Азизбек кызы Аделя: Келечекке жол көрсөтүүчү

“Айтматовдон алган сабагым” сынагына Айтматов Чыңгыз – кыргыз элин дүйнөгө тааныткан, адам баласына жашоодо адамзаттын тиешелүү милдеттерин таза өтөп жашоонун жолун көрсөткөн жазуучу. Анын  көп чыгармаларын окудук. Ата, эне, эл, жер, мекен жөнүндө, мугалим, коммунист, советтик коомдун адамдарынын ар кандай үлгүлөрүн жазды. Каармандары ар түрдүү: адамдар, карысы, жашы, жаныбарлар, төө, ат, балык, бугу, карышкыр жана башкалар. Кыргыз элинин башынан өткөргөн ар кандай коомдук өзгөрүүлөрү жөнүндө жазган. Темалары да – өзүнчө керемет. Чыгармалары киного тартылган, бирок, китептен айырмалары бар экен. Мен […]

Алтынбекова Самира: Жакшылыкка тоскоолдук көп

“Айтматовдон алган сабагым” сынагына Айтматов жана адабият… Адабият жана турмуш… Чыгарма жана каарман… Мына ушуларды Айтматовдун чыгармаларынан карап көрөлүчү. Автордун мен окуган көп чыгармалары бар: “Биринчи мугалим”, “Эрте келген турналар”, “Бетме-бет”, “Кыямат” чыгармаларын окудук. Анын ар биринде автор адам турмушунда эң негизги нерсе – адам адамды сыйлоо, сүйүү, баалоо керек экенин, ал сезимдер болбосо анын аркасы эмне менен бүтөөрүн жазат. Жазуучунун бала чагы Улуу Ата Мекендик согушка туш келген үчүн ал тынчтыктын зарылдыгын, тынчтык үчүн күрөшкөн адамдар эмгегин “Эрте келген […]

Закиралиева Зарина: Мен окуган Айтматов

“Айтматовдон алган сабагым” конкурсуна Жаркын жашоо! Сен бизди эмне деген укмуш адамга жолуктурдуң. Ал – тагдырдын буйругун жана жашоо маңызын терең аңдап түшүнүп, өз жашоосунда аларды өтө ыйык тутуп жашаган улуу инсан Чыңгыз Айтматов. Көңүлдү кубанычка бөлөгөн өзүнүн керемет чыгармалары менен тарбиялаган, ички сезимди терең ойго салган, окурмандын көзүнө жаш алдырган, тарыхтын барактарында өмүр сүргөн асыл пендеден таалим-тарбия алуу – чоң бакыт эмеспи. Адамзат аны тааныбай, сүйбөй жана анын өрнөктүү өмүр таржымалын, чыгармаларын өзүнүнүн жашоосуна өрнөк кылбай туруп, бул дүйнөнүн […]

Кундузбү Маматова: Үмүт (конкурска №22)

Редакциядан эскертүү: Бул аңгеменин автору Кундузбү Маматова конкурстун Жобосунда «Мурда эч жерде жарыяланбаган чыгармалар гана кабыл алынат» деген шартты аткарбагандыгы үчүн анын «Үмүт» аталышындагы эмгеги конкурстан четтетилди. АҢГЕМЕ «Биздин үй алыскы райондордун биринде, чоң айылда. “Чоң айыл – чоң үй-бүлө” дегендей, биздин үй-бүлө да ошол чоң үй-бүлөнүн бир бутагы. Чоң ата, чоң эне, чоң коргон – баары менен биз бактылуу элек. Чоң атам көп балалуу, уулдарынын баарын үйлөп-жайлап, кыздарын берип тындырышкан. Менин атам – уулдун экинчиси. Баарын бөлсө да… бизди […]

Олжобай Шакир: Орусиянын идеологиялык микробу

Күн чыгыштан көтөрүлүп, батышка багыт алгандай эле Кыргызстандын саясий башаты үч кылымдан бери Орусияга көз каранды. Орусия падышачылыгынын Түркстан элдерине жылып келген баскынчылыгын бүгүнкү путинизм саясаты да улантууда. Болгону башкача формадагы саясат жолу менен ксенофобия куралын колдонууну ылайык таап, Кыргызстанды демократиянын пайдубалын тикелеп алган өлкөлөрдөн обочо болууга тымызын үндөп, колтугубузга суу бүрккөн “түбөлүк достугун” тил учунан жалындуу бүркүп, карап туру. Орусиянын Батыш жана Америка менен уланып келаткан идеологиялык күрөшү дал ушул күндөрү боркулдап кайнап жатат. Буга 25-ноябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында […]

Насирдин Байтемиров: Күрптүн ыйы

АҢГЕМЕ Адику көптөн бери эле атасынын кулагынын кужурун алат. Эсине түшө калса эле: — Атакоу! Күрп кантип ыйлаган эле. Айтып берем дебедиң беле? Качан айтасың? Эртең дей бересиң, эртең дей бересиң. Калпычысың, күрп ыйлабайт, калпычысың,— дей берет. Күрп ыйлаганы чын. Атасы өз көзү менен көргөн. Ана айтам, мына айтам менен эле келатат. Айтууга ыгы келбей калат десең. Так ушу азыр ыгы келди айтууга. Ар нерсеге себеп керек тура. Андай себеп ушу жолу болду. Айылга барышкан жайында, Адикунун чоң атасыныкына. Алардын […]

Роза Отунбаева: Көркөм сүрөт музейиндеги соңку көргөзмө жөнүндө

Дүйнөдө Батышта да, Чыгышта да канчалаган көргөзмө жаңжалдары болбоду. Эйфель мунарасы кандай ызы-чууга дуушарланганын биз болгону элестете алабыз, бирок ушунча кылым өткөндөн кийин азыр анын кызуусун жана курчтугун сезе албайбыз. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча Андрей Кончаловскийдин Наталья Аринбасарова жылаңач болгон «Биринчи мугалим» фильмин эстеп көрөлү, ошол учурда биздин өлкөбүз кандай уу-дуу болду эле! Дүйнө жүзүндө кандай кана уятка калдык деп чычаладык эле!  Эми биздин Көркөм сүрөт музейинде да жаңжал чыкты: ал кимдин намысына жана эмне үчүн тийди?! Азыркы дүйнөдө өзүнүн […]