллаха илаллах! Кудай сакта!” – кантип келме айтканымы өзүм да сезбей калыпмын! Бир силкинип алды да, байкуш бала кыбылага жүз бурган  бойдон биротоло көзүн жумду…

— Айланайын кулуну-ум-м! — эжем ачуу чыңырып алды, учуп кеткен баласын кучактап. – Мен канте-ем а, мен кантем! Мени кимге таштады-ың-ң!

Эжемин ыйы жүрөгүмү аралап өтүп жүлүнүмү зырылдатты. Даяр турганбы, дүпүрөгөн бойдон үч уулу кирип келди чуу салып. Бири апасын кучактаса, калган экөөсү майып бир боорун кучактап. Жездем бышактап, тик турган абалында эжеми далынан таптап, не кылышын билбей калгандай. Баятан бери көрүнбөй жүргөн апам пайда болуп калган экен ошол маалда, кимге айтып атканы белгисиз, “Мына, бүттү эми баары! Яа Жараткан Эгем, өзүңө шүгүр!” – деп күбүрөп жаткан экен.

Эртеси саат үчкө жаназасы окулду. Сууга алып жууп жатканда молдо эжем менен жездеме бир топ сөз айтты. Эсимде калганы бул: “Аалы аке, жеңе! Сабыр кылыңыздар. Балким ушул балаңардын себебинен сиздерге бейиш ваажип болуп калды. Анткени хадис маанисинде келет, ушундай оору менен ооруп каза болгон балдарга Аллахым жаннатты парыз кылып койгон деп.Кудай буйруса уулуңар эми эч качан оорубай турган, өзү басып жүрө турган, кайгы-капаны билбей турган жакка жол алды. Ар бир тирүү жан өлүм шербетин татуучу деп айтылган Куранда. Аллахым ыраазы болсун, мына отуз жылдан бери ушул баланы багып карап келдиңиз. Жараткан эгем баарын көрүп-билип турат! Өтө чоң мээнет кылып койдуңуз, иншалла! Баккан-көргөнүңүзгө сиз да ыраазы болуп, ак сүтүңүздөн кечип коюңуз!”

Жаназа намаз окулгандан кийин кызыл кыжым жабылган замбилди көтөрүп машинага салдык да, мазарды көздөй жөнөдүк. Боз үйдүн керегесин кармап алып темтеңдеп, акырет сапарга аттанган уулун дагы бир ирет көрүп алыштын аракетин кылып, “Айланайын кулунум, э-ий-й!” – деп машинаны ээрчип, уккан адамдын зээнин кейитип озондоп ыйлаган эжемин үнү мазарга жеткиче такыр кулагыман кетпеди.

Бир күнү бардым, Нурамандын кыркылыгы жакындап калган эле. Кайтыш болгон күнү кенже иниси Жоламан телефонго сүрөтүн тартып алган экен. Шаарга барганда дагы башка сүрөттөргө кошуп, чыгартып келиптир. Чай ичип бүткөндөн кийин алдыма койду.

— Ушу сүрөтүн карап өзүмү алаксытып отурам, – деди эжем улутунуп. – Өлгөндөн кийин тартып алган экен. Сагынган кезде көрсөм көкшүнүм сууй түшөт аз болсо дагы.

Кудайым бул майып балага өлүм периштелеринин эң сулуусун жөнөткөн экен, боору ооруп. Нурамандын дайыма тырышып турчу маңдай териси жазылып, жүзүндө нур пайда болуптур. Өлбөй эле, уктап калган бактылуу адамдай.

— Үчү өткөндөн кийин баары кетишти үй-үйүнө. Майып болсо деле биротоло байланып калган экенмин байкушума. Нураман жок ушу үйгө деле батпай калдым. Канча жылдан бери аны менен убара тартып жүрүп неберелерден да алыстап кетипмин. Алар келбейт жаныма. Нураманыма гана керек болуп жүргөн экенмин. Түнү ойгонуп кетсем сыйпалап издеп калам. Бир күнү Баямандын казыятта иштеген досу келген, бата кылып кетейин деп. Жээниң өзү жок болчу үйдө. Келишин күтүп отуруп ушуларды айтып бердим. Анда ал бала: “Аяш эне, уулуңузду бөөдө эле кыйнап жатыпсыз да! Коё бериңиз эми, кармабай. Сиз ыйлаган сайын уулуңуздун руху кыйналат. Дене өлгөн менен рух өлбөйт. Мына, тизилип отурган неберелериңиз бар экен, Кудайым ушуларга узун өмүр, чың ден соолук берсин! Ыйлабаңыз эми!” – дейт.

— Туура да, эже. Көп эле кайгыра берген деле жакшы болбойт. Неберелериңизди ойнотуп, алаксыганыңыз жакшы, минтип үйдө камалып отура бербей. Жүрөгүңүздү оорутуп албаңыз, ушинтип жүрүп! – дедим.

Эжеми эптеп жакшы сөз айтып соороткум келди. Ананчы, жыйырма сегиз жылдан бери кабагы жакшы ачылбады. Жыйырма сегиз жыл! Ошентсе да эми сагынып, куса болуп ыйлап отурат. Эне сүйүүсү, мээрими чексиз экенине ынанасың, таң калып суктанасың!

— Түш көрбөй калган элем көптөн бери. Канча болгону анык эсимде жок. Аз дегенде он беш жыл болуп калды окшойт. Ошо Баямандын досу келип кеткен түнү түш көрдүм. Атам кириптир түшүмө. Чоң сайдын боюнда эки челекке суу алып атыпмын. Аркы өйүздө атам атчан кетип баратыптыр. Мингени чоң кызыл ат. Ыргыштап басса туягынан чачыраган ылай алыска чачырап барат.” Ата, үйгө кирип чай ичсеңиз! Көптөн бери келбей койдуңуз го! Мен сизди сагындым!” – дейм, таарынган болуп эркелеп. Атам болсо: “Кой кызым, убактым тар. Оногу арчанын көлөкөсүндө Нураманың жатат. Барып өңөрүп алайын, жата берип жамбашы да талыды окшойт. Сен сууңу ташый бер!” – деп атат. Кайра бат эле кайтып калышты. Нураман таятасынын үзөңгүсүнөн кармап алып жөө баратыптыр. Аппак, жеңи кыска көйнөк кийип алыптыр. Тизеден келген аппак шым, буту жылаңайлак. Учкаштырып албайбы деп уулуму аяп турам ичимден. Угуп калгандай, атам да: “Көптөн бери жата берип жададым, таята! Жөө эле басам деп көнбөй койду уулуң. Мунуң аттан деле тез чуркайт экен. Кыжаалат болбо, чарчаса учкаштырып алам!” – деди. Анда Нураман каткырып күлүп, мага карап: “Мени карасаңы-ыз, апа-а! “ – деп кыйкырып, балтыр булчуңдарын түйүлтүп ары-бери секирип, айланып жүгүрүп ойноп атат. Атам болсо атын таскактатып бастырып, кызгалдактуу колотко кирип кетип көрүнбөй калды. Артынан Нураман да ошол тарапка көздөп жол алды. Ушул бойдон аларды көрбөй калышым оюма келип, аптыгып кеттим коркуп! “Токточу, кулунум! Мен да силер менен кетем! Мени да ала кеткиле!” – деп кыйкырып ыйлап жибердим. Артынан чуркайын десем, азыр эле жай агып аткан суу көбөйүп, шар агып баштады. Өксүп ыйлап, чакырганымы угуп, Нураман шар аккан сайды бир аттап өтүп жаныма келди. Бекем кучактады да, жаш аккан бетими алакандары менен сүртүп аарчыды.  Колдорунан бир жагымдуу жыт келет. Бейиштин жыты деп болжодум. “Апа! Мен биринчи чатыр тигейин ал жерге. Отун ташып, очок куруп коёюн. Анан барасыз, макулбу? Баарын бүтүргөндөн кийин айылга кайткан бирөөдөн, апама айтып кой келе берсин деп кабар берем. Таятам тааныштарынан кымыз апкелип коёт. Ошондо барасыз. Ага чейин мени сагынбай, ыйлабай туруңуз! Мен жаткан бөлмөдөгү терезенин тушунда өскөн чоң, сары алмадан кө-өп тере келиңизчи! Аябай жегим келчи эле да ошол алмадан! Мен сиз келээриңизде чатырдан жылбай күтүп турам. Эч жакка кетпей күтөм, жаным апам!” – деп колдоруму бириктире кармап өөп койду. Мойнунан жаңы төрөлгөн бөбөктүн жыты келип турду. Мен сөз айталбай эле ыйлай бердим, башымды ийкегилеп. Колоттун кире беришинде артына карап, мага кол булгалады. Кызгалдактардан үзүп алып жыттаган бойдон жай басып барып, көрүнбөй калды ал да. Баламан калып кеткенге чыдай албадым. Шар аккан сууга бой уруп, артынан жетип алайын дегенимде бир күчтүү кол желкемен апчый кармап, сууга жеткирбей алып калды. “Гүлгаакы, Гүлгаакы! Сага не болду!?” – деп. Ойгонуп кеттим. Жездең экен. Ордунан туруп суу алып келди. Энтигип калган экенмин өпкөлөп. Көздөрүм толо жаш.

Анан айтып бердим түшүмү. Ыйлады уңулдап ал дагы. Кантсин байкушум, ал да кыйналып кетти, мени аяп жүрүп.

Таң атты. Күндөгүдөн башкача ойгондум негедир. Көз алдымда чуркап жүргөн Нураман. Кулагымда “Апа!” деген сөзү, каткырып күлгөнү. Мүмкүн сен ишенбей тураарсың, а мен ишендим. Ишендим анын басып жүргөнүнө, сүйлөп атканына, мени тааныганына. Ошол экөөбүз көрүшө турган күнү ал мени сөзсүз тааныйт, адамдар канчалык көп болсо дагы! Түшүмдө айткандай болуп алдыман жүгүрүп тосуп чыгат, “Апа-а!” – деп. Анан мени күтүп жүргөн  чатырына барабыз, кулунум экөөбүз жетелешип. Алма албайм. Уулум акылдуу болот, алма көчөт эгип коёт чатырдын маңдайына. Мен баргыча мөмө байлап калат. Куруп койгон очогуна боорсок бышырып жейбиз. Таятасы алып келген кымыздан ичебиз. Анан уулум экөөбүз эч качан ажырабайбыз, кайда болсо да бирге басабыз, – деп кыялданып аткан эжем токтоп калды.

Мен ак, же көк дебедим. Бүт денемен кубат качып, шалдырап отуруп калдым. Айтканына бир ыйлагым келсе, бир туруп корктум. Эжемин айласы кеткендеги кубанычы, көргөн түшүн көңүлүнө төтөк кылганы мен үчүн көтөрө алгыс жүк болду. Качан гана жездем киргенде бир азга сүйлөмүш эттим да, ордуман туруп кеттим. Сыртка чыгайын деп эшиктин темир туткасын эми кармаганымда:

— Сени да көп кыйнап койдум окшойт, садага болоюнум. Келген сайын ыйлап арманымы, муңуму айтып кыжаалат кылдым сени. Анан кантем?! Сенден башка жөлөнөөрүм жок, алты бир тууган болсок да. Сендей болуп эч кимиси менен сырдашпайм, бир гана сен билесиң мен шордуунун ахвалын! Өлсөм сөөгүмдү коёрум да сенсиң. Кудайым сактасын сени, өмүрүң узун болуп, ден соолугуң чың болсун, кагылайын бир боорум! – деп батасын берди байкушум. Коштошуп келе бердим.

Нурамандын кыркы жакындап калган эле. Ошол күнү тан эртеден көңүлүм жай болбой тынчсыздана бердим. Түшкө маал кабар келди, эжемин жүрөгү кармап каза болгону тууралуу. Өкүрүп ыйлап, жетип бардык. Өзүбүзгө келгенден кийин эжемин жүзүн ачып карасам, мемиреп, тарткан кайгысы жуулуп кеткендей. Нурдана түшкөн жүзү күлүмсүрөп, бир башкача болуп жатып калган экен. Байкуш эжем өзү айткандай, “шордуу жүрөгү алып-учуп сагынып аткан уулу Нурамандын жанына барган окшойт», — деп Нияз сөзүн бүттү.

Менин денем ысып чыкты. Машинада отура албадым, жүрөгүм кысылды. Көкүрөгүм бопбош болуп буулуктум! Ичим эзилди. “Эсил кайран бир боорум-ай!” – деп болгон үнүм менен катуу өкүрүп ыйлап алгым келди! Акырын эшикти ачтым да, сыртка чыктым. Муздак, жай соккон шамал жүзүмү аймалап сергите койду. Арыраакта чоң, күрөң таш бар экен, ошого барып көчүк бастым. Үнсүз ыйлап алдым. Ошондо гана көөдөндөгү бугум бир аз тарагансыды. Айланага көз чаптырдым. Асмандагы баягы киргилт булуттар жоголуп, ачылып кетиптир. Күн нуру жаркырап, асман көпкөк. Батыш тарапта гана асман менен жер тогошкон жерде, чоң болуп түрмөктөлгөн бир аппак булут бар экен. Арбалып тиктеп калган экенмин. Тигине! Аппак буладай түрмөгүнүн четинде Нураман тиккен аппак, тарткан жиптери жалтылдаган алтындан болгон чатыр көрүндү.  Алдында сапсары болуп бышып, ширеси сыртынан көрүнүп турган мөмөлөрү бар алма дарагы бариктерин  назик соккон желаргыга дирилдетип турат. Булуттун кырында буттарын жерге каратып сунуп,  Нураман менен апасы отуруптур. Бири-бирин жоготуп албайлы дегенсип, колдорунан бекем кармап алышкан!

Буттарын тыбыратып шилтегилеп отурган апасы менен баласынын бош колдорунда бирден чоң жана алтындай сары алма бар экен. Апа менен баланын капа болгон жүрөктү тынчтандырып, көңүлгө бейпилдик тартуулоочу бактылуу жана шыңгыр күлкүсү жер жүзүндөгү баардык тирүү жандын кулагына жаңырып угулуп жатты.

Бешик-Жон айылы. 28.10.2018-жыл

«РухЭш» сайты жаңы адабий конкурс жарыялайт

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.