“Айтматовтон алган сабагым” сынагына

Кичинекей кезимде, үч же төрт жашымда Чынгыз Айтматов менен алгачкы таанышуум болгон. Мен анда ата-энем менен Талас областынын Көк-Сай айылында жайгашкан заставада турчумун. Көк-Сай айылы Шекер айылына жакын жайгашкан. Атам, апам, мен болуп ошол Шекердеги Чынгыз Айтматовдун музейине барганбыз.

– Апа, бул жерге эмнеге келдик? – деп сурадым.

– Бул жер балам, улуу залкар жазуучу Ч. Айтматовдун туулуп-өскөн жери – деди апам.

– Ушул көчөлөрдөн баскан, ушул суудан ичкен, – деп көп нерсе айтып берген, бирок мен жаш болгонум үчүн, ал сөздөргө көп деле маани берген эмесмин. Шекер айылындагы музейди курчаган узун-узун теректер эсимде калган. Кийинчээрек окуп калган учурумда “Ак кеме” деген тасманы көрүп калдым. Мени ал тасма аябай таасирлентти. Бир кезде ыза болуп ыйлагым келди. Ошол эле убакта жиним келип, кыжырым кайнап, боорум ачып эмоциялар бүт жан дүйнөмдү ушунчалык ээлеп алды. Апама тасма аябай жакты десем, апам: “Китеби андан да сонун” – деп күлүп койду. Китебин окуп көрүп жазуучунун улуулугун сездим. Жөнөкөй, түшүнүүгө жеңил сөздөр менен өтө терең маани камтыган, ойлондурган чыгарма жаратканына таң калгам. Каармандарын сүрөттөп жазганычы? Ал каарманды көрүп тургандайсың го! Кантип? Кантип, биз билген, колдонуп жүргөн сөздөр менен, ушунчалык так, ушунчалык адамдарын жүрөгүнө кирген, эсинде так калтырган каармандарды жарата алат? Жөнөкөй адамдардын жөнөкөй жашоосун чагылдырып, бүткүл дүйнөдөгү окурмандардын жүрөгүн толкутуп, философиялык маселелерди алдыга алып чыгат.

Ойлонуп корсонор, эки суйлом соз: “Адамга эң кыйыны – күн сайын адам болуу” Ушул сүйлөмдө деңиздей терең маани бар. Адам болуу… Ал кандай? Адамкерчиликти жоготпой, боорукер болуубу? Же турмуштун кыйынчылыгына баш бербөөбү? Же чынчыл болуубу? Же жаман сапаттар менен күрөшүүбү? Кандай?.. Же ошол эле “Биринчи мугалим” чыгармасындагы  Дүйшөнгө окшоп, элдин оюна каршы чыгып, аларга жарык келечек каалап, эч нерсеге карабай балдарды окутуп, тайманбай алдыга карап умтулуубу?

Жайында мен көлдө эс алып жатканда, үй-бүлөбүз менен “Рух ордого” бардык. Өтө кооз жер экен. Ошол жерде Айтматовдун айкели бар экен. Бакта сейилдеп келип, олтуруп калгандай, келбети ушунчалык жылдыздуу, көздөрүнөн нур тамгандай, мүнөзү карапайым сезилди.

Жайда туристтер көп болуп, баары сүрөткө түшүп жүрүштү, айкелдин тизесине олтуруп сүрөткө түшкөндөр да болду. Мен аларды карап ачуум келди. Көпкө чейин айкелдин жанында туруп, аны менен сүйлөшкүм келди.

Мен Айтматовдун жадыраган  көздөрүнө карап: “Чыңгыз ава,  мен күн сайын адам болууга аракет кылам, мен жакшы адам болууга аракет кылам, жалкоолугумду, маданиятымды, башка адамдарга болгон мамилемди жакшы жакка өзгөртөм, сөз берем!” – дедим ичимден. Күлүп турган көздөрү мага: “Көрө жатарбыз, балам” – дегендей болду.

Мен улуу жазуучу менен мекендеш болуп, анын чыгармаларын окуп чоңоюп, жакшы адам болом, жаман болууга укугум жок! Мен сөзсүз жакшы адам болом, мен сөз беремин!

Ош шаары, №14 Каныбек Алтыбаев орто мектеби, 10-Б класс, Уматкул уулу Байжигит

Жаңы окуу жылга карата өспүрүмдөр арасында конкурс жарыялайбыз!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.