Айтматовдон алган сабагым” сынагына

Айтматов жана адабият… Адабият жана турмуш… Чыгарма жана каарман… Мына ушуларды Айтматовдун чыгармаларынан карап көрөлүчү.

Автордун мен окуган көп чыгармалары бар: “Биринчи мугалим”, “Эрте келген турналар”, “Бетме-бет”, “Кыямат” чыгармаларын окудук. Анын ар биринде автор адам турмушунда эң негизги нерсе – адам адамды сыйлоо, сүйүү, баалоо керек экенин, ал сезимдер болбосо анын аркасы эмне менен бүтөөрүн жазат. Жазуучунун бала чагы Улуу Ата Мекендик согушка туш келген үчүн ал тынчтыктын зарылдыгын, тынчтык үчүн күрөшкөн адамдар эмгегин “Эрте келген турналар”, “Бетме-бет” чыгармаларында айтат.

Мугалимдин эң сонун үлгүсүн, образын Дүйшөн аркылуу берет. Кыйынчылык, караңгылыкка карабай, шылдыңга карабай балдарга билим берип, Алтынай сымал жетимдин тагдырына шам жагат. Аны байдын чеңгелинен куткарып, Ташкентке окууга жөнөтөт. Бир мезгилде жетим кыздын тагдырына кош көңүл караган айылдаш баарына бүгүн академик кызы – сыймык. Бул чыгарманы окуганда мен Дүйшөн агайды баалабагандарга чындап капа болгом. Ошондуктан, бүткөн иш жакшы болгондо, аны мактоо, даңазалоо үчүн аркасына, тарыхына көңүл буруш керек деп ойлойм.

“Кыямат” чыгармасын окуганда жакшы менен жаман, эмгекчил менен арамза, жалкоо, сүйүү менен жек көрүү жараткан окуяларды окуп, киносун көрдүм.

Бостон – Базарбай – карышкырлар – нашаачылар… Жакшылык жасагысы келгенге тоскоолдуктар көп болоорун, кээде акты кара күчтөр көрсөтпөй тороп аларын, жаратылыштын жансыз нерсеси да, жандуу нерсеси да кыянаттыкка кабылбай жашоо мүмкүнчүлүгүн адамдар буза турганын түшүндүм. Ошондуктан мен жаратылышка, анын жандуу жана жансыз нерселерине аяр мамиле кылууга максат койдум. Мекенди сүйүү керектигин, аны сактоону, ал ар бирибизге милдет экенин билдим. Эл кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын өйдө коюу ката болоорун билдим.

Айтматовдун чыгармалары мага намыскөйлүктү, мекенчилдикти жана адамдарга, табиятка камкор болууну үйрөттү. Мага келечекте мекенчил жана үлгүлүү инсан болууга багыт берет.

Мектеби: № 5 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектеп-гимназиясынын 9-“Д” классы

Үй дареги: Фуркат Шакирова 244-245

Жаңы окуу жылга карата өспүрүмдөр арасында конкурс жарыялайбыз!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован.

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.